Секс тууралуу маалыматыңыз барбы?
1. Эркек канча жашынан баштап жыныстык жашоого кызыга баштайт?
А) 17-21 жашында.
Б) 21-30 жашында.
В) 30-37 жашында.
2. Сексуалдык жашоонун калыбына түшүшүнө эмне түрткү болот?
А) ата-эненин көз карашы.
Б) досторуңуздун кеңеши.
В) өзүңүздүн турмуштук тажрыйбаңыз.
3. Секстен ырахат албаган аял эмне кылыш керек?
А) өнөктөшүн алмаштырганы оң.
Б) секс деген түшүнүктү унутушу зарыл.
В) өзүнүн кызыкчылыгын ойлоп, төшөктө өзү каалаган ыкманы пайдаланышы керек.
4. Эгерде эркек төшөктө айымынын каалаганын аткарбаса, кандай чара колдонушу керек?
А) өзгөчө мээримдүү мамиле жасоо керек.
Б) көп деле маани бербеши керек.
В) бул маселени ачык сүйлөшүп такташып алуусу керек.
5. Бойго бүтүрбөөчү таблеткаларга канчалык деңгээлде ишенсе болот?
А) 85%
Б) 100%
В) такыр ишенбейм
6. Эркек киши оргазмга жеткенде гана бойго бүтөт деген чынбы?
А) ооба.
Б) жок.
В) билбейм.
7. Аял киши эмне себептен муздак болот?
А) уялчаактыктан.
Б) өнөктөшүнүн төшөктө тажрыйбасы аз болгондуктан.
В) анын баары тарбияга көз каранды.
8. Эркектердин импотент болушуна эмне түрткү болот?
А) физикалык артыкчылыктары.
Б) стресс.
В) балким, билинбегени менен гомосексуал болушу мүмкүн.
9. Эркек кандай айым менен төшөктө ырахат ала алат?
А) өзүнөн бир топ жаш улуу айым менен.
Б) өзүнөн бир топ жаш кичүү бийкеч менен.
В) мындай нерселер жашка карабайт, эң негизгиси тажрыйба керек.
10. Аялдын айызы келгенде жыныстык катнашка канчалык деңгээлде зыяны бар?
А) айыз келгенде төшөк кумары тууралуу унута туруш керек, анткени аябай зыян.
Б) жыныстык катнашка айыздын келиши эч кандай таасирин тийгизбейт.
В) бул тууралуу ойлонуп көрбөптүрмүн, мен үчүн айырмасы деле жок
11. Эркек эмне үчүн кээде жыныстык катнаштан баш тартат?
А) өтө катуу чарчаганда.
Б) ою бир жерде болбогондо.
В) башка бирөөнү сүйүп калганда.
12. Интимдик жашооң каалагандай болуш үчүн кандай аракеттерди көрүшүң керек?
А) өнөктөштүн экөөндө тең секс тууралуу кенен маалыматы болуш керек.
Б) төшөктө ар түрдүү оюндарды колдонсо болот
В) эң негизгиси сүйүү болушу зарыл.
13. Кыздык белги бийкечтин жашоосунда кандай роль ойнойт?
А) азыр мааниси деле жок.
Б) келечектеги жубайлардын жошоосу кыздын актыгына толугу менен көз каранды.
В) кийин жолдошуңуздун сизге жасаган мамилеси актыгыңызга жараша болот.
14. Аял такыр оргазмга жетпесе бойго бүтпөйт деген чынбы?
А) ооба
Б) жок
В) билбейм, ошондой болушу да мүмкүн
15. Жаңы үйлөнгөн жубайлардын бал айы кийинки жашоого таасирин тийгизеби?
А) турмуш жолу ойлогондой жакшы болот.
Б) экөө бири-бирине дагы жакындап, мамилеси жакшырат.
В) бал айын өткөрбөй деле бактылуу турмушту баштан кечирүүгө болот.




Бийкечтердин көкүрөгү
эмнеден кабар берет?
Италиялык сексолог Пьеро Лорензони: "Аялдын көкүрөгү кандай экенин карап туруп кыял-жоругун аныктоого мүмкүн" дегени бар. Лорензони айымдардын көкүрөгүн жер-жемишке салыштырып, ар бирине аныктама берген. Ошондуктан алдыңызга жер жемиштерди тизип алып, бийкечиңиздин мүнөзүнө талдоо жүргүзүп көрүңүз.


Апельсинби же алмурутпу...
Көлөмдүү, тоголок, коондун формасындагы көкүрөктүн ээлери жакшы, даамдуу тамакты жегенди жакшы көрүшөт. Жыныстык жашоого да кайдыгер карашпайт. Өнөктөшү кандай мамиле жасаса ошого жараша жооп кылышат. Мындай айымдардан мыкты кожейкелер чыгат. Бирок, төшөктө өтө көп нерсени талап кылбай эле коюңуз, баары бир жыйынтык чыкпайт.
Кылыктуу, назик асылзаты тууралуу кыялданып жүрсөңүз, көкүрөгү лимондукуна окшош бийкечтерге назар салыңыз. Алар жашоого жайдары көз карашта болушуп, күлкүсү адамды азгырат. Күтүлбөгөн сюрприздерди күтүп, ар бир күндү бири-бирине окшоштурбай, өзгөчө жашоону башынан кечиргендин аракетин көрүшөт.
Ананаска окшогон көкүрөктүн ээлери маданияты жогору, карьерасын алдыга жылдыруунун аракетин кылгандар. Ошол эле учурда жеке жашоосун да артка жылдырбай романтикалуу маанай тартуулаганга эптүү келишет. Ушундай айымдардын жүрөгүн багындырган мырза өмүр бою бактылуу турмушту башынан кечирет.
Алманын формасындагыдай көкүрөктү көрүп калсаңыз ал айым жашоодо туруктуулукту баалайт деп билиңиз. Сыртынан жыныстык жашоону жакшы көргөндөй түр көрсөткөнү менен чынында уялчаак, тартынчаак болушат. Үй-жайда жагымдуу маанай түзгөнгө далалат кылып, өнөктөшүнө бат үйүр алышат. Төшөктөгү түрдүү ыкмаларды колдонгондон көрө, мындай айымдарга назик мамиле жасап жакшы таасир калтыра аласыз.
Алмуруттукундай форманы алып жүргөн бийкечтер бирөөнү бат сүйүп, бат көңүлү калат. Кээ бирлери динге жакын болуп, секс деген сөз алардын кулагына жагымсыз болушу мүмкүн. Жогорудагы түргө киргендерге төшөктө орой мамиле жасап, жан дүйнөсүнө жаракат келтирип алуудан этият болуңуз. Ал эми апельсинди эске салган көкүрөктүн ээлери активдүү жыныстык жашоодон көрө, бир калыптагы тынч жашоону жакшы көрүшөт.
Андан сырткары, япониялык эксперт Мицуга Шуга айымдын төшөктө кандай экенин билүү үчүн көкүрөгүнө гана көз чаптыруу керек. Ал көкүрөктү үч топко бөлгөн:
Биринчи топко чоң көкүрөктүү айымдарды киргизген. Мицуганын айтымына караганда, аялзаты оптимист болушуп, назик келишет. Алардан баарын күтүүгө болот экен. Бирде жакшы маанай тартууласа, бирде күтүлгөн үмүтүңүздү актабай "муздак" айымга айланышы мүмкүн.
Экинчи топко кичине көкүрөктүү бийкечтердин көпчүлүгү темпераменти жагынан аксап келишкенин баса белгилеген. "Сүйүктүүм менин көзүмө чөп салбай жүрөт бекен" деген ой-санаа да дал ушул топтогу айымдардын мээсин кемирип келет. Майда нерселерге асылган таарынчаак жандардын көңүлүн табыш ар бир эле мырзанын колунан келе бербейт.
Үчүнчү топко көкүрөгү кичине дагы,чоң дагы эмес, орточо өлчөмдөгү айымдар кирет. Алар жыныстык жашоодон канааттануунун эң мыкты жолдорун билишет. Жеңил, түйшүксүз жолду көздөгөнү эле болбосо, мүнөзү жумшак, кечиримдүү жандар.
Мицуга Шуганын далилдерине ишенсек, аялдын сырткы келбетине карап анын мүнөзүн аныктоого дээрлик мүмкүн эмес. Ал эми эч качан жалган маалымат бербеген айымдардын денесинин бир гана бөлүгү - көкүрөгү.



Айымдардын көкүрөгүн көп
караган эркек узак жашайт
Германиялык окумуштуулар келишимдүү көкүрөктү көп тиктеген эркектер узагыраак жашайт деген жыйынтык чыгарышкан. Алар 200 эркекти эксперименттен өткөрүшүп, жыйынтыгында сулуулардын көкүрөгүнө суктанган мырзалардын кан басымы калыбына келип, жүрөк ооруга чанда чалдыгышат. 10 мүнөт тамшанып, келишимдүү көкүрөккө суктансаңыз аэробика менен 30 мүнөт машыкканга барабар болот экен. Ошондой эле жашоо 4-5 жылга чейин узарат. Англиялык окумуштуу Карен Везерби көкүрөккө карап айымдын мүнөзүн, тагдырын аныктоо эң биринчи жолу Испанияда 18- кылымда пайда болгонун изилдеп чыккан. Бул илимге "стреномантия" деген ат ыйгарылган. Ошондуктан эркектерге айымдардын төшүнө мүмкүнчүлүк болгон жерден көбүрөөк тигилгиле деген кеңеш беришет. Ал эми ошол эле учурда айымдар мындай көрүнүшкө жаман ойдо болбосун суранышкан. Мырзалардын жашоосун узартуу кандайдыр бир деңгээлде бийкечтерге да көз каранды тура.

АЙЫМ










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan