атактуулар ааламы

Макsим
марина абрамова
Сахнага чыкканына аз эле убакыт болсо да, бул ырчы кыз бир топ күйөрмандардын арзуусуна татыды. Демек, бул көрүнүш Максимдин тубаса талантынан, адамды өзүнө тартып ала турган жылдыздуулугунан кабар берет.

Максимдин жашоосундагы жетишкен бардык ийгиликтери оңой жол менен келген. Көп ырчылар сыяктуу эле кичинекей кезинен "ырчы болом" деген максатын ишке ашырууга ата-энеси чоң жардам көргөзгөн. Мектепте окуп жүргөндө Мэрайт Кэрри, Уитни Хьюстон жана Агузарованын ырларын аткаруу менен алектенген. Сабактан кечиккенде дайыма мугалимдерине "чыгармачылык мен үчүн жогору" деген жоопту кайтарчу экен.
Эң биринчи жолу он беш жашында сүйүүгө туш болуп, келечектеги ырчынын жүрөгүн Татарстандан келген Шулер аттуу музыкант жигит ээлеген. Шулерге Максим ушул күнгө чейин ыраазы, себеби, ал болбогондо ырчынын буту Москваны өмүрүндө басмак эмес. Шулер экөөнүн сүйүүсү көпкө созулбай, Максим андан качып Москвага келе берген.
Албетте, аны борбордо күтүп алар эч кимиси жок болгондуктан, биринчи күндөрү вокзалдарга түнөп, күндүз кечке шаар кыдырып жумуш издегенге туура келет. Чөнтөгүндөгү акыркы тыйыны түгөнгөндө вокзалдан кокусунан жердешине жолугуп калат. Кандайдыр бир мезгилге чейин үй-жай менен камсыз болгон Максимге эми жумуш издөөгө бир аз да болсо ыңгайлуу жагдайлар түзүлгөн.
Көп өтпөй эле көчөдө бийлеген топко кошулуп, өз ордун табат. "Көчөдө ырдап, андан кадимкидей ырахат алчумун. Албетте, мага атайын акча төлөнбөсө да, тамагым камсыз болуп, кийимдеримдин жеңин, этегин кесип рэппердикине окшоштуруп алчумун. Муну мен кооздук үчүн жасачу эмесмин. Ошол кезде кийимимдин жоктугун билгизбөөнүн амалы эле"-деп эскерет ырчы кыз. Ал эми Марина деген өзүнүн ысымын чоң сахнага чыгаарда Максим деп өзгөртөт. Балалык баёолугу көргөн адамды кайдыгер калтырбаган Марина "Gala Records" компаниясынын жетекчиси менен келишим түзөт. Максимде талант, компаниянын жетекчисинде акча бар болгондуктан эки мүмкүнчүлүктү бирдей пайдаланууга бел байлашат. Сөзү да, обону да өзүнө таандык "Нежность" аттуу ыры азыркы убакка чейин элдин оозунан түшпөй келет. Атагы таш жара баштаганда азыркы жолдошу, үн режиссёр Алексей Луговцовго жолугат.

Жеке жашоосундагы жашыруун сырлары
Аты элге тааныла баштаганда эле жашы өзүнөн улуу 25-35 жаштагы мырзаларды жактыраарын баса белгилеп келгени көпчүлүккө маалым. Карьерасына өтө чоң салым кошкон үн режиссёр Алексей Луговцов менен мектептеги кезинен бери тааныш. Алексей Марина Абрамованын музыка сабагынан мугалими болгон. Андан кийин экөө Москвадан жолугушуп, ырчы ага чогуу иштешүү сунушун киргизген. Алгач кызмат гана экөөнү байланыштырып турса, убакыттын өтүшү менен ортодогу сый мамилеси сүйүүгө айланат. Үйлөнөөрүнө экөөнүн тең көзү жетсе да мамилелерин кыйла мезгилге чейин кылдат жашырып келүүгө аргасыз болушкан. Мунун да өзүнчө себептери бар. Биринчиден Алексейдин аялы, бир кызы бар болгондуктан, жубайы менен ал убакта мыйзамдуу түрдө ажырашкан эмес. Экинчиден Максимдин ата-энеси илгертеден бери эле Алексей Луговицинди жактырышпагандыктан алардын мамилесине каршы чыгышабы деген кооптонуу экөөндө тең бирдей болгон. Бирок, шибегени капка ката албаган сыяктуу Марина менен Алексейдин мамилеси элге желдей тараган. Сүйүүсү, бактысы үчүн өзүнөн жашы эки эсе улуу режиссёр менен баш кошууга эч ким тоскоол боло алган эмес. Мамилесин ата-энеси менен азыркыга чейин оңдой албаса да, Марина азыр Алексейдин жубайы, Александра аттуу кыздын энеси.
Бойдок кезинде эле" кыздуу болсом атын Саша деп коём" деген үмүт-кыялдары чекесинен орундалып келе жатат. Уулдуу болсо Антон деген ысымды ыйгарат экен жана ырчынын айтымында балдары сөзсүз ырчы же артист болушат.
Башка ырчыларга салыштырмалуу Марина Абрамовага эротикалык маанайдагы чоң сунуштар чоң кызматта иштеген чиновниктерден көп түшөт. Алардын аягы ушул күнгө чейин токтой элек. "Мындай сунуштарга башында ыза болуп, кандай чара колдонсом деп санааркап жүрсөм, убакыттын өтүшү менен аларга маани деле бербей калгам. Ар ким өз деңгээлине жараша иш кылат эмеспи. Андан көрө менин чыгармачылыгыма колдоо көрсөтөм деген сунуштарын жиберсе алда канча жакшы болоор эле"-дейт улутунган Марина.
Ырчылыктан тышкары спорт менен машыккандыктан ырларынын клиптеринде коркунучтуу трюктарды жасаганды жакшы көрөт. Сахнага чыкканда эле көйнөк кийбесе, үстүнөн дайыма спорттук стилдеги кийимдерди түшүрбөйт. Машинага караганда мотоцикл менен жүргөндү жактырат.

"Тату" тобу менен эмне талашы бар?
Максим жаңы ырдап баштаганда эле "Тату" тобунун кыздары менен тытышып кетип өзүнүн тегерегине бир топ ызы-чуу чогулткан. Эң биринчи жолу Максим Абрамова сахнага "Заведи" аттуу ыры менен чыккан. Орто жолдон пираттар аны "Татунун" солисткаларына энчилеп берип коюшкан. Эмгегин тарттырып ийгенине жини келип, жемин жедирбеген Абрамова "Татулар" менен мушташып, алардын чачын жулганга чейин барган. Жыйынтыгында адилеттүүлүк Марина тарапта болуп, ага материалдык жана моралдык чыгымдар төлөнүп берилген. Бирок ушул тапка чейин Максим "Тату" менен бирге чакырылган кечелерге барбайт, барса да такыр учурашпайт.
Ал эми кээ бир сахналаштары менен жылуу мамиледе болсо, көпчүлүгү менен сүйлөшпөйт. Ырчылардын кээ бири Маринага ачуусу чукул, бой көтөрүп жүрөт деген мүнөздөмө беришсе, көпчүлүгү аны эрте эле жылдыз оорусуна чалдыгып, ушул күнгө чейин айыга албай жатканын байкашкан. Шоу-дүйнөсүнө жаңы аралаша баштаганда маселелерди уруш-талаш менен чечсе, азыр тынч жолду тандап, ага көнө баштаганын жашырбайт.
Айрым маалыматтарга таянсак, Примадонна Максимдин чыгармачылыгына бут тосуп, далай сыйлыктардан кур калтырган. Албетте, Алла Пугачёва өзү кылган ишин мойнуна албаганы менен айланадагыларга бул иш айкын эле билинген. Азыркы учурда Марина менен Алланын мамилеси ысык болбосо да сый. Максимдин жашоодогу урааны "Жамандык кылган адамга жакшылык менен жооп берүү".
Азыр 27 жаштагы ырчы кызын чоңойтууну алдыңкы орунга койгон. Андан тышкары үйүндө эки күчүгү бар. Тарбия берип чоңойтуп, ушул даражага жеткирген ата-энесине, Казаньга бир жылда эки жолу барганга үлгүрөт. Маринанын хоббиси-сүрөткө түшүү. Бош убактысынын бир мүнөтүн да текке кетирбей фотосессияга барып, рахат алат. Ал эми ымыркайын бала багуучу жалдабай эле өзү багып жатат.




  Шоу жаңылыктар

Валерий Леонтьев юбилейин өткөрдү
60 жашка чыккан алтын үндүү ырчы Валерий Леонтьев сахналаш достору жана туугандары менен юбилейин белгиледи. "Роллс - Ройс" темир тулпарын чет мамлекеттен алдырып келип, өзүнө-өзү белек кылды. Анын айтымына караганда, бул машинаны сатып алууга бир миллион доллар жумшаган жана өмүр бою ушундай тулпар алыш үчүн талыкпай иштеп келген.
Белгилей кетсек, "Роллс - Ройс" аттуу лимузин чанда гана кездешет. Азыркы тапта Максим Галкин менен Тиграна Кеосаяндын дал ушундай машиналары бар.
Сергей Лазарев автокырсыкка туш болду
Белгилүү ырчы Сергей Лазарев Санкт - Петербург шаарынан автокырсыкка туш болду. Катуу ылдамдыкта келе жаткан "Мерседес" маркасындагы унаа менен бет маңдай сүзүшүп, машинасы керектен чыккан. Концертке шашып бара жаткан Лазарев ошол жерге машинасын таштап коюп, концерт боло турган жерге бирде жөө басып, бирде чуркап отуруп бир саат убакыттын ичинде жеткен. Өзүнүн репертуарындагы ырлардан эки-үчтү аткарып коюп, кырсык болгон жерге келсе милициялар тергөө ишин башташыптыр. Сергейдин күнөөсү жок болгондуктан, айдоочулук күбөлүгүн кайтарып беришкен. Ушуну менен ырчы жигит үч жолу жол кырсыгына туш болуп отурат.

көп балалуу болгусу келген Глюкоза
Жашыруун ысымы менен көпчүлүккө таанылган Наташа Ионова дагы бир балалуу болууну максат кылууда. Анын тилеги көп балалуу болуу жана карьерадан да четтебөө. Эң негизгиси тубаса таланты бар адам эч качан чыгармачылык жактан артта калбайт. Ал эми көп балалуу болууга Глюкоза азыртадан кам көрө баштады. Азыркы учурда ал убактысынын көбүн баласы менен өткөрүп, чыгармачылыгына жаңылык киргизе элек. "Эгерде үй-бүлө менен сахнаны тандай турган болсом, ойлонбостон балам менен жолдошумду тандайм" - дейт ырчы.

Николай Фоменко ата болгону турат
Шоумен Николай Фоменко 32 жаштагы жубайы Наталья Кутобаеваны төрөт үйүнө жеткирди . Төрөөрүнө саналуу күндөр калса да, болочоктогу эненин ден соолугу жайына келбей, өзүн начар сезүүдө. Анткени, буга чейин тайып кетип жыгылып, боюнан козголгон болчу. Эми ал азыр ак халатчандардын кароосунда. Эгерде Наталья өзү төрөй албаса, баланы кесип алышаарын доктурлар алдын ала эскертишүүдө.

















Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan