спорт

Толук аты-жөнү - Шарапова Мария Юрьевна
Туулган жылы - 19.04.1987.
Бою -188 см.
Салмагы - 59 кг
Спорттогу жетишкендиктери - Tokio (Japan Open 2003), Quebec Gty (2003), Birmingham (2004), Уимблдон (2004), Доха (2005), Us Open (2006), Acura Classic (2007), Ameliisland (2008) ж.б.

Мария Шараппова
Жаш талант
Миңдеген жигиттердин сугун арттырып, көз жоосун алган сулуу айым, дүйнөнүн эң алдыңкы теннисчи кызы Мария Шарапова 1987-жылы 19-апрелде ызгаардуу Сибирдин Негань шаарында жарык дүйнөгө келген. Теннис менен машыгууну төрт жарым жашында атасы Юрийдин кол астында ойноодон баштаган. Кызынын тенниске кызыкканын байкаган атасы Юрий атайын машыктыруучу Юрий Юдкинге тапшырат. Юрий Юдкинде бир жылдай машыгып, теннистин сырларын билип калган Маша алты жаш курагында Москва шаарында улуу теннисчи Мартина Навратилова менен бирге теннис ойноого чыгат. Жаш өспүрүм кыздын жөндөмдүүлүгүн байкаган Мартина атасы Юрийге кызын тез арада Америкада жайгашкан Ник Боллетьеринин теннис академиясына тапшыртуусун өтүнгөн. Мариянын теннистеги талантын өрчүтүүнү көздөгөн Юрий улуу спортчунун кеңеши менен Америкага кетүүнү чечкен. Америкага барууга Россия теннис федерациясы чоң салымын кошкон. Мария үчүн мыкты машыктыруучу издеп жүргөн атасы Юрий белгилүү Пит Сампарс, Линдсей Девенпорт, Трейси Остин аттуу спортчуларды даярдаган тажрыйбалуу Роберт Ленсдорпко токтолгон. Ал эми апасы Елена эки жылдан соң чет жакка чыгуучу документтерин даярдагандан кийин гана Америкага кетүүгө уруксат алган.
Эмгек менен
жеткен ийгиликтер
2001-жылдан тартып профессионалдар ортосундагы тенниске өткөн. Биринчи жолу Сарасотто болгон турнирде алгачкы турдун биринчи айлампасынан эле жеңилүүгө дуушар болот. Ал эми кийинки жылы Каламбуста өткөн оюнда кыздар теннис ассоцациясына кирбей туруп, өзүнүн атаандашын биринчи турда жеңип чыккан. 2002-жылы ташы өйдө кулаган Мария үч титулдун ээси болуп калат. Эми Маша өз күчүн чоң мелдештерде сыноого даярдана баштаган.
Январь айында беттешүүлөр үчүн квалификациядан өтүп, февраль айында WTAнын рейтинги боюнча 153-орунга ээ болот. Ушундай ийгиликтер коштоп жүргөн Мария Бирмингемде болгон беттеште теннистин үч жылдыздарын кулаткан. Наталия Деши, Мари-Гаяне Микелян жана Елена Дементьеваларды жеңген Мария Уимблдон турниринин уюштуруучулары тарабынан чакыруу алган. Уимблдон турниринде ийгиликтүү ойногон Мария он алты белгилүү теннисчи кыздардын катарына кошулат. Чоң кубанычка Мария WTA нын эки ири мелдешин жеңип, рейтингден 32-орунга татыктуу болгондо жеткен. Он алты жаштагы Мария аялдар теннис ассоцациясынын эң күчтүү жаңы оюнчусуна айланган. Ошондон баштап Мариянын спорттук карьерасы өсүп-өнүгүп отуруп бир топ жеңиштерди багынткан.
2005-жылы Австралия чемпионатында Маша жарым финалга чейин барып, жарым финалда Серена Уильямска утулуп (үчүнчү) коло медалдын жеңүүчүсү болуп, "Россия Федерациясынын биринчи ракеткасы" деген наамга жетишкен. Россиянын биринчи ракеткасы болгон Мария Кремлдин кубогу үчүн ойногону Москва шаарына келет. Коомчулук менен журналисттердин бүйүрүн кызыткан Машага пресс-конференция учурунда Шамиль Тарпишев "Россия кубогун", "Россиянын эң мыкты теннисчи кызы 2004-2005-ж" жана "Россия Федерациясынын эмгек сиңирген спорт чебери" наамдарын ыйгарат. Тилекке каршы, мурдагы оюндарда желкесинен алган жараатына байланыштуу өз мекендештерин кызыктуу оюндар менен канааттандыра албай калат. Биринчи болгон атаандашы Янна-Лене Гренефельдти жеңип, экинчи оюнда каршылашы Динара Сафинага катарынан үч сетти тең уттуруп жиберет. Жогоруда алган жараатына байланыштуу күйөрмандары бир нече турнирлерди Машасыз өткөрүшкөн. 2006-жылдын 10-сентябрында Мария бүткүл күйөрмандарын кубантып "Чоң Шлем" турниринин жеңүүчүсү болот.
Мекендин патриоту
Эли-жерин сүйгөн Шараповага журналисттердин "жарандыгыңды алмаштырасыңбы?"-деген суроолоруна, ал өз мекенинин патриоту экенин жана "Мен Россияда төрөлгөм жана ушул жеңиштеримдин баарын өз мекениме, элиме арнаймын" деп жооп узаткан. Теннистен сырткары Мария модага көбүрөөк басым жасайт. Келечекте өз кийимдер үлгүсүн чыгарсам деп максат кылат. Бош убактысында А.П.Чеховдун чыгармаларын окуганды, дүкөндөргө кирип соода кылганды, кино көргөндү, анан музыка укканды жакшы көрөт.
Өзүнүн спорттук карьерасындагы баш байгелеринин жалпы суммасы 12,619,281 долларды түзүп, дүйнөдөгү миллионер айымдардын катарына кошулган. Азыркы учурда Мария башынан чоң сүйүүнү өткөрүп жаткан кези. Анын жигити SPORT телеканалынын президенти Дин Эборсолдун 25 жаштагы Чарли Эборсол аттуу уулу. Чарли менен Мария 2005-жылы таанышып, ар кандай кайрымдуу турнирлерде чогуу ойноп келишкен. Сүйүшкөндөр бош убактысын дайыма бирге өткөрүп келүүдө.
Даярдаган
Темирбек Матаев




Бекер жарыянын берекесин көргүңүз
келсе 44-98-21 телефонуна чалыңыз.
Сатам
ЗИЛ-130, П/прицеп, дөңгөлөктөрү жаңы, келишим баада, жакшы абалда. Тел.: 0555 00-17-18.

Компьютерлер арзан баада. 0 312 44-98-19

Таш-Мойнок айылында суунун жээгинде дача сатылат. Тел.: 0555 00-10-67

40 тонналык контейнерлер арзан баада сатылат. Тел.: 0555 00-17-18

"Чекиш-Ата" базарынын жанынан 2 гектар жер сатылат. Келишим баада. Тел.: 0777 71-70-85

Тез арада 1 бөлмөлүү үй сатам. Дареги: Чүй проспекти 43/1 кв. 23в. Тел.: 0772 12-58-51, 0543 21-93-72

Пр.дом. 5ком. Уч. 5сот. Кирпичный. Ул.Бердибаева. 35$ 0550127052

Пр.дом. 4ком. Хоз.постройка. уч. 8сот. Городск.тел. 38$ 0772 83-55-93

Пр. времянка. С.Селекция проектируемая. Уч.5сот. возле трассы. 16$ 0772 83-55-93

Прод. Участок возле 4-гор.больницы. 4сот.центр.канализация. 12$ 0550 127052

Пр.участок. 8 сот. Рынок "Дордой" (нач.ул.Советской) 15$0772 83-55-93

Авто
Прод. "Делико" 94года. Об.2,4см. Кор.автомат. бензин. Среднее сост.4,8$ 0772 83-55-93

Мерседес С220. 94года.об.2,2.свеж.пригн.идеальное сост. Цв.черный.кор.мех.все опции.7,4$ 0550 12 70 52

Гольф-2 85года. Обьем.1,3.5дверний.цвет.коричневый. Прошу 1,7$ 0550 12-70-52

Фольксваген-Пассат.(универсал)обьем 1,8.кор.мех.цв.красный. прошу 3,7$ 0550 12-70-52

Хонда-CRV 96г. Обьем 2,0.цв.светло-серый. Кор.автомат.5,3$ 0772 83-55-93





Императорско-каганский массаж Медер Бишкека
Этот лечебно-оздоровительный, точечный массаж подарит Вам бодрость и легкость! Вы почуствуете себя настоящим императором, императором сваего тела. Императорско-каганский массаж лечит:
o Остеохондроз;
o Радикулит;
o Полиартрит;
o Остепороз;
o Бронхит, гайморит;
o Головные боли;
o Искривление позвоночника;
o Бессоница и др. заболевания
Перед сеансом проводится
диагностика
Тел: 0773 66-89-68, 0555 21-32-70 Бакай


Bodyflex cintas
Гарантированное уменьшение объема талии на 5-10см. Всего за 10 дней!
Bodyflex cintas -это тренажер в Вашем кармане!

Тел: 0555 31-32-41 Медер Бишкек





СПОРТ
ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Бекхем Милан
клубунда сезон
аягына чейин ойнойт
Англия курама командасынын жарым коргоочусу Девид Бекхемдин Милан клубунда сезон аягына чейин ойноосу каралган. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Лос - Анжелес Гелекси клубуна таандык болгон футболчу сезон аягына чейин Милан клубунда ойноп июль айларында Лос Анжелес Гелекси командасына кетээри аныкталды. Бул тууралуу Бекхем: "Миланда" үч ай ойноп, карьерамдагы эң мыкты формага келип турган учурум, мага ушундай мүмкүнчүлүк түзүп бергендиги үчүн эки клубка тең ыраазычылык билдирем"- дейт ал өз сөзүндө.
Ала-Тоо кубогу
үчүн турнир өтөт
Өнөкөткө айланган Ала-Тоо кубогунун 10-турнири Кант шаарында башталар алдында турат. Мелдеш 12-март күнү башталып, жалпысынан сегиз команда катышат. Алардын катарында Кыргызстан курама командасы, Дордой-Динамо жана Тажикстандын футболчулары катышып, оюн алты күнгө созулмакчы.
Кличконун кезектеги атаандашы ким?
Супер оор салмактагы дүйнө чемпиону наамына украиналык Владимир Кличко менен британиялык Девид Хей IBF (эл аралык бокс федерациясы) жана WBO (Дүйнөлүк бокс уюму) версиялары боюнча күч сынашуусу дайын болду. Америкалык Golden Boy Promotions промоутердик компаниясынын келишиминин негизинде, таймаш 20-июнда Германияда өткөрүлүшү аныкталды.
Рей Уитну 300-
шайбасын киргизди
"Каролина" хоккейдик клубунун форварды Рей Уитну өзүнүн карьерасындагы 300-шайбасын киргизди. Бул шайбаны "Калгари" клубу менен болуп жаткан матч учурунда киргизип, хет-трик жаратты. Ал өзүнүн он алты жылдык карьерасында 976 оюн өткөрүп, 790 балл топтоого жетишкен.
Ошондой эле, "Рейнджерс" клубунун оюнчусу Орусиялык Николай Жердев ооруга байланыштуу акыркы машыгуусуна катышпай калды. Болуп өткөн эки матч учурунда төрт бал топтогон Жердев "Бостон" командасы менен боло турган турнирге катышпоосу тууралуу азырынча эч кандай маалымат жок.
Ремпейдж чемпиондук курга талапкер
Коламбуста өткөн UFCтин 96 жолку эрежесиз мушташтардын көркүн ачкан беттеш, экс чемпион Квинтон " Ремпейдж" Джексон менен Кейт Жардиндин ортосунда болуп өттү. Атаандашы менен үч раунд бою мушташкан Квинтон, калыстар тобу тарабынан 29-28, 29-28, 30-27 эсептери менен жеңишке жетишти. Ремпейдждин келерки каршылашы учурдагы чемпиондук курдун ээси Рашад Эванс болмокчу.









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan