Кайдасың?

Жамил Карабалаев:
"Балам чоңойсо атасын издеп келээр..."
Мындан үч-төрт жыл мурда кыргыздын үч кыл комузун колуна кармап "А менин бала бойдон калгым келет" деген ыры менен ыр ышкыбоздорунун жүрөгүн толкуткан Жамил Карабалаев акыркы кезде ыр дүйнөсүнөн оолактап кетти. Бүгүн армандуу кайрыктары менен көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан ырчыны "Кайдасың?" рубрикасы аркылуу маекке тарттык.

- Жамил мырза, күйөрмандарыңызды сагындырып кайда жүрөсүз?
- Турмуштун агымы ар кандай болот экен. Айылда жашаганыма байланыштуу теле-радио, гезиттерге чыкпай калдым. Бирок, искусстводон алыстаган жокмун. Бул аралыкта Кочкор районундагы музыкалык драма театрында иштедим. Азыр эми кайрадан борборго келип чыгармачылыкка баш отум менен кирип иштеп жаткан убагым. Учурда "Замандаш" деген группа ачайын деп таланттуу улан-кыздарды топтоп жатам. Анан да "Көз жаш", "Кайда сенин жаштыгың" деген ырларды жаздым, жакында эл алдына тартуулайм.
- Сиздин атыңызды чыгарган "А менин бала бойдон калгым келет" деген ырыңыздын тарыхына токтоло кетсеңиз?
- Бул ырдын сөзү да, обону да өзүмө таандык. 2004-жылы классташтарым менен бир кафеде отуруп тост сүйлөп атып "ишенсеңер достор, менин бала бойдон калгым келет"деген сөз оозумдан чыгып кетти. Эмнегедир ушул сап тык эле дей түштү. Арадан бир жума өтпөй жогорудагы сапка улап ыр жазып, обон жараттым. Анан Элмара Турсуналиевага жолугуп ырымды биринчи жолу "Кыргызстан обондоруна" бердим. Негизи азан чакырылып койгон атым Жумгалбек. Элмара эже "Сенин атың эски, анан жердин аты экен, жаңы ат койбойлубу"-дегенинен журналдан издеп атып Жамил деген атты туура көргөнбүз. Ошентип менин азыркы ысымым араб соодагеринин атынан коюлган.
- Байкашымча репертуарыңызда муңдуу ырлар басымдуулук кылат. Кызыгы, ошол ырлардын сөзү да, обону да өзүңүздүкү экен. Эмнеге бул темага жакынсыз, же жүрөгүңүздө арман барбы?
- (Күлүп) Мындай суроону экинчи ирет сизден угуп жатам. Буга чейин бир тойдо МАИде иштеген байке "Жаш эле туруп эмнеге кайгылуу ырларды ырдайсың?" деди эле. Обондордун көпчүлүгүн комуз менен жазам. Комуз өзү кайгы-муңга жакын аспап. Ошондонбу, айтор, комузду колума алганда эле жүрөгүмдө кайгы уялайт. Чынында салтанаттуу ырларга караганда армандуу ырларга жакынмын. Мунун себебин өзүм да түшүнбөйм.
- Бир кезде эл ичинде "Жамил Карабалаев каза болуптур" деген имиштер да чыгып кетти эле...
- Бир эмес эки жолу өлдү дешти. Биринчисинде өзүм угуп таң калдым. Айылда жүрүп келсем музыкант балдар айтышты. Экинчисинде болсо өлтүрүп, Казакстандын талаасына таштап коюптур деген имиштер чыкты. Мындай сөздөр кайдан, кантип чыкканын билбейм. Кыскасы, элдин имиши менен эки жолу өлүп тирилдим. Ошондон кийин инсульт болуп ооруканада жатсам, узун ак сакалдуу аксакал эки жолу түшүмө кирип: "Уулум, көзүңдү ач, оң колуңду бер, өмүрүң узун болот, 88 ге чыгасың, кайгырба" деп түшүмдөн аян берди. Буюрса, өмүрүм узун эле болот.
- Жогоруда "Көз жаш" деген ыр жаздым деп айтып кеттиңиз. Менимче бул да аты айтып тургандай кайгылуу ыр окшойт...
- Ооба, бул чындап эле адамды ыйлата турган ыр. Айчүрөк Иманалиева менен Ошто гастролдоп жүргөндө жазылган. Ушунча болду "Көз жаштын" тарыхын да айтып өтөйүн. Түштүккө гастролдоп барганыбызда Ош шаарынын Кыргызстан деген көчөсүндө жашап калдык. Түнкү саат эки эле. Машина бузулуп калып чоң көчөдө токтоп, эс алайын деп отургучка жөлөнүп отурсам маңдайыбыздагы көп кабаттуу үйдүн 2-кабатында терезеге жөлөнүп алып бир кыз сыздап ыйлап жатканын көрдүм. Төбөбүздөн тиийп турган сүттөй аппак ай чагылышып, кыздын ар бир аккан тамчы жашы мага көрүнүп турду. Эгер сүрөтчү болсом ошондогу көрүнүштү кагаз бетине түшүрмөкмүн. Кыймылдасам эле кыздын көңүлү бурулуп кетчүдөй сезилип, туптуура эки саат ордумдан жылбай карап турдум. Саат төрттө үйгө барып, таң атканча уктай албай койдум. Көпкө чейин тиги кыздын элеси, көз жашы, муңайыңкы жүзү көз алдымдан кетпей, эртеси күнү ушул "Көз жаш" ырын жазып, обон жараттым.
- Обон демекчи, ырга обон жазасызбы же обондон ыр жаралабы?
- Улукмырза Полотов айткандай, жакшы сөздүн ичинде обон жатат. Анын сыңарындай, мен биринчи текст жазып, анан обон жаратам.
- Маегибиздин соңунда жеке жашооңузга кайрылсак. Сизди тапкан ата-энеңиз тууралуу эмне айталасыз?
- Ата-энем өмүр бою мугалимдик кесипти аркалаган партиянын адамдары. Азыр атам 65те, апам 63кө чыкса да азырга чейин атам галстугун тагынмайынча эч жакка барбайт, апам боёнмоюнча көчөгө чыкпайт. Үй-бүлөдө үч бир туугандын кичүүсүмүн. Тилекке каршы, мен алты жашымда ата-энем ажырашып кетип, мен апамдын колунда калгам. Учурда атам менен катташып турам. Мусалманчылыктагы парзымды аткарып үч жолу апамды турмушка чыгып алыңыз деп айттым. Бирок, апам макул болгон жок. Өзү абдан кайраттуу, күчтүү аял. Апам жөнүндө билгиңиз келсе Ош базарына барып бантикчен аял келдиби десеңиз базардагылардын баары тааныйт. Анткени кесибинин фанаты болгондуктан азыркыга чейин бантик тагынат. Ал эми өзүмдүн үй-бүлөм жөнүндө айта турган болсом, дарыянын тереңирээк жагын кечип алдымбы, же тайгак жагына түшүп алдымбы, айтор, аркы өйүзгө өтө албай койдум. Биз ажырашканда уулум эки жашта эле. Азыр 3-класста окуп жатат, бирок көрө элекмин. Канча жолу барсам да кайын-журтум баламды көрсөтпөй, жолуктурбай койду. Көргөн-билгендерден сурасам сенин эле өзүң деп айтышат. Кудай буюрса, балам чоңойсо баары бир атасын издеп келээр деген үмүтүм бар.

Баарлашкан Ж.Калдарова




"Обон"-почта
ОП-55-01. Салам менин сүйүктүү гезитим "Обон", баскан жолуң байсалдуу болсун. Ар дайым ишиңерди ийгилик коштоп жүрсүн. Бүткүл дүйнө жүзүнүн аялзаттарын 8-март майрамдары менен чын жүрөктөн куттуктайм. Супер СМСчилер алга! Эч качан бирдигиңер түгөнбөсүн. Мени дагы араңарга кошуп алгылачы, сураныч. 0770285751.
ОП-55-02. Астанада иштеп жаткан досторум Айдана, Салтанатка салам жолдойм. Ар дайым бар болгула. Гүлзада.
ОП-55-03. Салам Ак-Муз. Апа, Айка эже, Райка эже, Гүкү, Анжелина 8-март майрамыңар менен. Эрнис.
ОП-55-04. Салам ЖАМУнун журналистика бөлүмүнүн студенттери, баарыңарды сагындым. Айрыкча 1-05 группасын. Алматыдан Бурулай (Айка).
ОП-55-05. Жалал-Абаддын Тайгараев айылындагы агам Сүйүнгө, иним Кубанычка, жеңем Айсалкынга, апам Айнагүлгө жана атам Сабитахунга, таенеме салам жолдойм. Бактыма бар болгула. Алматыдан Бурулай.
ОП-55-06. Мен турмушка чыгам. Бактымды издейм, келгиле жигиттер таанышабыз. 0777229363.
ОП-55-07. Мирбек Атабеков, сени гана элестетем. Жүрөгүм жанып кетет бир жылмайып күлүп койсоң. Гүлнур.
ОП-55-08. Апам Зинагүлдү, эжелерим Алия, Тахминаны 8-март майрамы менен куттуктайм. Чың ден соолук каалайм. Ошондой эле саламым Спартак орто мектебине жолдонот. Эжелерди жана окуучу кыздарды дагы майрамдары менен куттуктайм. Настя 11а.
ОП-55-09. Жалпы Кыргызстандыктарга салам жолдойм. Ат-Башынын Ак-Моюн айылындагы жеңем Гүлзатка, байкем Азбекке салам жолдойм. Жеңе, эртерээк келиңизчи, сизди сагынып кеттим. Москвадан Бегимай.
ОП-55-10. Мирбек Атабеков сиздин ырларыңызды аябай көңүл буруп угам. Ар дайым бар болуңуз. Сизди сайттан көрүп сүйүнгөн элем. Бирок сиздин атыңыздан бирөө ачыптыр. Өзүңүз ачпайсызбы? Сизди сыйлаган Гүлзада.
ОП-55-11. Махабатка мас болгон күндөрдү жаным унутпа. Жүрөгүмдү жаралап, алымды менин курутпа. Өмүрүм сага айланган, көңүлүм сага байланган. Умсунтуп таштап кетпечи, баладай мени алдаган. +777753240хх.
ОП-55-12. Айткылачы 21-кылымдын жигиттери, "сен дегенде цементке гүл өстүрүп, тоого торлоп суу ташыйм" дегендер барбы? Сураганымдын себеби, балдар менен таанышсаң атыңды сурайт, анан атаңды сурайт. Эмне болуп иштейт дейт. Ден соолук биякта турсун, сурагыла, бирок абайлагылачы макулбу? Аська.
ОП-55-13. Ильяз Андаш, сени сайттан көрүп сүйүнбөдүмбү. Хан-Шай аябай сулуу кыз экенсиз, ээ? Ар дайым бар болуңуз. Гүлзада.
ОП-55-14. Кыздар, боёнуп сулуу болобуз деп кайра куник болуп аласыңар. 07774689хх.
ОП-55-15. Салам Эркин КБш, ырыңа чоң рахмат, мага жакты. Талантың ташкындай берсин. Гүзел.
ОП-55-16. Т.Адыранов орто мектебинде 10-а класста окуп жаткан кыздарды 8- март майрамдары менен куттуктап, окууларына чоң жетишкендиктерди каалайм. Аман болгула. Асел.
ОП-55-17. Сонунбек ойлонуп сүйлө, досум Хан-Шай ак, туурабы, достор? Айдана-Анту.
ОП-55-18. "Обондогу" баардык СМСчилерге чоң салам.Баарыңарга ийгилик. Ошондой эле Жалал-Абаддагы Тайгараевдиктерге аябай чоң чалам. Алматыдан Айка.
ОП-55-19. Айылымда жүргөндө баркың сезбей, алыс жерде сагынам өзүңдү эңсей. Аргасыз оюм кетет айылым көздөй, айласыз үйдө олтурам көчө кезбей. ББС.
ОП-55-20. "Обондун" СМСчилерин жана Кыргызстандагы баардык айымдарды 8-март майрамы менен куттуктайм. Настя.
ОП-55-21. Отуз-Адыр айылынын тургуну чоң энем Айдаралиева Жумашка салам жолдойм. 75-мектептин 11-а классынан Гүлиза эжеме, Алматыдагы эжем Жылдызга, ширин карындашым Назбийкеге да салам жолдоп, 8-март майрамдары менен куттуктайм. Төрөбек-94. 8-б.
ОП-55-22. Саламым классташтарыма, өзгөчө Гүлнурга жолдонот. Ж.Бөкөнбаев мектебинин окуучуларынын баарына салам. Саламат.
ОП-55-23. Кара-Кулжа районунун Сары-Булак айылында жашаган апам Караматты 8-март майрамы менен куттуктайм. Сизге узун өмүр, чексиз бакыт, атам экөөңүздөр эч качан оорубай биздин бешенебизге бар болгула. Биз сиздер менен бактылуубуз. Ар дайым бар болгула, бай болгула. Бишкектен Элнура.
ОП-55-24. Саламым Алматыдагы Ала-Тоо базарынын 4-катар, 37-контейнеринде иштеген адилетке жолдонот. Иштериңе ийгилик каалайм. Соодаң болсун, сүйгөнүңө жет. Алматыдан сырдуу кыз.
ОП-55-25. Бегимай, эмне мынча сулуусуң? Мага салам жолдоп койчу, мен үчүн чоң бакыт. Сени сүйгөн Калыс.
ОП-55-26. Таланты таш жарган, булбулдай үнү жаңырган, кыргызымдын назик кыздарынын бири Бегимай Бекбоева. Сизди бул жашоодо жалаң гана жакшылыктар курчап, ден соолук, өмүр берсин. Ата-энеңиздин жанып турган шам чырагы болуп жүрө беришиңизди каалайм. Ар дайым сахнанын ажары, сулуусу болуп жүрө бериңиз. Нарынымдан сиздей таланттуу айымдын чыкканына сыймыктанам. Ийгилик сизге, бар болуңуз. Күйөрманыңыз Улан.
ОП-55-27. Айымдарды 8-март майрамы менен куттуктайм. Ар дайым жүзүңүздөрдөн жылмаюу кетпесин. Меришка.
ОП-55-28. Мирбек Иманбековго жүрөкчө салам. Иштерине ийгилик, чоң-чоң жетишкендиктерди каалайм. 85-92.
ОП-55-29. Зарыгып күткөн элем, жадырап жазым келди көктөп жери. Сезимге сүйүү козгоп жаздын деми. Жаратканым жолуктура көр чүрөк кызды эми. Бакай.
ОП-55-30. Кубандырды мени ыр арнап, сенден уккан кеп ыраазымын чоң рахмат. Сага Нурмухамед калемиң курчусун ыр жазып түркүн кеп. Салам айтам, ден соолук каалап аман жүрсүн деп Бакай.
ОП-55-31. Салам ар тараптуу талант ээси Хан-Шай. Алдыңкы чоң сыноого ийгилик. Чебер колуңдан береке тап, буюрса Өзбекстанды да багынтып жеңиш менен кайтып кел. Гүлбешекер.
ОП-55-32. Кыздарды майрамы менен куттуктайм. Силерди сүйөм. Нежный жигит.
ОП-55-33. Менин саламым апам Жаннатайга, эжем Сейилге, сиңдилерим Аселге, Асияга, Анарага жолдонот. Майрамдары менен куттуктайм. Окуган намазыңар кабыл болсун. Самара.
ОП-55-34. Саламыбыз мээримдүү, жароокер айымдарга жолдонот. Кудайберген базарында иштеген апаларыбызды майрамы менен куттуктайбыз. Иштерине ийгилик каалайбыз. Самара, Барби.
ОП-55-35. Оштук, мага окшогон тамашаны сүйгөн кыздар менен таанышабыз. Кийин кол кармашып парк айланабыз. 0770341819
ОП-55-36. Асманда бир жылдыз бар айдан жакшы, өлкөбүздө бир ырчы бар атактуулардан жакшы. Бегимай Бекбоева келин, апа, эне, чоң эне болгун. Баарынан да пейилиң кенен болсун. Кумириң гүл кучактап күлүп турсун. Таха.
ОП-55-37. Салам Нури, билесиңби ак тилек кылса адамзат, арышы узак узараар. Береке чачып жараткан жашоодон кубат күч берээр. Сабырдуу болсо адамзат. Сагыныч куса арылар, ашыгын буйруп жараткан, кубаныч бакыт тартуулар. Нури, андыктан сабыр кылыңыз. Баары жакшы болот. Алла-Таала өзү колдосун. Оштон Нурмухамед.
ОП-55-38. Дил кумар дилде дилдиреп сүйүү, жан сырын кантип билдирет сүйүү. Баш ийкеп өтүп жолугуп калса, жүрөгүн чийип тилдирет сүйүү. Айта албай катып жүргөнү менен, сүйөөрүн чындап билдирет сүйүү. Оштон Нурмухамед.
ОП-55-39. Кайран өмүр кайыгы кайрылып келбейт, кайрадан кечээки өткөн күнүмдү унуткум келбейт эч качан. 05558202хх.
ОП-55-40. Чымкентте "Бекжан" базарында иштеп жаткан байкем Кубан, Сүйүн, Расул, жеңем Айжамал, балдары Аскар, Муслимдерге жолдонот. Силерди сагындым. Качан келесиңер балапандар? 07775079хх.
ОП-55-41. Жаным Мади, махабатым бир сен үчүн жаралган, өзүң болчу кучагымда туйлаган. Кучагымда сүйүү антын берчи сен, кетпеймин деп башка адамга эч качан. 07775079хх.
ОП-55-42. Алмаз досум кандайсың? Адамды көп алдайсың. Мага келип дүнкүйсөң, сен мага эч жакпайсың. 07721331хх.
ОП-55-43. Жаным Мадинаны жана досу Жиканы 8-март майрамдары менен куттуктайм. Ар дайым бар болгула жана окууларыңарга ийгилик. Рафик.
ОП-55-44. Кимсан, Гүлжан, Гүлай, Канышай эжемдерди жазгы кош майрамдары менен куттуктайм. Сиздерге ден соолук, бакты -таалай үй-бүлөңүздөр менен аман болуңуздар. Рахат. Москва.
ОП-55-45. Ысык саламым жалпы смсчилерге. Бирдигиңер эч качан түгөнбөсүн. 07771302хх
ОП-55-46. Ошто окуп жаткан 87-жылкы классташтарым Нурзида, Гүлкайыр, Бегимай, Рахат 8-март майрамыңар менен куттуктайм. Бактылуу кыздардан болгула. Астана- Исраил.
ОП-55-47. Жумгал районуна караштуу Көк-Ой айылында жашаган апабыз Жамалканды, карындашыбыз Самараны, 8-март Мунаранын туулган күнү жана майрамдары менен куттуктайбыз. Бактылуу болуңуздар. Бектемир, Кайрат.
ОП-55-48. Салам Айганыш, сени аябай сагындым. Жаз майрамың менен. Бактылуу бол жарыгым. Гүлшан.
ОП-55-49. Эң чоң күнөө адам өзүн күнөөсүз деп ойлоосу. Гүлшан.
ОП-55-50. Саламым жандай көргөн жаныма. Асан, мен сени дагы деле унута элекмин. +79269687091ге смс жазып койчу. Сени сагынган Москвадан Беби.
ОП-55-51. Ат-Башы районунун Ак-Муз айылынын тургуну апам Исаева Сайраны 8-март майрамы менен куттуктайм. 05438936хх.
ОП-55-52. Ынтымак деп биз айткан, кыргыздан бүгүн ырк качкан. Тамыры терең жайылган, күнөстүү жерден кут качкан. Кыйналып арабачан жүк ташыган, бир нан үчүн жүзүн эмес бүт аарчыган. Чын эмес ар бир мүнөт айткандары, көбөйдү темир тордо жаткандары. Айтайын сиздерге да мындайды. Сиздерди да жат көрүнүш кыйнайбы. Тырмактай кыз тытык көйнөк кийинген, тыйын сурап жардам сурап жүгүргөн. Гүлшан.
ОП-55-53. Айымдарды 8-март майрамдары менен куттуктайм. Узун өмүр, чың ден соолук каалайм. 05438936хх.
ОП-55-54. Салам Бегимай эже, майрамыңыз менен! Сизге ден соолук, суудай тунуктукту, өмүрдүн жолдой узундугун, бакыттын тоодой бийиктигин каалайм. 07702480хх.
ОП-55-55. Салам Бегимай эже, сизге бекем ден соолук, узун өмүр, кең келечек, чексиз сүйүү каалайм. Ар дайым кыргыз элим сыймыктанган кыздардан болуңуз. 07724919хх.
ОП-55-56. Мирбек, сиз сулуусуз, жок дегенде мага бир жолу смс жазып коюңузчу суранам. 050011643.
ОП-55-57. М.Иманбековго салам. Ырларыңыз эч качан өчпөсүн. Бар болуңуз жана Мирбектин күйөрмандарына салам. Алга! Жаш кыз Нади.
ОП-55-58. Мен Макусянын сөзүнө кошулам. Сага ийгилик. Айсулуу.
ОП-55-59. Москва районундагы Спартак мектебине салам. Нурсултан.
ОП-55-60. Мен алыскы Тараздагы апам Манзураны эжем Жылдызды, сиңдилерим Динара, Медина баарын 8-март майрамы менен куттуктайм. Отуз-Адырдан кызыңар Кундуз.
ОП-55-61. Эмнеге жаш тилекке жетүү кыйын? Эмнеге жүрөк сырын чечүү кыйын? Жактырып жаш жүрөгүн бирди сүйсө, эмнеге ал сүйүүгө жетүү кыйын? Жалал-Абаддан Гүлбара.
ОП-55-62. Султан Садыралиев бактылуу болуңуз. Бул смсти окусаңыз ,ушул номерге чалып коюңузчу сураныч. Бегимай. 0777803995.
ОП-55-63. Эт жүрөгүм эңсеген, колум сунсам жетпеген бакыт нуру сен белең жаным. Куба, мен сени жакшы көрөм. Динара. 0773136513.
ОП-55-64. Алтындан кымбат апакем Эшатова Нурзатты 8-март майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Менин сүйүктүүм, ылайым бар болуңуз. Ангел-Асем.
ОП-55-65. Кара-Кулжа районунда жашаган таенем Сулайманова Азаданы кирип келген кош майрамы менен куттуктайм. Ылайым өмүрүңүз узун болсун. Сизге күч-кубат, маңдайыбызда таятам экөөңүздөр көп жашаңыздар, балпайган байбиче болуп төрүбүздө олтуруңуздар. Небереңиз Ангел-Асем.
ОП-55-66. Кризис деген тентекти тизгиндей албай тер кетти. Баштагы сүйкүм келбетти муңайтып ойго салып терметти. Бакай.
ОП-55-67. Сулуулуктун символу болгон жалпы аялзатын 8-март майрамы менен куттуктайбыз. Б.Бадыевага салам жодойм. Аты аталгандардын баарына тунук сүйүү, бакыт каалайм. Барби.
ОП-55-68. Вика, Юля, Бурка, Буну кайдасыңар? Силерди сагындым. Саша.
ОП-55-69. Отуз-Адырдагы Назик бакчасындагы Суитага чоң салам. Эжең Гулиза-91.
ОП-55-70. Астанадагы сулуу кыздар менен сүйүү жөнүндө сүйлөшкүм келет. +77022860783.
ОП-55-71. Отуз-Адырдагы Жаманкулов атындагы №75-мектептин 11-а классындагы Гулизага жана 7-а классындагы Каныкейге салам. Эжеңер Айна.
ОП-55-72. Отуз-Адырдагы №75-мектептин 11-а классынын баарына салам жана суйкайган сулуулары Жийдегүл, Чыныгүлдү 8-март майрамы менен куттуктайм. Гулиза-91.
ОП-55-73. Алтын апа, 8-март майрамыңыз менен куттуктайм. Чымкенттен Назира.
ОП-55-74. Жаным Жазгүл, сени түбөлүк сүйөм. Алматыдан Муктар.
ОП-55-75. Менин саламым Ат- Башы районунун Калинин айылынын тургуну атам Ыдырысов Саныдын, Түлөбаева Элмира, эжекем Алтынайга ысык салам. Бар болгула. Бактылуу болгула. Гүлзинат.
ОП-55-76. Мамалагым, күчүгүм менин, мен сизди аябай сагындым. Козу.
ОП-55-77. И.Арабаевдин 2-курсунун ж-2-07 группасында окуган курбуларыма салам жолдойм. 8-март майрамыңар менен! Зыягүл.
ОП-55-78. ОП-53-13 рахмат. Хан-Шай, капа болбо досум. ОП-53-120 лидерлер мектеби-2 ОшТУ 53-131 Эржан уялсаңар боло, туурабы достор? Айдана-Анту.
ОП-55-79. Ноокаттагы "Борко" лицейин бүтүргөн 90-91- жылкыларга ысык салам. Жибек.
ОП-55-80. Ноокат шаарына караштуу Кыргыз-Ата айылында жашаган ата-энеме, бир туугандарыма чоң салам.
ОП-55-81. Бурка, сенин кабарыңды таппай келем. Мен дале сени күтөм. Саша.
ОП-55-82. Гүланда 22-март туулган күнүң менен. Алланын сүйүктүү пендеси бол. Эли.
ОП-55-83. Ош облусунун Алай районунун А.Бекташов мектебинин бүтүрүүчүлөрүнө салам жана окууларына ийгилик, окубаганыңарга тирилик. +770228943хх.
ОП-55-84. "Самал" базарында ич кийим саткан Бегимай мени кечир, атыңды Бегай деп жазганым үчүн. Менин ким экенимди жакшы билесиң, анда көрүшкөнгө чейин. Сырдуу жигит.
ОП-55-85. Ардактуу ыйык туткан ата-энем, эмгегиң актоо менен башым ийем. Чың ден соолук, узун өмүр каалайм. Бар болуңуздар. Кызыңар Барчынай.
ОП-55-86. Ырчы Айнура Салахидинова менин үй-бүлөмдү бузба. Сага менин түрмөдө жаткан күйөөмдүн эмне кереги бар? Жакшынакай үй-бүлөгө чок салгандан уялбайсыңбы? Кудайдан, баламдын көз жашынан корксоң боло. Менин ордума өзүңдү, эжелериңди коюп көрчү, кандай оор болоорун билесиң. М...т.
ОП-55-87. Лидер мектеби-2 ОшТУ. Урматтуу Сонунбек, Эржан, Хан-Шайга асылбагыла. Нургазыңар өзүнө тең келген кызга үйлөнсүн. Айгөлөк.
ОП-55-88. Тымызын ичтен сүйөрүн билгем, сызылып ичтен күйөрүн билгем. Бирөөнүн жары болгону менен эзилип эстеп жүрөрүн билгем. Оштон Нурмухамед.
ОП-55-89. Канжар кыз, баланын көңүлү ооруйт деп ойлободуңбу? Таанышып, СМС жазып койсоң болмок. Сиздей баланы биринчи көрүшүм, кызды сыйлабаган. Катуу тийсе капа болбоңуз, бирок жазганымдын баары туура. Барчынай.
ОП-55-90. Мен 1994-96-жылдары Воронцовкадагы курортологиянын ортопедия бөлүмүндө бирге иштеген дос кызым Бекишова Берметти издейм. Бермет сени сагындым. Бишкектесиңби, же Кеминдесиңби? Окуп калсаң телефон чал. 0773337594 Саадагүл.
ОП-55-91. Салам Гүлшан, мен сага кошулам. Намаз окуунун эрте-кечи болбойт. Нуриса жана Айчүрөк эжелер, Аллах өзү сактасын. Сиз кайдан билесиз качан өлүшүңүздү? Же өлбөйт деген документиңиз барбы? Жаныбарчалык да жоксуңарбы? Жаныбарлар Аллах барына ишенип, "Аллах, Аллах" деп даңазалап жатышпайбы. А силер жаныбарларга караганда 1000 эсе акылдуураксыңар го. Канчалык эрте окуса ошончолук сооп жазылат. Намазды таштабайлы. Эх Мамбо.
ОП-55-91. Энелер, эжелер, жеңелер, апалар, карындаштар, кыргыздын сулуу кыздары, силерди майрамыңар менен куттуктайм. Дүйнөдөгү бардык жакшылыктар силер үчүн. Дайыма жүзүңөрдөн жылмаюу кетпесин. Силерди сыйлап Макс.
ОП-55-92. Мен Красноярскиде иштеп келген досум Алтынай, Маратты издейм. Мен эки айга эс алууга келдим. 0550086560 Соня.
ОП-55-93. Бегимайды үй-бүлөсү менен жакшы көрөбүз. Анткени таланттуу адамдар. Бегимайга чыгармачылык эргүү каалайм. Кыргыздын чыгаан кыздарынан бол. Гули.
ОП-55-94. Гүлжан, Айжамал, Аида, Элиза, Наргиза, Нарынкүл, Насыйкат, Кенжекүл, Махабат, Элнура, Гүлзат 8-март майрамыңар менен. Бактылуу, ыймандуу кыздардан болгула. Айкөкүл.
ОП-55-95. Мени тааныган СМСчилерге супер салам. Ошондой эле "Обондун жаңы окурманы таежем Гүлайшага да салам жолдойм. СМС жазбасаңыз да "Обонду" калтырбай окуңуз. Наргиза, Наристе, Минура, Эламан, Баяман жездеме да салам жолдойм. Саламат.
ОП-55-96. "Стар Денс"шоу-балетинин жетекчиси, хореографы Асел эжени 7- март туулган күнү менен куттуктайм. Дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм. Меришка.
ОП-55-97. Өзгөндүн Куршаб айылындагы А.Төлөнов мектебин бүтүргөн 1990-жылкы классташтарыма сагынычтуу салам. Гүлжамал.
ОП-55-98. Энем Арзыкан, эжем Назгүл, жеңем Алиманы 8-март майрамдары менен куттуктайм. Дайыма ден соолукта болушун каалайм. Назира.
ОП-55-99. Алматыда иштеген эжелерим Жийде, Жыпара, Анара, Ош шаарында турган досум Жаркынды 8-март майрамы менен куттуктайм. Ишиңерге ийгилик каалайм. Жаку, Алматыга качан келесиң? Асел.
ОП-55-100. Карындаштарым Наристени, Саламатты, Наргизаны 8-март майрамдары менен куттуктайм. Кербен-Куба.
ОП-55-101. Таланты таш жарган татынакай кумирим Бегимай Бекбоевага салам жолдойм. Талантыңа таазим. 07734731хх.
ОП-55-102. Наргүл, Оля, Жийдегүл 8-март майрамыңар менен куттуктайм. Оштун алдыңкы студенттеринен болуп жүрө бергиле. Астанадан Залкар.
ОП-55-103. Алай районунун Гүлчө айылынын тургуну апам Исакова Айнаны 8-март майрамы менен куттуктайм. Апа сага кандай мактоо жарашат, апа сенден сыйлыкты ким талашат. Апа сага теңдеше албайт эч бир жан, апа сага бардык мактоо жарашат. Апа, ден соолугуңуз чың болсун, өмүрлүү болуңуз. Биздин сыймыгыбыз болуп 100 жашка чыгыңыз. Балаңыз Нурлан Алматыдан.
ОП-55-104. Мадина сенсиз мага жашоо кыйын болот. Мен сени жакшы көрөм, дайыма жаныңда болом. Алматыдан Азамат.
ОП-55-105. Кимсан, Гүлжан, Гүлай, Канышай эжелеремди жазгы кош майрамдары менен куттуктайм. Сиздерге чың ден соолук каалайм. Иниңиздер.
ОП-55-106. "Обондун" окурмандарына супер салам жолдойм. Кербен Куба, Бакай, Хан-Шай "Обонду" гүлдөтүп жүрө бергиле алтындарым. Шайыр.
ОП-55-107. Өзүмдүн үй-бүлөмдү, жолдошум Мирбекти, уулум Актанбийди, кызым Алинаны жана сиңдилерим Жаңылайды, Наргизди Нооруз майрамдары менен куттуктайм. Ушул жыл жакшылыктардын жылы болсун. Алматыдан Фарида.
ОП-55-108. Саламым Чымкенттин "Бекжан" базарындагы апам Жамила, таежебиз Адилет, эжебиз Гүлбарчынга, бөлөбүз Айпериге салам. Жоке, Дили.
ОП-55-109. Алай районунун Гүлчө айылынын тургуну Тойчубекова Аширханды 8-март туулган күнү жана майрамы менен куттуктайбыз. Эне туулган күнүңүз кут болсун. Ден соолугуңуз бекем болуп, узак өмүр сүрүңүз. Биздин төрүбүздүн көркү болуңуз. Алматыдан неберелериңиз Нурлан, Урмат, Айзирек, келиниңиз Айнагүл.
ОП-55-110. Айымдарды 8-март майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Айымдар сиздер бар, биз бар жана да мотурайган жаш балдар бар. Ошол жаш наристелердин бактына ар дайым аман болуп, күлүп-жайнап, кара сагыз чайнап, барга көппөй, жокко чөкпөй, баарына сабырдуулук менен карап жүрө бергиле. Сый-урматым менен Кербен-Куба.
ОП-55-111. Тааныш кыздардын баарын майрамдары менен куттуктайм. Элдияр.
ОП-55-112. Ош базарында иштеген Таалайгүл эжеге салам жолдойм. Ар дайым бар болуңуз. 07702480хх.
ОП-55-113. Бегимай 8-март майрамың менен куттуктайм. Ден-соолук, узун өмүр, окууларыңа, чыгармачылыгыңа чоң-чоң ийгилик. Акжол. 07727073хх.
ОП-55-114. Алтындан ардактуу, коргошундан салмактуу болгон таенем Ава сизди 8-март майрамыңыз менен куттуктайм. Дүйнөдөгү эң узак өмүрдү кудайым сизге берсин. Дегеле сиздей мээримдүү таенелерге жолдойм. Ар бир күнүңүз бүгүнкү күнкүдөй майрам болсун. Небереңиз Сүйүнгүл.
ОП-55-115. Нурмухамед мен Чымкентте "Бекжан" базарында соода кылам. Сенин "Обонго" жазган СМСиңди ар дайым окуймун. Сени менен дос болууга болобу? Номериңди жазчы? +77021242904 Сырдуу кыз.
ОП-55-116. Өткөн сандагы ОП-54-61деги улуу урматтуу супер сынчы, өтө акылдуу Боря, Б.Бадыеваны таптакыр жакшы билбейт экенсиң. Анын "Неге кыялбайм", "Кайдасың", "Сагындым", "Унута албайм", "Издейм", "Сени күтөм", "Энекем", "Сүйүү тамгасы", "Мейли-мейли", "Жададым", "Жүрөк тагы", "Бийле курбум", "Секетим", "Келе берчи" ж.б ырлары бар. Бул бир гана учу. Бир тойго барганда 1000доллар алып жатса, Бакуля байыбай, сен байымак белең? Лунара.
ОП-55-117. Чымкенттин "Бекжан" базарында иштеген бардык аялзатын 8-март майрамы менен куттуктайм. Ден-соолук, иштерине ийгилик, үй-бүлөлүк бакыт каалайм. Үйдүн куту, сүйгөнүңөрдүн сүйүктүүсү болгула. +77022505003.
ОП-55-118. Ошто окуп жаткан курбуларым Назгүл, Нуркан, Айжаркын, Ырысбекке сагынып салам. Майрамыңар менен кыздар. СМС жазгыла +79263821961ге СМС жазгыла. Москвадан Элмира.
ОП-55-119. ОП-54-98 кандай ыймансыз, бети жок, улууларды сыйлабаган, тартипсиз адамсың. Шахрезада Аскарова кыргызыма эмгеги сиңген ырчы деп таамай айтууга болот. "Жөжө" дегени жалганбы? Азыркы ырчылар бир күн атактуу да, экинчи күнү сахнадан таппай каласың. Эң башкысы наамда эмес, элдин эсинде калса болгону. Шахрезада эжеге узун өмүр, бакыт каалайм. Бар болуңуз. Жийде.
ОП-55-120. Салам Айгөлөк. Жазында гүлдөр кулпурат, жаз гүлгө окшош кыз курак. Жийденин жыты буркурап, жибитип жигит жүрөгүн, жийде бир бурак кыз курак. Кызгалдак гүлдөп кулпурат, кызгалдак өңдүү кыз курак. Кызылды кийип кулпурат, кызгалдак өңдүү бапесте, кулпуруп турат кыз курак. Оштон Нурмухамед.
ОП-55-121. Салам сүйүктүү "Обон" гезити. Сиздерге чоң рахмат, суранычымды аткарганыңарга. Урмат менен Неля мага байланышка чыгышты. Күйөрмандарын сыйлаган кош жылдыздарга ийгилик каалайм. 05556106хх.
ОП-55-122. Урматтуу кыргыздын сулуу кызы Бегимай, сизди "Кумир менен баарлашууга" келгениңизге абдан кубанычтамын. Сиз менен баарлашууну самап, бут алдыңызга жадыраган жаз төшөп күйөрманыңыз Эрлан.
ОП-55-123. Таластын Кум-Арык айылындагы 91-жылкы классташтарыма ысык салам. Султан чын эле Таластанбы? Анда менин жердешим экен да. Ийгилик сага Султан. Акылай.
ОП-55-124. Кыздар 8-март майрамыңар менен! Ар дайым калемиңер курчуй берсин. Сүйгөнүңөр силерге сүйрөлүп жетсин. Бар болгула. Барчынай.
ОП-55-125. Салам Алай, Гүлчө, Кыргоол, ГЭС, Чыйырчык жайлоолору. Адилет.
ОП-55-126. Лейлек районунун Кара-Булак айылындагы Кара-Булак орто мектебинин жалпы мугалим эжелерди 8-март майрамдары менен куттуктайм. Ден соолук, иштерине ийгилик каалайм. Райхан-90.
ОП-55-127.Сүйүктүү ырчым Бегимай, жашоодо өз ордуңду таап, сүйүктүү жар, мээримдүү эне бол. Сени ийгилик коштосун. Чыныш.
ОП-55-128. Эгер сүйүү жүрөгүмө баш баксаң, байкамаксан болбо жүрөк али жаш. Туруктуумун десең арбыт кадамың, күттүрбөгүн бирок өтө аста бас. Сенин жолуң тосо турган армандар, ээрчибесин махабатка болот кас. Канттан Г.Г.
ОП-55-129. Кызганыч пайда болду жүрөк тарып, башкаларга ыраа көрбөй күйүп-жанып. Жөн гана жактыруу деп ойлоп жүрүп, жүрөгүм азыр кыйналып, азыр чын жүрөктөн сүйүп калып, айтчы жаным сен үчүн мен өзгөлөнүп жүрөмүн. Жок дегенде бир карачы, же жүрөгүң миз беле. Кант шаарынан Күлкүчү Гүлбарчын мен сени сүйөм. Сырдуу жигит.
ОП-55-130. Мирбек, сага жетпешимди билсем да, өзүмдү-өзүм жубатып жашоомдун маңызына баш ийип, маңдайга жазган ар бир күнүмдү сени сүйүү менен өткөрүп келем. 85-92.
ОП-55-131. Саламым БГУнун журналистика факультетинин 2-курсунун жк-071 группасына жолдонот. Окууларыңарга ийгилик каалайм. Баарыңарга бакыт, өчпөгөн сүйүү каалайм. Самара.
ОП-55-132. Ай-иий Бегимай, сени таба албай жүрдүм эле, сонун болду го. Бема сени менен сүйлөшчү сөз көп. Бийчи Диана.
ОП-55-133. Алтындай апам Анараны, эжелерим Нүкө, Венера, Чолпон, Албинаны 8-март майрамдары менен чын жүрөктөн куттуктайм. Аман болуңуздар, балдарыңыздардын убайын көрүңүздөр. Абдыислам.
ОП-55-134. Өзөктү өйүп ой чыгат, өрүк гүлдөйт ар убак. Өзгөрүп күндө күн чыгат, өмүрдүн гүлү жаш курак. Жоки.
ОП-55-135. Салам көлдүк кыздар, келгиле дос болобуз. 0770409837.
ОП-55-136. Эрди-катын бир-бирине бирде жөлөк, бирде таяк. Экөөнү тең карытат кетмен-күрөк, казан-аяк. Панаш.
ОП-55-137. Оштун Гагарин көчөсүнүнү 40-үйүндө жашаган Айнуска эже, Роза, Назгүл 8-март майрамыңар менен куттуктайм. Бирге жашаган Айгүл.
ОП-55-138. Тилимде атың аталып, тилеймин сенин кайтаарың. Тилинген жүрөк жараатым, тигилип жолуң караймын. Түшүмө кир деп кайталап, атыңды атап жатаарда. Жараткан өзүң жеткир деп, жалынып коём кудайга. Шумкар.
ОП-55-139. Бегимай. талантыңызга таазим. Майрамыңыз менен! Жеңишбек.
ОП-55-140. Айымдар майрамыңар менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Сиздерге арчадай жаштык, ачык маанай, шаңдуу күлкү, Жараткан бакыт таалай беришин каалайм. Актык аруулукка бай болгон, тунук көңүл, аппак сүйүү каалайм. Макуся.
ОП-55-141. Апабыз Насирдинова Гүлбайраны 8-март майрамы менен куттуктайбыз. Ар дайым ден соолукта болуңуздар. Балдары жана кызы Мээрим.
ОП-55-142. Кызым Турдукулова Мээрим Жеңишбековнаны жаз майрамы менен куттуктап, чың ден соолук, узун өмүр, бактылуу балалык каалайм. Атаң.
ОП-55-143. Алматыдагы "Айнабулак-2" районунда жашаган жеңем Манатгүл, карындашым Асемайды 8-март майрамдары менен куттуктайм. Азамат.
ОП-55-144. "Болашак" базарындагы Мадина Жана "Алатау" базарындагы Жаңылайды 8-март майрамдары менен куттуктайбыз. Ишиңкрге ийгилик каалайбыз. Азамат, Медер, Адилет.
ОП-55-145. Алматыдагы "Айнабулак-2" районунда жашаган жеңебиз Эркинай, эжебиз Гүлбарчын, карындашыбыз Самара, Аймеримди 8-март майрамдары менен куттуктайбыз. М.Н.А.В.
ОП-55-146. Эсимде кара мышык каран калгыр, оозунда тирүү чымчык карасамчы. Чыңырды каректери кара тамчы, угулду жүрөгүнүн түрсүлдөгү, термелтип титиреткен дарак, тамды. Үнү жок ал чыңырык мага тийди, мен тургай мейкиндикке жаба тийди. Мүмкүн беш, мүмкүн алты жашта элем, жаадырдым таштарды мен, кара мышык таштай качкан. Таранчы канат күүлөп асман менен баратса, македондук баатырлардай мактанып үйдү көздөй баскан элем. Дина.
ОП-55-147. Өзгөн районунун Мырза-Арык айылында жашаган досторума салам. Алардын окууларына ийгилик. Москвадан Айпери. 89267898198 досторум смс жазгыла, күтөм.
ОП-55-148. Саламым Гүлчө айылындагы М.Ташиев мектебинин бүтүргөн 1988-жылкы классташтарыма жолдонот. Кабарлашкыла +77022870565 Бекташов Мирлан.
ОП-55-149. Мен бүткүл кыргыз элинин айымдарын 8-март майрамы менен куттуктайм. Ошондой эле Ошто окуган Таннура аттуу кызды 8-март майрамы менен куттуктайм. Алматыдан Мирбек-28.
ОП-55-150. Чымкентте "Зияш-ана" базарында иштеген апам Гүлнара, сиңдим Гүлзада, кызы Аделена 8-март майрамы менен куттуктайм. Өмүрүңөр узун болсун. Кызыңыз Нурия.










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan