атактуунун арзуусу

Акын Сейит Жээнбаев:
"Сүйүүбүздү сактап калганга аракет кылган жокпуз"
Ар бир адамдын жүрөгүндө жашаган, аздектеп, аяган ак сүйүүсү болот эмеспи. Деги эле сүйүү, ашыктык сезимдери тууралуу ар ким өз сезими аркылуу ар түрдүү аныктама берип келет. Биздин бүгүнкү "Атактуунун арзуусу" рубрикабыздын коногу акын СЕЙИТ ЖЭЭНБАЕВ.


Ар бир адам
сүйүүгө акылуу
Сүйүү бул адамзатка кудай тарабынан, тагдыр тарабынан берилген чоң таберик. Ошол таберикти сактап, адам өзүн аягандай ошол сүйүүсүн, сүйгөнүн да аяп, өмүр канча берилсе ошого чейин сакташы керек. Аны ар кандай нерселерге кор кылбаш керек. Улуу адамдар, акындар, сүрөтчүлөр, жазуучулар сүйүүнү кандай керемет чыгармаларында жазышкан. Улуу актёрлор сүйүүнүн бактылуу мүнөттөрүн, трагедияларын сахнада ойноп келе жатышат. Сүйүү мындай деп бир сөз менен аныкталган аксиома бериш өтө кыйын. Бирок ар бир адам сүйүүгө акылуу. Куш учуш үчүн жаралса, адам бакыт үчүн жаралган. Адамдын жеке керт башындагы ички дүйнөнү кабылдоосуна болгон сүйүүсү Ата-Журтка, энеге, туугандарга болгон сүйүүгө караганда ар кандай боёкторго боёлуп,ар кандай шарттарга жараша өзгөрүп, ар кандай кырдаалдарга жараша калыптанып турган сүйүү да. Адам өзүнүн керт башындагы сүйүүсүн сактап калыш үчүн, ага жетиш үчүн аракеттенет. Ошондой мезгилдерде адамдар ар кандай нерселерге барышат. Ар кимдин өзүнүн сүйүүсү, бактысы, трагедиясы, коомдогу ички дүйнөсүнүн кандай экенине байланыштуу болсо керек. Эгерде адамдын жашоого болгон көз карашы туруктуу болсо, алган багыты түз болсо, көздөгөн максаты чаржайыт эмес, бир багытта болсо балким өзү үчүн жакшыдыр.

Кагаз бетинде калган
балалык сүйүү
Мен 3-класста окуп жүргөндөн баштап эле ыр жаза баштагам. Сүйүү жөнүндөгү чыгармаларды аябай көп окудум. Алыкулдун сүйүү ырларын, Шекспирдин сүйүү трагедияларын мектеп партасынан сырткары каникул учурунда көп окудум. Анан мага да сүйүү келген. Өзүм менен тең классташ кызыма ашык болгом. Азыр ойлоп көрсөм мен сүйүүдө жаман экенмин. Анткени, сүйгөн адамымды көрбөй калсам аябай санаа тартып, аны элестетип кыйнала берчүмүн. Бирок ал сүйүү деле тез эле өтүп кетти. Мен сезимимди сүйгөн адамыма билгизген жокмун. Ошол кездеги "Ленинчил жаш" газетасына "Жаз жана сен" деген ырым чыкты. Мен ага деген сүйүүмдү ошол ырым аркылуу гезит бетинен билдирдим окшойт. Балалык, тун сүйүүм ырларымда, кагаз бетинде гана калып калган.

Анык сүйүү айтылбайт
Адам өзүнүн жеке жашоосун, ички дүйнөсүн ачып бериш өтө татаал да. Азыр мен үчүн да ички дүйнөмдү ачуу татаал болуп турат. Студенттик кездерде, бойго жетип, боз улан болуп, кер мурут, кең далылуу жигит болгон кездерде көп эле сүйүүлөр болду. Бирок алардын бирине дагы мен сезимимди айткан жокмун. Мен ырларымда ашып-ташып, ушунчалык бир кумарланып, биздин замандаштарыбыз, акындар жазгандай, илгерки Барпы, Жеңижоктун чыгармаларындагы, кийинки эле Байдылданын сүйүү жөнүндөгү лирикаларында жазылгандай күйүп-жанып, сүйгөн адамынын каш-кирпик, чачына чейин укмуштуудай сүрөттөп, жанагы "Бөдөнө тумшук мамагың" деген сыяктуу сүрөттөп, айтор, сүйүүнүн жалынына өрттөнүп жазган чыгарма менде болгон жок. Мен өзүмдүн сүйүүмдү дайыма ичиме сактап, катып келем. "Июлдагы коштошуу" деген китебимдеги сүйүү менен беш-алты жылдын аралыгында абдан жакшы, бактылуу, кубанычтуу күндөрдү өткөргөнбүз.
Ал адам бир чоң чыгарманын, жакшы китептин лирикалык каарманы болуп кала берди. Мен аны аябай жакшы көрчүмүн. Азыр деле биз баскан көчөлөрдү, биз отурган орундуктарды атайын карап өтөм. Эски сүрөттөрүбүздү карайм,анын мага жазган каттарын кайра-кайра окуп чыгам. Негизи мен ага сүйөм деп айткан эмесмин, ал деле андай сөздү мага айткан эмес. Бирок биз бири-бирибизге болгон жылуу мамилебиз аркылуу сезимибизди билдиргенбиз. Майрамдарда бири-бирибизге кылган белектер, ооруп калганда жанымда туруп аяп, караган мүнөттөр, башка кыйынчылык түшкөндө кошо көтөрүшүп, кошо бөлүшкөн мезгилдерде деле "сүйөм" деген сөз айтылбай кала берген. Сагын Акматбекова эжебиздин жакшы бир ыры бар.
Ал анткени анык сүйүү айтылбайт,
Алданбагым келет аны сүйүү деп.
Мен дагы бул ыр саптарына толугу менен кошулам. Чындыгында анык сүйүү айтылбай, эң жакшы мамилелер менен түшүндүрүлсө керек деп ойлойм. Экөөбүз көп жылдарды чогуу өткөрүп, анан күндөрдүн бир күнүндө ал мени таштады. Анан ошондо мен чоң трагедияга кабылдым. "Июлдагы коштошуу" деген китеп ошол өмүрдү, чоң сезимдерди баяндаган цикл болду. Азыр ошол китепти окуган сайын, барактаган сайын ошол кездерге кабылам. Сүйүүбүздү сактап калганга экөөбүз тең аракет кылган жокпуз. Анткени, биринчиден мен даяр эмес болчумун. Экинчиден мен чыгармачылыктагы, жашоодогу эркиндикти биринчи орунга койгон адаммын. Аны менен ажырашуу мен үчүн канчалык оор болсо да, ошол кездеги кыйынчылыкты көтөрүү кыйын болсо да ага деген сезимим үчүн жашадым.

Ал азыр бактылуу
Менин башыман өткөн сүйүүм трагедиялуу болуп калды. Бирок өзүмдүн керт башым үчүн трагедиялуу болуп калса дагы ал азыр бактылуу. Ал азыр башка үйдүн куту, очогу болуп, балалуу болуп калгандан кийин бирөөнүн жылуу очогун бузуп, бирөөнүн кайгысынан заңгыраган имарат кура албайсың. Курсаң дагы ал убактылуу, бир күнү кулап түшөт. Өткөндө паркта келе жатсам алдыман чыкты. Экөөбүз бири-бирибизди алыстан эле тааныдык. Бул жолугушуу экөөбүз үчүн тең капыстан болду. Мындан туура бир жыл мурда көргөн бойдон көрө элек болчумун. Абдан өзгөрүптүр. Ошол күнү кечинде эле ошол парктан жолугушмай болдук. Бирок мен ал жолугушууга келген жокмун. Эмнегедир баргым келген жок. Анын дагы жүрөгүн оорутуп, өзүмдүн дагы көңүлүмдүн чөгүшүн каалаган жокмун. Мурда анын караанын көчөдөн көрүп калсам үйгө келип жүз грамм ичип алчумун. Бул жолу дагы ошенттим. Аны менен жолугушууга барбай үйдө жалгыз жүз грамдан алып коюп, классикалык музыканы даңгыратып коюп алып өзүмдү алаксыттым. "Сезимиңди акыл менен башкар" деген жакшы сөз бар эмеспи. Анын сыңарындай, мен дагы сезимимди акыл менен башкарганга көнгөм. Мен ал адамды мындан



туура бир жыл мурда көргөн бойдон көрө элек болчумун. Бирок ага чейин экөөбүз жашыруун кездешип жүрдүк. Акыры ал кездешүүлөрүбүздүн жыйынтыгы жок экенин түшүнүп, алыстаганбыз.

Сүйүүдөн көңүл калды
Азыр ойлоп көрсөм эгерде экөөбүз бири-бирибизге жетсек анда бири-бирибизге болгон урмат, сый, ызаат сезимдер азыркыдай таза бойдон калмак эмес деп ойлойм. Ал өмүрүнүн аягына чейин мага болгон терең урматын, таза, жакшы эскерүүлөрүн дайыма көкүрөгүнүн төрүндө сактап өтөт. А мен болсо аны ырларымда жазып, лирикалык каарман катары бийик тутуп келем. Жакында "Сүйүүгө таазим" деген китебим жарыкка чыгат. Бул китепте өткөн чактагы сүйүүлөрдүн трагедиясы, ызасы, сүйүүсү, кайгысы, муңу, жамгыры, жалбырагы, айтор, мен кабылган, бир кездеги аздектеген сүйүүм бар. Акын катары, адам катары өзүмдүн ой-толгоолорум кирди.Кыскасы,"Июлдагы коштошуу" деген китептин уландысы, лирикалык каарманга арналган экинчи китеп болуп калды. Учурда менин жүрөгүмдө сүйүү жок. Себеби, сүйүүдөн ушунчалык көңүлүм калды. Анткени бул мага тиешелүү нерсе эмес деп ойлойм. Сыртынан бактылуу, телегейи тегиз көрүнүп, бирок ары жагында жан дүйнөсү буюгуп жашаган адамдарды, тагыраак айтканда эрди-катын жубайларды жакшы билем. Атын айтпай эле коёюн, өткөндө эски таанышыма жолугуп калдым. Күйөөсү мурдагы депутат, азыр коомдук ишмер болуп жүрөт. Экөөнүн үй-бүлөлүк жашоосун албетте ачыкка чыгарып, сынагым келбейт. Бирок, эл көзүнө идеалдуу көрүнгөн бул жубайлар мага да ошондой сезилчү. Ал таанышым экөөбүз көпкө сүйлөшүп олтурдук. Өткөн-кеткенди, бала-бакыраны, турмуштун ар кандай жагдайларын айттык. Эски тааныштарды эстедик. Келип-келип кеп күйөөсүнө барып такалды. Ал жөнүндө сурасам кайдыгер, көңүл калгандай жооп берди. Өмүр бою бир жаздык жазданып, бир очоктон түтүн булатып жашай турган адамыңдан көңүл калуу кандай оор экендигин айтып отурду. Демек, аларга караганда менин сүйүүдөн көңүлүмдүн калганы утурумдук эле нерседир. Анткени, мен аларчылап балдарга байланып, бири-бирибизди аяп, сыртында сыр бербей жашагандан алысмын. Өз дүйнөм, өзүм тааныган аалам менен жалгыз калсам дагы, качандыр бир мезгилдерде барамын деп кабар айттырбай, келемин деп эшик какпай, күттүрбөй, жазмыш болуп сүйүү келээрине ишенем. Мен сүйүүдө өзүмдү дагы, башканы дагы кыйнап жашагандан чарчадым. Өзүмдү дагы, аны дагы алдап, сооротуп жашагым келбейт. Качандыр бир мезгилдерде мейли карыгандабы, мейли тагдырдын башка учурларындабы, эс-көөдөнүмдү ээлеген бир адам ушул миллиарддаган адамдар жашаган жер планетасынын бир бурчунда жүргөн чыгаар. Мен ага кезигээрмин...

Баары өз ордунда,
Биз өткөн көчөлөр,
Биз сүйгөн терезелер.
Шамалдар, жамгырлар,
Кечинде жааган жаандар.
Бариктер дирилдеген,
Баары өз ордунда.
Сен гана жоксуң менде,
Сен гана бириндеген...

Көп эстейм,
Чакырам түштөрүмдө.
Жок дегенде бир саатка,
Бир мүнөткө келип кет деп.
Жол тосуп сандалганым,
Карманганым, алданганым,
Араң жаным,
Көрүп кет деп чакырам.
Чаалыгам анан кайра,
Билсем да кайрылбасың,
Билсем да, үй-бүлөңдөн айрылбасың,
Сагынам. Сабыламын.

Менин го жөнүм башка,
Жолуңдан түшпөшүм керек мындан ары,
Канчалык оор,
Канчалык кыйын болсо дагы,
Чыдашым, чыдашым гана керек.
Бакыт даамы кандай болот,
Эч сезип көрбөптүрмүн,
Бактылуу болууга эч көнбөптүрмүн.
Менде дайым баары туздуу,
Баары кермек.

Качан келесиң?
Сен тарапка ийдим узатып,
Сагынчымдын сары жебесин.
Ай ааламды нурга толтуруп,
Айтчы деги качан келесиң?

Жарык шамы күйгөн калаанын,
Жолдорунда жалгыз барамын.
Көлөкөдөй ээрчип кусалык,
Көздөрүмөн учат карааның.

Жылдызданып сүйүү сагыныч,
Жолдорумдан басып жаңылыш.
Бекер эле окшойт баардыгы,
Безеленет менде таарыныч.

Жолугам деп жолго аттанам,
Кезигем деп күндө шаттанам.
Буулуктурган туйлап тынч албай,
Бул жүрөктү кайда алпарам.

Сагынчымды мезгил ченесин,
Жүрөгүмдө жашай бересиң.
Ай дүйнөмдү шаңга батырып,
Айтчы, айтчы качан келесиң?



Сүйүү жазым
Жакшылык ыроологон карлыгачым,
Сездирип өмүр жазын, көңүл назын.
Кездирип учкул канат кыялдарды,
Келдиңби, сагындырган сүйүү жазым.

Шам кылып жылдыз-айлуу кечтеримди,
Шаң кылып толуп турган кездеримди.
Тартуулап тазасынан сезимдердин,
Таң менен жүрөгүмө келбедиңби.

Айлантып арзуу ырга толгонуумду,
Айлантып ичимдеги болгонумду.
Көтөрүп байчечекей гүлдөрүнөн,
Көктөмдө көңүлүмө конбодуңбу.

Мажүрүм желге тарап тармал чачын,
Махабат экиленет серпип кашын.
Чачырап тоо башынан нурларга окшоп,
Келдиңби, сагындырган сүйүү сүйүү жазым.

Чакырчы мени
Ачылды гүлдөр шактарда, чакырчы мени,
Алыскы чоочун жактарга, чакырчы мени.
Күрпүлдөп аккан сайларга, чакырчы мени,
Күкүктөр таңшып жатканда, чакырчы мени.

Ысымың жүрөк тушунда, чакырчы мени,
Үшүсөң жалгыз кышында, чакырчы мени.
Түшүмө кирип уктатпай, чакырчы мени,
Түпөйүл кылып сыздатпай, чакырчы мени.

Кызгалдак жонго ыргалды, чакырчы мени,
Кызарып баткан күн калды, чакырчы мени,
Жаштыгым сенсиз тул калды, чакырчы мени,
Таппадым сендей бир жанды, чакырчы мени.

Шүүдүрүм көздөн куласа, чакырчы мени,
Жүрөккө кылбай чыгаша, чакырчы мени.
Ай өттү, канча жыл өттү, чакырчы мени,
Ак жүзүң эми ким өптү, чакырчы мени.

Даркүл Кемелова










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan