Айыз келгенде жыныстык жашоонун коркунучу барбы?
Канчалык кыйын болсо да түгөйлөр жыныстык жашоосунда кээ бир чектөөлөрдү койгонго аргасыз болушат. Бүгүнкү күндө айымдын этек кири келгенде жыныстык жакындыкка барганга болобу же болбойбу деген суроо көп талаш - тартыштарды жаратып келет. Айыз келген учурда көпчүлүгү аялдарды ыплас деп эсептешип, бул маалда жин - шайтандарды, күтүлбөгөн кырсыктарды чакырат деген түшүнүктө болушкан. Ушундан улам Африканын айрым урууларында көпчүлүктөн бөлүп салышкан. Анткени, жагымсыз жыт жырткычтарды азгырып, дегеле адамдын көңүлүн өзүнө ашыкча бурат деген ойдо болушкан.
Заманбап түгөйлөр мындай жагымсыз кырдаалдан чыгуунун жолун ар кимиси өз алына жараша тандашат. Медиктер да айыз учурунда жыныстык жакындыкка барууга тыюу салышпайт. Болгону мындай учурда башка күндөрдөн өзгөчө кылдат болууңуз зарыл.
зыяны:
??Инфекция менен бактериялардын жугушуна эң ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Аялдын жатыны мындай күндөрү өзгөчө сезимтал болот.
??Жыныстык катнаш учурунда оорутуулар эки эсе көбөйөт, айыз күндөр адаттагыдан узарышы мүмкүн.
??Жагымсыз жыт итиркейиңизди келтирип, сизге да өнөктөшүңүзгө да жагымсыз жагдай жаратат.
Пайдасы:
??Дал ушул күндөрү бат дүүлүгүп, секске болгон кызыгуусу эки эсе артат.
??Жыныстык жакындыктан соң оору бир аз да болсо басаңдайт.
??Жиниңиз көп келбей, өнөктөшүңүздүн колдоосуна, бөтөнчө мээримине бөлөнөсүз.
Ал эми гигиенаны төмөнкү жолдор менен сактоого болот.
??Айыздын эң алгачкы жана акыркы күндөрү жыныстык жашоо тууралуу унута туруңуз.
??Алгач сөзсүз душка же ваннага түшүп алуу зарыл.
??Шейшеп булганып калышын каалабасаңыз, дегеле өзүңүзгө ыңгайлуу болуш үчүн шейшептин үстүнө кочкул кызыл түстөгү сүлгү салып алганыңыз туура болот. Колуңузга салфетка алып алганды унутпаңыз.
??Статистикага таянсак, СПИД жуктуруп алуу коркунучу дал ушул күндөрү өзгөчө кооптуу экен. Боюңузга бүтпөйт деп эч ким кепилдик бере албайт. Ошондуктан жагымсыз жагдайды артка калтырууга сизге презерватив жардам берет. Колдон келишинче жыты жогунан жана сапаты мыктысынан тандаңыз.
Баардык кылган аракетиңизге карабай жолдошуңуз мындай күндөрү жакындашуудан баш тартса, көңүлүңүзгө жакын алып, маанайды түшүрүүнүн кереги жок. Балким, анын да жүйөөлүү себептери бардыр. Ал эми мырзалар бул күндөрү сүйүктүүсүнө колдон келишинче мээримин төгүп, жумшак мамиле жасашы керек.




Айымыңыз кандай ич кийим киет?
Албетте, ар бир эркек бийкечтин мүчө-келбетине, анан ич кийимине көңүл бурат. Сүйүктүүңүздүн кандай түстөгү ич кийимдерге басым жасаарын байкап, анын темпераментинен, мүнөзүнөн кабар ала аласыз.

Кара түс
Жашоодо бардык нерсеге жөндөмү бар. Өз күчү менен көп ийгиликтерге жетип, жашоодо эң кымбат нерселерге басым жасайт. Төшөк жаатында сүйүктүүсүнө өзүнүн каалоолорун аткартмайын жаны тынбайт. Көп учурда демилгени өз колуна алып, өнөктөшүн эриктирбейт. Бир аз өзүмчүл болгону менен боорукер.
Ак түс
Жашоодо назик, сезимтал жандар. Секс жаатында баардыгы өзү каалагандай болбосо жандары тынбайт. Өзүнүн табият берген сулуулугун баса белгилегенден тажашпайт. Түгөйүнө кээде муздак мамиле жасап, түрдүү сыноолордон өткөргөндү жакшы көрөт. Жашоодогу урааны "Кандай жол менен болсо да, беттегенин бербей максатына жетүү".
Көк түс
Тынчтыкты, бир калыптагы жашоону жактырат. Сүйүүдө бир эле агым менен жүрүп, төшөктө тажрыйбасы дээрлик жокко эсе. Карьераны биринчи орунга коюп, кызматы үчүн көптөгөн курмандыктарга баргандан да кайра тартпайт. Ошентсе да табышмактуулугу, сүйкүмдүүлүгү менен эркектердин көңүлүн бат арбап, өзүнө оңой азгырат.
Көгүш түс
Ал эми көгүш түскө басым жасагандардын жан дүйнөсү дайыма жаш, жеңил жүрөт. Кареги менен тең айланган эркектин кылган кызматынан, көрсөткөн сыйынан да сөзсүз бир кемчилдик табат. Ачык айрымдуу, жоопкерчиликтүү, өнөктөшүнөн да ошондой мамилени талап кылат. Төшөктө темпераменттүү келип, сүйүктүүсүн такыр нааразы кылбайт.
Жашыл түс
Өзүнө керектүү баардык шарттарды түзө алат.Чыдамкай, жан дүйнөсү бай келишет. Мындай түстөгү ич кийимдерди кийген бийкечтер сүйүүгө чанда гана кезигишет. Түрдүү ыкмалар менен сүйүктүүсүнүн көңүлүн алууга дайым даяр. Төшөктө өтө эле назик келип, кокус өнөктөшү тарабынан орой мамилеге туш келсе дароо "муздак аялга" айланышы мүмкүн. Негизи эле мындай айымдар бир нерсени бат жактырып, бат көңүлү калат.
Сары түс
Жакын адамдарын кубантып, көңүлүн көтөргөндөн кадимкидей ырахат алат. Бир таанышкан адамы менен бат тил табышып алып, ичи койнуна киргенге эптүү. Интимдик жашоодо активдүү болуп, бири- бирине окшобогон сунуштарды киргизип, өзүнүн да, өзгөнүн да жашоосун кооздой алат. Булардын бир чоң кемчилиги ашыкча эрке, обу жок жайы бар.
Күлгүн түс
Куурчактай келбети менен көңүлдү азгырса да жүрөгү муздак. Эркектердин материалдык абалына басым жасашат. Кокус түгөйү менен уруш - талаш болуп кетсе,таламын талашпай дароо баш ийип беришет. Керектүү жерден алсыз, кылыктуу да боло алат. Айтор, мындай айым менен өмүр сүргөн эркектин жашоосун театрга салыштырса болчудай.
Кызыл түс
Эрки күчтүү, чечкиндүү, жини келгенде алып учкан, достукка бекем, сүйүүгө туруксуздардын түсү. Намысына тийгендердин таш талканын чыгарат. Сүйүүдөгү девизи - дайыма энергияны топтоо. Кызыл түстөгү ич кийимдерди кийген айымдардын кээ бири сүйүүсү үчүн, өз кызыкчылыгын көздөп бирөөнүн үй - жайын бузуудан да кайра тартпайт. Ушундай айым менен тыгыз мамиледе болсоңуз, сизге эки эсе сак болуу кажет.
Күрөң түс
Жашоодо түнт, ызы - чууну жактырбаган жандар. Куру кыялга баткандан көрө каалаганын иш жүзүнө ашырганды артыгыраак көрүшөт. Каада - салтка басым коюп, төшөк маселесиндеги оюндар анын көзүнө өтө эле өөн учурайт. Ошондон улам кокус сиз махабат майданында түрдүү оюндар менен ыкмаларды колдонууну канчалык каалап турсаңыз да, айымыңызга анын бирин да сунуштабаңыз. Ошол жерден катуу сөз угасыз, же экинчи сүйлөгүс кылып таарынтасыз. Тилекке каршы, күрөң ич кийим кийгендер ашкере эле уялчаак болушат.




Кызык экен
??Бир күндө 11000 миң Американын жараны жыныстык катнаш учурунда ойго келбеген ыкмаларды(позаларды) колдонобуз деп жаракат алышат. Андан сырткары калктын төрттөн бир бөлүгү генофобия (сексуалдык жакындыктан коркуу) менен жабыркашат.
??1919 - жылы трансплантолог Сергей Воронов эркек маймылдын жыныс мүчөсүн адамга салып көргөн.
??Рим империясында бойго бүтпөш үчүн какос өсүмдүгүн пайдаланышкан. Бул ыкма азыркы күндө Африкада колдонулуп келет.
?? Жыныс мүчөнү чоңойтуу үчүн операция жасаганга (батышта) 6000 миң доллардан 20 000 миң долларга чейин керектелет.
??Орто эсеп менен ар бир он үчүнчү эркек тукумсуздуктан жапа чегет. Болжол менен эркектер 17 жашында биринчи жолу жыныстык жашоого аралашат.
?? Америкалык эркектердин 60%ы сүннөткө отурат.
??Кофени көп ичкендер жыныстык катнашка аз барышат экен. Бирок ошол эле учурда кофени аз же такыр ичпегендерге салыштырмалуу көбүрөөк ырахатка батышат.
?? Америкада орто эсеп менен бир күндө үч аял, беш эркек жынысын алмаштырат.
??Дүйнө жүзү боюнча ар бир үчүнчү адам Камасутраны окуп, китептеги ыкмаларды пайдаланат.
??"Секс арыктаганга пайдалуу" деген ой ар бир экинчи адамдын мээсинде. Анткени, бир жолку төшөк оюну 200 калорийди өлтүрүп, 40 мүнөт жөө чуркаганга барабар. Андан сырткары статистика көрсөткөн жыйынтыкка таянсак, сексуалдык жашоосу активдүү адамдар депрессияга түшүшпөйт экен.










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan