кыргыз шоу дүйнөсү

Сахнадагы көнүмүш адатыңыз, кайра-кайра кайталап тажатпаңыз...
Ырчылардын сахнадагы көнүмүш адаттары
Албетте, учурда эстрада жаатында кандайдыр бир деңгээлде өсүштөр болуп жанданып келатат. "Кыбыраган кыр ашат" дегендей, ушинтип телчигип олтуруп, кыргызымдын намыскөй таланттары бийик кырга жетет деген ишеничтемин. Мына ушундай жүктү көтөрүп, дайыма эл алдында ырдап жүргөн жаш жылдыздарыбыздын сахнадагы аткаруучулук жөндөмү, аны менен бирге мындайча айтканда көнүмүш адаттары жөнүндө сөз козгодук. Ал адаттары өздөрүнө сезилээр болду бекен, же?.. Балким, окурман сиз да элестетип көрөрсүз…

Жалана берген
Султан
Ар бир ыры эл жүрөгүнөн түнөк таап, таланты ташкындап, учу- кыйыры жок популярдуулукка жеткенин ким тана алат. Азамат Султан! Ошентсе да анын сахнадан элди каратып коюп, тилин акырын бултайта чыгарып, бат-баттан жалана берген жагымсыз адатын айткым келет. Музыканын коштоосунан ашыкча башын шылкылдатып, жер тепкилеп, муштум түйүп, анан да колун ыгы жок эле көтөрө бергеничи. Чынбы, ыя? Бери жакта туруп моюну үзүлүп кетеби деп кадимкидей кооптоносуң.

Жаны тынбаган
Ильяз
Орто бойлуу, кара тору, көп кырдуу талант ээси жөнүндө кандай гана жылуу сөздөр айтылып келатат. Эмгекчилдиги, дилгирлиги менен башкалардан айырмаланып, шоу бизнесте өз ордун тапты. Жаны тынбай эле жүгүрүп жүргөнүнө күбөбүз. Ал мүнөзү сахнада да калыптанып, эл алдында нары-бери чуркап ырдап, эки колун тимеле үзүлүп кетчүдөй чапкылайт, чиркин. Антип өзүн кыйнабаса деле кудайга шүгүр, колдой турган күйөрмандары бар экенин унутпаса.

Беш ыргайды "бешке" бийлеген Бактыгүл
Албетте, сымбаттуу, бой- келбети кыналышкан чырайлуу сулуу жан. Ал сахнада ырдап жатканда көрсө көркүнө суктанбаган жигиттер чанда кезигээр. Бирок, "сулуунун сырткы келбети да, ички дүйнөсү да сулуу болуш керек" дешет. А бу айымда ал жагы кандай болду экен?.. Ал эми сахнадагы абалын башынан атап айтсам, эң биринчи көнүмүш адаты "современный" ырдайт да, илгеркиче беш ыргайды бийлейт. Узун буттарын ирээтсиз кыймылдатып, негедир ырына жараша кыймыл жасаганды биле бербейт.

Жүзүнө бырыш
бастырган
Мирбек
Кайталангыс алтын үнү эл ичинде жаңырып, керемет ырлары бүтүн элдин бүйүрүн кызытууда. Талантына таазим! Бирок, ошентсе да бардык иштин күнгөй-тескейи болот тура. Бу сапар ырчыны тескей жагына алып барсак капа болбостур. Кызыгы, бийлеп жатып эле токко тартылган немедей титиреп кетмейи бар. Эки бутун куушуруп алып тез-тезден бүгүп, жүзүнө он эки бырышты бастырып алып укмуштай берилип ырдайт. Балким, анте берсе мырза 50 жашка жетип жетпей бетин кырк бырыш ээлеп кетет го.

Ээгин
титиреткенден
тажабаган
Айпери
Айпери учурдун талабы менен сахнанын төрүндө эркелеп, бир топ күйөрмандарды топтоп, башкалардан ат чабым алыстыкта келаткандай. Бул да ырчынын талбаган эмгеги, жараткан берген таланты десем жаңылышпастырмын. Ошентсе да сахнадагы айрым кемчиликтерин айтып өтпөсөм болбос. Ырдап жатканда башын ийин жагына кечке буруп, ээгин титиретип, бир эле бутун күчкө салып кыймылдата берет. Курган буту менен кайрылган моюну талып кетпейби. Анан да жайыраак музыка болуп жатса деле, реп стилине салып бийлеп жибермейи бар.

Бой келбетине мактанган Кундуз
Атына заты жарашкан кымча белдүү, марал сындуу бу ырчыга кандай мактоо сөз айтсак жараша берет. Анткен менен Кундуздун да сахнадагы жүрүш турушунан кызыктай кайталанган адаттары байкалат. Ыр созуп жатканда кулпунган кара чач анда гана жаралгандай кайра- кайра чачын серпип, беш манжасы менен көкүлүн сылагандан деги бир тажабайт. Андан дагы белин кайкалатып, өзү ырдагандай 90-60-90 сымал мүчөсүн көрсөтүштүн амалын көп издеп, жасана берет.

Кемчилигин уячасы жеңген Мирбек
Кара тору ырчынын жан эргиткен ырлары жүрөккө жетип, көпчүлүктүн көңүлүн буруп келет. Күйөрман кыздары жөнүндө кеп козгосок, оо, сөз көп. Ал эми бери келип сахнага кайрылсак, кыздан бешбетер көзүн сүзүп, моюнун эки жакка буруп ийинин куушуруп да алат. Андан дагы бир гана бутун өйдө карай көтөрүп, эби жок силкип- силкип коёт. Бирок, анын баарын бетиндеги уячасы жеңип кетет.

Оозун чойгон Замир
Кыргыздын үч кыл комузунун коштоосунда эстрада жаатында ырдаган Замир Арыкбаевди кимдер тааныбайт. Анын талантына суктанып, уккулуктуу ырларын уга берүүдөн тажабаган инсандарыбыз оголе көп. Бир гана жери ырдап жаткан мезгилде оозун укмуштай кылып ары- бери чоё берет. Кокусунан оозу айрылып кетеби дейсиң. Анан микрофонду бекем кармап алып улам сайын силке берген жайы бар.

Көзүн көрксүз
сүзгөн Неля
Каакымдын үлбүрөгүндөй жагымдуу назик үнү эч бир жанды кайдыгер калтырбайт. Сахнага жылдыздуу жүзү, назик үнү, чимириле бийлеген бийи бөтөнчө көрк берип келет. А бирок, ырдап жаткан учурда себепсиз эле эки колун ыгы жок өйдө- ылдый көтөрүп, көзүн көрксүз кайра- кайра сүзө бермейи бар. Ушул адаты өзүнө сезилет болду бекен…

"Чын чычалайт" дегендей, менин сындарым чын болуп турса да, теригип, чычалаган ырчыларыбыз кездешпей койбойт. Тескерисинче сынды туура кабыл алып, жанданып, эл алдына көкүрөктөрүн тосушса дээр элем. Өзүнө байкалбаган, элге кашкайып көрүнүп турган кыймыл-аракеттерин оңдогонго аракет кылышса. Ырчылардын биринчи сынчысы эл эмеспи. Ошондуктан "калк айтса калп айтпайт" деген сөздү эсибизден чыгарбасак.

Сынчыкыз





Кат куржун
Айнура Салахидинова кимдин күйөөсүн тартып алды?
Саламатсыздарбы, "Обон" гезитинин жалпы жамааты? Менин сиздерге кайрылуумдун себеби, өткөн газетанын №55-санынын смс почтасына Айнура Салахидиновага: "Ырчы Айнура Салахидинова менин үй- бүлөмдү бузба. Сага менин түрмөдө жаткан күйөөмдүн эмне кереги бар? Жакшынакай үй- бүлөгө чок салгандан уялбайсыңбы? Кудайдан, баламдын көз жашынан корксоң боло. Менин ордума өзүңдү, эжелериңди коюп көрчү, кандай оор болгонун билесиң. М…т" деген кейиген смс жазылып жүрөт. Окуп чыгып аябай таң калдым. Чын эле ушундай бекен? Мүмкүн болсо, өзүнөн жооп алып бере аласыздарбы?
Жаркынай, Бишкек шаары.
Айнура Салахидинова:
- Жок, эч убакта мындай болушу мүмкүн эмес. Урматтуу, смс ээси, сиз андай ойдон алыс болуңуз. Анткени менин жигитим бар. Туура, жаңы жыл алдында Кыргызстандагы болгон абактарды кыдырып концерт койгонбуз. Ошондо менин телефон номеримди кимден алгандарын билбейм, азыркыга чейин айрымдары телефон чалып, ал-акыбалымды сурап, күйөрман катары байланышып турушат. Мен аларга эч убакта катуу айталбайм. Тескерисинче, моралдык жактан болсо да көңүлүн көтөрүп койгум келет. Баардык күйөрмандарымды бирдей көрөм. Ушул нерсени түшүнүп койсоңуз. Менин сиздин үй- бүлөңүзгө эч кандай тоскоолдугум жок, жана ал ким экенин да тааныбайм.

Дана жаш ырчы Бегимай
Карабаеваны алдап кеттиби?
- Менин сиздерге кат жазуумдун себеби, кичинемден бери эңсеп келген максатым ырчы болуу эле. Ошондуктан музыкалык жактан да билим алып жатам. Азыркы учурда жаштар ырдап чыгыш үчүн биринчи продюсер таап, анан сахнага чыкканга аракет кылып калбадыкпы. Мен да башкалардан кем калбай продюсер Дана эжеге кайрылгам. Ал менин максатымды билген соң, 13миң сом акча алган. Кайра анын 11 миң сомун кайтарып берип, калганын бербей качып жүрөт. Кыскасын айтканда, эч кандай сөзүнө турбастан мени алдап кетти. Буга өзү эмне дейт болду экен?
Бегимай Карабаева, Бишкек шаары

Дана:
- Ай-ий, эмне деген жалаа жапкандык! Ушундай да кыздар болот экен, ээ. Анын ырдаганына мен биринчиден канааттанган жокмун. Жада калса радиолор да ырларын албай койду. Анан мен эмне кылышым керек экен? Эң биринчи өзүнүн ким экенин билбейби! Болгону ага жардам көрсөтүп коёюн деп, аны алдыга сүйрөгөм. Туура, 13миң сом берген болчу. Аны кайра кайтарып бергенимде 2000 сому калган. Мына ошол акчаны бүгүн өз колуна берип, анан сүйлөшөм. Ал акча менен мен байып да кетпейм. Карачы, жөн жерден мени күйгүзүп жатканын!










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan