cаламат плюс

Жан сактагычтардын кызматы кандай
Шаарыбыздын көчөлөрүндө зымырык куштай сызып бараткан медициналык унаалардын үнүн гана угуп калганыбыз болбосо, эмне кырсык же болбосо кандай оорулуу адамды алып бара жатканына назар салбайбыз. Жагымсыз кырдаалга туш келип калып медициналык тез жардам чакырганыбыз менен алардын жумушунун канчалык деңгээлде кыйын экенин биле бербесек керек. Аларга кызыгып, ары түйшүктүү, ары жоопкерчиликтүү жумуштардын катарын толуктаган медициналык тез жардамдын кызматкерлеринин эл үчүн күйүп жанган бир күндүк иши мени кызыктырды. Борбор калаабыздагы медициналык тез жардамдын, медициналык техникалык тез жардам көрсөтүү кызматындагы 110-бригаданын мырзалары менен таң азандан күзөттө туруп, каякка чакыруу болсо алгачкы жардамды көрсөтүп жаттык. Кошумчалай кетсем, бул бригада он жылдан бери үй ичиндеги оорулууларды, тагыраак айтканда башы ооруп, кан басымы көтөрүлүп кеткендерди эмес, мушташып жаракат алгандарга, автокырсыкка учурагандарга, күйүп кеткендерге, жагымсыз кырдаалга туш болгондорго, деги койчу, көчөдө кандай кырсык болбосун баарынан жардамын аяшпайт экен. Эл үчүн жан үрөп жүргөн дарыгерлер эртең менен эрте саат 7 :30 да келип, кезек алмашып 8:00 дө "иш илгери болуп, кырсык жок болсун" деп иш башташат экен. Бүгүнкү күзөттөгү мырзалардын катарын дарыгер, 110-бригаданын жетекчиси - Рыскул уулу Улукбек, дарыгердин жардамчылары -Токталиев Нурлан жана Кенеев Рустам, айдоочу Маткеримов Болот жана кырсык болгон жерден чакырууларды күн - түн дебей кабыл алып отурган Гүлзат болду.

Алгач анча чакырыктар түшө электигинен шаарыбыздагы кыймыл- аракет жакшырып калган го деп ооз жыйганча биринчи чакырууга сапар тарттык. Бул жабырлануучу анчейин оор абалда эместигин жана кооптуу чакыруулар көбүнчө түн ичинде боло тургандыгын билдиришти. Жинди сууга тоюп алып эс-учун жоготкондордон баарын күтсө болот эмеспи. Мен бул жигиттердин катарында кошулуп жүргөнүмө кабатырланып жаткан кызматкерлер мастарды сүрөткө жакындан тартпашымды баса белгилешип, "биз сенин коопсуздугуңа да жооп берүүгө милдеттүбүз" деп менин жумушума кайдыгер карашкан жок. Өз ишин мыкты билген адистер бир гана дарыгер эмес психолог болуп калат экен. "Ким менен кантип сүйлөшүш керек экенин билүү зарыл, антпесе жиндилер менен жүрүп жинди болосуң" дейт Улукбек мырза.

Бул жерде фанаттар гана иштей алат
- Бул кызматта иштегендердин көпчүлүгү өзүнүн жумушун жан дили менен сүйгөн фанаттар деп атасак жаңылышпайбыз. Жыйырма төрт саат бою тикеден тик туруп иштеп, жарым сутка тамак ичпей жүргөн күндөрүбүз да болгон. Кээде жаракат алгандарга жардам көрсөтөлү десек кайрадан бизге атырылып, силерди ким чакырды деп бой таштаган учурлар кездешет. "Жиндиге теңелсең жинди болосуң" деп коюшат эмеспи. Кай бир учурларда араңдан зорго качып кутулабыз.
Чакырылган жерге бара жатып жол катары мындай көрүнүштөр бул кызматтагыларда күн сайын эмес саат сайын болуп тураарынан кабардар болдум. "Мындай чакыруулар көбүнчө майрам күндөрү абдан көп түшөт. Ал эле эмес ызасына чыдабай көзүн оюп алган учурду да көрүп жүрөбүз" дейт дарыгердин жардамчысы Токталиев Нурлан.
Вилка менен
көзүн оюп…
- Бир жолу адаттагыдай бизге мөөнөт келип күзөттө турсак бир кафеден чакырык түштү. Барсак кыз жанындагы жигиттин көзүн вилка менен оюп салган экен. Тийишкен жигиттерге ушундай чара колдонгон кыз жок дегенде төрт-беш жылга эркинен ажырашы да толук ыктымал. Көзүнө эмес бетине сайса жараат жеңилирээк болмок. Ал киши өмүр бою көрбөй калышы да толук мүмкүн, ошон үчүн ар бир ишти жасап жатканда кызуу кандуулукка алдырбаса жакшы болмок.
Антип минткиче болжогон жерге жетип барсак, апасы менен урушуп, жүздөн ашык таблетка, анан да дехлофоз ичип алган 25 жаштагы Сашаны көрүп оозум ачылып калды. Аны БНИЦТиОго (4-шаардык оорукана) алып барсак апасы да дал ошол ооруканага оор абалда жеткирилген экен. Эне менен баланын ортосунда кандай маселе көтөрүлгөнүн эстей албаган Саша болгону апасы экөө абдан чоң келишпестиктин айынан урушканын гана эстей алды. Станцияга жеткенче эле дагы башка чакыруу түшүп баңги зат колдонуп ооруканага түшкөн Владимирди башка ооруканага жеткирүү кызматын алдык. Эң өкүнүчтүүсү Владимир тирүү болгону менен жанындагы шериги оо дүйнөгө сапар алганы маалым болду. Мындай көрүнүштөрдү өмүрүмдө эмес жети уктасам түшүмдө көрбөгөн жаным өзүмө келе албай жатсам "Карындашым, бул эч нерсе эмес, кечинде мындан да оор абалдарды көрүүңө туура келет" деп күлүп жатышты. Станцияга кайра келип бул чакырыктар кандай жолдор менен түшөөрүн билүү үчүн диспетчер кыз Гүлзатка кайрылдым.
Алдап чалгандар
да толтура
- Мурда атайын 110 деген номерибиз бар болчу. Техника деген техника экен, кандайдыр бир себептер менен бузулуп калгандыктан, учурда 103-номер менен кабыл алабыз. Биз бул жакта ойноп жаткансып, алдап чалгандар да толтура.
Лезвия менен
моюнун кесип…
Аңгыча күүгүм кирип, саат жетиден өтүп калганда чакыруулар биринин артынан экинчиси түшүп жатты. Алардын ичинен жыйырма жаштагы Таня өзүнүн моюнун лезвия менен кесип алып өлүм менен өмүрдүн ортосунда жатканын көрүп жүрөгүм дүкүлдөп кетти. Биздин топ биринчи жардамды көрсөтүп жатты. Алардын кылып жаткан жумушун көрүп, мындай нерсени кинодо гана көргөнүм болбосо адамдын агып жаткан канын алгач көрүп жаткан жаным алапайымды таппай калдым. Канды абдан көп жоготкондуктан жаны кылдын учунда турат деп доктурлар жан талашып жатышса, тиги кыз "кереги жок" деп каршылык көрсөтүп, кээде "жанымды сактап калгылачы" деп жалбарып жатты. Жанына тойгон бул кыздын жалгыз эле картайган энеси бар экен. "Мен азыр өлөм, эне мени кечир" деп кечке кечирим сурагандан чарчаган жок. Мунун себебин, чоо жайын билүү үчүн, милиция кызматкерлери келгенче эле Улуттук Госпиталга жол алдык. Каны токтобой агып жаткандыктан дарыгердин жардамчысы Кенеев Рустам жоон кан тамырын колу менен басып кан токтотуунун биринчи жардамын көрсөтүп, тамырды шаардын чет жагынан госпиталга жеткенче кармап барды. Шумдугуң кургур, кинолорду жөн жерден жаратпайт экен да деп жетер жеткенче Кудайдан жаш кыздын өмүрүн тилеп жаттым. Өзү өлүм менен таймашып жатса да сүрөткө тартып жатканымды көрүп "тартпагылачы" деп жалдырап жатканын көрүп, намыстын күчтүүлүгүнө таң бердим. Какаганга муштаган болуп жол катар жол чырактын кызылы жанып бир топ ыңгайсыздык жаратып жатты. Автоунааларды " токтогула" десе, кенебей өтүп бараткандары да болбой койгон жок. Кудай жалгап оорулууну госпиталга жеткирип, биринчи кабаттан үчүнчү кабатка көтөрүп чыгып жараатын тиктирип, артка кайттык.
Бул жумушка өз ыктыяры менен келип адамдын жанын сактаганга көмөк көрсөтүп жүргөн Рустамды көрүп, тамырды кантип кармаганын элестете албай суроо үстүнөн суроо жаадырдым.
Чыкпаган жериңден тер чыгат
- Ээ, биз мындайды көрө берип, көзүбүз канып калган. Жардамга муктаж адамдарды кантип кыя карап өтөбүз. Жакшы, бүгүнкүсү дагы жер тамда жашайт экен. Кээде 9-12-кабаттардан көтөрүп түшкөн учурлар болот. Ошол кезде чыкпаган жериңден тер чыгат.
Биз артка кайтканда саат он бирге чамалап калган эле. Кечки тамакты жебегендиктенби, айтор, эч нерсе кылбаган менин алым кетип, шайым ооп калды. Жан сактагычтардын абалы кандай болду экен деп ойлондум. Эми эле тамактанып баштасак дагы бир чакыруу түшүп, жумуш дегенде ишкен ашын жерге койгон фанаттар менен кайрадан жолго чыктык.
Курсагынан
бычак жеп
- Онунчу кичи райондо болуп өткөн бул кырсык, карындашы болом деп өзүн тааныштырган суйкайган сулуу кыздын айтуусунда подъездден аны узатып чыкканда караңгыдан келип бычак сайышкан. Жаракат алган жигит шашып калгандыктан, бул иш кимдин кылганы экенин билбей калган.
Бирөөгө жардам берип, анын ыраазычылыгын уккан кандай гана сонун. Биз да кээ бирөөлөрдүн алкышына татысак, кай бирлери кайрадан бизди жаман көрүп жатса да баарына кайыл болуп станцияга жол алдык. Ары каардуу, ары коркунучтуу көрүнүштөрдү көрүп бул мырзалар менен таң атканча жүрсөм мындан да жаманын көрө тургандай сезилип, үйгө кетүүнү туура көрдүм. Бүгүнкү күзөттө саат сегизден, түнкү он экиге чейин тогуз чакыруу түшүп, анын ичинен төртөө абдан оор абалда болуп, калганы майда барат чакыруулар менен коштолду.
Урматтуу окурман, Жараткан "сактанганды сактайм" деген экен. Биз да өз жашообуз үчүн кам көрүп, жаман кырсыктардан алыс болуу үчүн жан үрөйлүчү. Бул кызматкерлер менен бир күн жүрүп, алардын кылган эмгегин, адам өмүрүн сактоо үчүн кылган аракеттерин өз көзүм менен көрүп, мындай түйшүктүү, өтө жоопкерчиликтүү жумушту аркалап жүргөн жан сактагычтарга ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалап өз жолума түштүм.

Нурзат Жусупова









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan