техдүйнө

Автоунаалар тарыхы
ХХI кылым илим, билим, техника жагынан өнүккөн учур. Өткөн кылымда ата-бабаларыбыз ат, төө менен жол арбытып жүргөн болсо, учурда адамдын акыл-эси өсүүсү менен аттан да күчтүүрөөк болгон темир машиналарды ойлоп чыгарган. Анда эмесе, алысты жакын кылып көздөгөн жериңе заматта жеткирчү машиналар тууралуу азын- оолак кеп кылалы.

Мерседес Бенц
Мерседес кыздын ысымы. Мария Де Лас Мерседестин атынан келип чыккан. Котормодо боорукер деген түшүнүктү берет. Бул ысымдын темир затка коюлуп калуусуна Эмил Эллинек аттуу кишинин таасири чоң. Эллинек ысымды он жаштагы кызынын атынан ыйгарган.
1890-жылы Мерседес-Бенц машинасынын негиздөөчүсү Готлиб Даймлер өз устаканасын ачкан. Бул жайда өзү жүрө турган темир тулпарларды чыгарууну максат кылып, машинанын чыгуусуна чоң салымын кошкон Вильгельм Майбах аттуу устаны өз колуна алып, бирдикте иш алпарган. Мезгилдин өтүшү менен кичинекей устакана "Даймлер Моторен Гезелльшафт" деген ири компанияга айланган. Алгач ишкана жерде, сууда жана абада жүрүүчү техникалардын кыймылдаткычын чыгаруудан баштаган. Компаниянын андан ары өнүгүп кетүүсүнө Австрия-Венгрия империясынын консулу Эмиль Эллинек чоң көмөк берген. Жогоруда айтылгандай, машинага кыздын аты коюлушуна да Эллинектин заводко көрсөткөн акчалай жактан колдоосу чоң ролду ойногон.
1899-жылы Вильгельм Майбах бир топ жетишпегендиктери менен төрт цилиндрлүү "Феникс Даймлер" машинасын чыгарат. Машина эл күткөн жыйынтыкты бербей, көптөгөн техникалык азаптардын айынан кайрадан иштелип чыгууга жөнөтүлөт.
1901-жылы машина толугу менен иштелип чыккан соң Мерседес аты тартууланат. Ошондон тартып Мерседес машиналары чыгарыла баштаган. Эң биринчи үлгү болуп "Мерседес - 35Р5" чыгарылган. Так ушул машина кезекте чыгарыла турган машиналардын алгачкысы болуп калган.
1902-жылы "Мерседес Симплекс" 40|45PS жана 60PS үлгүлөрү чыгарылган. 60PS үлгүдөгү машина жакшы натыйжа берип, саатына 90км ылдамдыкта жүргөн.
1921-22-жылдары Готлиб Даймлердин баласы Пауль Даймлер атасы калтырган мурасты өнүктүрүү ниетинде 2В\95PS маркадагы алты цилиндрлүү машина чыгарып, ылдамдыкты дагы бир жарым эсеге өстүргөн. Кийинки жылы заводко жаңы орношкон инженер Фердинанд Порше, 2614см.куб. көлөмдөгү моторлуу 24|100|140PS үлгүдөгү алты цилиндрлүү машиналарды чыгарган. Фердинанд Поршенин келүүсү менен компания бир топ ийгиликтерге жеткен.
1926-жыл Мерседестин тарыхында чоң жетишкендик болгон. Себеби, эки ири фирма Даймлер менен Бенц кошулуп анын башчылыгына Фердинанд Порше дайындалган. Эки компаниянын кошулуусу жакшы натыйжа берип, 1930-жылы сегиз цилиндрлүү "Мерседес-Бенц 770" маркадагы машина чыгарылып, көлөмү жагынан эң чоң машина болуп калган. "Мерседес-Бенц" машинасы да өнүгүп отуруп, азыркы учурда C180K, C230, C200K Eleganse, ML350, R350, E500 4MATIC ж.б. көптөгөн моделдерин чыгарууда.

Мерседес эмблемасы тууралуу
Айлананын ичинде кеткен үч сызыкча биринчи жолу 1909-жылы Даймлер фирмасы тарабынан чыгарылган кыймылдаткычтарда пайда болгон. Ошол кезде "Даймлер Моторен Гезелльшафт" сууда жүрүүчү, абада учуучу жана жерде кетүүчү транспорттук техникаларынын, үч стихияда тең бирдей кызматты аткарган унаалардын логотиби болуп, үч сызык үч стихияны чагылдырып турган. Эмблеманын келип чыгуу тарыхы да 1880-жылы Готлиб Даймлер тарабынан ойлонуп табылган. Бүткүл дүйнөгө таанымал болгон Мерседестин күйөрмандары жакында эле анын 125 жылдык мааракесин белгилешти.





Фольксваген
Немистерге таандык болгон машинанын дагы бир түрү Фольксваген маркасы. Фольксваген машинасынын түптөлүү тарыхы Германиянын Вольфсбург шаарына барып такалат. Фольксваген деген сөздүн которулушу Фольк - эл, ваген - унаа деп которулуп, элдин унаасы деген түшүндүрмөнү берет.
Фольксваген чыгаруучу концерн 1934-жылы түзүлгөн. Биринчи элдик машинаны чыгарууга төрт жылдык өмүрүн арнаган Фердинанд Порше согуш башталаар мезгилге чейин заводду жаңыдан калыптандыра баштаган. Өнүгүү этапка келген маалда 1944-жылы согуш учурунда америкалык аба аскерлери тарабынан талкаланууга дуушар болгон.
1945-жылы согуш аяктаган соң, Англия тарабынан 20000 машинага "заказ" берилген. Бирок заводду калыбына келтирүү үчүн көптөгөн каражат талап кылынган. Мында да Англия элдик машинага Европа мамлекеттеринен биринчи жетүү үчүн концерндин кайрадан түптөлүшүнө жардамын аяган эмес. Биринчи болуп Фольксваген машинасынын "Жук" үлгүсүнөн отуз даана чыгарылган. Машиналардын чыгуусу менен Фольксваген бир топ популярдуулукка жетип "Жук" үлгүсү эң көп сатылуучу марка болуп калган. Учурда мындай наам жапондор чыгарган Тойота Королла машинасында катталган.
1950-жылдары учурдагы "Транспортёрдун" атасы "Булли" деген үлгүдөгү жүк ташуучу машинасы чыгарылып, көлөмү кадимки эле жашикти элестеткен унаанын кыймылдаткычы арт жагында жайгашкан. "Булли" модели учурдагы "Транспортёрго" айланганга чейин оңдолуп түзөлүп, көптөгөн өзгөрүүлөрдү өткөргөн.
Жылдан жылга өнүгүп отуруп Фольксваген машина базарында өз ордун тапкан. Элдин суроо талабы менен күнүмдүк жашоодо керек болгон өрт өчүргүч, адамдарды ташуучу автоунаалар чыгарылып, 1955-жылы Фольксваген миллионунчу машинасы сатыкка коюлган.
Кийинчерээк концерн "Гольф" моделин чыгарып, кардарлар ортосунда бир топ талаш-тартыштарды жараткан. Төрт цилиндрлүү кыймылдаткычы бар "Гольф" Германияга эле эмес бүткүл Европага экспорттолуп, "бестселлерге" айланган. Гольфтун артынан эле Фольксваген концерни "Пассат", "Поло", "Венто", "Жетта" деген үлгүлөрүн тартуулаган.
Машина сүйүүчүлөрдүн элегинен өткөн маркага менчик эмблема табуу керек болот. Изденип отурушуп "Фольк" жана "Ваген" сөздөрүнүн баш тамгаларын алып коюшкан. Ошондон тартып "VW" логотип менен чыгып келет.




Ауди
1868-жылы 12-октябрда Вининген шаарында Хорьхтордун үй-бүлөсүндө Август деген бала төрөлгөн. Хорьхтордун бүлөсү кедей жашагандыктан Август он үч жашында мектепти таштап атасына жардам берүүгө өткөн. Август жыйырма жашка келгенде Саксон окуу жайынын инженердик бөлүмүнө тапшырат. Окууну аяктаган соң кеме куруучу заводко орношуп, өзүнүн чеберчилигин кемелердин кыймылдаткычын жасоодон баштайт.
1896-жылы Лейпциг шаарында Карл Бенц тарабынан чыгарылган "Бенц-Велло" маркасын көрүп, машина чыгарууга дилгирленген. Карл Бенцке өзүн жумушка алуусу жөнүндө кат жиберип, жооп катары К.Бенц Хорьхту өз канаасына алып, жумуш менен камсыз кылган. Бенц тарабынан колдоо алган Август Эрендфельдде "А. Хорьх и Ко" компаниясын негиздеп, 1900-жылы биринчи машинасын чыгарат. Кесиптештери менен тил табыша албай калган Хорьх концернди 1909-жылы таштоого аргасыз болгон. Жумуштан бошоосу менен гана чектелип калбай, төрт аптадан кийин менчик "Август Хорьх Автомобиль" концернин ачкан. Бул компания да Хорьх атын алып жүргөндүктөн эски кесиптештери Августту сотко берет. Соттун чечими менен Август фирманын атын өзгөртүүгө аргасыз болуп аны алмаштырууга туура келип, Хорьх "ук" дегенди билдиргендиктен анын латын тилиндеги түшүндүрмөсү болгон "ауди" сөзүнө өзгөрткөн.
Дүйнөлүк согуштан кийин Германия экономикалык жактан жапа чегип ири ишканалар жумушун улантуу үчүн бири-бири менен кошулуусу же болбосо такыр эле жабылуусу керек болот. Андан ары өсүү үчүн Ауди БМВ, ДКВ жана Вандерер фирмалары менен кошулуп "Авто Юнион" деген фирма болуп калат. Төрт концернди бириктирген фирма машинасынын эмблемасын коюуда төрт шакекчени ойлоп чыгарган. Төрт тегерекче "Аудинин" эмблемасына түбөлүккө айланган.
Көптөгөн автоунааларды чыгарган "Ауди" фирмасынын "А6" үлгүдөгүсү учурдун эң ыңгайлуу машинасы болуп табылган. Германиядагы техникалык тез жардам пунктунун билдирүүлөрүндө 1000 чакыруунун 2.2 % гана "Ауди А6" үлгүсүнө тиешелүү болуп, дүйнөдөгү эң чыдамкай машиналардын катарына кирген.
"Ауди" компаниясы New Scientist журналы менен бирдикте өзгөчө конкурс өткөрүүсү жарыяланып, ким гана болбосун конкурстун талабы боюнча адам тарабынан чыгарылган жасалга жөнүндө кызыктуу маалымат жазып берсе, байгеге космоско саякатка барып келүүсү каралган. Ауди маркасынын күйөрмандары учурда асманга чыгып келүүгө даярданып жаткан кези.










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan