Билгениң оң

Кызыктар дүйнөсү
Кызматтар тууралуу кызыктуу фактылар
Дүйнө жүзүндөгү эң чоң бюро Нью-Йоркто орун алган. Анда 65000 адам эмгектенип, бир күндө болжол менен 150000 киши баш багат. Ал эми эң бийик ашкана Европада, анын бийиктиги 25 метр жана 65 кабаттан турат. Жалпы жонунан бул имаратта 4 миң кызматкер эмгектенет.
Нью-Йоркто Мейсис деп аталган дүкөн 200 миң квадрат метр жерди ээлеп, 12 миң адамды жумуш менен камсыз кылган. Аталган универмагда бир эле буюмдун 100дөн ашык түрү бар. Мейсистин бир жылдык кирешеси бир нече миллиард долларды түзөт.
Эң эски биржа Белгиянын Брюц шаарында 13- кылымда пайда болгон. Биржа деген соодагерлер жолугуп келишим түзчү жайды түшүндүргөн. Биржа гректин "бирса" деген сөзүнөн келип чыккан. Биздин тилге которгондо "бир кап акча" деген маанини билдирет.
Нью Джерсидеги компаниянын эң картаң кызматкерлери 86 жашта. Ал бул кызматка 15 жашында орношуп, азыр деле жумуштан кетейин деген ою жок экен. Ал эми тарыхта калган дагы бир кызматкер Фридрих Вильгелм 107 жашында Гейдель университетинде студенттерге сабак берип эмгектенген.
Эң узак жумуш күн Белгияда катталып, Гиннес китебине кирген. Туптуура 78 саат 1 мүнөт картошка фри бышырган аял үй кызматчысы болуп иштеген. Фри демекчи, аны Бельгияда ойлоп табышыптыр. Ошондуктан фрини белгиялыктар баарынан көп колдонушат.
Баарынан өзгөчө кесип Америкада, Тодд Гордон жагымдуу жылмаюсу менен гана акча табат. Эмнегедир пиар компаниялардын көпчүлүгү Гордон жылмайып тартылган жарнамаларда эффект көп экенин аныктап чыгышкан. Азыр Тодд жарнамага бир жолу жылмайып тартылганына 4 миң доллар акы алат.

Дүйнө жүзүндө чанда кездешчү тилдер
Жаңы Гвинеянын 4 млндон ашык калкы бар. Мамлекеттин жашоочулары 800 тилде сүйлөшөт. Ушул тилдердин арасынан жок дегенде 100000 адам сүйлөй турган бир дагы тил жок. Индиянын ар бир штатында ар башка тилде сүйлөшөт. Махараштра штатында марати тилинде, Орисса штатында орийа тилинде, телугу тилинде Андхра Прадештин тургундары сүйлөшөт экен. Дагы бир чанда кездешүүчү тил алфендио жана селик. Бул тилде дүйнө жүзү боюнча 633 адам гана сүйлөшөт. Ал эми жаңы Ирландиядагы калдесе тили 480 адамга таандык, милау, сеймат тилдеринде 450 киши пикир алышса, оун тилинде 384 адам эле сүйлөйт. "ЮНЕСКО" тарабынан аныкталгандан эстон тили да сейрек кездешет. Эстониянын окуучуларынын теңинен көбү өз тилине караганда англис тилинде сүйлөгөндү каалашат. Чанда кездешүүчү тилдердин катарын сусани тили толуктайт. Баровия айылында бул тилде эки гана үй-бүлө сүйлөшөт жана балдары сусами тилин түшүнүшсө да өз тилинде сүйлөшпөйт. Ал эми биздин планетадагы чанда кездешчү тил-бикья. Бикья тилинде 87 жаштагы бир эле аял сүйлөйт. Ал аял Камерун менен Нигериянын чек арасында жайгашкан кыштакта жашайт.

Жашоодогу кээ бир жаңылыштыктар
Араб сандарын чынында арабдар ойлоп тапкан эмес. Садар бизге Индиядан келип жеткен. Покер-американын карта оюну эмес, Покер 3 миң жыл мурда Байыркы Персияда пайда болуптур.
Кээ бир маалымат булактары белгилегендей Моцарт анчалык деле кедей жашабаптыр. Фортепианодо бир саат сабак бергени үчүн эки гульден алчу экен. Моцарттын үй кызматчысы бир жылда 12 гульден эле алчу. Ал эми чоң концерттерде 1000 гульден кем алган эмес.
Наполеон Россия менен болгон салгылашууда өтө суук аба ырайы жеңилгенге себеп болгон дешет. Көрсө, бул дагы жаңылыштык экен. Ошол кезде күбөлөрдүн жазган каттары ушул убакка чейин сакталган. Алардын билдирүүсүндө согуш маалында күн бир топ эле жылуу болуптур. Октябрь айында француздар артка кайтып жатканда 10 градус жылуу болсо, жеңилген кол Киевге жеткенде жылуулук 7 градуска жеткен. Напелеондун жеңилүүсүнө жеке өзүнүн одоно каталары менен шашмалыгы себеп болгон деген маалымат чындыкка көбүрөөк окшошот.

Сулуу айымдар
Байыркы Египетте ээрди калбайган жана чоң көздүү айымдарды укмуштуудай сулуу деп санашкан. Көздү чоңойтуш үчүн өсүмдүктөрдүн ширесин тамызышчу. Эң сулуу көздөр жашыл түстө болуптур. Чанда кездешчү мындай түскө ээ болууну каалаган айым көзүн атайын жашыл түскө боёгонго да барышкан.
Байыркы Кытайда буту эң кичинекей өлчөмдөгү бут кийим кийген бийкечти баалашкан. Буту чоң бийкечтерди эч ким аялдыкка алган эмес. Ошондуктан кыздын кичинекей кезинен буттары өспөш үчүн бинт менен тыгыз кылып таңып коюшкан.
Кайра жаралуу доорунда кубарган бет менен мойну узун бийкечтер сулуулардын катарын толуктаган. Кээ бири маңдайындагы чачтарды кырышып, кашын таптакыр терип салышкан. Моюну узун көрүнүш үчүн желкесиндеги чачтарды да кырып салышчу экен. Испанияда айымдардын чач жасалгасына көп көңүл бурушуптур. Бир жолу жасалган чач менен бир жумага чейин башын жуубай жүрө беришчү экен. Ал эми Испаниянын ханышасы Изабелла Кастильская чачын туулган күнүндө жана турмушка чыкканда эле жууптур.

Атырды кантип
пайдалануу керек?
Айланадагы адамдардын көңүлүн ирээнжитпей, аларга жакшы таасир калтырганга атырдын да кандайдыр бир деңгээлде жардамы тиет. Албетте, табитке туура тандалган атыр эч кимди кайдыгер калтырбайт.
Атырды кайсыл жерге барарда, кийимге, жыл мезгилине ылайыктап тандаганыңыз оң. Мисалы, кандайдыр бир кечеге бара жаткан болсоңуз "салмактуу" атырларга басым жасаңыз. Ал эми жаратылыштын койнуна эс алганы баратсаңыз жеңил, көңүлдү көтөрө турган атырлар ылайык келет.
Ишканада, жумуш ордуңузга бараарда кесиптештериңизди да эске алыңыз. Анткени, өтө кескин жыт иштөөгө тоскоол болуп, башты оорутушу мүмкүн.
Спорт менен машыгууларда атыр себүүнүн кереги жок. Денеден чыккан тер менен атыр аралашып көңүлүңүздү айнытат.
Эртең менен кечке чейин жыты тарап кетет деген ойго салып өтө көп атыр колдонууга болбойт. Андан көрө, жаныңызга атырды салып алганыңыз оң. Аябай себилген, мурунду жарган атырдын жыты илгертеден бери туура эмес көрүнүштөрдүн бири катары каралып келген.
Сууга түшкөндөн кийин себилген атыр денеге жакшы сиңет. Синтетикага караганда башка материалдар өзүнө жытты жакшы кармайт. Эсте Лаудердин атырды кантип себинүү тууралуу берген төмөнкүдөй кеңеши бар: "Жыт жакшы сиңип, көпкө сакталууну кааласаңыз алгач атырды абага сээп алып, ошол жытка умтулуу керек. Атырды эч качан өзүңүздөн аябаңыз. Ар кайсы жерге кичинеден сээп коюудан эч нерсе өзгөрбөйт".
Дагы бир белгилей кетчү маанилүү көрүнүш - атырды себээрде кымбат-баалуу жасалгаларды чечип турганыңыз оң. Себеби, бермет, янтарь сыяктуу асыл таштарды атыр бузуп, керектен чыгарат. Жумшак шубанын көрүнбөгөн жерине сепкен туура. Анткени, мехтин өңү бат өчөт, шайы, ачык түстөгү материалдарга кеткис так пайда болушу мүмкүн. Адам себинген атыры менен айланадагы адамдарга болгон мамилесин билдирет экен. Чектен чыга себилген атырды көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бургусу келгендер колдонушат. Атыр менен кошо чачка лак себинүүгө болбойт.

Дененин кайсы бөлүгү
атырды көпкө сактайт?
- Моюн, желке
- Чыканактын ички бети
- Кулактын арты
- Ийин, колдун билектери
Андан сырткары, чач да жытты бир топко чейин кармайт. Атырды себээрде денеңиздин ошол жерине жыты анчалык сезилбеген бет май сүйкөп туруп сепсе да жакшы жыйынтык берет. Эгерде денеңиз жыттан аллергия болсо кийимге же бет аарчыга эле сепкен туура.

Атырды тандоонун жолдору
Ар бир адамдын денесиндеги химиялык курамдар ар түрдүү, темирлер башкача иштейт. Ошондуктан башка бирөө себинип жүргөн атыр сизге жагып калса сөзсүз ошону колдонуунун зарылчылыгы жок. Анткени, сиздин денеңизде ал атыр такыр башкача жыттанып калышы мүмкүн. Бир эле атырды узак убакытка колдонууга болбойт, улам-улам алмаштырып турган дурус. Сатып алып жатканда дароо эле чыканактын ички жагына сээп көрүңүз, бир аздан кийин этиңиз кызарбай, жыты ойдогудай болсо алсаңыз болот. Жаз мезгили жаңылануунун, сүйүүнүн символу болуп саналат. Жаз айында көбүнчө жеңил жыттарга ыктаганыңыз оң. Гүлдөрдүн жытына түспөлдөш роза, лаванда, лилия, фиалка, жасмин жыттанган атырлар эң жакшы вариант.
Жайында көпчүлүгү атыр колдонбой эле жүрүшөт. Эгерде сиз алардын катарына кирбесеңиз апельсин, мандарин, лимон жыттанган жана парфюм майы азыраак атырларга басым жасаңыз. Анткени, алар энергияны көтөрүп, чарчаганды көп сездирбей, көтөрүңкү маанай тартуулайт.
Күз айларында көбүрөөк таттуу, жумшак жыттар жакшы. Өрүк же карагаттын жытын эске сала турган атырлардан колдонуу сунушталат. Кыш мезгилинде экзотикалык жыттар делебени көбүрөөк козгойт.










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan