дарамет

Гүлнур Асанова:
"Элдик ырларды ырдаганыма сүйүнөм"
Учурда ыр дүйнөсүнө баш баккан жаш ырчыларыбыздын саны арбын. Бирок ошолордун ичинен өзгөчөлөнүп, кыргыздын салттык музыкасына басым коюп, элдик ырларга үч кыл комуздун коштоосунда өмүр берген жаш талант Гүлнур Асанованын үнү бүгүнкү күнү кыргыз сахнасында жаңырууда. Эмесе, "Обон" гезити аркылуу жаш талант менен ыр сүйүүчүлөрдү тааныштырмакчыбыз.

- Гүлнур, бала кезиңде кайсы кесиптин ээси болсом дечү элең?
- Мен журналист болгум келчү. Байкем дагы журналист болуп иштегендиктен менин журналистикага кызыкканымды байкап, үйрөтө берчү. Мектептен концерттик программаларды алып барып жүрдүм. Бирок кийин чоңойгондо эмнегедир журналист болгум келбей калды. Себеби, журналисттердин иши бир чети кыйын болсо, бир чети журналисттерди өлтүрүп кеткендерин угуп коркуп калгам.
- Сени эл "Тунгуюк" киносу аркылуу таанып калбадыбы. Акыркы мезгилде болсо колуңа комуз кармап, кыргыздын салттуу музыкасына басым коюп, элдик ырларды ырдап чыгып жатасың. Комузга болгон ышкың качан башталды эле?
- Мен комуз чертем, ырчы болом деп таптакыр ойлогон эмесмин. Комуз менен ырдап калышыма апам түрткү болгон десем болот. "Сен комуз менен ырдашың керек" деп калчу. Комузду эң биринчи жолу 7-классымда колума алгам. Бирок мектепти бүтүп шаарга келгенде толугу менен үйрөндүм. 1-класс окуп баштагандан тартып эле эстрада жагында ырдай баштагам. Мектепте, жаш таланттар арасындагы конкурстарга катышып жүрдүм. Кийин эле консерваторияга тапшыргандан баштап комуз менен ырдап, кыргыздын салттык музыкасына көп көңүл бөлө баштадым.
- Эстрада менен салттык музыканын айырмасы асман менен жердей эле да. Жан дүйнөң кайсынысына жакын?
- Мурун эстрада менен ырдап жүргөндө менде патриоттук сезим анча деле жок экен. Азыр болсо кыргыздын улуттук аспабы болгон комуз менен элдик ырларды ырдап жатканыма өзүм сүйүнөм. Себеби, акыркы мезгилдерде салттуу музыка жок болуп баратат. Асек Жумабаев, Ашыраалы Айталиев сыяктуу таланттуу адамдарыбыздын көзү өтүп кетти. Азыр биз алардын ордун баспасак дагы алар аркалаган, даңазалаган өнөрдү аркалап келе жатабыз. Башка мамлекеттерге барсаң дагы кыргыздын калоритин көргөзүп, үч кыл комузуңду көтөрүп барасың.
- Сен азыр бир багыт алып ырчылык өнөрдү тандап алдың. Бирок сенде актриса катары дагы талант бар. Сен үчүн кайсынысы бийик?
- Киного болгон кызыгуум азыр деле өчө элек десем болот. 1-класстан баштап эле "Карагул ботом", "Тунгуюк" деген кинолорго тартылсам, бүгүнкү күнгө чейин деле тартылып келе жатам. Азыркы учурда дагы бир жаңы кинотасмага тартылып жатам. Бирок режиссёру башка. Кино эгиз кыздар жөнүндө, ошол эгиз кыздардын ролун ойнойм. Мага ылайык роль экен. Канчалык оор болсо да бул ролду жеткире ойногонго аракет кылып жатам. Негизи бул кинону режиссёр сыр кылып жаткан эле. Ачып койсом туура эле кабыл алат болуш керек, Айбек Карымов тартып жатат.
- Сен азыр чыгармачылык дүйнөгө жаңыдан кадам шилтеп келе жатасың. Негизи эле эл оозуна алынып калган чыгармачыл адамдардын иши өтө түйшүктүү келип, өздөрүн дагы ар кандай ушак айыңдар коштоп, бут тосуу, көрө албастыктар көп болот эмеспи. Ушундай нерселерге даярсыңбы?
- Аябай туура айттыңыз, чыгармачыл адамдардын ар бир кадамы кылдын учунда эле турат экен. "Эл оозунда элек" жок дегендей, ар кандай сөздөр айтыла берет экен. Бирок чыгармачылык чөйрөдө дагы мен билбеген көп нерселер бар экен. Бут тосуу сөзсүз түрдө болот. Аны дагы жеңе билиш керек да. Апамдын, бир туугандарымдын жардамы менен андай кырдаалдардан чыгып кетип жатам. Устатым деле "көрө албастар, бут тосуулар көп болот. Ага чыдамкайлык, талыкпас эмгек керек" деп айтып калат.
- Сен келечектеги энесиң да. Эгерде сага үй-бүлө менен карьеранын бирөөсүн танда десе кайсынысын тандайт элең?
- Бул жөнүндө мурда чындап эле ойлонбоптурмун. Чоң атам, чоң апам, туугандарым "Жашың деле келип калды, турмушка чыга турган учуруң болду" деп калышат. "Бешенеме жакшы адам туш болсо экен" деп кудайдан суранып келем. Мен үй-бүлөнү дагы, карьераны дагы бирдей алып кетсемби деп ойлойм. Экөөнүн бирөөнү тандай тургандай акыбалга туш болбосом экен дейм.
- Жактырган адамың барбы?
- Азырынча мен каалагандай, баардык жагынан төп келген адамды жолуктура элекмин.
- Мүнөзүң кандай?
- Бетке айткан мүнөзүм бар. Бетке, чындыкты айтам деп жаман көрүнүп калам. Анан "унчукпай эле койбой" деп өкүнүп калам.
- Сендей жөнөкөй, таланттуу кыз кандай үй-бүлөдө чоңойгон?
- Бир эжем, бир байкем бар. Мен бир үйдүн кенжеси болом. Апам менен эжем чыгармачылыгыма колдоо көрсөтүп, кеп-кеңештерин аябай, жардам берип турушат. Бирок байкем ырчы болушумду каалабайт.
- Сенин бир өзгөчөлүгүң чачыңдын узундугу. "Кыздын көркү чач" дегендей, чачың тууралуу да айта кетсең. Канча жашыңдан баштап өстүрдүң эле?
- Эжем экөөбүз кичине кезибизден эле теңтуштай болуп өскөнбүз. Окуган жагынан, кийинген жагынан да бири-бирибизге атаандашчубуз. Экөөбүз тең чачыбызды чогуу өстүрүп баштаганбыз. Бат-баттан жууп "меники мынча өстү, меники сеникинен узун" деп талаша берчүбүз. Бирок эжем шаарга келгенден кийин кыйналдыбы билбейм, кыркып салыптыр. Мен узун чачка көнүп калыптырмын, кырккан жокмун. Кыркуу оюма да келген жок. 6-класстан бери өстүрүп келе жатам. Бирок узун чачты дагы караш керек, түйшүгү бар десем болот.
- "Көздүү мончок жерде калбайт" дегендей, сага ашык болгон жигиттердин, куда түшкөндөрдүн саны арбын болсо керек?
- Мен мектепти бүтүп жатканда эки-үч туугандарыбыз куда түшүп келген болчу. Апам "туугандын куда болгону бир чети жаман болот. Жашоодо өйдө-төмөн нерселер көп болот. Жаман-жакшы айтышып калабыз" деп болбой койгон. Анан мени акыркы коңгуроо болгон күнү кечинде шаарга салып жиберген.
- Окууңдан сырткары кошумча иштеген ишиң барбы? Дегеним, акчаны кайдан табасың?
- Ачыгын айтсам акчаны үйдөгүлөрдөн сурабайм. Өзүмдү өзүм каржылап келем. Албетте, болор-болбос стипендия алам. Чоң чоң кечелерде ырдайм, ошондон тапкан каражаттар өзүмө жетет. Учурда филармонияга жумушка чакырып жатат. Азыр жообун бере элекмин.
- Азыр элдик ырларды ырдап жүрөсүң. Ырларды өзүң тандайсыңбы?
- Устатым Роза Аманова тандап берет. Менин эң биринчи кеңешчим Роза эже, андан кийин апам. Кудай буюрса, эл уга элек жаңы ырларды, укпай калган эски ырларды ырдайм деген тилегим бар. Анан жакында клип тарттырсамбы деп жатам.
- Гүлнур, ачыгын айтканда кыргыз көйнөкчөн, чачы экиге өрүлгөн, колуна комуз кармаган сендей таланттуу кыздар элибизде көп болуп, кыргыздын жүзүн дүйнөгө таанытсын деген аруу тилектер менен бирге сага чыгармачылык ийгилик жана аялзаттык бакыт каалайм.
- Рахмат. Жалпы кыргыз элимди жаз майрамдары менен куттуктайм. Сиздерге да ийгилик.




Түшүңүз төп келген учур болду беле?
"Түшү оңолгондун иши оңолот"-дейт кыргызда. "Түнүң бейпил болсун, жакшы түш көр"- дейбиз жатууга камынып жатып бири-бирибизди. Жакшы түш көрсөк кубанып, начарын сууга айтып, билген ырымыбызды кылабыз. Түш бул - бүтпөгөн сыр. Аны көрбөгөн адам болбойт. Ар ким ар түрдүү түш көрүп, кабылдоосу да ар башка болот. Жаңы изилдөөлөргө таянсак жагымдуу түш көрүү ден соолукка пайдалуу экен.
Кээ бир түштөрүбүздө биз эзели көрбөгөн жерлерди көрүп, баспаган жерлерди басып, тааныш эмес адамдарды жолуктурабыз. Бирок бул нерселер биздин чыныгы турмушта кезиккенине, болгонуна маани бербей унутуп койгонбуз.
Коңурук тарткан адам түш көрө албайт. Наристелер дагы түш көрүү сезимине ээ эмес. Ал эми үч жаштан жети жашка чейинки балдар көбүнчө коркунучтуу түштөрдү көрүшөөрүн айтышкан. Түш жөнүндө биздин кээ бир белгилүү адамдарыбызга кайрылып көрүүнү чечтик.

Жыпара Исабаева, акын:
"Алыкул ырларынын жоголгонун мага айткан"
- Мектеп жашындагы өспүрүм курагым. Акын жазуучуларды газета, журналдардан гана окуп, Алыкул Осмонов агайга таасирленип, жакшы көрүп жүргөн кезим. Гезиттерге почта аркылуу ырларымды жөнөтүп, басылып чыккандарына төбөм көккө жете сүйүнүп, чыгармачылыктын түйшүгүн да, жыргалын да жон терим менен сезип калгам.
Түшүмө Алыкул агай кирди. Терезенин түбүндө ойлонуп, чыканактап жаткан экен. Башында кепка, ак көйнөгүнүн жакасын кара күрмөсүнөн чыгарып коюптур. Кара шымы, өтүгү күнү бүгүнкүдөй эсимде.
- Агай, сиз өлбөдүңүз беле,-дейм жанына барып.
- Мени өлдү деп сага ким айтты?-дейт ал. -Мен өлгөн эмесмин, алыс жакта түрмөдөмүн,-деп негедир күңгүрөнүп калды. "Менин ырларымды уурдап албадыбы" деп кошумчалап койду. Мен негедир тартынып, жанына барам да ыр жазып жүрчү дептеримди сылай, "ырларымды окуп көрөсүзбү"- деп уяң унчугам. Кийин окуу жайга өттүм. Агайыбыз Качкынбай Артыкбаев акындын өлөөр жылындагы ырлары бүтүндөй жоголгонун, ыр жазып жатып өлгөн акындын сөөгүн алганы биринчи кирген адабиятчы уурдап алганын айтып берди. Түшүмдүн туш келгенине ошондо аябай таң калдым.
Алыкул жөнүндө кийин дагы бир түш көрдүм. Айылдагы клубга эл көп чогулуп алыптыр. Кечигип кирип барсам акын тер куюла ырларын окуп жатат. Жанына жакын баргым келип көшөгө артынан кадалам. Чекесиндеги терин шыпырып колуна чогултса бир ууч болуп калды. Анысын мен тарапка ыргытты. Тер түз эле келип бетиме жабышып калды. Денем бүтүндөй чымырап, магдырап, жагымдуу сезимге оронуп калдым. Ойгонуп кетсем, ошол сезим тулку боюмду ээлеп чын эле бакытка батып туруптурмун.

КРнын Эл артисти
Саламат Садыкова:
"Босогом кулап калды..."
- Түшкө ишенем. Баардыгы эмес, кээ бир түштөр ачык эле айтып, аян берет да. Боло турган ишти андай түштөр өзү билдирет. Мен так жүргөндү жакшы көрөм, чакырыктарга бара турган жерге убакыт сааты менен жеткенге аракет кылам. 1993-жылы жалпы жамаатыбыз Германияга бара турган болдук. Эртең таң менен учабыз деген күнү уктап калыптырмын. Түшүмө деңиздин ортосунда өтө кооз токулган бышык килем жол болуп төшөлүптүр. Аркы өйүз чексиз, көрүнбөйт. Жолчонун эки жээги жыш теректин чырпыгы. Мен ошол жолчого келип чөгөлөп отуруп, тырышып атып өйүзгө чыгып кеттим. Жээктен "момунумдан калган жалгызым" деп эркелетип баккан чоң атам тай казандагы толтура тамагы менен тосуп алды. Жанында ити жүрөт. Ойгонсом саат алты. Аэропортко кечиктим. Шашып жөнөдүм. Жолдо бир машина жок, көп убакыттан кийин бирөө көрүндү. Операнын жигиттери экен. Кыскасы, аэропортко жетип бардым. Коллектив күтүп аткан экен. Ошондо Германиядан ийгилик менен келдик. Дагы бирөө эсиме түштү. 85 жаштагы кошуна апа менен эне-баладай мамилем бар болчу. Эшигибиз бет маңдай эле. Тамакты да бирге иччүбүз. Бир күнү түшүмдө босогом кулап түшүп калды. Көп өтпөй ошол байбиче өтүп кетти. Түштө аян берилет деген ушул экен. Демек, түшкө ишенбей коё албайсың.

Эрнист Турсунов, акын:
"Түш бул - оору"
- Мен түшкө ишенбейм. Маани да бербейм. Түш жөнүндө жазган ырларым жөн эле - романтика. Менимче түш көрүү, коңурук тартуу бул -оору. Адам уктаганда тынч болуп, мыкты эс алышы керек. Мен илимге таянам. Илимде түш ачылган да, далилденген да эмес.

Бермет Байкелова, ырчы:
"Сүйүнчүнү
күтүп жүрөм"
- Турмушка чыкканымда көргөн түшүмдү эки-үч ай мурун кайра көрүп бир аз таң калып да, анан жыйынтыгын күтүп да жүргөн учурум азыр.
Турмушка жаңы чыгып, балалуу болот деген ойдо жок кез. Түшүмдө мойнума алтыны же күмүшү белгисиз жаркыраган шуру тагынып алыптырмын. Тим эле көз жоосун алат. Кыздуу боломун го деп ойлоп, жакшылыкка жооруп койгом. Чыны менен жыл айланып татына кыздуу болуп, атын Айсулуу койдук. Ошол түштү жакында кайра көрдүм. Баягы жаркыраган шуру бул жолу менин мойнумда эмес, кыргыз элине таанымал, мен өтө сыйлаган, атактуу бир айымда экен. Мен аны суктанып карап, кармалап көрүп жатам. Ойгонуп жакшылыкка жоорудум. Себеби, ал айым наристелүү болгусу келип жүргөнүн билчүмүн да. Жакында ага жолугуп калдым. Түшүм эске түшүп, боюңда барбы десем, "ооба" дейт. Түшүмдү айтсам, кубанып калды.
Балким өзү күткөндөй кыздуу болуп калаар. Ушу түшүм туш келсе, мен үчүн эң сонун болот эле. Сүйүнчү алмакмын.











Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan