маалымат

Таланттуу балдар мектеби ачылат
"2009-жылы Жусупбек Бакиев атындагы фонд таланттуу балдар үчүн атайын жай курат"-деп билдирди фонддун өкүлү Адылбек Бакиев. Анын сөзүнө караганда ал "Аламүдүн" кичи районунда жайгашып, 50 балага эсептелген. Ал жердин тарбиялануучулары билим алууну аяктагандан кийин чет мамлекеттерде бекер окуй алышат.Кошумчалай кетсек, бул жерде Республиканын бардык жеринен келген өтө жөндөмдүү балдар тарбияланып, аларга балдар үйүндө мыкты мугалимдер менен тарбиячылар билим беришет.Таланттуу балдар мектеби бир айдан кийин ачылат.

Кар көчкүнүн алдында калгандардын сөөгү табылды
Мурун маалымдалгандай 24-февралда Алай районунун Көл-Чаты айылында кар көчкү жүрүп, айылдын эки малчысы М.Арзиев жана А.Маманов көчкү астында калган. Министрликтин сактап калуу кызматынын адамдары, жергиликтүү тургундардан турган беш жүздөй адам кар көчкүнүн арасынан издешкен. Тилекке каршы алардын аракетинин натыйжа чыккан эмес.Эми минтип он үч күн дегенде жогорудагы эки адамдын сөөгү табылды.

Кыргыздын улуттук көйнөктөрү чет өлкөдө 3000доллар
Экономика илимдеринин доктору, профессор, саясат таануучу Кубанычбек Идиновдун билдиргенине караганда, кыргыздын оймо-чиймелери түшүрүлгөн 500-1000 сомдон сатылган көйнөктөрү чет өлкөлөрдө 3000 долларга чейин сатыларын айткан. Анткени, дүйнө жүзүндө кыргыз элинин колорити өтө жогору бааланат жана суроо-талап көп. Мисалы, Батыш өлкөлөрүндө антикалык доордогудай кабыл алышат. "Финансы, экономика каатчылыгы курчап турган бүгүнкү күндө кыргыздар мына ушундай мүмкүнчүлүгүн пайдаланып, укмуштуудай пайда көрсө болот"- дейт К. Идинов.

Бишкек-Ош жолу жабылды
Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн байланыштырып турган автомагистрал көчкүнү тазалоо иштерине карата 8-марттан тартып Бишкек-Ош жолу жабылды. Чукул кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча көлөмү 1 млн. куб метрден ашкан кар көчкүнүн ортосунан жол ачылганга чейин Бишкек-Ош канжолу автоунаалар үчүн жабык болмокчу.

24-мартта мода жумалыгы башталат
Салтка айланган жазгы мода жумалыгы Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрында өтөт. Иш-чарага отуздан ашык өнөр жай ишканалары жана дизайнерлер катышып, жумалыктын алкагында модалуу эн тамгаларды (брэнд) түзүү жана жайылтуу боюнча семинар болот.

"Ош ТВнын" журналистине кол салган ким?
"Фергана.ру" интернет маалымат булагынын кабарлоосуна караганда, 7-мартта "Ош ТВ" телеканалынын оператору Бахадыр Кенжебаев катуу сабалып, баш мээси чайкалган жана башка жарааттары менен Ош шаардык оорукананын травматология бөлүгүнө жаткырылган. Телеканалдын эмгек жамааты кол салууну Кенжебаевдин журналисттик ишмердүүлүгү менен байланыштырууда.Учурда бул окуя боюнча изилдөө иштери жүрүп жатат.

Өнөрпоз айымдар сыйланды
8-мартта Көркөм искусство музейинде сүрөтчү, өнөрпоз айымдарды сыйлоо салтанаты болуп, анда маданият жана маалымат министри бир нече кыл калемчи айымды "Кыргызстандын искусство жана маданият жаатында сиңирген көп жылдык эмгеги үчүн" атайын грамота менен сыйлады. Алардын бири белгилүү сүрөтчү айым Орозган Мамбеталиеванын "Биздин Кыргызстан" деген аталыштагы көргөзмөсү "Сүрөтчүлөр шаарчасы" деп аталган арт-галареяда 3-марттан тарта жүрүүдө.

17-мартта эскерүү митинги болобу?
Аксы окуясында курман болгондордун туугандары менен 2002-жылы милициянын огунан жараат алгандар окуянын жети жылдыгын өткөрүүнү талап кылышууда. Маалыматка ылайык райондун Боспиек деген жеринде жети жыл мурда каза тапкандар Кара Жыгач айылында эскерилип, алардын арбагына куран окутулат. Бул тууралуу билдирүү райондук бийликке да тапшырылган. Райондун акими Аскербек Алиев билдирүүнү жогору жактагылар менен акылдашып чечерин, анын жообун 12-мартта берерин айтты. Райондун акими Аскербек Алиев мыйзамга ылайык митинг өткөрүү тууралу билдирүүнү кеч бергенин айтып өттү.




"Кыргызстан обондору" жаңыланууда
Биз сүйүп уккан "Кыргызстан обондору" радиосу жаз айлары менен жаңылануунун алдында турат. Тактап айтканда, булбул үндүү ди-джей аталган Эдил Эркинбаевдин эфирден биротоло кетип жаткандыгына байланыштуу. "Таңкы тополоңчуларды" жана "Тентек микрофонду" алып барган ди-джейлерди алмаштырып, бир топ жаңы программалар киргизилет. Кошумчалай кетсек, радиостанциянын көркөм жетекчиси болуп кайрадан алтын үндүү ди-джей Лилия Абдубаитованын келиши күйөрмандарды сүйүндүрбөй койбойт. Ошондой эле радионун программалык редактору Медер Осмоналиевдин айтымына караганда жаз айында "Кыргызстан обондору" жаңы идеяларды ишке ашыруу менен иш алып барышат.

Ак таңдайлар жар чакырып ырдашат
"Айтыш" фондусу улуу Нооруз майрамына карата 20-март күнү Спорт Ордосунда "Нооруз ыры" аттуу чоң программадагы төкмө акындардын айтыш концертин тартуулашат. Аталган концерттин негизги максаты кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктап жар чакырып ырдашат. Ошондой эле "Айтыш" фондусу менен тыгыз байланышта кызматташып келген чыгармачыл достору комузчулар, манасчылар, ырчылар концерттин коногу болушат. Ак таңдайлардын айтышына күбө болуп чериңизди жазып кетиңиз.

Айбек Карымов - көркөм жетекчи
Обончу, аткаруучу Айбек Карымов эми көркөм жетекчилик милдетти аткарат. Тактап айтсак, 2-март күнү КР Ички иштер министрлигинин алдында түзүлгөн, он адамдан турган ансамблге жетекчи болуп дайындалды. Чыгармачылык менен бирге мындай топко жетекчилик кылуу, ырчы мырзага чоң жоопкерчиликти талап кылат. "Эмгек адамды жашартат" дегендей, Айбек мырза учурда эмгек менен катуу дос болуп, жаңы ырлардын үстүндө иштеп жаткан кези.

Байыш эми кабарчы
Байыш Момунов өзүнүн талантын ар тараптан сынап, аткаруучулук өнөрүнөн сырткары "Замана" студиясынын таңкы берүүсүндө теле алып баруучу болчу. Эми мындан ары Байыш мырзаны ал тараптан көрбөстөн, ушул эле студиянын кабарчысы катары тааный алабыз. "Журналистика кесиби мага абдан жакты. Ырчы менен журналистиканын айырмасы чоң экен. Азыр кабарчылык милдетти аткарууда бир топ кыйынчылыктар болгону менен иш убагы кызыктуу маалыматтар менен өткөнү кыйынчылыктарды сездирген жок"дейт Байыш Момунов. Аны менен бирге ырларын жаңылап, Ибрагим Жунусовдун "Кызыл алма" аттуу ырын кайрадан аранжировкалап ырдап чыгуунун алдында турат.

"Эл ырчысы Эстебес" тобу элдин назарында
17-март күнү Кыргыз Улуттук филармониясында "Эл ырчысы Эстебес" фольклордук тобу "Айтыш" концертин тартуулашат. Концерттин өзгөчөлүгү башынан аягына чейин төкмө акындарыбыз Амантай менен Аалы Туткучевдер ыр менен алып барышат. Эки алып баруучуну төкмө акын Азамат Таалай алтын сөздөрү менен талкалайт. Үчөөнү арачалаган сахна адамдары, Рая Деркенбаева, Нуржамал Таабалдиева, Малик Аликеев, Токтобүбү Черикчиева, Гүлгаакы Сагындыкова, Таалай Иманкуловдор болмокчу. Эскерте кетсек, концерттин жүрүшүндө эстрада жанрындагы ырлар коштолбойт. Билеттердин баасы болгону жүз сом турат. Башталышы кечки саат 18.00

"Бишкек периси-2009" тандалды
Борбор калаабызда өткөрүлгөн "Бишкек периси-2009" сулуулар сынагы шаар тургундарынын ичинен эң сулуу, ай чырайлуу айымдарды тандап алды. Аталган кароо-сынакка жүз айым катталып, алардын ичинен финалдык турга болгону он жети сулуу өткөрүлгөн. Бир гана сырткы келбетинин сулуулугу менен чектелип калбастан, жан дүйнөсүнүн, ички дараметинин сулуулугу менен "Бишкек перисин" жеңип алган айымга Кытай Республикасына эс алуу жолдомосу ыйгарылды. Сынактын гран-присин Акинай Кемелова, биринчи вице-мисс Зое Лаптева, экинчи мисс Асель Жунушева, үчүнчү мисс Назира Нуржанова аталып, белектер жана диплом менен сыйланышты.










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan