кумир менен баарлашуу

Аалы, азамат:
"Манасчылар, акындар турганда кыргыз тили жоголбойт"
Кут орногон Ала-Тоону мекен кылып, кылымдардын кырын ашып келаткан кыргыз эли өзүнүн каада-салты, үрп-адаты, өлбөс-өчпөс өнөрү менен башка улуттардан айырмаланып турат. Ошол көп өнөрдүн ичинен элибиздин рухун, духун көтөрүп, тилин, дилин даңазалаган улуу төкмөлүк өнөргө таң калбагандар аз чыгаар. Бул өнөрдү кудай таалам саналуу гана адамга бериптир. Мына ошол аманат өнөрдү аркалап, ата-баба жолун улаган жаш төкмө акындар Аалы Туткучев менен Азамат Таалай бүгүн бизде мейманда.

Жамила
- Саламатсыздарбы, Аалы байке, Азамат байке. Келе жаткан Нооруз майрамыңыздар менен! Сиздерге чыгармачылык ийгилик каалайм. Айтсаңыздар, ырларыңыздар өзүнөн-өзү куюлуп турабы?
Аалы: - Чоң рахмат. Кээ бирөөлөр "Силерге оңой, өзү эле келе берет, ырдай бересиңер"-дешет. Чын эле өзү келет. Бирок, ошол келген нерсени мээ чуркап жүрүп керексизин ыргытып, керектүүсүн иргеп оозго салып берет. Ооз өзүнүн милдетин аткарып айтып жаткан маалда мээ ары жакка чуркап барып башка ырды таап келет.
- Сөзүңүздөрдөн жаңылып, адашып кеткен учурларыңыздар болобу?
- Көп эле болот. Муну айтышты жакшылап маани берип уккан адам байкайт. Маселен, 2005-жылы Жеңишбек байке экөөбүз айтышка чыкканда ал минтип айтты: "Саяктын төрт эле сулуу кызы бар, төртүнчүсүн санасаң меники"-дегенде, мен: "Төрт эле сулуу бар дейсиң, төртөөсүнүн бирөөсүнөн табылган экен үлүшүң. Башка сулуу калбай калыптыр, бересиң анан кимисин дейм" деп анан деген сөз анын болуп кетип бир эле тамгадан сөздүн мааниси өзгөрүп кеткен. Биз дагы пендебиз да, мындай жаңылыштыктар болбой койбойт.
- Ичимдикке кандайсыз?
- Той-топурга барганда ичпейм десең "артисттер кантип эле ичпесин"- дей беришет. Анан мен биринчиден мен артист эмесмин, акынмын. Экинчиден арактан мурда намаз менен таанышып алганмын дейм.
- Жыйнак дискиңиздер чыктыбы?
- Ооба. Буга чейинки айтыштарым эки диск болду. Биринчи бөлүгүндө жалаң тандалган айтыштар, экинчисинде болсо казак-кыргыз айтышы камтылды. Мунун бизге пайдасы, кээ бир жаштар ырдаганыбызды көрүп алып: "Кантип эле ушинтип ырдайсыңар, жазып же жаттап алсаңар керек"-деп таң калышат, таптакыр бул өнөрдөн артта калып калгандай. Чын-чынына келгенде кыргыз кат тааный электе акындын тилине, комуздун кылына, кыргыздын тарыхын сактап келген да. Ошол чоң нерсени унутуп, бизде мындай өнөр жок дегендин өзү маңкуртчулук. Бирок буга өзүбүз да күнөөлүбүз. Анткени, бул өнөрдүн бар экенин теле-радиолордон байма-бай бералбай, элге жеткиралбай жатабыз. Ырчыларга окшоп элди аралап кыдырбай бүгүнкү жаштар бул өнөрдөн кабарсыз калып атат. Эң эле жакшысы азыр ар бир үйдө DVD бар. Диск аркылуу тараталы деген ой менен диск чыгардык.
Айзада
- Өзбектер менен айтышканга болобу?
Азамат: - 2005-жылы Астанада өткөн "Шабыт" эл аралык фестивалына барганымда он казак, бир өзбек анан кыргыздардан мен катышып калдым. Өзбектердин обону кичине окшошкондой болгону менен тили таптакыр түшүнүксүз. Ошол өзбек баладан силерде айтыш өнөрү барбы деп сурасам "бизде айтыш укмуш" деп казактан өтүп мактанган. Менимче, бизге, казактарга караганда аларда аз болот окшойт. Негизи башка улуттун өкүлдөрү менен айтышканда көкүрөгүңдүн талабы күчтүү болуп, айтыш башкачараак өтөт. Анткени артыңда турган беш миллион кыргыздын намысы үчүн күрөшөсүң да.
Жамал
- Кайрадан өмүр берсе дагы эле төкмө акын болот белеңиздер?
Аалы: - Кудукта жашаган бакадан сураса да кайра эле бака болмокмун дептир. Анын сыңарындай, үч жолу өлүп тирилсем да кайра эле ушул жолду тандамакмын.
Азамат: - Кыргызстандагы эң начар акын сенсиң десе да ата-бабамдын улуу өнөрүн аркалап жүргөнүмө кубанам. Андыктан, сиз айткандай дагы эле ушундай адам болмокмун.
- Айтыштан башка эмне менен алектенесиздер?
- Чынында акындардын көпчүлүгү чыгармачылык менен, уюштуруу иштери менен алекпиз. Былтыр өзүмдү сынап чыгармачылыктан таптакыр башка иш жасап көрөйүн деп байкелерим менен бизнеске аралаштым. Бирок, мага туура келген жок. Анан бизнес кылып миллионер болгончо, кембагал акын болуп жүргөнүм жакшы деп кайра өз жолума түштүм.
Жазгүл
- Кыргыз эли, кыргыз тили жоголуп кетүү коркунучунда турат деп айтып келишет. Кыргыздын патриоттору катары буга эмне дейсиздер?
Аалы: - Биздин акындарыбыз, манасчыларыбыз турганда кыргыз тили жоголбойт. "Мамлекетти жок кылыш үчүн тилин жок кылыш керек, тилин жок кылыш үчүн Манасын жок кылыш керек"-деп Лениндин айтканы бар го. Манаска канча чабуул жасашты, жогото алышкан жок. Демек, манасчылар, акындар турганда тил, эл жоголбойт. Бир кезде Замирбек Үсөнбаевден кийин төкмө акындар чыкпайт дешкен, а бүгүнкү күнү көбөйүп жатат. Мунун өзү өнүгөт дегендик. Экинчиден азыр жаштарыбыз мурдагыдай болбой ойгонуп, патриот боло баштады.
- Төкмө акындар башка өнөр адамдарына салыштырмалуу жаш болсоңор да улуу адамдай көрүнөсүздөр. Мунун себеби эмнеде?
Азамат: - Кыргыздын белгилүү бир өнөрпозу "Элмирбек менен Жеңишбек жаш эле туруп карып алышты"- деп айткан. Бул өнөрдүн боёгу, түзүлүшү ошондой экен да. Эгер биз ырчыларга окшоп, микрофонду кармап алып, секирип-бийлеп ырдасак жаш көрүнмөкпүз. Ошондуктан бул нерсе биздин кесибибизге байланыштуу.
- Куудул Назира Жетигенова "Кризис менин үйүмө кирип алып чыкпай жатат" дегендей, бүгүнкү дүйнөлүк кризис сиздерге да таасирин тийгизип жатабы?
Аалы: - Дүйнөлүк кризистен кыргыз эли коркпошубуз керек. Анткени, биз илгертен бери эле кризисте жашап келатабыз. Бул кризис бизге таасир бербейт.
Кайыргүл
- Токтогул, Жеңижок акындарыбыз Алымкан, Көк сулуу деп сыздап келишкен. А бүгүнкү жаш акындарыбыз сүйүүсүн кантип делилдешет болду экен?
Азамат: - Мындай учур улуу өнөрпоздорубузда болуп келген. Сиз айткандай Токтогул Алымканды, Жеңижок Көксулууну тарыхта калтырды. Кийинки эле биз көрүп, угуп калган Жолболду акебиз Чолпонум деп сыздабадыбы. Сүйүүнү даңазалап, ашыктык ырын тарыхта калтыруу татаал нерсе. Бизде мындай чыгарма жаралабы, жаралбайбы аны убакыт көрсөтөт.
- Аалы байке, жаш акын Жазгүл Жаманкулова менен кандай байланышыңыз бар. Азамат байке, сизди болсо Элена деген кыз менен сүйлөшөт деп угуп калдым, ушул чынбы?
Аалы: - (Күлүп) "Азаттык" радиосунун журналисти Жазгүл менен сүйлөшкөнүмдү билет экенсиз. Эми муну башынан түшүндүрүп айтып бербесем болбойт. Мен мектепте окуп жүргөн кезде сабактан чыгып классташтарым отурушка кетсе, мен үйгө тартылып турчумун. Анткени, мен үйгө барбай калсам эле атамдын жүрөгү ооруп калгандай сезилчү. Түндөсү атамдын жүрөгү ооруп, онтоп кыйналганда мен ооругандай түнү менен уктабай чыкчумун. Дарысы түгөнүп калганда айылды жөө кыдырып жүрөгү ооругандардан дары алып келчүмүн. Ошентип азап тартып жүрүп тез токтолдум. Менин башымдан өткөн нерсе Жазгүлдүн башынан да өтүп, ал дагы мага окшоп тез токтолгон кыз. Экөөбүздү мына ушундай окшоштук жактарыбыз, тагдырыбыз табыштырды. Исламда "Адамзат беш нерсени билбейт, бешинчиси ким менен баш кошоорун билбейт"-деп жазылган. Тилегибиз, оюбуз бир. Кудай буюрса, ушул жылы 25 курак сүннөт жашымда үй-бүлө күтөйүн деп турам.
Азамат: - Мен эми Элена жөнүндө айтышым керек да ээ. Кыскача жооп берсем, бул бир аз мурда болуп өткөн окуя. Азыр байланышым жок.
Ажымурат
- Өмүрдө сүйүнүч менен өкүнүч, кубануу менен кайгыруу эриш-аркак жүрөт турбайбы. Аалы байке, жүрөгүңүздү түпөйүл кылган өкүнүчүңүз барбы?
ААлы: - Мени өкүндүргөнү атамдын бул дүйнөдөн эрте өткөнү. Мен 11-классты бүтүп атканымда күлгүн курак 51 жашында атам каза болду. Менин чоң сахнада ырдаганымды бир да жолу көрбөй калды. Бул мен үчүн чоң өкүнүч. Атамдын арабызда жоктугу көп жерде, көп учурда билинет. 2005-жылы баш байгеден утуп алган машинаны апамды салып жүргүлө деп айылдагы байкелериме бердим. Ошондой жакшылык-жамандыкта атанын орду оңкулдайт экен.

Уюштурган Ж.КАЛДАРОВА









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan