Бир собол

Мен киммин?
Мен киммин?
Мен бир акын жаман сары,
Колунда койкоңдогон калем сабы... - деп Байдылда акын айтып кеткендей, чын эле "сиз кимсиз?" деп айрым бир белгилүү замандаштарыбызга собол таштадык. Күтүүсүз суроо болду дешип, буйдала түшүп, каткырып күлүп, "оор экен" - деп ойлонуп да, ойлонбой да берген жоопторду алдык.


Ильгиз
Айтматов:

- Мен киммин?.. Мен эң биринчиден аксакалмын. Мен окумуштуумун, иштерман адаммын. Эң негизгиси мен дыйканмын. Анткени, жер иштетип жерден мөмө - түшүм алганды абдан жакшы көрөм.

Гүлшан
Молдоева:

- Мен адаммын! Энемин, сүйүктүү жармын. Мен дагы... элим үчүн кызмат кыла билген, кандайдыр бир пайызда күйөрман күткөн, мени ардактап көрө билген көрүүчүлөрү бар теле алып баруучумун.

Турусбек
Жумалиев:

- Мен бул жарык жашоо-до элиме ырахат, бийик көңүл тартуулагысы келип, сахнаны сыйлап, алып баруучулукка олуттуу мамиле жасаган адаммын. Жакшы ата болууга аракет кылам. Достукка бекеммин.

Салима
Балтаева:

- Мен ырчымын. Түгөйүмдүн сүйгөн жары, эки кызымдын мээримдүү энесимин. Элимдин патриот атуулумун, профессионал мугалиммин. Ага-туугандарымдын арасында эң кичүү эрке кызымын. Ошол...

Сапар
Эркебаев:

- "Мен киммин? Мен бир байкуш көчө кескен, ырдасам ырларым жүрөктү эзген"-деп Сапар сыздап ырдап жүргөнүнөн собол таштап:
- Мен байкуш эмесмин, ырчымын, - деген жооп алдык.

Лариса
Асанбекова:

- Мм... Аялзаты болуп жаралган соң, эне болуу эң биринчи орунда тургандыктан - энемин. Андан кийин адам катары адамдарга пайдамды тийгизип, жардамымды бере ала турган эжемин, карындашмын дегендей... Мен акынмын, парапсихологмун.

Топчубек
Тургуналиев:

- Мен азыр алты баланын атасы, он үч неберенин чоң атасымын. Дагы киммин?.. Укук коргоочу, саясий куугунтукка каршы комитеттин төрагасымын, оппозиция адамымын.

Канат
Култаев:

- Мен кимминби?.. Мен Кудайдын бир пендесимин. Өзүн орто бактылуу сезген адаммын.
- Эмне үчүн орто?
- Анткени, ата-энем бар үчүн бактылуумун, а бирок жарымымды таппай жүргөнүм үчүн толук эмес, орто бактылуумун деп жатам.

Роза
Шакирова:

- Эң алгач бактылуу энемин. Сүйүктүү жармын, анан ырчымын.

М.МОЛДОБЕКОВА, Р.АЛЫМКУЛОВА




"Кыздар" - сөздөрү жупуну, жарды ыр
Буга чейин "Жаргылчак" рубрикасы белгилүү ырчылардын эл оозуна алынып калган ырларын талкуулап келсе, бүгүн жаш ырчы Бекчоронун аткаруусундагы "Кыздар" аттуу ырын "Жаргылчакка" салдык. Албетте, бул ыр жакшы же жаман деген ойдон алыспыз. Жөн гана ыр дүйнөсүндө кандай орунду ээлеп жатканын билүү максатында белгилүү өнөр адамдарынын ой-пикирлерин ортого салдык.

Бекчоро, ырчы:
"Кыздар" жаштардын табитине жагат
- Бул ырдын сөзү, обону мага таандык. Талкууга салып жатканыңар мен үчүн абдан маанилүү. Себеби, сахнада бир жүргөн ырчылардын оюн сиздердин рубрика аркылуу билип алам. "Кыздар" аттуу ырым жаштардын табитине жагат деген ойдомун. Улуу муундар сөзсүз түрдө сындашса керек. Кандай болгон күндө да бардык нерсенин жаман-жакшы жактары бар эмеспи. Тескерисинче, мага ким, кандай сын айтаары кызык болуп жатат. Ырчылардын сын-пикирлерин көп эле алгылачы.

Бекчоронун продюсери,
Семетей Мырзаканов:
"Бул ырды укканда
эс алып каласың"
- Башка ырлардан "Кыздар" аттуу ыр жеңил-желпи жазылгандыгы менен айырмаланат. Кайгылуу ырларды укканда бардыгыбыз ойго чөмүлүп кетебиз. А бул ырды укканда кадимкидей эс алып, эч нерсени ойлобой жөн гана кыялданып аласың. Менимче, мындай ырлар кандайдыр бир деңгээлде биздин аудиторияга керек деп ойлойм.

Мерген Турган:
"Бекчоро ырларынын сөздөрүнөн аксайт"
- Азыркы жаңы чыгып келе жаткан ырчылардын аракети абдан жакшы. Болгону ырдын текстине маани беришпей, дикциялары начар болуп жатканын моюнга алгандары жакшы. Бекчоронун үнү жаман эмес, бирок ырларынын сөздөрүнөн кичине аксайт. Акындар менен иштешип, маанилүү ырларды аткарса жакшы болмок.

Сайра Момунбаева:
"Үндөрүнүн окшоштугунан башың айланат"
- Азыр чындыгында ырчыдан көп нерсе жок. Радиодон ким ырдап жатканы белгисиз, үндөрүнүн окшоштугунан башың айланат. Жаш ырчы Бекчоронун ырларына маани берип, башынан аягына чейин кунт коюп укпасам да, кээде кулак кагыш кылып калам. Бекчоро менен бирге эле жалпы жаш өнөрпоздор эптеп эле бир нерселерди ырдаганга өтпөй, маани-маңызына көңүл бурушса деп айтаар элем.

Жылдызбек Турсунбаев, акын:
"Бул ыр өтө эле жарды"
- "Турмушта кыздын аты улук, турмушта кыздын чачы улук. Дүйнөдө көрбөйт жакшылык, кыз сыйлабас макулук" демекчи, жаш ырчы Бекчоронун кыздарга басым жасап, аларга кайрылуу максатында алган темасы жакшы деп ойлойм. Бирок, жалпы жигиттердин атынан айтып жаткандан кийин жеткиликтүү деңгээлде өзүнүн ички сезимин, сүйүү сырын билдирсе болмок. Сөздөрү өтө жупуну, кайырмасынын уйкаштыктары кайталанма жана жөнөкөй. Ал эми саптарынын сөздөрү болсо, бешинчи класстын окуучусунун кара сөз менен жазган сүйүү катына окшош. Мен мындай ырларды укпайм. Буга чейинки Ж.Шералиев, Ч.Сатаев, Ы.Осмонкуловдордун кыздарга арнап ырдаган ырларынын жанында бул ыр өтө эле жарды. Батышты туурап, кооздогон кыйкырыктары ырды ого бетер бузуп жатканын сезип, чыгармачылыкта терең изденсе болмок.

Ислам Акматов, ырчы:
"Мага ырдын
обону жагат"
- Мага бул ырдын обону гана жагат. А сөзүнүн мааниси терең деле эмес. Обонго ылайыкталып жеңил жазылганы байкалып турат. Бекчоро чыгармачылыкта өзүнүн болгон аракетин жумшап келет. Ар бир ырчынын өзүнчө стили жана өз угармандары бар. Ошондуктан Бекчорого чыгармачылык ийгилик каалайм.




Кыздар
Сөзү, обону Бекчоронуку
Эртең менен келдим көлдүн жээгине,
Көлдүн жээгине жете бергенде.
Таанышып калдым кыздар менен,
Баардыгы тең сулуу, жүзү назик экен.
Сүйүнгөндөн жүрөгүмдүн оту жанды,
Суктандырып кыздар мени ойго салды.
Күлүмсүрөп арасынан бирөө калды,
Ошол сулуу жүрөгүмө сүйүү салды.

Кайырма:
Эй кыздар,
Назданып сулуусуңар.
Сүйүүнүн ырысыңар,
Жүрөктүн сырысыңар.
Эй кыздар,
Аккуудай сулуусуңар.
Махабат ырысыңар,
Табигат сырысыңар.

Канбай моокум улам артат сулуу периге,
Кайра-кайра сүрдөй качат менин демиме.
Салыштырып ал аркылуу мен периге,
Саамайынан сыласам деп эңсеп келем.
Жаз гүлүндөй ачылышат биздин кыздар,
Жылмайышып ойго салат биздин кыздар.
Же кыдырып табалбаймын издесем да,
Ай-чырайлуу жүзүңөрдөн атаганат.

Айдай сулуу биздин кыздар,
Күндөй сулуу биздин кыздар.
Суудай тунук биздин кыздар,
Биздин сулуу кыргыз кыздар.

Акыл Карачач









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan