Билгениң оң

Турмуш курууга даярсызбы?
1. 18 жашыңызда эмне жөнүндө көбүрөөк кыялданчу элеңиз?
а) Сүйгөн адамым менен турмуш курууну.
б) Ээн-эркин, өзүм каалагандай жашоо.
в) Белгилүү ырчы,жазуучу же актриса болууну.
2. Үй-бүлө куруунун эрежелери тууралуу кеңири жазылган китептен сизден канчоо бар?
а) Бирөө да жок.
б) Үчтөн ашык.
в) Андай китептерге азырынча кызыкпайм.
3. Колуңузга акча тийери менен эң биринчи кайсы буюмду сатып аласыз?
а) Денем көрүнгөн кара көйнөк.
б) Чанда кездешүүчү кымбат атыр.
в) Сапаты жакшы плащ.
4. Сүйгөн жигитиңиз башканы жактыраарын билдирсе...
а) Баары бир сүйөөрүмдү билдирип, качан болбосун кайра келүүсүн күтөм.
б) Куру намыска алдырып, тултуюп тим болом.
в) Мурдагы өткөргөн сонун күндөрдү эскертип алып калуунун амалын көрөм.
5. Кокустан жигитиңиздин порнографиялык журнал барактап отурганын көрсөңүз...
а) Уялып тескери бурулам.
б) Отуруп алып чогуу көрөбүз.
в) Колунан жулуп алып, жерге чабам.
6. Өмүр бою жалгыз жашоо деген ой...
а) Мени коркутат.
б) Кызыктырат. Анткени мен өз күчүмө ишенем.
в) Мындай ойду ойлогон эмесмин.
7. Эң биринчи жигитти көргөндө эмнесине көңүл бурасыз?
а) Кыял-жоругуна, иштеген ишине.
б) Көз карашына, көздөрү кандай түстө экенине.
в) Боюнун узундугуна, түзүлүшүнө.
8. Эртең менен күзгүнүн алдында канча убакыт отурасыз?
а) Колдон келишинче азыраак.
б) Отуз мүнөт.
в) Күнүгө отуз мүнөт, салтанаттуу кечеге бараарда андан да көбүрөөк.





Эмгекти актабаган чыгымдар
Мобилдик
байланыштын машакаты
"Motorolla" компаниясынын кызматкери өз көңүлдөшү менен эс алып жүргөн учурда Кариб аралдарында сүйүктүүсүнүн телефону иштебей калат. Сүйүктүүсүнүн көңүлүн көтөрүү үчүн өзгөчө бир байланыш аппаратын ойлоп табуусу керек эле. Ошентип, спутник байланышы "Iridium" ойлонуп табылган. "Motorolla" компаниясы анын инвестору болуп калат.
Бул байланыш Евересттин чокусунан болобу, Антарктиданын калың муздарында болобу, айтор, бардык жерден мобилдик байланышты камсыз кылуусу керек болчу. Ойлогон пландар иш жүзүнө он бир жылдан кийин ашырылып, 1998-жылы 1-ноябрда орбитага 66 спутник учурулат.
Бирок, арадан тогуз ай өтпөй эле "Iridium" компаниясы 4 млрд доллар карызы менен банкротко учурайт. Массалык түрдө саякатта эс алып жүргөн аялдар колдонот деген окумуштуулардын ойлору оңунан чыкпайт. Аппараты 3000 доллар, бир мүнөт сүйлөшүүнүн наркы 8 доллар турган мобилдик байланышты эч ким колдоно албай, 25 млн долларга сатылып кетет. Азыркы учурда бул байланыштын спутниктери менен пентагон өзүнүн шпиондорун иштетип жатат деген имиштер чыккан. Балким, бекеринен эместир, тыңчылары "Iridium" аппаратына заказ көп экендигин айтышат.
Ийгиликсиз
курулуш
Суу астынан өтүүчү туннелди англичандар менен француздар ойлоп табышкан. Бул суу астындагы туннелди куруу үчүн япон инвесторлору кредит бөлүп беришет. Алдын-ала пландар боюнча туннель июль айында бүтөт деген ишенич жоголуп, ноябрь айында бүткөн. 1994-жылдын күз айларында жумушка киришкен туннель биринчи күндөн баштап эле ар кандай кыйынчылыктарга кабылат. Суу астында 1 саат жүрөт деген максат иш жүзүнө ашпай, суу астында 1-2 саатка чейин жүрүүгө туура келген. Алтургай ЛА-Манш аркылуу кетчү кайыктардын капитандары өздөрүнө жүргүнчүлөр отурсун деген максатта жол кире акысын 30-40% төмөндөтүп жиберишкен.
Акырында эч бир пайда алып келбеген ийгиликсиз курулуштун бири болуп калган.
Музейге коюлган учактар
1960-жылдары Англия менен Франция биргеликте "Concorde" учагын чыгарууну көздөй баштайт. Чет өлкөлөрдөн калышкысы келбеген СССР да өз учагын чыгарууга жол таап, ТУ-144 учагын атаандаш мамлекеттерден үч ай мурун чыгарышкан. Бирок учуу үчүн жаралбаган ТУ-144, 16 самолёт курулуп, ар бирине 25 млн рубль жумшалган. Эң биринчи катастрофа 1973-жылы катталган. Анда 13 киши каза болуп, бир нечеси жаракат алышкан. Улам учактар авиакатастрофаларга кабылып отуруп 1978-жылдын май айында учакты музейге коюсу кабыл алынат. Жалпысынан 102 рейс катталып, анын элүү беши жүргүнчүлөр рейси болгон. Буга салыштырмалуу "Concorde" учагы 22 жылга чейин кызмат кылган. Бирок бул да күйүүчү майды көп талап кылгандыктан бул учакты да токтотууга аргасыз болгон. Ар бир 1000 км ге 10000 тонна күйүүчү май сарпталган.
Талкаланган чеп
Адам баласынын эң коркоктук сапатын француздар көрсөтүшкөн. Өткөн кылымдын 30-жылдарында немистердин кол салууларынан коркушкан Франциянын коргоо министри Андре Макино душмандардан коргонуучу чеп курууну сунуштаган. Чеп курууга киришкен француздар узундугу 400 км, тереңдиги 20-25 км болгон чепти 10 жыл бою куруп, тургузган142 үңкүр, 5000 блокгоуз, 352 казамете жана бир нече окопторду курушкан. Булардын баарын спутниктен көрүшпөсө да, чектешкен жерде немистерге аттын кашкасындай эле көрүнүп турган. Мындай коргонуу чарасын изилдеп жаткан француздардын оюн билген немистер акчасынын баарын курулуштарга сарпташып, алсырап турган француздарды 1,5 айда басып алышкан. Курулган Макино чеби бир заматта эле талкаланып, кетирилген чыгымды актаган эмес.
Даярдаган
Темирбек Матаев





Алманын ден соолукка пайдасы
Кыйла жылдардан бери пайдалуулугу жагынан алма жер-жемиштердин арасынан алдыңкы орунду ээлеп келет. Себеби, адамга пайдалуу витаминдерге бай. Анын баалуулугун сөз менен жеткирүүгө мүмкүн эмес.

Организмди
тазалоого
жардам берет
Англиялыктардын "күнүгө бирден алма жесең, доктурдун деле кереги жок" деген жакшы сөзү бар. Ишенбесеңиз, бир жума бою атайын эксперимент жүргүзүп көрүңүз. Ачкарын бойдон кычкыл алмадан бирди жеп, жарым сааттан кийин тамактаныңыз. Жыйынтыгында организмде тамактануу органы жакшырып, ашыкча шлактар тазаланып, сырткы келбетиңиз жакшырат. Кантип дейсизби? Анткени, алманын клеткасындагы пектиндердин пайдасы чоң. Пектин сиздин организмиңизди ирээтке келтирип турат. Андан сырткары, алмада темир көп болгондуктан, айымдарга айызы келгенде да чоң жардам берет. Башка жемиштерге караганда алма бышканда да өз пайдасын жоготпойт. Ал эми данегинде - йоддун курамы көп болгондуктан, бир күндө беш-алты данек жеп турсаңыз, организмди бир күндүк йод менен толук камсыз кылган болосуз.
Бетке
Алманын бетке жасалган маскасы кургак, майлуу, териге да пайдалуу. Бетке керектүү витаминдерди өзүнө камтыгандыктан тазалаганга, жумшартканга, сепкил менен кара тактарды кетиргенге дурус эле пайдасын тийгизет. Бетиңиз тырышса, же чарчаганын таратуу керектелсе алманы кесип алып, бир аз жакшылап сүртүп койсо жакшы жыйынтык берет.
Колго
Атайын алманы жакшылап эзип, ага бир чай кашык май аралаштырып туруп отко жылытуу керек. Колду таза жуугандан киийн даярдалган масканы колго жаап, целлофан баштыкка ороп коёсуз. 20 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууйсуз. Жыйынтыгы сизди кубантпай койбойт.
Эриндерге
Эрдиңиз кургап, кесиле баштаса атайын бальзам даярдаңыз. Алманы сүргүчтөн өткөрүп туруп, балга аралаштырасыз. Эрдинге кылдат сүйкөп 10-15 мүнөттөн соң жумшак щётка менен массаж жасап коюңуз.
Диетага
Диета кармагандарга алманын ширесин көбүрөөк ичүү сунушталат. Калориясы аз жана ачкалыкты көп сездирбейт. Андан сырткары, алманын уксусун теңме-тең кайнатылган сууга аралаштырып, тамактанаарга бир саат калганда ичкен пайдалуу. Мындай ыкманы бир күндө эки ирет кайталасаңыз жакшы жыйынтык берет.
Даярдаган
Анара Дүйшөналиева










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan