Саламат плюс

Шаардык клиникалык №2 - төрөт үйүнүн акушердик бөлүм башчысы Асакеева Рыскүл Султановна:
"Эки адамдын тагдыры биздин колдо"
"Аялзатынын эң чоң бактысы - эне болуу" дегендей, жаз айын утурлай кирип келген аялзатынын - энелердин майрамынын урматына шаарыбыздагы белгилүү төрөт үйүнөн маек уюштурдук. А дегенде эле көзүбүзгө урунганы төрөт үйүнүн алдындагы көрүнүштөр болду. Гүл көтөрүп, кызын же уулун жетелей, төрөт үйүнүн эшик-терезесин айланчыктап турушкан аталардын жүздөрүнөн толкундануу, көздөрүнөн кубаныч көрүнбөй койбойт экен.
Жакшылыктарына жетине, сүйүнүчтөрүн жашыра алышпай, жарык дүйнөгө жаңы көз жарып, күндүн көзүн бүгүн көрүп жатышкан неберелерин аяр көтөрүп, жаңы төрөгөн келин же кыздарына мээрим төгө машинага олтургузуп алып кетип жатышкан чоң эне- таенелер. Ушундай бактылуу көз ирмемдерге күбө болуу менен төрөт үйүнүн кабылдамасына кадам шилтедик.
Калдаңдай шашып, кимгедир телефон чалган бир жигит бакылдай сүйлөп: "Зайка, менин үстүмө баланы эки саат жаткырып коёбуз деп атышат го? Койчу эй, корком мен... Эмне, апамды чакырайынбы?" -дегенде ал жерде тургандар аргасыздан жылмайып алдык.
Врачка берген алгачкы сурообуз да ушунун тегерегинде болуп, мындай жооп алдык.
- Эгерде аялга кесарево сечение жасалып төрөсө, анда энеси наркоздон ойгонгончо биологиялык контакт деп коёбуз, бала атасынын жанында болуш керек. Атасынын жылаңач көкүрөгүнө баланы эки саат жаткырууда ымыркайдын денесинде микроб, ар кандай тери ооруларына туруштук берүүчү касиет пайда болот. Мындай балдардын киндиги тез айыгат, ден соолугу үчүн да эң жакшы.
Кийинки мезгилдерде төрөт үйлөрүндө колдонулуп келаткан "эркин төрөт ыкмасы" аркылуу толгоо учурунан баштап эле жанында жеке эле жолдошу эмес, эжеси, кайнежеси, курбусу болобу катышууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Аялдар төрөткө чейин китеп - журналдардан окуп, "энелер мектебине" барып, психологиялык жактан төрөткө даяр болуп келсе, төрөтүү учурунда биз да чоң ийгиликке жетишебиз. А бирок көпчүлүк учурда биринчи төрөттөгүлөр төрөт эмне экени жөнүндө таптакыр түшүнүгү жок келишет. Андай учурларда жанында жакындары болуп эмоционалдык чоң жардам көрсөтсө, төрөт табигый көрүнүш болгондуктан өзүнүн толгоосу бышып жетилген учурда төрөтүү бизге да жакшы.
- "Эркин төрөт ыкмасына" катышкан жакындары үчүн кандайдыр бир талаптар коюлабы?
- Кийген кийимдери таза, жеңил бут кийим кийүүлөрү керек.
- Төрөткө катышкан же жаңы төрөлгөн баласы менен эки саат бирге болгонго биздин эркектер психологиялык жактан даяр бекен?
- Ар кандай. Келинчегинин толгоосун кошо тартышып, жанында болуп, эгерде кесарево менен төрөсө баласы менен эки саат бирге болгон аталар да бар. Баш тарткандар да жок эмес. Төрөт учурунда аялынын кыйналганын көрүп, аяп, ыйлап жиберишкен, коркуп калышкандар да болот. Негизинен ар кимдин каалоосуна жараша, бирок, жолдошу жанында чоң таяныч болуп берген аялзаты өзүн жакшы сезип, төрөтү жеңилирээк өтүшү мүмкүн.
- Кийинки учурларда "врачтар эмнегедир кесарево жасай салганга шашышат"деген эл арасындагы сөздөргө эмне дейсиз?
- Ошондой көз карашта, ойдо болушат экен. Бирок, туура эмес. Мисалы, былтыркы жылы Бишкек шаары боюнча алганда төрөттүн 60% бизде болду. Менин бөлүмүмдө 7074 аял көз жарса, алардын 900үнө гана операция жасалды. Бул 12% түзөт. Калгандары өздөрү табигый жол аркылуу төрөштү. Операция жолу менен төрөтүш биз үчүн деле коркунучтуу. Аялдын жатынында берч болсо, кан басымы көтөрүлүп, башы көп ооруса, көзүнүн көрүүсү начар болсо, же баланын тону жатындан эрте ажырап кеткен учурларда гана аргасыздан ал жолго барабыз. Жатында берч бар аялдар мындан он жыл мурун сөзсүз түрдө операция аркылуу гана төрөй турган болсо, азыр алардын кээ бирлерин өздөрүн төрөткөнгө аракет кылып жатабыз.
- Төрөлгөндө эле балдардын майып болуп төрөлүүсүнүн себептери эмнеде?
- Жүрөк - кан тамыр оорулары менен, мээси чоң же кичине болуп, ичинен эле өспөй калып төрөлгөн балдар болуп жатат. Буга биринчи себеп - жыныстык жол менен жугуучу оорулар менен ооруган эне убагында дарыланбай, өз ден соолугуна кайдыгер мамиле жасоодон майып балдар төрөлөт. Экинчи себеби, экологиянын бузулушу. Үчүнчүдөн биздин жашоо-турмуштун начарлашы. Боюнда бар аял витаминдерге бай, балага керектүү азык-заттар менен тамактануусу керек. Ал эми тамак-ашка жетпеген энеден кантип ден соолугу чың бала төрөлсүн?! Бул жеке эле энелердин эмес, жалпы мамлекеттик масштабдагы маселе. Эгерде эртеңки биздин муундарыбыздын ден соолугу начар болсо биздин келечек турмуш кандай болот?! Азыр боюнда бар аялдардын эч кандай моралдык, материалдык укугу жок. Иштеген энелер "мен декреттик отпускага кетсем, жумуш ордум жок калат"-деп коркушат. Мурдагыдай пособиелер төлөнбөйт. Өкмөт тарабынан төрөгөн аялдарга 1,5 -3 жылга чейин жакшы шарттар каралып, түзүлүп берсе жакшы эле болмок. Биз үчүн ар бир баланын ден соолугу чың, аман - эсен төрөлүшү өзүнчө кайталангыс чоң бакыт. Эки адамдын тагдыры биздин колдо болгондуктан врачтар да, энелер да жоопкерчилик менен мамиле жасаса жыйынтык жаман болбойт.
- Жаңы төрөгөн энелердин тамактануусуна кыскача токтолсоңуз?
- Негизи эле клубника, малина жана цитрус өсүмдүктөрүнөн башкаларды жей берсе болот.
Колу жеңил атка конуп, көп жылдан бери аталган төрөт үйүндө ымыркайлардын киндик энеси болгон Рыскүл Султановнанын убактысын көп албаганга аракет кылып, ыраазычылык билдирип кайттык.




Биле жүргөн оң!
Эгерде өсүп келаткан жаш баланын организминде йод жетишсиз санда болсо баланын боюнун өсүүсү, көзүнүн көрүүсү, салмак кошуусу начарлайт. Мындай балдардын тили да кеч чыгат, кеч басат. Бала алсыз, эч нерсеге, оюнга көңүлү чаппай, чыр, ыйлаак болот. Сасык тумоо, жугуштуу оорулар менен бат-баттан оорушат.
Эгерде балаңызда жогорудагыдай белгилер байкалса сөзсүз врачка көргөзүү керек!
Анын алдын алуу үчүн тамак-ашта йоддолгон тузду колдонуу керек. Нанда, жумурткада, сүт азыктарында да йод аз санда болот.
Жаңы төрөлгөн ар бир баланын өзүнүн өзгөчөлүктөрү болот. Ал өзгөчөлүктөрү мисалы, көбүнчө балдарда ичеги-карындары өсүп жетиле элек кези болот. Балдар эмчек эмгенде шашып, күч менен эмишет да, аба жутуп алышат. Мындан ичеги-карындарына барган жел ичин оорутуп бала бутун тыбырчылатып аябай ыйлайт. Бул учурда бала эч сооронбой, эмчек да эмбейт. "Бир жери ооруп, биз билбей жатабызбы?" деп ата-эненин тынчсызданганы да туура. Эмне кылуу керек?
Баланын ичин жылытылган жалаяк менен ороп, энеси көтөргөндө өзүнө ыктап көтөрүшү керек, жылуулук берилет да. Ошондой эле үй шартында укроп суусун маал-маалы менен берген жакшы жардам берет. Укроп суусу аптекаларда даяр сатылат. Болбосо кадимкидей эле укроптун тундурмасын үйдө эле даярдап алса болот.
Такыр эле басылбай ыйлай берсе сөзсүз врачка көрсөтүү керек. Негизи үч айлык кезинде ичи ооруганы калыбына келет.
Балдар түн ичинде чүчөк курт болгондон да көп ыйлашы мүмкүн. Чүчөк курту түн ичинде жумурткасын таштайт, чүчөк болгон бала ошон үчүн түн ичинде ыйлайт. Алдын алуу үчүн бала багылган бөлмө, төшөк, жалаяктары таза жуулган, үтүктөлгөн болуусу керек. Тазалык сакталбаган үй шартында ата-энесинен, шейшептен балага жугуп калуусу толук мүмкүн.
Чүчөк болгон балдарды сөзсүз врач карап көрүп, дарылашы үчүн кечиктирбей кайрылуу керек.
Балдардын ыйлаак болушунун дагы бир себеби, энесинин сүтү аз болуп, тойгузбаганында. Мындай учурда кошумча тамак берүүгө шашылбай, энелер врачка кайрылса кеп-кеңештен кийин кайра калыбына келтиргенге жардам берилет. Маани бербеген менен эненин сүтү жашоо-шарттын начардыгынан улам пайда болгон нервдик стресстен да азайып кетет. Бала багып, каралашкан киши болбосо, күйөөсү начар мамиле жасаса же үйдөгү кайнене-кайнаталар да бала багышуунун ордуна жаңы төрөгөн эне эмес, келин катары начар мамиле жасашса, тынчсызданып, ойлонуп сүт азаят. Эненин мындай абалы балага да өтөт. Ушуну үй-бүлө мүчөлөрүнүн баары эске алышса жакшы.
Эненин сүтү менен чоңойгон бала жугуштуу оорулар менен көп оорубайт, ден соолугу бекем балдар болот. Эч болбосо алты айга чейин сөзсүз эмизип, анан аз-аздан кошумча тамактарды берсе болот. Кошумча тамактарга сүт, май кошулуп даярдалган картошка эзилмесин, майдаланган эт, жумуртка, сок, шорпо, кашанын түрү кирет. Энеси болсо тамак тандабай эле жей берсе болот. Болгону бала диатез болбош үчүн шоколад, варенье, бал сыяктуу таттууларды азайтуу керек. Жакшы тамактанып, суюктук көп ичүү керек.

М.Молдобекова










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan