Жанета:

"Намыстанганымдан
сахнадан секирип түшкөм"
Ж - аратылыштын кооздугунан эргүү алат.
А - кыл үйрөткөндү жактырбайт.
Н - амысы жок эркектерди коркок деп эсептейт.
Е - сеп жагынан жок.
Т - аланттуулар мектебин ачсам дейт.
А - йтканынан кайтпайт.

Б - айлыгы анын балдары.
О - йлонгондо бир жерди тиктеп тура бермейи бар.
Б - азарга барса башы ооруйт.
К - арыз алып кайтаралбай калган учурларын унутпайт.
О - русча сүйлөгөн кыргыздарга жини келет.
В - ертолётко түшө элек.
А - лга деген ураан менен жашайт.

Бүгүн биз "Досум Үсөн" тобунун солисткасы Жанета Бобкова менен жан дүйнө маегин курдук. Ырчы кызыбыз артта калган балалык чагы, окуучулук мезгили, жаштык дооруна кылчайып, буга чейин басып өткөн жолуна саресеп салып көрдү.

Сабиранын
сары кыздары
- Мен 1980-жылдын 4-январында таңкы саат беште 3 кг 200 грамм салмакта төрөлгөн экенмин. Жыл сайын апам ушул күнү саат беште байланышып, куттуктаганды салтка айландырып алган. Апам толготуп, атамды "төрөт үйүнө алып барып кел"- десе, атам "уйкум келип атат"-деп уктап калыптыр. Анан апам төрөт үйүнө өзү жөө басып барыптыр. Азыркыга чейин атама "ошол кезде сизге бала эмес, уйку зарыл болгон экен да"- деп таарынымыш болуп коём. Жума күнү төрөлгөндүгүмдөн атымды чоң атам "Жумагүл коёбуз"- десе, атам макул болбой Жанета атаптыр. Балалык чагымды эстесем адегенде эле торт көз алдыма тартылат. Анткени, апам торт дүкөнүнүн башчысы болгондуктан кийимдеримди кирдетип эле ошол дүкөндөн башым чыкчу эмес. Жөн койсо, беш манжамды малып алып жечүмүн. Апамдын көйнөктөрүн, туфлисин кийип алып сиңдим экөөбүз көчөнү кыдырчубуз. Көрүнгөн дүкөнгө кирип карызга жаздырып ар нерсе алып жейт элек. Ушинтип ээрчишип жүрүп Шамалдысай шаарчасына "Сабиранын сары кыздары" деп белгилүү болдук.
Сахнадан
мүдүрүлгөн
кичинекей ырчы
- Чыгармачылыкка болгон шыгым 4-классымдан ойгонду. Мектептеги кандай гана кароо-сынак болбосун алып баруучу болмоюнча жаным тынчу эмес. Эгер концерттин программасында 14 номер болсо, он төртүнө тең катышчумун. Андан сырткары, жалбырактардан билет жасап, ата-энелерге сатып, өз алдыбызча концерт койчубуз. Биринчи жолу чоң сахнага 6-классымда Каныкей Эралиева, Шахрезада Аскаровалар менен чыгып, чыгармачылык тушоом Жалал-Абад шаарындагы Барпы атындагы драма театрында кесилди. Концерттин алып баруучусу "сиздердин назарыңыздарда кичинекей ырчы кыз Жанета Баялиева"- дегенде сахнага чыккандан уялып көшөгөнүн артында калчылдап тура бердим. Анан Шахрезада эже артымдан түртө салганда, сахнага чуркап чыгып, мүдүрүлүп кеттим. "Намыс деген өлүмдөн катуу"- деп бекер айтылбаптыр. Ошондо намыстанганымдан сахнадан секирип түшүп элди аралап ырдагам.
Палоодогу ак курт
- 7-классымдан баштап Каныкей Эралиева менен гастролго чыктым. Эсимде, Ош жергесинде жүргөндө катуу суук тийип ооруп калгам. 39 градус температура менен ырдап атканымда үнүм буулуп, бүтүп калып, ызама чыдай албай микрофонду жерге таштап ыйлап кирип кеткем. Ысыкка күйүп, суукка тоңуп, ачка-ток калган күндөрдү көп эле өткөрдүк. Бир жолу айылда кечке концерт коюп жүрүп кечинде бирөөнүн үйүнө конокко барсак, палоо демдеп келди. Курсагым аябай ачка болчу. Эми эле жейин десем палоонун ичинде ак курт жүрүптүр. Жийиркенгенимден тамак эмес чай өтпөй койду. Ачка калганымдан таң атканча ашказаным курулдап уктабай чыккам.
Атанын шапалагы
- Машина айдаганды 14 жашымда үйрөндүм. Бир күнү атам жигулисине сиңдимди, инимди, мени салып алып кошуна айылдагы досунукуна бардык. Атам досу менен карта ойноп атканда, тентектигим кармап, иним менен сиңдимди салып, машинаны айдап кеттим. Анда жаңы үйрөнүп аткан кезим. Ош-Бишкек жолунда келатсам алдымдан уй чыга калып, эмне кылаарымды билбей жолдун ортосуна токтоп калдым. Бир топтон кийин кудай жалгап уй басып кетип, жолумду таап үйгө бардым. Ошондо атам кара тер басып үйгө келип, биринчи жолу мени аябай сабаган.
Денистин эсинде калган сары көйнөк
- Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтуна тапшырганы барсам, Денис да жүрүптүр. Аны биринчи көргөндө эле "Бобковдун баласы турбайбы" деп ойлоп койгом. Ошондо Денис окууга өтпөй калган. Биринчи курсту бүткөндөн кийин солист керек дегенинен "Досум Үсөн" тобуна барсам Денис ошол жерде экен. "Эсиңдеби, экөөбүз институтка чогуу тапшырганбыз"- десем, "Эстедим, сары кыска көйнөкчөн кызсыңбы?"-деп күлүп калды. Ошол күндөн тартып күндө даярданганы студияга барам, кечинде кеч бошогондуктан дайыма Денис үйгө жеткирип жүрдү. Башында эч кандай деле сезим болгон жок. Бир күнү Денистин достору, менин курбуларым болуп кафеде отуруп, андан үйгө алып барып биринчи жолу "жакшы эс ал"-деп бетимден өөп койду. Эмнегедир жүрөгүм болк этип, кызыктай болуп кеттим. Эртеси студияга барсам Денис олтуруптур. Көздөрүбүз чагылыша түштү. Анан ошол күнү адаттагыдай үйгө жеткирип бара жатып "Мен сени жактырып калдым" деп өзүнүн сүйүүсүн билдирди. Көңүлдөрүбүз төп келип, эки жыл сүйлөшүп жүрүп, 20 жашыбызда баш коштук.
Баялинованын Бобкова болушу
- Адегенде эле Денис "үй - бүлө болгондон кийин бир фамилияда болушубуз керек"- деген оюн билдирди. Буга башында мен аябай каршы болдум. Бирок, Денис көгөрүп, өзүнүкүн бербей туруп алып, жыйынтыгында Бобкова деген фамилияны алдым. Нике күбөлүгүнө арыз берээрде Бобкова деп такыр жазалбай койгонумда Денис таарынып атып көндүрдү. Ата-энем да акылдуу адамдар. Унчугушкан жок. Азыр өзүмчө эле атам ичинен тымызын капа болуп жүргөндүр деп ойлой берем.
Турмуштун
өйдө-ылдыйы
- Башкалар сыяктуу эле биз да жаңы турмуш курганда батирден-батирге көчүп, кыйналып, жокчулуктун азабын жакшы эле тарттык. Какаганга муштаган болуп, мен ай - күнүмө жетип турган учурда Денис операция болуп ооруканага жатып калды. Челдейген курсагым менен эки ай бою ооруканага каттадым. Төрөөр күнү да Дениске барып, акыркы 5 сомумду төлөп маршруткага отурганда эле толгоом башталды. Түшүп калайын десем кайра кеткенге акчам жок. Айла жоктугунан онтоп, ары оонап, бери оонап атып, араң үйгө жеттим. Анан туугандарымды чакырып төрөт үйүнө бардым. "Аялдын бир ажалы-төрөттө" деп бекер айтылбаптыр. 18 саат толгоо тартып, кызымды төрөдүм. Бирок, балаңдын үнүн укканда кыйналып, азап тартканыңдын баары заматта унутулат экен. Экинчи балам боюмда бар кезимде да абдан кыйналдык. Мен дагы, Денис дагы иштебейт. Бир жолу 200 сом акча берип, Денис алыс жакка иштер менен кеткен болчу. Анан ага азык-түлүк алайын деп Орто-Сай базарына барып, 1 кг картошка алгандан кийин чөнтөкчүлөргө уурдатып жиберип, жол бою ыйлап үйгө чейин жөө келгем. Кыскасы, "бирде турмуш уу берет, ачуусуна караба, бирде турмуш бал берет, таттуусуна караба"-дегендей, турмуштун ар кандай кырдаалын баштан өткөрүп, кагылып-согулуп көрдүк. Кудайга шүгүр, азыр эл катары жашап жатабыз.
Эки жашты
жараштырган
сахна
- Жашаганыбызга 10 жыл болду. Кудай сактасын, ушул аралыкта Денис бир да жолу мага кол көтөргөн жок. Бирок, сөз менен катуу урушабыз. Денистин мүнөзүн айтсам, абдан кыл тамак, оңой менен бирөөнүн кылган ишин жактырбайт. Анан да бир таарынса бир айлап сүйлөбөй коёт. Мына ушундай учурларда сахна бизди жараштырат. Анткени, дует ырдаганыбызда жетелешип, кучакташып ырдап атып таарынычыбыз жазылып кетет.










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan