спорт

Шахмат
Мээси кыйын иштеген адамдарга тиешелүү болгон спорттун бир түрү шахмат. Шахмат адамды акылдуулукка гана үйрөтпөстөн, сабырдуулук, ар бир кадамын ойлонуп туруп иш кылууга жөндөмдүү кылып, тарбия берүүдө да ролу чоң. Өзүнүн ак, кара болгон алтымыш төрт чакмагына бир топ мезгилди камтыган шахмат тууралуу билгиңиз келсе, бул макалага көз салыңыз.
Шахматтын пайда болуу тарыхы
Шахмат оюну мындан 2000 жыл мурун Индияда жаралган. Ал кезде азыркы учурдагы шахмат эмес чатуранга деген оюндун негизинен келип чыккан. Чатуранганын аянты 9х9 болуп, төрт гана күчтүү фигураларга ээ болуп, ошол кездеги Индия жоокерлеринин катарлаш турган бөлүктөрүн сүрөттөгөн. Шахматтын бабасы болгон чатуранганын дагы бир өзгөчөлүгү катары анда жуптук түгөйдө болуп жалпысынан төрт адам ойношкон. Жол жүрүүдө атайын сөөктөрдү ыргытышып ошонун жыйынтыгы менен фигураларды жылдырышкан. Фигурадагы айырмачылыктар хан менен ат учурдагыдай эле жол менен жүрсө, турка азыркыдай мүмкүнчүлүккө ээ болгон эмес, ал эми көп жолдорго ээ болгон ферз фигурасы тактай бетинен такыр көрүнгөн эмес. 6-кылымдын баш ченинде чатуранга оюну Азиянын борбору менен чыгыш тарабына таркала баштайт. Иранга жетип стол оюндарынын падышасы болуп чыга келет. Ирандыктар менен соода жолунда карым-катышта болгон арабдар, ирандыктардан шахмат ойноону үйрөнүшүп, оюнду бир топ популярдуулукка жеткизишкен. Испания аркылуу Португалияга, андан Италияга, ошентип отуруп бүткүл Европага сүңгүп кирген. Аброю өсүп отуруп азыркы шахматка айланган. Арабдарда "шатрандж", перстерде шатранг, кийинчерээк тажиктерге келгенде шахмат сөзү келип чыккан. Котормодо "бийди жазалоо, жеңүү" деген түшүндүрмөнү берет. Бүткүл дүйнөгө таралган шахмат оюнуна бир топ чыгармалар арнала баштаган. 1160-жылы Эзрой тарабынан шахмат жөнүндө поэма, 1283-жылы Альфонс шахмат китебин жазган. Шахматка чоң изди Филидор(1726-1795) калтырган. Филидор "пешкаларды шахматтын жаны" деп, көңүлдү пешкаларга бурган.
Шахмат шайтандын оюнубу?
Шахматтын өнүгүп кетүүсүнө бир топ тоскоолдуктар да болгон. Алардын бири Христиан чиркөөлөрүнүн өкүлдөрү тарабынан кумар оюну деп шахматты жоготууга аракеттерди жасашкан. 1161-жылы католик Дамиано, Александр экинчиге жиберген катында шахматты "шайтандын оюну" деп аны жок кылдыруусун өтүнгөн. Тамплиерлер орденинин жаратуучусу Бернар шахмат ойногондорго каршы күрөшүүгө чакырган. 1208-жылы франциялык эпископ Аид Сюлли шахмат ойногонго жана аны сактаганга катуу тыюу салган. Шахматты жок кылуучулардын катарында Ян Гус, Казимир 2, Людовик 9 жана Эдуард 4 да болушкан. 1393-жылы Регенбург соборунун өкүлдөрү тарабынан шахматка тыюу салуу алып салынган.
Шахматтын алгачкы чемпиону
Шахматты жогорку темпте өнүктүрүү үчүн 819-жылы Арабияда халифа Аль-Мамун биринчи жолу Джабира Аль-Куфи, Абдылжафар Ансари, Зайраба Хатананы чакырып турнир өткөргөн. Ошондон кийин турнирлер уюштурула баштаган. 19-кылымда убакыт менен ойноо сунушу киргизилип, кумдан болгон сааттарды колдоно башташкан. 1851-жылы эл аралык турнир өткөрүлүп расмий наам жоктугуна байланыштуу Адольф Андерсон расмий эмес чемпион болуп калган.
1883-жылы англиялык Вилсон тарабынан убакыт бирдиги иштелип чыгып, кырк жолу жүрүү эки саатка ылайыкталган. Ушул мезгилде эл аралык турнирлер өткөрүлүп, 1886-жылы биринчи дүйнө чемпиондугун Вильгельм Стейниц Йоганн Цукертортаны жеңип, чемпиондук наамга жеткен.




Сатар Келдибаев:
"Шахмат - акылдуулардын спорту"
Азыркы учурда спорттун башка түрлөрү сыяктуу Кыргызстанда шахмат да өнүгүү жолунда келе жатат. Мекенибизде шахматты өнүктүрүүгө чоң салымын кошкон инсандарыбыз да аз эмес. Ушундай адамдардын катарында СССРдин шахмат жана жеңил атлетика боюнча спорт чебери, Бишкек шаардык шахмат клубунун директору Келдибаев Сатар Тургунбаевичти маекке тарттык. Анда сөз башынан болсун.

- Сатар мырза, алгач шахматтын Кыргызстанга келип калгандыгы тууралуу кеп козгосоңуз?
- Шахмат мекенибизге 1920-жылы келген. 1936-жылы булуң бурчтарга тарап, элдин кызыгуусу артып отуруп, өнүгүү жолунда бир топ деңгээлдерге жетише баштаган. Арада бир топ турнирлер өтүп келген. СССР таркаган учурда спорттун башка түрлөрү сыяктуу эле мамлекетибизде шахматка көңүл бурулбай калган. 1998-жылдан баштап мекенибиздин шахматы кайра жандана баштаган.
- Азыркы учурда шахматты өнүктүрүүгө мамлекет тарабынан акча бөлүнөбү?
- Шаардык шахмат клубуна келгениме төртүнчү жыл кетип жаткан маал. Мурдараак бир аз акча бөлүнүп турчу. Мындан эки жыл мурун каржы министирлиги тарабынан эсептелүү акча бөлүнүп, клубдун оңдоо иштерине жумшалган. Ал эми шахматчы балдарыбыз чет жактагы мелдештерге өз чөнтөгүнөн акча жумшап, катышып келип жаткан учуру.
- Кээ бир жерлерде шахматка байге сайып ойношот экен. Ушундай жол менен кетсе, шахмат да кумар оюндарынын катарына кирип калат деген коркунуч жокпу?
- Жок, мындай болушу мүмкүн эмес. Эгер улан-кыздар он алты жашына чейин шахматты жакшы өздөштүрүп алышса андайга жол беришпейт. Шахматтын аң-сезимге берген тарбиялык мааниси да чоң. Шахматты жакшы билген бала ЖОЖго барабы, башка жакта болобу, дайыма өзүн үлгүлүү алып, ар бир кадамын ойлонуу менен басат. Андыктан шахматтын кумар оюндарынын катарына кирип кетүүсүнө такыр жол берилбейт.
- Шахматта алдын ала мээнин жакшы иштөөсүнө көмөк берилеби?
- Турнирдин башталышы белгиленген күн бизге бир, эки ай алдында эле кабар берилет. Мелдеш башталганга чейин күнүнө эки сааттан гана ойноо туура болот. Андан ашык ойноо адамдын мээсин чарчатып, керектүү жыйынтык алып келбейт.
- Мээңиз чарчап турган мезгилде кантип эс аласыз?
- Ири таймаштарда 5-6 саатка чейин ойноого туура келет. Албетте, мындай учурларда мээ аябай чарчайт. Кийинки атаандашка чыгуу үчүн мээни эс алдыруу керектелет. Өз калыбыңа келүүгө таза абада бир саат жөө жүрүү жакшы жыйынтык берет.
- Спорттун башка түрлөрү сыяктуу шахматта да допинг колдонсо жардам береби?
- Теориялык жактан алып караганда допинг колдонууга мүмкүн. А иш жүзүндө мээнин жакшы иштөөсүнө эч кандай дары-дармектердин жардамы тийбейт. Шахмат чыныгы акылы күчтүү адамдардын спорту болгондуктан, ишенимдүү түрдө допингтин спорттун бул түрүнө эч кандай тиешеси жок.
- Маегиңизге чоң рахмат, иштериңизге ийгилик.









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan