Күн сүрөт

Интернет экинчи мээби?..
Бүгүнкү күндө жаштар эле эмес, улуу муундар да интернет булактарынан маалымат алып, убакыттарын пайдалуу өткөргөнгө аракет кылып келишет. Борбор калаабыздагы жайнаган жогорку окуу жайларында канчалаган студенттер билим алышат. Ал эми алардын бүтүрүү экзамендери, реферат, курстук иштери интернет булактары менен тыгыз байланышта. Ар бир нерсенин ак-карасы бар дегендей, кайсы бир адамдарга пайдасын келтирип, ишин алга жылдырып жаткан интернет булактары кээ бирлеринин жашоосуна терс таасирин тийгизбей койбойт. Өзгөчө жаш өспүрүмдөрдүн оңой ишке, жеңил-желпи кумар оюндарына тартылып, күн-түн дебей интернет залдарында убакыттарын өткөрүп жаткандары зээниңди кейитет. Андай интернет клубдарынын абалы, койгон талаптары жана аткарган кызматтарын билүү үчүн шаар ичин кыдырып, алардын кээ бирлерине баш бактык.


Алгач жолго чыкканыбызда эле "Реферат элүү сом, курстук иштер жүз, жүз элүү сом, дипломдук иштер эки жүз элүү, беш жүз сомго чейин" деген жарнактар. Өз келечегибизди, билимибизди акчага сатып алсак, кийинки жашообуз кандай күнгө алып барат, аны бир кудай өзү билет. Кандай гана болбосун билимдүүлөр күчтүүлүк кылат эмеспи. Чөнтөгүң толо акча, а бирок, мээңде эч нерсе болбосо, көз карандылыктан бөлөк бизди эч нерсе күтпөйт. Булардын баары бүгүнкү күндө компьютердик технологиянын тынымсыз иштеп жатканын далилдейт. Төкмө акын Жеңишбек Токтобековдун "Издебеген ээ жаман, иштебеген мээ жаман" деген ыр саптары ачык-айкын айтып турбайбы. Шаарыбыздагы белгилүү интернет клубунун администратору өзүнүн аткарган кызматы, иши тууралуу айтып бергени менен сүрөткө түшүүдөн баш тартты. Анын себебин "мен эртең да тынч жашагым келет, интернет клубдун ээси билсе теримди тескери сыйрыйт" деп түшүндүрдү.
Интернет аркылуу жар издешет
- Чындыгында бүгүнкү күндө жаңы технологиялардын өсүшү менен биргеликте биз адамдар, айрыкча жаштар, студенттер абдан жалкоо болуп бара жатканыбызды байкап отурам. Бул жерде иштегениме эки жыл болуп калды. Кесибим мугалим, жогорку билимдүүмүн. Бирок жанагы эле айлык маянанын аздыгынан администратор болуп иштегенге туура келди. Мектепте бир ай нерв коротуп салпактап иштегенимди бул жерден он күндө таап коём десем да болот. Эмне кылабыз, айла жоктун амалы, акчаң жок болсо, шаар жеринде жашаш кыйын. Бул жерде отуруп түрлүү адамдарды көрөбүз. Кээ бирөөлөрү кыйын болуп "мага бул теманы рефератка таап бер" деп келет. Кайсы багытта экенин өздөрү билбейт. Мен ушуларга таң калам, жөнөкөй нерсени өздөрү билишпейт. Акчасы ушунчалык көппү, же башында эч нерсе жокпу, айтор, айта берсең сөз түгөнбөйт. Айрыкча сессия учурунда мындай көрүнүштөр өзгөчө күч алат. Ушундан көрө изденип бир нерсе таап жазса өзүнө эле жакшы болот го. Биздин учурда интернет тургай ал эмне экенин билбей туруп деле дипломдук иштерди жактап, беш деген бааларды алчубуз. Анын пайдасынан башка зыяны жок. Бирок антейин десек иштеп жүргөн студенттерге биздин жумуш абдан эле ыңгайлуулук жаратаарына ишенем. Ал эми кээ бирөөлөр эч нерсе жок калгансып кечке таанышуу бурчунда отуруп, бир эле убакта беш алтоо менен таанышып сүйлөшүп, ал эле эмес интернет аркылуу жар издегендерди көрүп оозуң ачылат. Бир жолу бирөөсүнө "ушундан эмне пайда табасың?"- деп коюп, балээсине калып аягы уруш-талаш менен бүткөн. Интернет клубу десе эле, жаман ойлошуп, ар кандай адамдар келет. Ошондон кийин эч кимге сөз айтчу болбой өзүмдүн гана жумушум менен алек болуп баш чайкап гана тим болом.Студенттерден сырткары мектеп окуучулары келип, оюн ойношот. Көпчүлүгү ата-энелерине айтпай жашыруун келишет. Түнкү саат он экиден кийин биздин тарифтер эки эсеге арзандайт. Акчасын үнөмдөшүп, түндөсү келишкендер да арбын. Албетте, бир сутка кечке интернетте олтургандар да жок эмес.

Кызыгы ар бир интернет клубдарына баш баксак, баарында киши жык-жыйма. Ал эми китепканада анчалык адамды таппайсың. Бул да болсо тез маалымат алуу үчүн жан талашып жаткандар болсо керек. Бирок алардын катарында эч кандай майнап таппастан, жөн гана оюн ойноп отурган он эки жаштагы Алишерге суроо узаттык.
Бизде компьютер билбесең уят
- Интернет оюндарына бат-баттан келип турасыңбы?
- Ооба. Компьютер ойногонго бош болгон сайын келем.
- Бир күндө канча саат ойнойсуң?
- Бир саат, кээде эки саат ойнойм.
- Бул жерге келип жатканыңды ата-энең билеби?
- Ооба билишет. Жумуштарды аткарып, сабагымды жакшы окусам, өздөрү мага акча берип, интернет клубка жиберишет. Бирок, көп барба деген учурлары да болот.
- Бир күндө канча сомго ойнойсуң?
- Элүү, алтымыш сомго чейин коротом.
- Ошондон көрө пайдалуу китептерди окуп, же болбосо ошол акчага башка нерсе сатып алсаң болбойбу?
- Болот албетте. Биз азыр XXI кылымда жашап жатпайбызбы. Бул компьютердин да пайдасы абдан чоң. Себеби, бул оюндарды да жөн эле ойнобойбуз. Баш катырып лабиринт сыяктуу анын жолун таба билүү керек. Муну жөнөкөй киши ойной албайт, башы иштеген адам гана ойношу мүмкүн. Мектепте компьютер билбейм десең "лох" деп шылдыңдашат.

Ушул эле интернет клубунан өзүн үй-бүлөлүүмүн деп тааныштырган Элчибек аттуу мырзага кайрылдык.
Интернет кумар оюну
- Мен бул жакта жок дегенде бир күндө бир сааттай отуруп кетем. Жумуштан чарчап турганыңда, кадимкидей эс алып калгандай болосуң. Үйгө барганда эмне жөн эле отурасың да, андан көрө бул жерге келип бугуңду чыгарып аласың. Бул да кадимки эле кумар оюну сыяктуу бир кирип алсаң чыга албай отура бересиң. Мына азыр түштөнүү убагы эле, ишке баргым келбей кызыгып олтурам. Бирок, пайдалуу жагын эс алуу десем, зыяндары акчаңды сорот, азгырат.
Убакыты бүтүп калгандары улам-улам үстүнө акча коштурушуп, кардарлар тынбай келип жаткандарын көрүп, бул тармакта кызмат кылгандардын эмгек акыларын билүү үчүн Максатка кайрылдык.
Мамлекетке пайда келтирип жатабыз
- Ар ким өзү үчүн жашап калбадыбы.Мамлекеттик жумуштарга караганда бул жумуш бир топ эле ыңгайлуу. Азыркы учурда уюлдук телефонсуз, компьютерсиз жашоону деле элестете албай калдык. Мисалы, үч-төрт саат китепканада олтуруп, таппаган материалыңды интернеттен үч мүнөттө таап алышат. Бир чети бизнес болгону менен элге да абдан пайдалуу. Анын үстүнө күндөн - күнгө жаңы технологиялар өнүгүп, анын зыяндуулугу да азайып баратат. Биз жеке ишкер болгонубуз менен мамлекетке акча төлөп, пайда келтирип жатабыз.Биздин аркабыздан мамлекетке акча түшүп жатпайбы.

Бул убакка чейин компьютерлердин терс жактарын гана айтышып, бөйрөккө жаман таасир тийгизет, тукумсуздукка алып келет деген сөздөр айтылып келет. Компьютер оюндарынын, интернет булактарынын канчалык деңгээлде зыян алып келээри тууралуу Улуттук Госпиталдын Илимий урология борборунун №3 урология "Заара таштары" бөлүмүнүн башчысы, Саламаттык сактоонун отличниги Мырзалиев Жуман Сатимбаевичке кайрылдык.

Интернеттин ден соолукка зыяны көп
- "Адам маймылдан жаралган" деген сыяктуу ойлордун түйүнү бүгүнкү күнгө чейин ар кандай талаш-тартышты туудуруп келет. Анын сыңарындай, жаңы технологиялар уруксуздукту алып келет деген так маалыматты эч ким аныктай элек. Мен дагы бул нерсеге кошулбайм жана мындай ойдон алысмын. Бул технологиялар деле дүйнөлүк стандартка жооп бергенден кийин гана ишке киргизилет да. Албетте, интернеттин ден соолукка зыяны көп. Бирок, айла жок болгондуктан бардык жерде колдонуп жатабыз. Кандай нерсе болсо да, чеги менен пайдаланса, алдын ала коргонсо, баары өз жайында болот. А биз болсо эч нерсеге карабай, иш десе эле күнү-түнү тынбастан, компьютерди карап отуруп алабыз. Албетте, ал учурда зыяны тийбей койбойт. Көздү оорутат, нерв системаларына доо кетет. Бир күндө көп болсо эки саат компьютер менен иштесе болот.
Биздин максат бул тармакта иштегендердин жүзүн көрсөтүү эмес, жөн гана карапайым калкка жетиштүү маалымат берүү болгондуктан, интернет булактарынын жашообуздагы орду канчалык экенинен кабардар болдук.










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan