маалымат

Кандуу окуядан чоң чыр чыкканы турат
13-мартта Кой-Ташка бараткан жолдо болгон автокырсыкты иликтөөнү президент К.Бакиев ИИМ жана Башкы прокуратурага тапшырып, өзү көзөмөлдөй турган болду. Оппозициячыл саясатчылар болсо унаанын ичинде президенттин администрациясынын мурдагы жетекчиси М.Садыркулов бар деген божомолдор чын болсо, анда бул бийлик тарабынан уюштурулган кол салуу болушу толук ыктымал дешүүдө.
Жол кырсыгынан өрттөнүп кеткен автоунаанын ичинде президенттин администрациянын мурдагы жетекчиси Медет Садыркулов дагы болушу мүмкүн деген сөздөр улам күчөп жайылып жатат.
Ошондуктан бул кандуу окуяны оппозициячыл саясатчылар өлкөдөгү бирден бир таасирдүү адамдардын бири болуп келген Садыркуловдон кутулуу үчүн бийлик тарабынан уюштурулган кол салуу деп эсептешүүдө. Анткени ал азыркы бийликтин мыйзамсыз иш аракеттери, үй-бүлөлүк башкаруунун чектен чыккан кылык-жоруктарын коомчулукка ашкере кылышы мүмкүн эле.
Бириккен Элдик кыймылдын Улуттук Кеңеши кечээ таасирлүү саясатчы каза болгон кандуу окуяны чогулуп талкуулады. "Азыркы криминалдашкан бийликке Садыркуловдун акыркы кездерде оппозиция менен пикир алышуусу жага бербей, коррупциялашкан бийликтин кылмыштуу былык иштери коомчулукка ачыкка чыгып калышынан коркуп, аны күм-жам кылышы толук ыктымал",- дейт "Жаңы Кыргызстан" партиясынын баш катчысы Исмаил Исаков.
Анын баамында, мындай үрөй учурган кол салуу менен бийлик жеке эле оппозицияны коркутпастан, бийликтеги азыркы чиновниктерге дагы алдын ала эскертүү берген булганыч иш чарасы.
Президенттин маалымат кызматынан жетекчиси Алмас Турдумаматов болсо оппозициячыл саясатчылардын коюп жаткан дооматтарында негиз жоктугун, бул окуянын чоо-жайын тергеп-иликтөө иштерин тездетүүнү президент Курманбек Бакиев тиешелүү органдарга тапшыргандыгын билдирди.
Ал эми Медет Садыркуловдун иниси Болот Садыркулов ушул сааттарда экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатышкандыгын, бул окуя авто кырсыкка таптакыр окшобой тургандыгын айтты.
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы бул автокырсыктан Медет Садыркулов жабыркады деп айтууга болбостугун, экспертизанын жыйынтыгы чыкмайынча ар кандай божомолдорду айтуу мүмкүн эместигин, азыр бул окуя боюнча бардык тиешелүү кызматтар иштеп жатышканын билдиришти.
Ал эми "Ак жол" фракциясынын жетекчиси Улугбек Ормонов дагы Медет Садыркуловду курман болду деп айтууга болбостугун, экспертизанын кандайдыр бир жыйынтыгы чыккандан кийин бул маселе боюнча Жогорку Кеңештин Коопсуздук, коргонуу жана адам укуктары боюнча комитетте дүйшөмбү күнү каралып, андан соң парламент отурумуна алып чыгышарын айтты.




Өмүрбек Текебаевди ИИМ суракка алды
ИИМ министри Молдомуса Конгантиевдин маалымат жыйынында билдиргени боюнча "Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев Медет Садыркуловдун болжолдуу өлүмүнө байланыштуу айткан версиясы боюнча сурак берди. "Министрдин белгилегени боюнча үч күн мурун Аламүдүн капчыгайында болуп, үч кишинин өмүрүн алып кеткен автокырсык тууралуу кимде кандай божомол болсо, алардын баарын угууга тергөөчүлөр даяр. Бирок бул версиялар далилдүү болууга тийиш" дейт М. Конгантиев. Анын белгилегени боюнча М. Садыркуловго байланыштуу мурдагы вице-премьер-министр Э. Ибраимова да айткан маалыматтарын тергөөгө тастыктап берүүсү керек.


Жоголгон депутат боюнча фактылар ачылууда
Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев "КАБАР" маалымат агенттигинде өткөн пресс-конференция учурунда жоголгон депутат Р.Шаботоев жана депутат Ж. Жээнбековдун уулу Б.Амиржановду издөө боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатканын айтты.
Б. Амиржановдун жоголгонуна байланыштуу адамдар Москвада жүргөнү, бүгүнкү күндө Ички иштер министрлиги тарабынан ал адамды Кыргызстанга которуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы маалым болду. "Россиянын тиешелүү органдары менен бул кылмыш ишке тиешеси бар адамды Кыргызстанга алып келүү (перевод) боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Акыркы кездерде Р.Шаботоевдин жоголгонуна байланыштуу жаңы фактылар ачылууда. Кылмышка тиешелүү Кыргызстандын атуулу Казакстанда деген маалыматтар бар. "Бул адамдарды кармасак тергөөдө бир топ маселелер чечилет эле", - деди М.Конгантиев.

мыктынын мыктысы аныкталат
Борбордо 25-марттан 29-мартка чейин мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасы өтөт. Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейин жана мектептен тышкары билим берүү башкармасынын башкы адиси Самара Умуралиеванын айтымында, олимпиаданын катышуучуларынын жалпы саны 400дөн ашуун мектеп окуучулары. Алар региондук мелдештерде биринчи орундарды ээлешкен. Олимпиада мектеп программасынын 12 сабагы боюнча эң күчтүү окуучуларды аныктайт.
Республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрү эл аралык мектеп олимпиадаларына катышмакчы.

Жүрөк оорусунан бир күндө 50 адам каза болот
Кыргызстанда жүрөк ооруларынан бир жылда 17 миң, бир күндө 50 адам каза болот. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматында ишке жарамдуу калктын арасында мээ инсультунан каза болгондор боюнча Кыргызстан Евроазия аймагындагы өлкөлөрдүн ичинен биринчи орунда турат. Ошондой эле акыркы 20 жылда республикада калк арасында кан айлануу системасына байланыштуу оорулардан улам каза болгондордун саны 35,1 пайызга өскөн.
Республикада жыл сайын тубаса жүрөк кемтиги менен төрөлгөн балдардын саны да өсүүдө. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевдин айтуусунда, өткөн жылы республикада жүрөк кемтиги менен 23 миңге жакын бала төрөлгөн. "Бизде мындай дартка кабылгандарга операция жасоо алгылыктуу деп айтсак болот. Бирок бир жашка чейинки балдарга операция жасоодо аксоолор, жетишпегендиктер бар. Бул багытта россиялык коллегиялардан тажрыйба алууга муктажбыз" - дейт М.Каратаев.

Шайырбек аттестациядан өтөт
УТРКнын "Ыр майрам", "Капкан шоу", "Унуталбайм" аттуу көрсөтүүлөрүн алып барып, жагымдуу үнү менен көптөгөн телекөрүүчүлөрдүн кумирине айланган Шайырбек Арапов бүгүн аттестациядан өтөт. "Бир айдан бери чуркап, даярданып жүрдүм, мунун жыйынтыгы теледеги тагдырымды чечет"-дейт Шайырбек. Эмне дейбиз, көптөгөн көрүүчүлөрдүн купулуна толгон берүүлөрдүн тушоосун кескен теле алып баруучуга ак жол!

Юрий Бобков аскерде ырдайт
Кыргыз тили үчүн күйүп -бышып, жан үрөп иштеген көп кырдуу таланттын ээси Юрий Бобков учурда мамлекеттик тилдин 20 жылдыгына карата Ысык-Көлдө өтүүчү эл аралык фестивалга даярданып жатат. Мындан сырткары, жакында өзү жетектеген "Досум Үсөн" тобу менен Москвага жана өзү кызмат өтөгөн аскердик бөлүккө барып концерт тартуулайт. "Эл эмгегин жер жебейт" демекчи, эки тизгин бир чылбырды колго алып жасаган ишинин майын чыгарган ырчыга ийгилик каалайлы.

Бакыт Букаев сулуулар конкурсунда байгелүү болду
Белгилүү шоумен Бакыт Букаев жакында болуп өткөн "Мисс Бишкек-2009" конкурсуна көрүүчү катары келип, көрүүчүлөр арасында уюштурулган добуш берүүдө байгеге ээ болуп, "Фирмадан" 3000 сомдук кийим сатып алды.

Радик өзбек кыздын сообуна калды
Ыр дүйнөсүнө жаңыдан кадам таштаган жаш ырчы Радик өзбек кызына жардам берип, сообуна калды. Кечээ күнү түнкү саат он эки жарымда да ырчы кафеден үйүнө баратса, эки жигит өзбек кызын коркутуп жатыптыр. Ошол замат Радик кафеден досторун жардамга чакырып, тонолгон кызды аман алып калышкан. Жигиттер качып кеткендигине байланыштуу артынан кууп жеткен эмес. Акчасынан, соткасынан кур жалак калган өзбек кызды үйүнө жеткирип, 75 жаштагы кыздын чоң энесинен бата алышты.

Дайыр Исмадияров паспортун жоготту
Учурда ырлары көпчүлүктүн көңүлүнөн орун таап, шоу бизнес чөйрөсүнө талыкпай канат каккан ырчы жигит айтылуу "Кыз-Бурак" тобунун Ошто боло турган концертине катышуу үчүн барып паспортун, мини дисктерин жоготуп алды. Урматтуу Ош шаарынын тургундары эгерде Дайыр Исмадияровдун паспортун таап алгандар болсо, редакцияга кайрылыңыздар. Сүйүнчүсү болот.

Жарыя!!! Жарыя!!!
Укпадым, көрбөдүм дебеңиз! Улуттук биринчи канал менен кыргыз цирки биргелешип даярдап жаткан "Жылдыздар манежде" долбоорунун 1-туру жакында кыргыз циркинин борбордук манежинен тартылат. Булардын ичинен өзүңүзгө өзгөчө жаккан талапкерлериңизди тандадыңызбы? Анда эле чамдаңыз! Колдоп, коргоп, кыйкырык сүрөөнгө алып, чыныгы күйөрманы экениңизди далилдеп кетиңиз. Биз сиздерди 28-мартта саат 16.00 кыргыз циркинен күтүп алабыз.
Сурап билүү телефондору:
68-68-18, 68-66-06.

Теле жылдызы болгуңуз келеби?
УТРКнын "Унуталбайм" жаңы теледолбоору 18-25 жашка чейинки таланттуу, келбеттүү улан-кыздар үчүн кастинг жарыялайт. Кимде-ким ташкындаган талантын, татынакай жүзү менен эфирге чыгуунун жолун табалбай жүргөн болсо бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай төмөнкү дарек аркылуу сүрөтүңүздү, өз дарегиңизди жибериңиз.
jashtar@list.ru

Бетти даярдаган Ж.Калдарова









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan