майрамтөр

Нооруз майрам кут болсун!
Жаз айынын келиши менен жалпы кыргыз эли Нооруз майрамын, тактап айтканда Жаңы жыл майрамын майрамдашат. Бул күнү адамдар бири-бирине ак тилек каалашып, "алас-алас" айтышып, арча түтөтүп, үй-бүлөсүнүн жана мал жандыктарынын башынан үч жолу тегеренип, короо-жайын үч айланып жин шайтандарды кубалашкан. Ошондой эле бири-бирине болгон таарынычтарын кечиришип, жүрөктөргө жылуу сезим тартуулашкан. Мына ушул улуу, Нооруз майрамы тууралуу кенен маалымат, улуу адамдардын ак батасы сиздер үчүн!

Сооронбай Жусуев:
"Аман-эсен бололу"
- Жалпы кыргыз элине, "Обон" гезитинин окурмандарына баардык жакшылыктарды каалайм. Нооруз бул жаз майрамы. Бул мезгилде бүткүл адамдардын, жаш-кары дебей баардыгынын пейили жашарат, өзгөрөт. Ушул жаз майрамында элибиз тынчтыкта, стабилдүүлүктө жашап жатканы мени абдан кубандырат. Эми ушул жаз майрамын жакшы тосуп, жадырап жайнап, аман-эсен бололу.

Майрам Абылкасымова:
"Кедейликтен арылалы"
- Кыргыздар илгертен эле жаздын келишин, чөптүн чыгышын, булактын көзүнүн ачылышын жакшылыкка жорушчу. Эсимде, биз бала кезде эле көжө жасап, боорсок бышырып, бири-биринин үйүнө кирип, жакшы тилектерди айтышчу. Бул Нооруз майрамында адамдар бири-бирине болгон таарынычтарын жокко чыгарып, кечирим сурашчу. Жөн келбей колдоруна белек-бечкегин алып келишээр эле. Мен ушуларды жыл сайын эстейм. Жаз келди, чыгыш элинин Жаңы жылы келип атат. Менин бийликтегилерге айтайын дегеним ич ара кедей-бай болуп бөлүнбөй, кароосуз калган балдарга жардам берип, жалпы элдин тагдырын, маданиятын ойлош керек. Чоңдор бийлик талашпай элди ойлосо. Коомдун бай-кедей экени энелердин кебетесинен билинип турат.
Үшүк урду элимди да жеримди,
Үшүк менен мен да бастым дилимди.
Кайсыл элде жүдөө күтсө зайыпты,
Энелери элечегин тарталбай.
Ошол элдин уулуна кой айыпты,
Бул да кырсык бирге жүргөн байкалбай.
Айыл өкмөтүнөн баштап бийликтегилерге айтаарым, элди жүдөтсөңөр эртеңки келечегиңер эч качан оңолбойт. Нооруз майрамында элиме жакшылык каалайм, кедейликтен тез аранын ичиинде арылалы, ичибизде бөлүнүп, жарылуу деген болбосун.

Замирбек Үсөнбаев:
"Элде ыйман болсун"
- Нооруз майрамы улуу майрам. Бул майрамда кыргыз элиме жакшылык, токчулук каалайм. Ар бир үйдө ырыскы, жерибизде бейпилдик, өлкөбүздө тынчтык, элде ыйман болсун. Дасторконубуз ар дайым Нооруз күндөгүдөй жайнап, жашообуз жакшырсын.



Гүлсүн Мамашева:
"Адамдар бакубат жашасын"
- Баарыбыздын эле тилегенибиз жакшылык да. Келечектен жакшы үмүт күтөбүз. Нооруз деген бул биздин мусулмандардын жаңы жылы. Жаңы жылда жакшылык болсун, элибизде тынччылык болсун. Элибиз өссүн,өнсүн, элде-журтта бөөдө кырсык болбосун. Көктөмдөй болуп дайыма адамды жашартып, тазартып, арчадай болуп өңдөн азбай адамдар көпкө бакубат жашап, өлкөбүз тез эле бутунан туруп, оңолуп кетишин каалайм.





Нооруз кантип пайда болгон?
Нооруз - Орто Азия, жакынкы чыгыш элдери илгертеден бери майрамдап келе жаткан Жаңы жыл, жаз майрамы. Ал күн менен түн теңелген мезгилинде, башкача айтканда, жалган куран айынын 21-22синен тартып, ошол эле айдын 25 не чейин уланган. Байыркы бабаларыбыздын табияты дайыма өлүп-тирилип туруучу жандуу нерсе катары баалашкан. Күз мезгилинин келиши менен жер жүзүндө жаратылыш өзүнүн мурдагыдай көркөмдүгүн жогото баштаган. Ал эми кыш мезгилинде жашоосун убактысынча токтоткон. Табияттын мындай кыймылсыз мезгили жалган куран айынын 20 сына чейин уланган. Үч мезгили өтүп, жаз мезгилинин келиши менен табият кайра тириле баштаган. Демек, "Амал кирди-жан кирди" деген сөз ата-бабаларыбыздын өткөндөгү жаратылыштын өзгөчөлүктөрүнө карай болгон көз караштарын аныктап тургандай. Жалган курандын 21-22синен тартып күн акырындап узарып, түн кыскара баштайт. Жер кыймылга кирип, көктөм баралына келет. Жаратылыштын мына ушул кыймылга кирүү мезгилин күтүшкөн ата -бабаларыбыз жыл эсебинин башталышын улуу майрам катары Нооруз-Жаңы жыл, жаңы күн деп белгилешкен. Айрым бир маалыматтарга караганда, Нооруз Жаңы жылдын биринчи күнү, фарсы тилинде "Наврус" - бул "нва" - жаңы, "рус" -күн - "Жаңы күн" дегенди билдирет.
Айрым бир маалыматтарда Нооруз Кудай адамды жараткан жети күндүн биринчиси деп берилсе, Күн менен Ай асмандын эки көзү сыяктуу, Нооруз менен Мээрман доордун эки көзү деп белгиленет.
Нооруз майрамы күнү ичинде таарынычы бар адамдар кол кармашып, чын дилден бирин - бири кечиришип, жарашышкан. Баардык арыздашуу эски жыл менен кетти деп эсептешкен жана андан кийин ал тууралуу эч бир көңүлгө алып козгошкон эмес. Айыл арасында майрамдык шаң өкүм сүрүп, ар түрдүү улуттук оюндар ойнолуп, элдер ырахатка батышкан.

ДастОркон көркү - сүмөлөк
Бул күнү ар бир үйдө Нооруз дасторконунун жети түрдүү даамдан турган тамактарынын берекеси өкүм сүргөн.
Нооруз дасторкону ар бир үй-бүлөдө өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жана улуттук өзгөчөлүктөрүнө жараша болот. Мисалы, Орто Азиянын жана Жакынкы чыгыш өлкөлөрүнүн көпчүлүгүндө Нооруз дасторконуна коюлган даамдар араб жазуусундагы "Сын" "С" тамгасы менен башталган жети түрлүү нерседен турат экен. Дасторкондун ортосунда тал, зайтун, биалма, анар, тыт өңдүү дарактарынын калемчесинен жети даана коюлат. Бир идишке суу, экинчи бир идишке кайсы бир дарактын жалбырагы калкып турушу зарыл болгон. Мындан тышкары, дасторконго атайы бышырылган чоң нан, айран, сүт, быштак, жумуртка, канаттуулардын эти, кургатылган мөмөлөр, жаңгак, бадам, мисте, балык ж. б. коюлат.






Сүмөлөк кандайча даярдалат?
Сүмөлөктү даярдоого кам көрүү иши жаңы жылга 10-15 күн калганда башталат. Алгач белгилүү өлчөмдөгү жети кадак (кг) жакшы сапаттагы буудай тандалып жана тартылып алынгандан кийин таштары терилип, ыпыр-сыпырлары тазаланат. Андан соң буудай сыныгы жок, таза жуулган чарага салынып, аябай жуулат да, туура бир күн сууда кармашат. Эртеси көбө түшкөн буудай кайрадан таза жуулуп, таза супуранын, чыптанын, тактайдын жана башкалардын бетине жайылат да, үстү даки (марли) менен жабылат. Буудай кургап кетпес үчүн суу чачылып түрат. Ал жылуу жерде кармалат. Качан буудай өнүп, көк майсасы колдун сөөмөйлөрүнүн бир муунундай бийиктик өлчөмдө өскөндө сокуга салынып жанчылат. Майдаланган буудай чарага салынып, кол менен дагы бир жолу мыжылат. Абдан эзилген буудай чараларга бөлүнөт да, аларга суу куюлат. Эртең жаңы жыл деген түнү айылдын сыйлуу адамдары атайын сүмөлөк даярдалып жаткан үйгө чакыртылат. Алар тамактарын -ун, мейиз, өрүк жана башкаларды алып келишип, майдалашат да, от жагышып, кадыр түн күтүшүп, сүмөлөктү бышыра башташат. Аны ар кандай убакта түн бою, күндүзү да кайнатышкан. Маселен, кечки саат алтыдан эртең мененки алтыга чейин. Эгерде, өндүрүлгөн, уютулган буудай беш кадак болсо, чоң казанга асылат. Ага он кадак акталган ак май куюлат. Алгач майга жети токоч бышырылат. Аны аксакалдар куран окушкандан кийин жешкен. Казандагы май муздагандан кийин беш кадактайы идишке куюлуп алынып, даярдалып коюлган буудайдын ширелүү суусун дакиден өткөзүп (таза сүзүп) казандын кулагынан бир карыштай кем кылып куюлат. Анан ага таза ээленген ун бөлтөгү жоголгонго чейин аябай чалынат. Кээ бир жерде ун куурулуп да чалынат. Эгерде казанга бир кадактай суютулган -өндүрүлгөн буудай керектелсе, ага 4-5 кадак ун чалынат. Унду көп же аз кошуу буудайдын сарпталышына жараша болгон.
Казанга от жагыла баштаганда, ал түбүнө тартып күйүп кетпес үчүн сайдын майда өрүктөй болган кара таштарынан жети же жыйырма бир даанасын аябай таза жууп салышкан. Казан дайыма сүзгү, чөмүч, депкир менен аралаштырылып, сүмөлөк коюланган сайын өндүрүлгөн буудайдын шире суусунан куюлуп түрат. Ал эми сүмөлөк коюлап быша баштаганда майы үстүнө калкып чыгат. Сүмөлөктүн өңү-түсү да кара күрөң тартып, кайнаган сайын майы калкып туна баштайт. Сүмөлөк бышканда от тартылып, казандын капкагы жабылат да, үстү жылуу нерсе менен оролот. Ал баш-аягы 4-5 саатча демделет. Белгиленген убакыт өткөндөн кийин айыл аксакалдары, байбичелери чакыртылат. Алар аркы дүйнөгө кеткендердин арбактарына арнап, куран окушуп, бата тилешет. Ошондон кийин гана казан ачылат. Үстүндөгү майлар таптаза калпынып алынат. Андан кийин сүмөлөк идиштерге куюлуп, меймандарга берилет. Абалкы салт боюнча сүмөлөк сөөмөй менен илинип желет. Сүмөлөктү бышыруунун эң негизги максаты - аны элге ооз тийгизүү, алардын ыраазычылыгын, сообун алуу. Сүмөлөк бышырылып жаткан үйдө ырлар ырдалып, шаңдуу оюн-зоок өткөрүлгөн, жакшы тилектер тиленген.





Эгер Нооруз...
Нооруз дүйшөмбү күнү келсе:
Ал Айга таандык экен. Бул жылы арзанчылак болбос, дан көп болор. Жамгыр жаайт, падышычалыктан кудурети кетип, пахта көп болор. Пализдерге табигый кырсык тиер. Күнжүт менен таруу мол, буудай аз болор. Кар, жамгыр жыл башында болбостур. Көк эгин жакшы чыгар. Зарыл жер - жемиштерге ачарчылык келер. Жыл аягында кар жаап, бирок тез эрип кетер. Базарчынын жолу тосулбай, алуучулар көп болгондуктан базар тез өтөр.
Нооруз шейшемби күнү келсе:
Бул күн Юпитерге таандык. Бул жылы жемиш мол болчудай. Ай, күн тутулат. Оору көп болуп, бирок аягы жакшылык менен аяктаар. Бул жылы мол тамак камдоо абзел.
Нооруз шаршемби күнү келсе:
Бул күн Меркурийге таандык. Бул жылы каатчылык болот. Ачкачылыктан кан төгүлүшү ыктымал. Ушак-айың, көрө албастык көп болот. Бирок тез өтүп кетет. Бул жылы жашылча көп, жыл аяктаганда буудай, арпа кымбаттай баштайт. Жылан, чаян көп болот. Нокот менен тартууга береке дөөлөт берсин.
Нооруз бейшемби күнү туш келсе:
Бул күн Марска таандык. Бул жылы арзанчылык болбой, аштык мол болот. Бирок кан төгүлүп, элден ырайымдуулук качса керек. Пенде кожоюнунан, кыз энесинен, уул атасынан, аял эринен ажырашат. Жаман, тар пейил аралайт. Падыша шейит кетер. Бул жылы эрте айдаган эгин жакшы. Чакан-чакан айдалган жашылчалар аз болор. Кар аз жаашы ыктымал. Жыл аягында көп сел болуп, адам баласы чыгым тартат.
Нооруз жума күнү келсе:
Ал күн Венерага таандык. Бул жылы падышалардын абалы кыйындаса керек. Балдар тапан чыгып, эр азамат аталат. Жамгыр көп жаап, катуу суук болот. Ал жылы арзанчылык, жер-жемиш дүйнөдө мол, бакырлар арасында буудай, тартууга арзанчылык келер. Эгин кеч бышып, мөмөлөр көп, өлүм-житим аз болот. Базарчынын жолу оңолбос.
Нооруз ишемби күнү келсе:
Ал күн Сатурнга таандык экен. Ал жылы ушак сөз менен шек саноо көп болот. Жаз айларында шамал көп согуп, дегеле кан көп агат. Залимдер, наадандар жана уурулар дөөлөт башына келиши ыктымал. Жер-жемиш мол болгону менен жыл аягында каатчылык каптайт.
Нооруз жекшемби күнү келсе:
Ал Күнгө таандык. Жылнаама боюнча бул жыл арзанчылык болбогону менен токчулукка карк болот. Ушак, жаманчылык аз болот.

Д.КЕмелова, А.Дүйшөналиева











Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan