дарамет

Азизхан Токонов:
"Чыгармачылыктан башка жашоону элестете албайм"
Кыргыз маданиятына аз да болсо салым кошуп, эстрада жанрында мукамдуу ырлары менен белгилүү болуп, "Сонун", "Аябадың", "Ак маралым" аттуу ырлары менен эл оозуна алынып калган "Учур" телетеатрынын үн режиссёру Азизхан Токонов "Жаңы ысым" рубрикасында.

- Азизхан, учурда белгилүү болуп, радиолордон тынымсыз кетип жаткан "Сонун" аттуу ырыңыз жөнүндө айтып берсеңиз?
- Бул ырдын сөзү Чынтемир Аскаровдуку. Биринчи жолу окуганда эле мага абдан жаккан. Тексти көтөрүп алып, кесиптешим Азат Дөөткуловго келсем, ал обонун жазып берген. Ал эми аранжировкасын экөөлөп жаздырганбыз. Учурда ырдалып жаткан ырларымдын баары сүйүү темасында десем болот. Эми жакында ата-энеге, туулган жерге арналган ырларды да тартуулайын деп жатам.
- Музыкалык билимиңиз барбы?
- Мен өзүм Мукаш Абдыраев атындагы музыкалык окуу жайын бүтүргөм. Үйлөмө аспаптар габой, чопо чоор, сыбызгы, саксафондо, чоордо жана комузда, фортепианинодо ойной алам. Чыгармачылыктан башка жашоону элестете албайм. Өзүм чыгарган обондорум бар, убагында ырга сөз жазып калчумун. Бирок сөз жазууга анча тиш өтпөй, "бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун" деген жакшы сөз бар го, анан акындар менен иштешейин деп чечтим. Учурда репертуарымда ондон ашык ырым бар, алардын ичинен төртөө радиолордон кетип жатат.
- Сиздин сахнадагы багыңыз жаш ырчылардын козу карындай жайнап турган маалына туш келиптир. Шоу бизнестин аурасы кандай экен?
- Бала кезден бери эле сахна менен байланышта болуп чоңойдум. М. Абдыраев мектеби музыкалык мектеп интернаты болгондуктан, музыканын сырларын толугу менен үйрөнүп чыктык. Башкача айтканда, профессионал музыканттардын катарына кошулуп калдык десем болот. Азыркы жаш ырчыларды жаман, жакшы деп айта албайм. Сахнада ырдап жүргөндөрдүн кээ бири таланты бар үчүн элге таанылып, ырчы аталып жүрүшсө, кээ бири таланты жок болсо да, сырткы келбети, жылдыздуулугу менен күйөрмандарга жагып жатат. Ошентсе да убакыт баарына калыс тараза болуп, кимдин канчалык деңгээлде мыкты аткаруучу экенин аныктап коёт. Шоу бизнестин аурасы мен үчүн ар дайым таза, себеби, адам өзүнө толук ишенсе, кыйынчылыктардан, жаңы кадамдардан коркпойт. Ар бир аткаруучунун өз угармандары бар деп ойлойм.
- Алгачкы кадам деп калдыңыз, атандашуулар, бут тосуулар байкалуудабы?
- Атандашуу керек деп ойлойм, ал эми бут тосуулар бар дегенге кошулбайм. Эгерде чыгармачылыкта атаандашуу болсо, өнүгүү, алдыга жылуу сөзсүз байкалат. "Башкага ор казсаң, өзүң түшөсүң" дегендей, кандай гана болбосун эч убакта бирөөгө жамандык каалабаш керек. Ал эми өзүмө айтылган сындарды туура кабыл алам жана жакын адамдарымдын, досторумдун сын-пикирин айтып, кеңештерин угууга даярмын. Табиятымдан билип-билбей сын айтып, кошомат кылган жан эмесмин.
- Алдыда кандай максаттарыңыз бар?
- Учурда "Вокал рекорд" деген аталышта жаңы студия ачтык. Буюрса жаштарга да жардам көрсөтүп, профессионал ырларды жазалы деген мыкты ойлорубуз бар. Ал студия төрт адамдан турат. Жакында сиздердин "Обон" гезити аркылуу студиянын алдында түзүлө турган бий тобуна кастинг жарыялап, тандоо туру менен улан-кыздарды кабыл алабыз. Төрөлө элек балага ат койбойт эмеспи, алдыдагы башка максаттарыбыз акырындык менен ишке ашса, өзүңүздөр күбө болосуздар.




Назира менен Нурзаттын чачташканы чынбы?
- Урматтуу "Обон" гезитинин жамааты, тилинен чаң чыгып, буудай кууруган телеалпаруучу Назира Айтбекованы жакында "Браводон" көрүп алып кадимкидей сүйүндүм. Бирок, Назира "Бравого" чыгам деп Нурзат Токтосунова менен чачташып кетиптир деген кеп уктум. Ушул чынбы? Мүмкүн болсо чын-төгүнүн тактап бере аласыздарбы?
Айпери, Токмок шаары.

Назира Айтбекова:
"Нурзаттын көзүнчө
тилимди тартып турам"
- Менин күйөрмандарым мага тынчсызданып, абалымды сурап жатканына рахмат. Мен дагы аларды аябай сагындым. Эми мен мындан ары буюрса "Браводон" чыга баштайм. Бир күнү Канат байке чалып "Назира эртерээк кел, эфирге чыгасың" деп калды. Эч нерсе оюмда жок УТРКга барсам Канат байке Мелис Асаналиевичке киргизип "Бравону" алып баруу үчүн Эрмек менен мени көрсөтүп жатканын айтты. Эми мен УТРК менен келишим түзүп, иштеше баштадым. Муну менен эле чектелбестен Түркиянын каналында да эмгектенип жатам. Ал эми Нурзат экөөбүз тууралуу айта турган болсом, экөөбүз эч качан чачташкан эмеспиз. Негизи эле Нурзат барбы, жокпу, иштеп жүрөбү, иштебей жүрөбү менин ишим деле жок. Балким, ал мен жөнүндө туура эмес пикирлерди айтып жүргөндүр. Нурзат менден улуу болгондуктан аны менен жаакташып айтышпай, анын көзүнчө тилимди тартып турам.

Нурдөөлөт кимден
таяк жеди?
- Урматтуу "Обон" гезити, жакында эле "Учур" телетеатрынын актёру, менин кумирим Нурдөөлөт Копоев ырчы Назминин туулган күнүнө барып таяк жегени чынбы? Угушума караганда ал азыр ооруканада экен. Ал-акыбалын, ден-соолугун билип бере аласыздарбы?
Нурдин, Бишкек шаары.

Нурдөөлөт Копоев:
"ооруканага башка
себеп менен жаттым"
- Менин абалыма тынчсызданып, сарсанаа болуп жаткан күйөрмандарыма чексиз ыраазычылыгымды билдирем. Ооба, Назминин туулган күнүндө кафеге барганым чын. Ошол түнү бөйрөгүмөн приступ болуп чыдабай, тез жардам менен ооруканага жеткиришти. Мени эч ким сабаган жок, эч ким менен мушташкан жокмун. Бул жөн гана элдин чыгарган ушагы болсо керек. Бөйрөгүмдө таш бар экен, аны суу менен түшүрмөй болушту. Кудай буюрса, он чакты күндө сакайып калам.













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan