Куш бооңор бек болсун!

Урмат менен Нелянын үлпөт тою
Кечээ 15- мартта кош жылдыздардын үлпөт тою "Дасмия"ресторанында болуп өттү. Өзгөлөрдөн өзгөчөлөнүп нике күбөлүгүн кадимки Бакыт өргөөсүнөн эмес, кыргыздын салтын бек тутуп "Дасмиянын" ак өргөөсүнөн алышты. Жаш жубайларды куттуктап эки тараптын жек-жааттары келишип, куда-сөөктөр жакындан таанышып, сахналаш достору меймандардын көңүлүн көтөрө ырдап-бийлеп олтурушту.Эки жашка Умай эне келип ак батасын берип, арча түтөтүп кыргыздын ырымын жасады. Тойду той кылып көркүнө чыгарган Эшенкул Барпиев сөздүн гүлүн тандап, куйкум сөздөрдү куюлуштура сүйлөп тамада катары конокторго эстен кеткис кече тартуулаганын айтып өтпөсөм болбос. Эки жашка бакыт тилеп, кубанычтарына ортоктош болуп келген улуу муундагы сахналаш агасы Бакыт Шатенов созолонто үн созгондо залдагылар дуу жарыла, өзгөчө Мирбек Атабеков менен Султан Садыралиев "Суранабыз!" деп кол чаап турушканын көрүп, "Талантты талант сыйлай билет деген ушу да" деп таң берип олтурдум. Баса, тойго атактуу спортчу Канат Бегалиев да катышып, Манас менен Алманбеттин кыйышпас кан достугундай биздин да мамиле бекемдей берсин деп, Бек Борбиевдин "Кыргызстан" деген ырын Урмат досуна белек кылып, созуп берди. Эми калган той шааниси төмөндөгү сүрөттөрдө...

Рахбар АЛЫМКУЛОВА









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan