классташ

Эр жүрөк, эркек мүнөз Гүлзат Байзакова
Чоң аракет, талбаган эмгек, зор кызыгуу-жемиштүү, ийгиликтин ачкычы эмеспи. Кубулжуган үнү менен жаш-кары дебей ыр ышкыбоздорунун жүрөгүнөн түнөк тапкан Гүлзат Байзакова да чыгармачылыкта жигердүү эмгектенип келет. Биздин бүгүнкү маектешибиз ырчынын классташы, Жогорку Кеңештин улук консультанты Рыскүл Исакунова болду. Белгилей кетсек, Рыскүл айым Гүлзат Байзакова менен Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көл-Төр айылындагы "Көл-Төр" орто мектебинде чогуу окуган. Андыктан, сүйүктүү ырчыңыздын артта калган окуучулук күндөрү, балалык чагы жөнүндө билгиңиз келсе, төмөндөгү баарлашууга көңүл буруңуз.

Тазалык секторунун тартиби
- Гүлзат экөөбүздүн эс тарткан кезибизден берки ар бир кадамыбыз чогуу өттү. Элестетип көрсөм, Гүлзат бала кезинде көзү жүлжүйгөн, томолок келген, сары кыз болчу. Кызыгы форма-фартук кийгенде дайыма билегин түрүнүп алчу. Тырмактайынан эле абдан чыйрак, элпек кыз болгондуктан адегенде эле мугалимдердин тилин таап алды. Эмнегедир доска тазалаганды жакшы көрчү. Үйүнөн атайын доска аарчыган тряпкаларды тигип келип кезеги келбесе деле досканы тазалап турчу. Анан да башкалардан айырмаланып китеп-дептерин таза кармайт эле. Өзүн да таза, тыкан алып жүрчү. Кийин 3-класстан тартып тазалык сектору болуп шайланды. Зерикпестен күндө эртең менен баарыбыздын колубузду партага койдуруп алып карап чыкчу. Бир жолу бир балабыздын тырмагы өсүп кеткенинен сызгыч менен башка чаап доскага чыгарып койгон. Мугалимибиз келип "бул бала эмне турат?"- десе, Гүлзат: "Эжей карабайсызбы, тырмагы коён соё турган болуп калыптыр, ошон үчүн тургузуп койдум"-деп тим эле тыкылдайт. Анан эжей: "Эртең кайталанбайт, сабакты баштайлы" деп тиги баланы отургузуп койду. Тилин алдырып, баш ийдирип, жазалаганды билген кыйындыгын карабайсыңбы. "Нанды нана" дечү учурда эле Гүлзаттын баарына акылы жетчү. Кыскасы, өмүрүбүздөгү таттуу күндөрдүн баары окуучулук күндөр менен коштолду. Убакыттын өткөнүн кара, билинбестен мектепти бүткөнүбүзгө 26 жыл болуптур.

Агайдын образын жаратам деп...
- Окуучулук кезде эмнелер гана болбойт. Балалык кыялың менен оюңа келген нерселерди жасайсың да. Азыр бир окуя эсиме келип кетти. Анда 7-класс элек. Дайыма шашып жүргөн, ачуусу чукул бир агайыбыз бар эле. Бир күнү сабак өтөөр алдында шляпасын, плащын, портфелин таштап коюп сыртка чыгып кетти. Шумданып, бир орунда жөн туралбаган Гүлзат досум агайдын кийимдерин кийип, сумкасын көтөрүп алып бизге анын кыймылдарын туурап берип жаткан. Ошол кезде агай кирип келгенин сезген да жок. Агай акшыйып карап аны тиктеп турат. Качан гана биз күлүп жибергенде Гүлзат акырая караган агайды көрүп эмне кылаарын билбей чебелектей түштү. Анан агай "Мээң менен жерге кир десе, менин кийимим сага жактыбы" деп какшыктап урушса, "агай кечирип коюңуз"- деп алмадай кызарып кетти.

Сахнадан ыргытылган туфли
- Эсимде, бир жолу мектептер аралык кароо-сынак болуп, анда Гүлзат интермедия аткарып жаткан. Бир убакта бийик така менен чуркап баратканда бут кийими ыргып кетип калыстар тобунун алдына түшүп калды. Ыңгайсыз абалга туш болгон Гүлзатка ары жактан бир көрүүчү туфлисин ыргытты эле, ал дагы жазбай келип маңдайына тийип жатпайбы. Көшөгөнүн артында турган мугалимдердин муштумунан корккон Гүлзат залдагы элдин боорун эзип кайра интермедияны улады. Азыр ошол ыргытылган туфлисин эстегенде күлө беребиз.

Балдар кыздар мушташы
- Гүлзаттын дагы бир артыкчылыгы мектепте окуп жүргөндө спорт менен байма-бай машыкчу. Валейбол, теннис боюнча районго чейин барып алдыңкы орундарды алып келчү. Спортко кызыккандыгынанбы, айтор, эркек мүнөз, анан да анча-мынча балдарга караганда мушташканга шыктуу болчу. Сөзүм куру болбос үчүн дагы бир окуяны айтып берейин. Бир күнү бир классташ кызыбызды башка мектептин балдары уруп коюп бизге ыйлап келди. Анан ишенген Гүлзатыбызды ээрчитип алып тиги баланы жемелемекке алардын мектебине бардык. А-бу дегиче болбой алдыбыздан чыккан Абдыганыны Гүлзат жаактан ары бир чаап, бир тепсе болобу. Мына сага, ошол жерден тополоң башталды. Анын балдары менен биздин кыздар кадимкидей мушташтык.Көйнөктөрүбүз жыртылып,чачтарыбыз саксайып калганда мугалимдер келип араң ажыратышкан.

Аяш энебизден таяк жегенде...
Биздин мезгилде чүпөрөктөн пара жасап тепмей мода эле. Сабактан кийин күнүгө пара ойночубуз. Ошондо да өзгөлөрдөн өзгөчөлөнүп Гүлзат сол буту менен ойночу. Бир жолу да пара тебем деп классташыбыздын мурдуна буту тийип кетип, ал кыз кызыл-жаян кан болуп жатып калды. Мурда "топурак сепсе кан токтойт" дегенди угуп калганбыз да. Балалык кылып тиги кыздын кан жалаган мурдуна топурак сала берип, байкуш кызды андан бетер оорутуп койгонбуз. Эртеси күнү көгала болгон кызын ээрчитип апасы мектепке келип, директордун кабинетинде аяш энебизден таяк жегенбиз.

Ж.Калдарова












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan