майрамтөр

"Мирбекке белектерди камдап койдум"
Ырчылар менен күйөрмандардын ортосунда алтын көпүрө болуп келе жаткан "Фанклуб" рубрикасынын бүгүнкү мейманы Мирбек Атабековдун чыгармачылыгын сыйлаган, талантын баалаган күйөрманы Миргүлдү төргө узаттык.

- Миргүл, Мирбек Атабековду канча убакыттан бери кумир тутуп келесиз?
- Эң алгачкы жолу "Сени гана" деген ыры менен сахнага чыккандан баштап, ушул убакка чейин чыгармачылыкта кандай жолду басып келгенин менден жакшы эч ким билбесе керек. Бир жолу жайында ооруп, №6-поликлиникага барсам, Мирбек да ошол жерге көрүнгөнү барыптыр. Бир ай ооруп үйүндө жаткан экен. Ошондо биринчи жолу батынып жанына барып таанышып, сүйлөшкөм. Өзү тууралуу айтып берип, мен жөнүндө кененирээк сурап маектешкенбиз. Өзүм сөзүн, обонун жараткан бир ырды уюлдук телефонума жаздырып алгам, ошону угузуп көрсөм ырдап чыкпайсыңбы дейт, мен ырчы болом деген ой үч уктасам да түшүмө кирген эмес. Мирбектин баарынан да бой көтөрбөгөн жөнөкөйлүгү, адам менен бат тил табышып кеткенин өз көзүм менен көрүп, баалагам. Ал эми экинчи жолу "Обон" гезити уюштурган концертте сахнанын артына барып, сүрөткө түшүп, кол тамга алгам. Мени эсинен чыгарбаптыр.
- Кээ бир күйөрмандар кумиринин гезитке чыккан сүрөттөрүнөн бери кесип алып сакташат эмеспи. Сизде да Мирбектин сүрөттөрү көп болсо керек...
- Жо-ок... Мен андай күйөрмандардын катарына кирбейм. Ушул күнгө чейин менде Мирбектин бир да плакаты жок, сүрөтү жакшы, тунук чыккан календарь болсо алайын деп караштырып койгонум менен көзүмө андайлар учурай элек. Сүрөттөрүн чогултпаганым менен бир да концертин калтырбайм. Ушул күнгө чейин беш жолу концерт койду, бешөөнө тең бардым. Акыркы жолу "Сагынам" деген концертине кечигип калып башынан аягына чейин туруп көрдүм. Жолуксам берейин деп бир топ белек камдап койгом. Кудай буюрган күнү жолуксам чогултуп жүргөн белектеримди өз колуна тапшырам. Бир жолу "Браво" телеберүүсүнөн сахнадан биротоло кетем деген билдирүүсүн угуп алып көзүмө жаш айланып, аябай жаман абалда болгом. Менин оюмча жалгыз мен эмес, бир топ эле күйөрмандары ошондой абалда болсо керек.
- Мирбек Атабековго мындай фанат болгонуңузга ата-энеңиздин көз карашы кандай?
- Атамдын, байкелеримдин иши деле жок. Апам болсо өзүң бил дегенчелик мамиле кылат. Кээде Мирбек Атабеков тууралуу окуп, угуп калган жаңылыктары болсо сөзсүз айтып келет. Кокус Мирбек катышкан концерттерге барганга акчам жок болуп калса берет. Мирбек Атабековдун акыркы чыккан ырларынан бери уюлдук телефонума көчүргөнгө аракет кылам. Анын репертуарындагы баардык ырлар телефонумда бар. Кокус телевизордон ырдап жатканын уксам сыналгынын жанында ошол замат даяр болом. Кээ бирөөнө Мирбек Атабеков жакпашы мүмкүн, бирок мен ал тууралуу терс пикирлерди угуп калсам дароо таламын талашып, болуша кетмейим бар.

А.Дүйшөналиева





Жөнөкөй жигит
Клип таржымалы рубрикасы жаш ырчы Султан Садыралиевдин "Жөнөкөй жигит" ырынын клибинде камтылган кызыктуу окуялардан маалымат берет.

Машинада жаралган сценарий
Динара Эсенгулова:
- Султан сахналаш достору менен Ош шаарында гастролдо жүргөндө Бахрам Азимовго жолугуп, ырдын текстин көрүп калат. Өзгөчө жөнөкөй жигит деген сөздөрү абдан жагып, Бишкекке мага чалып, "Динара эже, Бахрам байкеде сонун ыр бар экен, сөзсүз ушул ырды алалычы. Мага аябай жакты, шаарга барганда ырдап берем" деп ырдын эмне жөнүндө экенин айтпай эле мен уруксат бергенден кийин өзүнчө сүйүнүп алыптыр. Бишкекке келээри менен машинада кетип баратсак "Мен ушундай жөнөкөй жигит" деп образга кирип, ырдап берген. Экөөбүз ошол жерден ырдын аранжировкасы жазыла элек болсо да, ырга клип тартыш керек деген жакшы ойлорду жаратканбыз. Сценарийдин кандай боло турганын машинада олтуруп, ырдын мүнөзүнө карата түзүп койгом.
Султан уялып
ырдабай койгон
- Султандын буга чейин тартылган "Таарынбачы", "Мухаммед" аттуу ырларынын клиптерин тартып жатканда мынчалык кыйынчылыктарды байкаган эмеспиз. Анан дагы Султандын уялганын биринчи жолу клип тартып жатканда көрдүм. Мурда ырда деген жерден ырдап, бийле деген жерден бийлеп, клип жеңил тартылып бүтчү. Бул жолу айтканымды жасабай, мени абдан бушайман кылды. Аны мен кайдан билейин, көрсө, Орус-Славян университетинин алдында эшик шыпырып жаткан жеринде аны карап турган студенттерден уялган экен. Мен Султандын алардан уялып жатканын байкабай эле "Болбойсуңбу, бийлебейсиңби, образга кирбейсиңби" деп кыйкыра бериптирмин. Клип толугу менен эки күндө тартылып бүткөндөн кийин Султан "Мен уялып жатсам, сиз мени бол эле бол деп шаштырып, ого бетер урушасыз да" десе, аябай жаман болгом.
Ар кандай жыйырма беш шыпыргы
- Клипке жалпысынан отузга жакын каарман катышты. Негизги ролго кыздарды тандоодо абдан кыйналып жатып, модель агентинде иштеген кыздарды катыштырдык. Ал эми бийчи кыздарга атайын шаар тазалоо бөлүмүнөн форма алдык. Шыпыргыларды болсо кыздар өздөрү алып келишкендиктен, ар кимисиники ар кандай шыпыргылар болуп, боорубуз эзилип калган. Ошентсе да билдирбей тартканга аракет кылдык. Султандын концертинде жыйырма беш кызга жаңы шыпыргы сатып алып, жыйырма беш форманы убактылуу сурап алганбыз.
Султан Садыралиев:
"Продюсерим менен урушуп кеткем"
- Динара эже айткандай, бул клипке тартылып жатканда чындыгында абдан уялгам. Анткени, Орус-Славян окуу жайынынын алдында тартылгандыктан, студенттер кирип-чыгып бизди тиктеп, карап турушкан. Мен эшиктин алдын шыпырып жатсам, мага угуза "Ий ырчы Султан, жакшылап шыпыр" дешип мени шылдыңдап жатышты. Эки-үч ирээт продюсериме "башка жерден эле, эл азыраак жерден тарталычы" десем болбой, "тартыласың, убакыт тар" деп менин сөзүмдү уккусу келбей койгон. Клипте сууну чачкан жеринен бир топ кыйналсак, досум машина менен мага келип, сүйлөшкөн кызын тааныштырган учурунда кыз экөөбүздүн көпкө тиктешип калган жери күлкүлүү болгон. Кызыгы клипке катышкан кыздардын баарын Динара эже тапкандыктан, мен дагы, досум дагы аларды тааныбайбыз. Анан аны менен тиктеше албай кыйналгам. Тааныбаган кыздар менен клип тартылып жаткандыктан, мага клип эмес окуя чындап эле болуп жаткандай сезилип кеткен. Акырында продюсерим менен да урушуп кеткем. Кыскача айтканда, башынан аягына чейин уялып, эсимден кеткис клип болгон.
Айнура Султанова









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan