Классташ

"Омардан мыкты банкир чыкмак"
"Классташ" рубрикасынын бүгүнкү коногу жаш ырчы Омардын классташы Алымбек уулу Арзымат болмокчу. Арзымат мырза алыс жакта жүргөндүгүнө байланыштуу телефон аркылуу байланыштык.

- Арзымат, Омарды сенден башка жакындан билген адам жок болуш керек. Ал жөнүндө эмне айталасың?
- Өмүрбек экөөбүз борборубуздагы №5- улуттук компьютердик гимназияда 5-класстан 9-класска чейин чогуу окудук. Ал кезде Омар эмес Өмүрбек болчу. Тазалыгы, сабак жагынан эч кимди алдыга салдырчу эмес. Ошондо эле сыртынан оор-басырыктуу, жоош көрүнгөнү менен бардык иштин башын Өмүрбек баштачу. Биз эч нерсе менен ишибиз жок жүргөн кезде ал кыздарды карга тумчуктуруп кыздардын жанын койчу эмес. Ошондон кийин кар чачышып ойномой мектепте мода болуп кеткен. Математикадан жакшы окучу. Эсептерди мугалимден мурда чыгарып, чейректерде автоматтык түрдө "5" алчу. Эгер классташым шыгына жараша кесип тандаса мындан мыкты банкир чыкмак. Математика сабагы болгондо баарыбыз Омардын жанына олтурганга шашчубуз. Доскага чыкканда да Омардын көзүн карап, анын ымдаганы менен тапшырма аткарчубуз. Аталган сабак боюнча олимпиадаларга катышып, алдыңкы орундарды алды. Классыбызда көзгө басар окуучубуз болгондуктан чейрек сайын мактоо баракчасын, жыл сайын ардак грамоталарды кат-кат алчу.
- Демек, үлгүлүү окуучу болгон тура. Балалык кылып сабактан качып, тартип бузган учурлары болду беле?
- (Күлүп) Омардын минус жагы да, плюс жагы да бирдей болчу. Журналдагы үчтөрдү беш кылып оңдоп, эмнегедир мугалимдерден коркчу эмес. Ал гана эмес баарыбыздын күндөлүгүбүзгө баа коюп, ата-энелердин колун дагы коюп койчу. Аны класс жетекчибиз билип калып, ата-энелер чогулушунда айтылат деп койду. Көп өтпөй ата-энелер чогулушу болуп, Өмүрбек эшиктин сыртында аңдып турса,бир мугалимибиз каалганы ача коюп, кармагычы Өмүрбектин көзүнө тийип көгөрүп кеткен. Көзүнүн көгөргөнүнөн уялып, бир топко чейин көз айнек тагынып жүрдү.

Адамга окшош маймыл
- "С" тамгасына тили келбеген бир мугалимибиз бар эле. Сегиз дегенди "зегиз" деп айтчу. Бир күнү Өмүрбек доскага чыгып, көз айнекти тагынып, бир колуна укасканы, бир колуна тряпканы кармап "Заламатзыңарбы балдар, бүгүн зегизиби?" деп агайды туурап атканда агай келип калып, ачуусу менен Өмүрбекти жаткыра чапты. Бир топко чейин эсине келбей, суу чачып, бетине чапкылап атып араң өзүнө келтиргенбиз. Көрсө, каракуш мээсине чапкан экен, талый түшүптүр. "Үйрөнгөн адат калабы" дегендей, Өмүрбек досум кийин деле мугалимдерге ат коюп, туураган адатын таштаган жок. Тарыхтан берген агайды адам сымал маймыл деп койчубуз. Бир ирет да мектептин алдындагы олтургучка олтуруп алып, ошол агайды туурап берип баарыбызды күлдүрүп аткан. Аны бизден бир класс кийин окуган кызы угуп калып агайга айтып барыптыр. Эртеси күнү биринчи саат тарых сабагы эле. Өмүрбек кечигип келип "Уруксаатпы агай" деп киргенде эле "назад" деп доскага чыгарды. (Ал агайыбыз да "назад", "так" деген сөздөрдү көп колдончу) Отургучту колуна берип, бир бутун көтөртүп тургузуп койду. Анан 20 мүнөт өткөндөн кийин Өмүрбектин кулагынан чоюп туруп "Адамга окшош маймыл кандай болот экен?!" деди.
- Мектеп учурунда ичимдик ичип, тамеки тарттыңарбы?
- 8-класста кызыгып бир эле жолу ажатканага кирип алып тартып көргөнбүз. Бирок, уланткан жокпуз. А ичимдикти болсо ооз тийип да көргөн эмеспиз.

Бөлөлөрдү ашык кылып...
- Өмүрбек биринчи жолу 7-классында №6-гимназияда окуган бир кызды жактырып, ошол кыз менен бир аз сүйлөшүп калды. Ата-энесинен мектепке керек болуп атат деп алдап акча алып, сүйгөн кызына шокалад алып барып берчү. Кызыгы, кийин ошол кыздын бөлөсү Омарды жактырып калып, Омар экөө менен тең сүйлөшпөй койгон. Мектептеги сүйүүлөрүнөн ушуларды билем. Кийинкилеринен кабарым жок.




Мектеп шингилдери
Аида Арстанбекова, теле алып баруучу:
"Пол жуугуч менен мушташкам"
- Анда 8-класс элем. Жамгыр жаап жолдор аябай баткак болгондуктан мектепке жеткенче тиземе чейин ылай болдум.Сабактан кечигип, шашкалактап атып тазалабай эле баткак бойдон кирип барсам пол жуугуч эже пол жууп жатыптыр. Абдан ачуусу чукул эже болчу. Шашып-бушуп классты көздөй басканымда артымдан келип швабрасы менен бир чапса болобу. Кантип барып тазикти көтөргөнүмдү билбейм, кыскасы, тряпка жуулган тазиктеги кир сууну эженин башына куюп жибергем.Мына сага, ошол жерден ызы-чуу башталып, аягы директордун кабинетинде бири-бирибизден кечирим суроо менен бүткөн.


Назира Токонова, ырчы:
"Мектепте уктап калганда"
- Окуучулук күндөрдөгү кызыктуу учурларды эстегенде эле кыш мезгили, бурганактаган кар көз алдыма тартылат. Бешинчи классымда болгон окуяны айтып берейин. Анда түштөн кийин окуп, күүгүм кирип калганда үйгө кетчүбүз.Бир жолу акыркы сабакка эжейибиз келбей калып, класста жашынмак ойноп жатканбыз. Мен башка класска кире качып партанын алдына жашынып алдым. Бир топко чейин эч ким издеп келбегенинен сыртка чыгайын десем эле эшик бек.Терезеге барсам эшик караңгы. Мектептин ичи жымжырт. Бакырып ыйладым, эч ким үнүмдү уккан жок. Ары чуркап, бери чуркап анан коркуп жатып уктап калыптырмын. Ата-энем мени издеп мугалимдеримден сураса билбейбиз дешет. Акыры классташтарымдан сураштырышса жашынмак ойноп мектептен чыкпай калганымды эстеп айтышат. Анан чогулуп алып мектептин кароолчусун үйүнөн чакыртышып, мени бир класста уктап жаткан жеримден алып кетишкен.










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan