Билгениң оң

Дасторкон
Айымдар дасторконго кооздук берип, тамактын түрүн жасагандан тажабайт эмеспи. Мындан ары "Дасторкон" рубрикасы кайрадан сиздин кызматыңызда.
"Жазгы күн" салаты
Керектелүүчү азыктар:
400 грамм картошка, 300 грамм сабиз.
300 грамм тооктун эти.
200 грамм туздалган козу карын.
3 жумуртка.
Көк пияз, туз, майонез.
Даярдоо ыкмасы:
Картошка, сабиз, жумуртканы, тооктун этин бышыргандан кийин, картошканы кезек, ал эми сабизди майда тёркадан өткөрүп алабыз. Тооктун этин колго майдалап туурап, козу карынды бирдей чарчы кылып майда туурайбыз, жумуртканы тёркадан өткөрөбүз. Ал эми көк пиязды 10 мүнөт кайнак сууга салып туруу керек.
Баардыгын даярдап алгандан кийин, чоңураак тарелкага алгач картошканы жаябыз. Үстүнө майонезден сүйкөп, сабизди, андан кийин тооктун этин, кайра майонезди сүйкөп козу карындан анчалык көп эмес өлчөмдө гана себелеп коёбуз. Козу карындан кийин сабиз, андан кийин жумуртканы калың кылып жабабыз. Азыктардын баарын жаап бүткөндөн кийин тарелканын жээгин шакек кылып туураган көк пияз, жашылча менен кооздойбуз. Өз колуңуз менен жасалган "Жазгы күн" салаты менен дасторконго көрк кошо аласыз. Тамагыңыз таттуу болсун!

Акыл тамчылары
Адам жеш үчүн жашабай, жашаш үчүн жеш керек.
Адамдар эки топко бөлүнөт. Биринчисинин - тамагы бар, табити жок. Экинчисинин - табити бар, тамагы жок.
Жашоонун маңызы эмнеде? Башкаларга жардам берип, адамдарга жакшылык кылууда.
Жаманбы, жакшыбы, адам жашоосун басып өтүп, артынан аздыр-көптүр из калтырат. Ал изди эч ким, эч качан өчүрө албайт.
Ар бир күндү акыркыдай жашай алган адам, чынында бактылуу.
Жараткан ар бир адам канча көтөрө алса, ошончо гана сыноолорду берет.


Кызыктар дүйнөсү
Жүрөктүн формасындагы арал
Хорватияда аянты 108 кв метрди түзгөн арал табылды. Галешняк деп аталган арал жүрөктүн формасында. Мындай башкаларга окшошпогон өзгөчө аралды интернеттен башы чыкпаган, карапайым эле адам тапкан. Галешнякка ал жигит "сүйүшкөндөр аралы" деген экинчи атты ыйгарган.
Көпчүлүк саякатчылар бул аралда махабат майрамын белгилесе болчудай деген пикирге келишти. Буга чейин Галешнякка бир дагы тирүү жандын буту баса элек экен. Эми бул романтикалуу жайда эс алууну каалагандардын саны күн санап өсүүдө. Галешняк Адриатика деңизинде, Пашман аралынын жанында жайгашкан.

Муздан куралган чиркөөдө баш кошкондор көбөйдү
Швецариядагы муздан жасалган чиркөөдө баш кошууну каалагандардын саны саат сайын көбөйүүдө. Чиркөө өзү престелген кар, муз менен тургузулуп, полу жана эшиктери эликтин териси менен капталган. Муну менен эле чектелбестен каалганын кармагычтары эликтин мүйүзүнөн жасалган. Мындай ажайып жайга баш баккандарды ички жасалгасы, атайын скульптуралар да кайдыгер калтырбайт.
Баш кошкон жубайларга чиркөөнүн жанында муздан жасалган мейманканага бир түнгө жолдомо берилет. Быйылкы жылы муздан жасалган чиркөөдөн 150 түгөй баш кошсо, алардын теңинен көбү чет мамлекеттиктер, ал эми 90% ын британиялыктар түзгөн. Чиркөөнүн кызматкерлеринин алдына койгон дагы бир максаты - Япония, Кытай, Россиянын элдеринин көңүлүн өзүнө буруу.

Баткакка
аралашкан жарыш
Ар бир жылдын жаз айында америкалыктар баткактагы жарышты ишке ашырышат. Жалпак машина Америка менен Канадада 30-40- жылдардын аралыгында пайда болгон. Мурда автомобиль-амфибия менен мергенчилер саздактуу жерлерден оңой өтүү үчүн ойлоп тапса, азыр бул унаа америкалыктардын көңүлүн ачуучу куралы катары каралат.
Автомобиль - амфибия менен эң алгачкы жарышты 1943- жылы Флориданын тургундары уюштурушкан. Ал эми 40-жылдардын аягында жарышка катышууну эңсегендердин саны саат сайын өскөн. Бүгүнкү күндө оюндун шарты боюнча жарышка жалаң кыздар катышат. Алдыга биринчи оозуп келген жеңүүчүгө ылайга чыланган таажы кийгизишет. Билеттин баасы өтө кымбат болгондуктан, көрүүчүлөр кыймылсыз мүлктүн бирин сатып жарышты көргөн учурлар да кездешет.

Маркумду үйүңүзгө түбөлүк сактагыңыз келсе...
1903 - жылы Нью-Йоркто жашаган окумуштуу Джордж Карковски маркумду жерге бербей эле үйдө түбөлүк сактаганга болот деген демилгени көтөрүп чыгат. Жүрөктүн үшүн алган мындай сунушту көпчүлүк эл кабыл албай, терс пикирлерин билдиришкен экен. Анткени, Карковскинин ою боюнча сөөктү жерге бербей эле, атайын айнек идишке салып үйгө коюп койгондо, жакын адамың жаныңда болот деген максатты көздөгөн. Гигиенанын баардык талабына жооп берген "айнек идиш" азыркы тапта ишке киришти. Тактап айтканда, көзү өткөн жакын адамынын сөөгүн жерге бербей, үйүндө сактагысы келгендер үчүн атайын агентство кызматын көргөзө баштады. Адам баласы ашынып, эмне кылаар айласын таппай баратканбы деп мындай көрүнүшкө көпчүлүк окумуштуулар нааразы.


Банандын пайдасы
Бананды маймылдан кийин эле эң биринчи жолу байыркы египеттиктер оозуна алып, даамын татып көрүшүптүр. Бүгүнкү күндө ар бирибиз эле бананды жакшы көрүп жегенибиз менен баарыбыз эле анын пайдасы тууралуу биле бербейбиз.
Банандын курамында С, В витаминдерге бай жана сасык тумоодон сактап,чарчаганды көп сездирбейт. Бир күндө эки банан жеген адам организмин калий менен камсыз кылып, бир күндүк энергияны топтой алат экен. Норвегиянын окумуштуулары бананды күнүгө жеген адам кан басымы калыбына келип, ага эч кандай дарынын кереги тийбесин далилдешкен. Андан сырткары, бөйрөк, боору ооругандарга банандын жардамы чоң. Медиктер бул жемишти көбүнчө жаш балдарга, улгайган адамдарга көбүрөөк колдонууну сунушташат. Спорт менен машыккан адамдар короткон энергиясын эки банан жеп калыбына келтирсе болот.
Ал эми ашыкча салмагынан арылууну каалагандарга бул жемиштин зыяны чоң. Себеби, банандын курамындагы калорий картошканыкынан да көп. Кант диабети менен ооругандар үчүн банан табылгыс дары. Ал эми айымдардын айызы келген күндөрү банан жесе оорусу кыйла жеңилдейт экен.

Банан
маскасы
Банандан жасалган маска беттин баардык түрүнө ылайык келет. Ошон үчүн косметологдор бананды баардык косметиканын курамына кошушат. Ал эми өз колуңуз менен төмөндөгүдөй маска даярдасаңыз болот.
Кургак бетке - жакшы эзиле бышкан бир бананды бир кашык каймакка аралаштырып коюу ботко жасаңыз. Бетке эртең менен 15-20 мүнөт коюп, жылуу суу менен жууп коёсуз. Жыйынтыгында беттин түлөп кургаганы токтоп, жылмакай, жакшы түскө ээ болот.
Бырышка каршы - банан менен жумуртканын сарысын жакшылап аралаштырып, ага бир чай кашык каймак кошосуз. 20 мүнөт көздүн, уурттун тегерегине жаап туруп жылуу суу менен жууп таштайсыз. Мындай ыкманы бир жумада 2-3 ирет кайталаганыңыз оң.
Майлуу бетке - бетиңиз жылтырап, тынымсыз ысыктар чыга берсе, бананды бир чай кашык лимондун ширесине эзип, балга аралаштырасыз. Бетке текши жабылгандан кийин 10 мүнөттөн ашырбай шалфей же ромашканын суусун тундуруп жууш керек. Бул ыкманы эринбей бир аптада 3-4 ирет кайталасаңыз бетиңиздеги кара тактар, ысыктар кадимкидей кеткени сезилбей койбойт.

ден соолукка пайдасы
Бананда темирдин курамы көп болгондуктан анемияны да кандайдыр бир деңгээлде жеңе алат, гемоглобиндин калыбына келишине түрткү болот. Мээге да оң таасирин тийгизип, бананды көп жеген адамдын эске тутуусу, бир нерсени кунт коюп угуусу жогорулайт. Ошон үчүн студенттерге сессия учурунда көбүрөөк банан жеши сунушталат. Зарна болгондо, оозуңузга кычкыл даам келгенде дагы да болсо банан жардамга келет. Эртең менен тамакка табитиңиз тартпаса, бир нерсе жээрден мурда бананды жеп туруп артынан бир стакан жылуу суу ичсеңиз жакшы жыйынтык берет. Чылым чегүүнү таштай албай жүргөндөргө, банандын курамындагы калий менен магний никотинди жеңүүгө жардам берет.

Банан тууралуу кызыктардан...
?? Египетте банандын кандайдыр бир сыйкырдуу күчү бар деген ишенимде болушкан. Ошондуктан египеттиктердин көпчүлүк үйлөрүнүн чатыры банандын формасында.
?? Банан жалаң эле сары эмес, кызыл түстө да болот. Кызыл түстөгү банан алыскы жолго алып чыгууга жараксыз, бат эле эзилип кетет. Негизи эле бананды чала бышырып үзүп алышат. Анткени жасалма жол менен жетиле бышкан банан кыйла даамдуу болот. Банан 75-150 күндө бышат.
?? Банан бакта өсөбү, же жерде өсөбү? Бакта өсөт деген ойдо болсоңуз жаңылышасыз, анткени, банан пальмага түспөлдөш чөп. Жерден өскөн бийиктиги 10 метрге чейин жетип, диаметри 40 метрге жетет. Бир бутагында 300 дан болуп, жалпы салмагы 500 килограммга жетет.
?? Ив Сен-Лоран колдонгон косметика жалаң банандан болгон. Кээ бир маалымат булактарынын таркаткан маалыматтарына таянсак, ал крем даярдаш үчүн үйүнө жүздөгөн тонна банан толтуруп койгон экен.
?? Баарынан да банандын пайдалуу жактарын Индиянын жашоочулары таап чыгышкан. Банандын кабыгын басып тайгаланып жыгылган көрүнүш сизге таанышпы? Индиялыктар кайыкты сууга жеңилирээк түшүрүш үчүн кайыктын түбүнө банандын кабыгын жармаштырып коюшат. Бир чоң кайыкты сууга жеңил түшүрүү үчүн 20 миң банан керектелет.









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan