Сандан-санга

Селсаяктын ыйы
Автордон:
Окурмандарга түшүнүктүү болсун үчүн айтаарым... Бул чыгарманын башаты-жол жүрүп келаткандагы селсаяк абышканын айтып бергени боюнча окуя көркөмдөлүп, сандан-санга берилип жатат. Анткени, абышканын өзү көмүскөдө калып, абышка селсаяк - Токуштун кенедейинен азыркы абалына чейинки тагдыры ар бир учурдагы окуя менен сүрөттөлүүдө.

Кошуналар жакаларын кармана таңкалып атышты.
- "Коркконго кош көрүнөт" болду го". Эзели андай "желмогуз" бар экенин укпасак.
- Ошону айтсаң...
- Короо-жайды карайлы. Малга тийбептирби?-дешкен жылкычылар короону айлана карап чыгышты. Короонун ичин карашты. Ал жак тынч эле...
Эртең менен жылкысын желеге айдаганы чыккан Нурак үч-төртөө болуп топтошкон атчан жылкычыларга кабылды. Бирөөнүн асынган мылтыгы бар экен. Алар учурашкыча эле кеп кылып киришти:
- Нурак, бизге караганда өйдө турасың. Кой кайтарасың дегендей. Шек-шыбаа билгениң жок беле? Өзгөчө издерди дегендей.
- Түндө Жапардын үйүнө бир балээ барып, Жапарды жара тартканы аз калган экен, тил-оозсуз калып, түнү менен доктурга алып кетишти. Милийсага да билдирмек болушту.
- Мергенчилер да келет болуш керек. Биз атайын жол чалып, карайлы деп бастырдык. Балээнин изи билинеби. Мөңгүлүү тоо жакты карап көрүш керек. Кардан, муздан эле из билинбесе,-деген жылкычылардын сөздөрүн угуп, башынан ылдый суу куюп жибергендей денеси муздап чыкты Нурактын. Чындап эле мөңгүлөрдү карашса эмне болмок?
Заматта колго түшүп, жалдырап ыйлаган Токуштун элеси көзүнө тартыла, айрыкча катып жатканын билип, колуна кишен салынып жатканы көзүнө тартыла түштү.
- Ошондой "желмогуз" болсо эчак эле билинбейт беле. Менин коюман деле бирин-экин талаага түнөп калганы болот. Кызык, ал эмне "желмогуз" болду экен? Мына, талаадагы жылкы, уйлар деле тынч жатат го... -деп таңкалгандай кобуранып койду.
Кудай жалгап, жылкычылар да андан ары кетишпей, кырга чыгышып, бир топко дүрбү салып отурушту да, жылкыларын үйлөрүнө айдап, ылдый түшүп кетишти.
Өзүнчө санаага баткан Нурак да жылкысын айдап жөнөдү.
- Чындап эле ошолбу? Же "эки аяктуу жалгыз көздүү, жапайы, адамга окшош жаныбар болот" деп калышчу эле. Ошондой желмогуз эмеспи? Тамак-ашын деги жеткирдим эле. Ал эмне үчүн ушуякка чейин келмек эле,-деп кобуранып баратты.
Желмогуз изин жоготту
Жылдыз толгон караңгылыкта аттанып аткан Нурактын артынан чыккан аялы акырын үн катты:
- Кайдагы балээни жабыштырып алдың эле?! Деги сак болчу. Бул жактан жогол десеңчи. Сага да сааты тийбесин...
- Мен да түшүнүп атам. Бүгүн акыркы келишим деп айтам. Иши кылып аны жоготуш керек болуп калды.
Нурак атын камчыланып жөнөдү. Атын ылдый жакка тушап коюп, келип жүргөн изи менен үңкүргө киргенде үңкүрдүн түп жагында чырпыктарды үлбүлдөтө жагып коюп жаткан. Нурактын келээрин күткөн эмес.
- Ким бул?!-деп алды.
- Мен... Мен эле,-деген Нурак Токуштун жанына келип көрдү. Узунунан сунала жайып койгон карышкырдын терисинде жаткан Токушка жакын келип, кекээрлүү унчукту:
- Бул эмне кылганың?
- Эмне кылыптырмын?-деген Токуш актанмакчы болуп барып, шылкыя отуруп калды.
- Мына бул терини жамынып алып, түнү жортуулга чыккан желмогуз аттыкың келдиби?!
Токуш үнсүз отуруп берди. Бир чети эмне жаңылык айтат деп күтүп атты.
- Сен эмне, аны менен артыңдан милийса издеп келет деп ойлогон жоксуңбу?
- Өзүңүз айткандан кийин Жапарды коркутуп коёюн деп эле ойлогом...
- Өзүңүз айткандан кийин дейт кайра. Мен эмне, Жапарды жок кыл дептирминби. Тил-оозсуз эсин жоготуп, доктурга алып кетишиптир. Алардан эртең эле милийса укпайт дейсиңби дагы, колуңду артыңа кайрып туруп кишен салып кетпейт деп ойлойсуңбу?! Өзүң эле эмес мени кошо ала жатканы атпайсыңбы,ыя?! Кана, эмне кылабыз?! Айтпайсыңбы, тилиңди жутуп алгансыбай?!
- Мен эч жерге батпай калдым окшойт! Ушинтип жашырынып жүргүчө өлгөнүм артык! Өлтүрүп кетиңиз мени!
- Ошондой өлүм сен үчүн оңойбу? Тажап кеттим мен дагы сени ката бергенден!-деп бакырды Нурак.
ххх
Эртең менен жылкычылардан ат алып аттанып чыккан куралчан он чакты милийса, үч-төрт мергенчи ошол өрөөндүн төрлөрүн кыдырып, из чалып, караан издеп жүрүштү.
Аңгыча бирге жүргөн эки милийса менен бир мергенчи Нурак кой жайып жүрчү мөңгүлүү тоонун этегине жетип, бирөөсү жылгача менен өйдө кеткен изди байкай койду. Үчөө камчыланган бойдон жетишкенде эле билишти. Милициянын офицери үн катты:
- Мына, биздин "желмогуздун" изи. Из чындап эле "желмогуздукундай" экен. Баш жагы иттин изиндей. Бирок, бир карыштан чоңдугу таңкалычтуу. А, бул го "желмогуздуку" дейин. Ал эми аттын издеричи?
Кимдир бирөө ушул жакка каттап турган деген санааркалуу оюн, рация менен калгандарына кайрылды.




Атам апама ушул жагынан жеңилип берет деп ойлойм. Ал эми Бахиддин туугандары апамды угуп эле тим болуп калат деп эсептешсе керек. Болбосо аларга тикелей тиешеси жок болгондон кийин биз жөнүндө айтышпай тим калышмак да. Мүмкүн алардын башка максаты бардыр. Мынчалык душманчылык кылганга Бахид аларга эмне жамандык кылганын таптакыр түшүнө бербейм, канчалык ойлонсом да акылым жетпей койду.
Муну уккандан кийин Бахид эмне чечим кабыл алаары чынында мага абдан кызык болду. Тигилер мойнуна коюп берсе мен эмне кылышым керек, ага чындап башым маң. Эмне кылаарымды билбейм, дал ошондой мезгилде мен кандай позицияны кармашым керек. Эгер мени чындап эле алдаса өз азабы өзүндө дейм да кайра өзүм коркуп кетем. Тигилердики калп болсо экен деп чын дилимен тиленип жибердим. Эмне, мен эми Бахидден ажырап талаада калмак белем. Андан кийин мени ким алат, алган күндө да мен аны менен эч качан бактылуу боло албайм. Бактылуу болгум да келбейт.
Оюмдун ушул жерине келгенде катуу коркуп кеттим. Чынында башкача болушун таптакыр каалаган жокмун, ошондуктан аялы чын эле жок болсо экен деп кудайдан тилей баштадым. Чынын айтсам, талаада эч кимге керексиз болуп калгым келбеди. Мен да кандай болсо да өзүм сүйгөн адамдын жанында жүргүм келди.
Барсам сабак башталып калыптыр, ректордон суранып алып сабакка кирдим. Эгер башка учур болгондо мынчалык шашпастан эле бир пардан кийин келе бермекмин. Мени шаштырып жаткан ичимдеги уйгу-туйгу сезим болду. Сабакка келгенимди көрүп Бахид уурту жайылып сүйүнүп кетти. Аны сабактан кездештирбей калам го деп катуу бушайман болуп келген мен да иш оң жагына өткөндөй кубандым.
Отуруп жайланышып алгандан кийин мен ага бардык маселени учкай түшүндүрүп, кат жөнөттүм. Ал катты алары менен иреңи бузула түштү. Баягы мелтейген кыялы менен эч кимге эч нерсе билдирбеди. Ал канчалык жинденген сайын ошончолук суз тартып ашыкча кыймыл жасабай мелтиреп калаар эле. Бул жолу да ошентти, демек, ал жерде ойлоно турган зор маселе бар экендигин даана сезип отурдум.
Биринчи жолу жаным катуу кейиди, ойлонбой иш кылган экенмин. Кичине ойлонуштуруп баарын тактап алсам болмок тура. Бул дагы ишенчээктигимдин азабы да, болбосо Арзыкандай кыздар эч кандай проблемасы жок таптатынакай жашап жатпайбы. Мейли дейт, дагы бир башка оюм, болоору болгондон кийин өкүнгөндө эмне. Мен ушундай ойлор менен алаксып анын жообун берип бүткөнчө бир пар сабак да аяктады.
Танапис болоор менен Бахид менин жаныма келди да:
- Аны сага ким айтты? - деп сурады. Мен баарын эмне билсем бирин да калтырбай айтып бердим. Ал катуу ойлонуп калды да бир аз тынымдан кийин:
- Анда барыш керек, барбаса болбойт. Алар ушундай дейм да, бардык жерде мени жамандап жүрүшөт. Мага кылбагандары деле калган жок, бирок баары бир эч качан ушундайларын токтотподу го чиркин...
Мага ал азыр абдан зор эрдик жасаганы бараткандай сезилип кетти. "Эгер аялы бар болсо анда качып барбай коймок да, демек, аялы жок туруп эле тигилер муну жамандап жаткан турбайбы" деген ой анык чындык болуп саналып калды. Баятан бери бук кылып кармап турган оор жүктү бирөө алып салгандай көңүлүм сергий түштү. Эми тигилер жөнүндө ойлоно баштадым. Айткан калптары тууралуу эмне деп жооп беришээр болду экен? Биз баргандан кийинки алардын абалын көргүм келип ашыгуудамын.
Мына, көздөгөн жерге жакындаган сайын жүрөгүм алеп-желеп, ал эми Бахид болсо түнөрүп бир калыптагы кыймылын жазбай келе жатат. Тигилер да тынчсызданып турушкан экен. Бизди көчөдөн эле Салават тосуп алды. Ал бир нерсе көңүлүн кыйнап тургансып мени менен баш ийкешип учурашканы менен Бахидди тик багып карай албады. Бахид болсо аны жеп жиберчүдөй теше тиктеп, көз карашы менен бир каарып өттү да, ага тажикче бирдеме деди. Салават баягы сөздөн кийин айласын таппай, чебелектеп биздин алдыбызга түшүп, күнөөсү бар баладай кыдыңдап жөнөп берди. Анын мындай кыймылы менин жеңишим менен бүтчүдөй кандайдыр бир эрдемсинүү пайда кылды.
Эшик ачып үйгө киргизди. Апам Карамат менен сүйлөшүп отурган экен. Бахидди таптакыр көргүсү келбегендиктен, анын учурашкан саламын да алик албады. Карамат болсо мага төрдөн орун көрсөтүп, ордунан тура калды. Анын мындай аракети менден кыймылы менен кечирим сурап жаткандай туюлду.
- Келиңиз, Элмира, отуруңуз,-деди ал сыпаа касиетинен жазбай. Бул жерден да ал мага жасакерленип жаткандай көрүндү. Ошондуктан мен аны жактырбаганымды жашырбай:
- Ырахмат, мен ушул жерден эле кайтам. Биз бир нерсени эле билели деп келгенбиз. Мен кайра сабакка барышым керек эле.
"Сиз баятан бери мага эч нерсе айткан жоксуз го" дегендей Карамат апамды карады. Апам болсо эми гана эсине келгендей тигини бир сыйра таң кала карап алды да:
- Сиз бая күнү мага айттыңыз эле го, ошону тактап коёлу дедик.














Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan