маалымат

 

Президентти шайлоо мөөнөтүн Конституциялык Сот аныктайт
Депутат Асылбек Жээнбеков Президентти шайлоо мөөнөтүн тактоо багытында КРнын Конституциялык Сотуна расмий суроо-талабын жөнөткөнүн Басмасөз борборунда журналисттерге берген маалымат-жыйынында жарыялады.
Депутаттын пикиринде, коомчулукта Президентти шайлоо мөөнөтү боюнча эки жактуу пикир жаралгандыктан, бул суроого жооп алыш үчүн маселени тактап алуу зарылдыгы келип чыкты. Журналисттердин суроолоруна жооп берип, депутат А.Жээнбеков Президентти шайлоо мөөнөтүн КРнын Конституциялык Соту 6 айдын ичинде тактап бериши керектигин белгиледи.
Кыргызстандан
41 миң 287 адам
чет өлкөгө кетти
2008-жылы Кыргызстандан 41миң 287 адам чет өлкөгө кеткен. Бул 2007-жылга караганда 28,7 пайызга аз. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 2008-жылы республикага келгендердин саны 3 миң 497 адамды түзгөн. Ошону менен миграциялык агым 37миң 790 жаранга жеткен.
Улуттук статскомдогу тактоолорго караганда тышкы миграциянын көрсөткүчү азайса да Чүй облусунан кеткен жарандардын саны өсүүдө, ал 11 миң 843 адамды түзгөн.Улуттук статскомдо муну мекендештердин ыктыярдуу жер которушуна көмөк көрсөтүү боюнча Россиянын мамлекеттик программасын ишке ашырууга байланыштырууда.
Бишкекте 648 үйдүн
жарыгы өчүрүлдү
"Түндүкэлектр" ишканасынын пресс-кызматынын маалыматына караганда март айында электр энергияны пайдаланган суткалык лимити Бишкектиктер үчүн 4 млн.199миң кВт.с., Чүй облусунун абоненттери үчүн 4 млн.745миң кВт.с., Талас облусу боюнча 729миң кВт.саат электр энергияны түзөт. Берилген лимитти сакташ үчүн 00дөн эртең менен 6.00гө чейин, суткасына 6 сааттан кем эмес өчүрүлөт. Чүй жана Талас облустарында электр камсыздандыруу суткасына 10 сааттан өчүрүүгө, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен макулдашылат. Эми мындай график катуу көзөмөлдөнөт. Дем алыш күнү Бишкекте 648 абонент дебитордук карызы үчүн өчүрүлдү.
Кант диабетине
каршы күрөшүңүз
Учурда Кыргызстанда кант диабети менен жабыркаган 28 миңден ашык адам каттоодо турат. Бишкек кант диабет коомунун жетекчиси Токтогул Камбаровдун айтуусунда, бул дарт менен дүйнөдө 246 миллиондон ашык адам ооруп, анын ичинен көбүн 45-60 жаш курагындагылар түзөт. "Кыргызстандагы кант диабети менен жабыркагандардын баары каттоодо эмес. Көптөгөн адамдар кант диабети менен ооруй тургандыгы аныкталбастан эле каза болуп калышууда. Бугүнкү күндө биздеги бул оору менен жабыркагандардын эң кичинесине 11 гана ай", - деди Т.Камбаров.
Ошондой эле ал республикада инсулин ийнелери менен байланыштуу чатакта эч кандай каршылашуу жок экендигин белгиледи. "Мында эч кандай талаш, уруш жок. Биз болгону оорулууларга туура кам көрүү талабы менен гана чыгуудабыз", - деп кошумчалады Бишкек кант диабет коомунун жетекчиси.
"Айыл Банк" кредит
бере баштады
"Айыл Банк" жазгы-талаа жумуштарына карата айылдык товар өндүрүүчүлөрдү кредиттөөнү баштады. Быйылкы жылы бул максатка мамлекеттик бюджеттен 150 миллион сом бөлүнгөн. "Айыл Банк" башкармалыгынын төрагасынын кредиттөө боюнча орун басары Азамат Жоробековдун билдиргенине караганда, бүгүнкү күндө 24 миллион сом суммасында кредит алуучулар арыздарын беришкен. Мунун ичинен 1,9 миллион сом берилип, дагы 5 миллион сом кредитти алуучулардын документтери каттоодон өтүүдө.
Белгилей кетсек,кредиттер бир жылга жылдык 22 пайыздык ставка менен берилет. Эгерде кредит берилгенден кийин максатсыз пайдаланылса, анда пайыздык ставка 44 пайызга чейин көтөрүлөт. Ал 44 пайыз боюнча пайыздар кредит берилген күндөн тартып эсептелинет.
Өлкөбүздө
массалык маалымат
каражаттары канча?
Кыргызстанда сөз эркиндигинин өнүгүшү үчүн бардык шарттар бар. Мындай оюн Бишкекте өткөн "КМШда гуманитардык кызматташтыктын маалыматтык аспектилери" деген аталыштагы тегерек столдо маданият жана маалымат министри Султан Раев билдирди.
Анын айтуусунда, учурда республикада 1 миң 200дөн ашык массалык маалымат каражаттары бар жана анын көп бөлүгү өкмөттүк эмес массалык маалымат каражаты болуп саналат. "Кыргызстанда сөз эркиндигине тоскоол боло турган цензура жок. Албетте ар кандай сот талаштары болууда, бирок бул демократиялык коомдо кадыресе көрүнүш", - деди Султан Раев.
Эске сала кетсек, "КМШда гуманитардык кызматташтыктын маалыматтык аспектилери" тегерек столуна россиялык жана кыргыз ММКларынын өкүлдөрү катышты. Иш чараны Гуманитардык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык фонд, "КАБАР" Кыргыз улуттук маалымат агенттиги жана Коомдук байланыштарды өнүктүрүү эл аралык институту уюштурган.




Мерген менен
Бактыгүл элдешти
Мындан бир топ убакыт мурда Мерген Турган менен Бактыгүл Бадыеванын ортосунда чыр болуп, гезит беттерине жарыяланды эле. Ал чыр Мерген Тургандын бир концертте Бактыгүлдүн бир ырын пародиялаганын кимдир бирөөлөр тартып алып, интернетке таратып жибергенден чыккан. Ошондон бери эки ырчы бет карашып сүйлөшө элек болчу. "Эки тоо көрүшпөйт, эки адам көрүшөт" демекчи жакында Айчүрөк Иманалиеванын китебинин ачылышында жолугушуп, Мерген жигиттик кылып, эл алдында Бактыгүлдөн кечирим сурады. Анын кечиримин кабыл алган ак көңүл ырчы сахналашы менен бийге түштү.
Ырчылар Роза Заитованын эстелигин тургузушат
Мындан бир ай мурун актриса жана эстрада ырчысы Роза Заитова узакка созулган оорудан каза болгон эле. Эгерде көзү тирүү болсо март айынын аягында элүү жашка чыкмак. Арабыздан өтүп кетсе да, анын чыгармачылык дүйнөгө кошкон салымы, эмгеги элдин, сахналаштарынын, жакшы санаалаштарынын эсинде түбөлүк сакталып калат. Убакыттын ылдамдыгын кара. Көз ачып жумганча арадан кырк күн өттү. Учурда улуу-кичүү дебей эстрада ырчылары Роза Заитованын эстелигин тургузууга камданып жатышат.
Энелерге гүл десте
Ырчы Кайрат Примбердиев аялдардын Эл аралык майрамына карата Ысык-Көл жергесин кыдырып "Апам үчүн" деген чоң программадагы концертин тартуулайт. Концерттин өзгөчөлүгү, концертке келген апаларды кур чыгарбай көрүүчүлөр арасындагы эң улуу энеге өзүнүн белегин тапшырат. Ошондой эле концерт учурунда айымдар үчүн оюн-зооктор ойнотулуп, күтүлбөгөн "сюрприздер" болот.
Токтобүбү ырлар
жыйнагын чыгарат
Кыргыз жыттанган ырлары менен калкы кадырлаган Токтобүбү Черикчиева учурда жаңы ырлардын үстүндө катуу иштеп жаткан чагы. Тактап айтсак, "Жарыңмын" аттуу үй-бүлөлүк темадагы ырын жаратса, бийчи Рысбек Мырзаев менен дуэт ырын ырдайт. Аталган жаңы ырларды жакында чыга турчу ырлар жыйнагынын катарына кошулмакчы.
Ирландын студиясына ууру кирди
Жаш ырчы Ирлан Таалайбековдун үн жаздыруучу студиясына 14-февраль күнү ууру кирген. Тактап айтканда, Ирлан туулган күнүн белгилеп, достору менен майрамдап жүргөндө үн жаздыруучу компьютерин уурдап кетишкен. Ырчынын айтымына караганда эч кандай милицияга арыз жазган эмес. "Эмне болуп уурдап кеткенин билбейм, азырынча табыла элек"-деп Ирлан мырза жаңы студиясынын тонолгонуна ичи ачышып жатат.
Бакыт Мамаевден
жаңы клип
Жүрөгү кыргыз деп соккон патриот ырчыбыз Бакыт Мамаев кыргыздын кооз жерлеринде, комуз аспабын чагылдырган жаңы клипти тартып бүттү. Патриоттуулукту кичинекей балдардан баштап үйрөтпөсөк чоңдор үйрөнбөй калдык го"-деп өзүнүн окуучусу кичинекей ырчы Калыстын аткаруусундагы "Кыргызстан" аттуу ырынын клибин тартып, кыргыз элине сунуштоонун алдында турат. Эмне демекчибиз мындай патриоттор элибизде көбөйө берсин.





Роза Аманова
Дил
билет
Сөзү
С. Шатманов
Обону Б.Стамкулова

Өлүмдүн кадырын өксүгөн жан билет,
Жокчулук кадырын көксөөгөн жан билет.
Сүйүүнүн кадырын жетпеген жан билет,
Достуктун кадырын четтеген жан билет.

А бирок атанын кадырын ким билет?
Аттиң ай эненин кадырын ким билет.

Күлкүнүн кадырын муңайган жан билет,
Жаштыктын кадырын улгайган жан билет.
Ден соолук кадырын оорукчан жан биле,
Оорунун кадырын бооркер жан билет.

А бирок, атанын кадырын ким билет?
Аттиң ай эненин кадырын ким билет?

Баланын кадырын балага зар билет,
Жарынын кадырын акылман жар билет.
Баардыгын-баардыгын адамдык дил билет,
Аттиң ай ата-эне кадырын ким билет.
Аттиң ай ата-эне кадырын ким билет.
Баардыгын, баардыгын адамдык дил билет.

Тушалган махабат


Сөзү Кайрат Примбердиевдики
Обону Максат
Садырбек
уулунуку




Сырымды сага айталбадым,
Өзүмчө ичимден сыздаймын.
Калбады баш ийбеске башка аргам,
Кусалыгымды сен сезбейсиң.
Сен да башка жанды эңсейсиң,
Негедир абалы эки жүрөктүн окшошуп калган.

Кайырма:
Азыр мен сени сүйбөймүн,
Сен дагы мени сүйбөйсүң.
Кандай болот турмушубуз, мен бушайман.
Мен дагы каалабасам да,
Калбады сенде да айла.
Тагдырыбыз экөөбүздүн тушалган.
А балким махабат,
Бизде да жаралат.

Сезимге биздин эч карабай,
Ата-энебиз бизди кыйнады ай.
Айласыз баш кошобуз, бул дүйнө жалган.
Ажалга өзүмдү кыйсамбы,
Же укпастан кетип калсамбы.
Түшүнбөй койду эч ким.
Жардам берчи оо Жараткан.


Cултан
Садыралиев
Менин сүйүүм
Сөзү, обону Эдил Мураталиев



Менин сүйүүм деңиздей бир чалкыган,
Чагылгандай чарк-чурк этип чагылган.
Нөшөрлөгөн жамгыр сымал талыкпай,
Сүйүүм сага алоолонуп жагылган.

Кайырма:
Менин сүйүүм, менин махабатым,
Сага жетпей кыйналамын ар дайым.
Менин сүйүүм, менин махабатым,
Жүрөгүмдүн түбүндөсүң сен дайым.

Менин сүйүүм сезбедиң го жаным ай,
Кайда барсам ойлономун талыкпай.
Оюмдан эч такыр кетпей койжуң сен,
Жүрөгүмдүн түбүндөсүң сен дайым.

Бетти даярдагандар Ж.Калдарова, А.Султанова










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan