cаламат плюс

химикат көздүн душманы
Адам баласынын жашоосунда көрүү органы эң негизги ролду ойнойт.
"Көрүү жана түшүнүү бактысы табигаттын берген белеги" деп улуу окумуштуу Эйнштейн бекеринен айтпаса керек. Дене түзүлүшүндөгү органдардын ичинен көздөн ажыроо - жашоо, тиричилик, жандуу табигаттан ажыроо дегенге барабар. Бизге бакытты, сулуулукту, жашоону тартуулаган көрүү органы көз боюнча Медициналык-Социалдык экспертиза жана майыптарды реаблитациялоо борборунун көз дарыгери Анара Калиева буларды айтып берди.

Көз ооруларынын түрлөрү жана пайда болушу
Көз алмасынын катмарына жараша көз ооруларынын ар кандай түрлөрү болот.
Тубаса жана пайда болгон көз оорулары. Азыркы учурда эң көп кездешкен көз оорулары:
1) Глоукома -ар бир жаран 35жаштан баштап көз дарыгерине кайрылып көз басымын текшертип турбаса, бара-бара азиздикке алып келет.
2) Жаракат (Травма) -Көзгө кичине эле сокку болсо, көз жаракат алат. Көбүнчө норкамандар, аракечтер көздүн мындай оорусуна көп учурайт. Себеби, алар мушташат, денеге катуу сокку алышат. Кээде турмушта ар кандай кырдаалдар болуп кетет. Эки аял урушуп кетип, бири экинчисинин көзүнө стакандагы сууну чачып жиберген. Натыйжада байкабай турган аялдын көзү жаракат алган. Мына ушул сыяктуу жаракатка учураган кезде дарыгерге дароо кайрылбаса, оору күчөп акыры коркунучту пайда кылат.
3) Рефракциянын бузулушу миопия жана гиперметропия оорулары.
Бул ооруларга көбүнчө жаш өспүрүмдөр кабылышат. Миопия-жакынды жакшы көрүп, алыскы аралыкты начар көргөндөр. Гиперметропия-жакынды да, алысты да начар көрүшөт. Бала бакчага барган балдар убагында дарыгерге текшерилбесе, мектеп жашында оорусун күчөтүп алат. Ошондуктан медициналык текшерүүдөн өз убагында өтүп турушса көз ооруларын алдын ала билишет да, операция кылбастан айыктырууга жеңилдиктер болот.
4) Катаракта-(патология хрусталика). Катарактанын бир нече түрлөрү болот. Тубаса, өтүшүп кеткен, карыган кезде пайда болгон катаракта. Мурда катаракта менен алтымыш жаштан кийинки улгайган адамдар кайрылышса, азыр жаштарда да пайда болуп, катаракта жашарып баратат.
5) Көз майынын кургашы (Синдром сухого глаза)
Дүйнө жүзүндөгү көз дарыгерлер учурда эң негизги көйгөйлүү ооруга айлана баштаган бул оорунун үстүндө иштеп жатышат. Көздүн майы азайып, кургай баштайт. Учурда айлана-чөйрөнүн таза эместиги, туура эмес тамактануу, компьютер, интернетке тынымсыз олтуруу, телевизорду жакындан көрүп, китепти көп окугандар бул ооруга чалдыгат. Талапка ылайык кеңселердин терезелери жабык, аба кирбейт, же чыкпайт жана кондиционерлер да бул оорунун жаралышына шарт түзөт. Ошондой эле химикаттар менен иштеген ширетүүчүлөр, эл ташуучу унааларды айдаган айдоочулар көздүн мындай оорусуна кабылышат. Көздүн булчуңдары талып, көзгө күч келет. Бул учурда көз дарыгерге кайрылып, көзгө тамыза турган дарыларды пайдаланбаса коркунуч алып келиши мүмкүн. Күнүгө компьютерде олтурган, китеп окуган адам "Сицтеин" дарысын тамызып турса, көздүн чарчоосун жоготуп, жакшы натыйжа берет. Бир күндө үч жолудан тамызып турса болот. Бирок, врачтардын көзөмөлүндө болуп турбаса, тынымы жок дары тамызган көз өмүр бою дарыга көз каранды болуп калышы мүмкүн.
Операциянын
жасалышы
Тубаса катаракта биринчи күндө эле байкалып, көздүн ортосундагы чечекейи апапак болуп калат. Көп учурда ата-энелер балдарга кичинекей кезинде көп көңүл бурушпай, качан жыйырма жашка келип, студент болуп калганда кайрылышат. Бул учурда катаракта өтүшүп кетип, операциядан кийин да жакшы жыйынтык бербеши мүмкүн. Анткени көз уктап калат. Таптакыр көрбөй калбаса дагы өз алдынча китеп окуй албай, жакынды көрө албай башка бирөөнүн жардамына муктаж болот. Ал учурда көздүн басымы чоңоюп, көздүн нервин өлтүрүп, бара-бара азиздикке дуушар кылат.
Катарактага операция он беш-жыйырма мүнөттө жасалып бүтөт. Күндөн-күнгө техниканын өнүккөнүнө жараша операциялардын жасалышы аз убакытты талап кылууда. Албетте, бул жакшы көрүнүш. Мисалы, бизде эң мыкты профессионал хирургдар сегиз мүнөттүн ичинде операцияны жасап коюшат. Мурда жөнөкөй аппараттар менен жасалган операциядан кийин оорулууну бир күн ордунан жылдырбай жаткырсак, азыр эми операция бүтөөрү менен дароо үйүнө бара берсе болот. Бирок, үч айга жакын оор көтөргөнгө, катуу ыйынганга, эңкейгенге тыюу салынат.
Техниканын өнүккөн заманында сапаты, жасалышы жагынан мыкты линзалар, хрусталиктер чыгып жатат. Аларды оорулуулардын өз каалоосу менен сунуштап, операцияга киргизебиз. Кыргыздарда көзгө операция кылабыз десе эле, "Менин кошунам операция жасатса, сокур болуп калган. Операция кылдырбагыла" деген сыяктуу сөздөр менен бири-бирин бузушат. Ошол эле учурда көздүн оорусу күчөп жатканына көңүл бурушпайт. Сыртынан адамдардын көзү окшош болгону менен ичиндеги оорулары ар кандай болот. Дарыгердин кеңеши менен бардык шарттарды аткарса, жарат жеңил айыгат.
Косметикалык
операциянын
зыяны абдан көп
Кош бойлуу айымдар эң биринчиден көз дарыгерине кайрылышы керек. Көз басымын текшертип, өзү төрөй алабы же ымыркайды кесип алыш керекпи, көз дарыгерлери диогноз коюп беришет. Ал эми болочоктогу энелер эч нерсеге алмаштыргыс көрүү органына өздөрү шек келтиришет. Мындай дегеним, косметикалык операция жасатып, кирпиктерин коштуруп, көздөрүнө сурма койдуруп, чоңойтуп, каштарын жулуп жатышат. Бул албетте, түздөн-түз көзгө зыянын тийгизет. Коштуруп жаткан кирпиктерди клей менен чапташат. Клейдин составында химикат бар. Көздүн душманы болгон химикат, бактериялар көздөгү аллергияны пайда кылат. Мына өзүбүз көз ооруларын алдын албастан кайра башка ооруларга жол берип жатабыз. Мындай операциялар кандай гана болбосун акыры зыянын тийгизет. Кээде косметикалык операцияны жасаганга туура келет. Мисалы карыган адамдардын көзүнүн үстүндөгү кабагы шалпайып ылдый түшүп калганда, мындай жол менен өйдө тарттырып койсо болот.
Биздин максат оорулууларды азиздикке жеткирбөө. Жакында 11-12-март күндөрү Кыргызстан боюнча "Дүйнө жүзүндөгү азиздикке жол бербөө" акциялары ар бир аймакта жүргүзүлөт. Буга кырк жаштан жогорку муундагылар келип көздөрүн текшертип кетишсе болот. Ар жыл сайын мындай акцияларды өткөрүп, өмүрүндө дарыгерге кайрылбаган адамдарга жардам көрсөтүп, ар кандай ооруларын таап жатабыз.
Көзгө пайдалуу кеңештер
Адамдын организминде витаминдер сөзсүз болушу керек. Кырк пайыз эт болсо, алтымыш пайызы жер-жемиш, таттуулар камтылат. Ар бир адам жумуштан үйүнө барганда көзгө көнүгүүлөрдү жасап, көздү акырын ушаласа, чарчоосу тарайт. Колуңуздун бармагы менен көздүн үстүн акырын басып, ылдый-өйдө массаж жасап, көздү сааттын жебеси менен ары-бери кыймылдатасыз. Ушул эле эрежени үч-төрт ирээт кайталаңыз. Көздүн жакшы көрүшү үчүн витаминдер, анын ичинен А витамини организмден кем болбошу керек. А витамининде сабиз, көк алма, өрүк, арбуз, банан, ашкабак, жүгөрү камтылган. Бул азыктарды бир күндө бирден жеп туруу зарыл. Ошондой эле бетти жуугандан кийин демделген кызыл чайга пахтаны малып, көздүн үстүнө сүртсө да жакшы жыйынтык берет.
Турмушубуздан кыстырма
Жашоодо эмнелер гана болбойт. Эркектер чогулган жерде өзгөчө ызы-чуу, мушташ башталат эмеспи. Бул окуя Каракол шаарында болуптур. Майрамдын урматына деп жүз граммдан басышып, "тамекини ким өзгөчө өчүрө алат?" деген оюн чыгарышып, күйүп турган тамекини бири чекесине, экинчиси кулагына, кийинкиси колуна басса, беркиси көзүнүн ичине басып жиберип, оюндан от чыгып кеткен да, кыйкырып-өкүрүп бизге келген. Кызыгы ал жигит өзү дарыгер болгон. Жакшысы дароо келген үчүн көзүн сактап калганбыз. Эгерде эки-үч күндөн кийин кайрылса көзү сокур болуп калмак.
Даярдаган
Айнура Султанова.










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan