Окумал

Селсаяктын ыйы
(трагедиялуу окуялардан турган баян)
Автордон:
Окурмандарга түшүнүктүү болсун үчүн айтаарым... Бул чыгарманын башаты-жол жүрүп келаткандагы селсаяк абышканын айтып бергени боюнча окуя көркөмдөлүп, сандан-санга берилип жатат. Анткени, абышканын өзү көмүскөдө калып, абышка селсаяк - Токуштун кенедейинен азыркы абалына чейинки тагдыры ар бир учурдагы окуя менен сүрөттөлүүдө.

Бат эле мергенчилер, милициялар чогулуп калышты. Аларды жетектеп жүргөн офицер баардыгына үйрөтүп атты:
- Эми, байкагыла. Чындап "желмогузбу?" Болбосо, атайын коркутуп, тоноп кетүү үчүн барган, жашырынган, болгондо да биз издеген кылмышкерби? Айтор, эмне болсо да өтө кылдат, сак болгонуңар оң. Өзүңөр билесиңер, биз издеген кылмышкер болсо, ал куралчан. Кутулуш үчүн ок чыгаргандан кайра тартпайт. Өйдө жактан ылдыйга ок чыгарып, таш тоголотуп, керек болсо көчкү жүргүзүшү мүмкүн. Ошондуктан ар бириңер жоопкерчиликтүү болгула. Жөндөн-жөн эң биринчи ок чыгарбагыла, дагы айтып коёюн. Тарсылдактан кар көчүшү мүмкүн экенин билесиңер. Азырынча жылгача менен, мүмкүн болгон жерге чейин аралыкты беш метрден кем эмес кармап бастыра берели. Кокус, өйдө жактан ок чыга турган болсо, аттан ыргып түшүп, таштарга жашынгыла. Андай болгон күндө мыкты мергенчи деген силердин эмгегиңер билинет. Анткени эки ок чыгарып эмес, бир ок менен жайлоо керек. Ар бириңер менин командамды уккудай болгула...
Айткандай милициянын офицери өзү алдыга түшүп, аралыктарын алыс кылышып, жылгача менен жөнөштү. Тиктегендери өйдө жак. Ар биринин көзүндө кара көз айнек. Чакыйган күндүн нуру менен кар көздөрүн карыктырып ийбеш үчүн тагынышканы белгилүү эле. Мергенчилер беш атаарларын оңтойлуу өңөрүп кармашса, милийсалардын колдору тапанчаларын ала калууга даяр эле.
Акыры, улам өйдөлөп отурушуп, үңкүрдү көрүштү. Милициянын офицери айрым-айрым жерге бирден бөлүштүрүп, үңкүрдүн ооздорун мээлеп, алдыңкыларды коргоп турушмак болду. Офицер үч-төртөө менен үңкүрдү көздөй куралдарын мээлей, сактана жүрүп отурушту. Үңкүргө жөө чыкчу тектирчелер менен жашына басып, эч дабыш билинбегенден улам, үңкүрдүн оозуна жетишти. Ич жагына мээлеше, көз үйралта карашып, эч нерсе жок экендигине көзү жетишкен соң гана төр жагына өтүштү. Ал жерде күйгөн чырпыктын күлүнөн башка эч нерсе жок эле.
- Качырып жибериптирбиз! Бирок, алыс кетпеген да болушу мүмкүн. Үңкүрдү бир-эки күн шек билгизбей кайтарыш үчүн төртөөңөр калгыла. Силердин калганыңарды "желмогуз" билбеш керек. А, калганыбыз болгон жерди издеп көрөлү. Вертолёт чакырабыз,-деген офицер команда берип атты. А, бул кезде...

Тентүү
Көзүнүн жашын тыйбай шолоктогон Токушту аяп кетти, Нурак. Токуштун чачы өсүп, кирдеп, чыныгы жапайыдай ырайы кеткен... "Байкуш бала, жаш туруп ушинтип тентип калабы?! Бактысыз экен да. Атасынын аракечтиги, акмакчылыгы балдарына тийип калганын карабайсыңбы. Айлам жок. Айлам болсо канатыма калкалап, тумшуктууга чокутпай, тырмактууга тыттырбай коргоп калбайт белем! Өз күнүн өзү көрсүн. Башка эмне кылмакмын?!"-деп ойлогон Нурактын да заманы куурулуп турду. Аста жумшара акыл айтып кирди:
- Кой эми, ушунча нерсе башыңа үйүлүп калды. Жигиттик кылып баарына көнүшүң керек. Өзүңдү чөгөрбөй, акыл менен иш кыл. Балким, кайра эле таякең жакка, карындашыңа бараарсың. Сени кечиришсе, сага жеңилдик болот. Ушинтип качып жүргүчө, таякелериң куткарып калаар. Же айылдагы туугандарың эле, баккан ата-энең жардам берээр?!.
Токуш акыры түшүндү. Жашын сүртө, боюн түзөп, чымыркангансыды.
- Болуптур, Нурак байке, бүгүн түнү бул жактан кетем. Сизге ырахмат! Аман болсом кылган жакшылыгыңызды актаармын. Бул жердеги болгон оокатыңызды алып кетиңиз. Мен сизди көргөн жокмун, тааныбайм дагы. Сиз дагы мени билбейсиз. Эмне болсо да эми бул жерде болбойм,-дей берип, кайрадан жашын тыя албай Нуракты кучактап калды.
Үңкүрдөгү идиш-аяк, төшөнчүлөрдү жыйып атканда Токуш баягы карышкырдын терисин ороп, Нуракка сунду:
- Муну алып калыңыз. Өзүңүз мени ушундан сактап калдыңыз эле. Кереги тиет.
- Кой айланайын! Мунун айынан мен да балээге кабылбайын. Тилалсаң, Токуш, талаа-түздө жүрүп каласың, өзүңдө эле болсун. Жамынсаң жабуу, салынсаң төшөнчү болот. Сыйга тартуу кылсаң акча болот. Айтор, өзүң эле алып жүр. Анча-мынчага кереги тиет, мобул акчаны ал. Анан, айтып коёюн, мындан ары эч качан кылмышка кириптер боло көрбө. Жашың, келечегиң кор болот. Башка айтаарым жок...
Нуракты кучактап алып көпкө шолоктоп ыйлаган Токуш жылдыздуу караңгылыкка сиңип дагы тентүүгө аргасыз болду.




- Апам өтө салабаттуу кайрылды. Ал Бахиддин алдында өзүнүн кадыр-баркын түшүргүсү келбеди окшойт деп билдим мен мунусун. Карамат мындай болоорун күтпөсө керек, чебелектеп жиберди.
- Кайсыны айтып жатасыз?
- А-апей, кызыксыз го. Бая күнү сиз мени атайы издеп барып бирдеме деп айттыңыз эле, ошонун чын-төгүнүн билели деп биз баарыбыз мында келип отурабыз. Эгер чын болсо, мына азыр мойнуна коюп бериңиз, калганын мен башкача закон менен сүйлөшөйүн.
Апамдын мынчалык токтоолук менен сүйлөшкөнүн биринчи жолу көрүшүм. Абдан таңдандым, чынында мага кыйкыргандай экөөнү тең беттен алат го деп ойлогом. Карамат өзүн коёрго жер таппай, бирде жоолугун оңдонуп, бирде этегин кармалап ыңгайсыз абалда калды. Бир кезде эсине келгендей:
- Сиз кайсыны айтып жатасыз? -деди акырын шыбырап. Бул апамды катуу таң калтырды. Ал мындай болоорун күтпөсө керек.
- Апе-ээй, ботом ал эмне дегениңиз? Эмне, жакшылап эсиңизге салайынбы? Анда, сиз мага үйгө чейин барып, Бахиддин тигил жакта аялы бар дедиңиз эле, ошонусу чын болсо, мен бул жигит менен башкача сүйлөшөйүн деп, кызымды жана тиги жигитти беттештиргени мында келип отурам.
Апам ар бир тыбышка басым коюп, анын ичинде "р" тыбышына аябай токтолуп айтып жатты. Карамат мындай болоорун күтпөсө керек, бирде мени, бирде Бахидди, бирде апамды карап эмне айла кылаарын билбей отуруп калды. Ал эми Салават болсо куйругун кыпчып эчак эле жоголуптур.
Бахид Караматты теше тиктеп турду да, тажикче бирдеме деди. Бахиддин өзү жакпай тургандан кийин анын сөзү жакмак беле:
- Биз түшүнбөгөн тил менен антип башыбызды оорутпай эле, ачык айтып ак сүйлөгөн жакшы го, балам- деди апам. Ошондо Бахид:
- Эгер айткандары чын болсо, анда мойнума коюп беришсин,- деди өктөм. Бирок Карамат мунун аялы бар деп айта албай койду. Мен башкасын билбейм, жеңиш мен тарапта болгонуна сүйүндүм. Ушуну эле күтүп тургансып Бахид сыртка чыгып кетти, артынан мен жөнөдүм. Апам бизди токтоткон жок. Карамат менен тигинде калып калышты. Жеке тагдырымда биринчи жолу жеңишке ээ болушум. Мен кудуңдап ошого сүйүнүп жүрөм, бирок Бахиддин көңүлү таптакыр ачылбай койду. Анын жининин жамандыгын, абдан каардуу экендигин мен биринчи жолу ушул жерден көрдүм. Экөөбүз көпкө басып жүрдүк, кечинде үйгө барсам апам абдан ыйлагандай, эки көзү тоодой шишиген. Мен бараар менен өзүн иретке келтирип, чай кайнатканча өзү менен өзү алек болуп, качан чай алдыга келгенде:
- Кызым, аныңдын аялы бар экендиги чын экен. Аны жинди кылып коюп эми мында жүргөн тура. Эми сени жинди кылып койсо мен кантем? Эрсиз калсаң деле ага барбай эле койчу. Аны менен жолукпачы... Ушул сөзүмдү аткарсаң эне сүтүмөн кечейин, кызым. Мени мынчалык жалдыратпачы.
Апам жалынып да жатты, ыйлап да жатты. Мен абдан таң калдым, аялы жок экендигин укту го, буга дагы эмне керек?" Бахидди көрө албаган тиги экөө буга дагы бирдеме деген экен. Алар эмне үчүн Бахиддин бактылуу болушун каалашпайт? Мен ушуга абдан таңмын, бирок эч качан маанисин ачып түшүнө албайм. Менин дагы маанайым бузулду, "эмнеге өзүмдүн энем бактылуу болушума, ушул Бахид менен жашашыма дайыма эле каршы турат? Аны да тигилер ынандырышкан тура, кандай начар аялдар бирөөнүн жашоосуна киришкен. Бахидди алардын мынчалык жек көрүп калышына эмне себеп болуп жатканын аныктай албай койдум бул жолу да. Минтип апам каршы чыгып жатса эмне демекмин, бардык күчүмдү көз жашымдан чыгарууга кириштим.
Кечинде атам келди, апам ага бир нерселерди тыным албай түшүндүрүп жатканда, мен ага туура жагын айтып коюу үчүн өзүм туруп бардым. Көп ыйлагандыктан көзүм абдан шишип калса керек, атам мени боору ооруган сезими менен карады да:
- Кел, кызым, отурчу. Сенин жашооңо менин да башым катып калды. Бир нерсени бат эле түшүнүп, анан дайыма туура эле чечим кабыл алам го деп ойлочу элем. Азыр ушул жерде кимдики туура экендигин да даана ажырата албай жатам. Мамаңдын айтымына караганда ал тири укмуш неме дейт го. Тигил аялдар мамаңа анын аялы бар экендиги чын, бирок аны менен бет келишкенде ачык айтып бере албайбыз дептир. Менин оюмча, кеп бекер жерден чыкпайт. Ошончо киши заарканып турган адам менен кантип жашайм деп ойлогон жоксуңбу? Билем кызым, сүйүү деген сокур болот. Бирок ага көздү айлана-чөйрө бүтүрөт да. Өзүңдүн жүрүш-турушуңду ошол айлана-чөйрө менен салыштырып көрбөйсүңбү? Акылы бар адамдар ошондой кылышат да, сенин алардан эмнең кем? Мамаң экөөбүз сенин бактылуу болушуңду гана каалайбыз. Бул турмуштун ой-чуңкуру көп. Андан баары эле түз өтүп кеткен деп ойлойсуңбу? Жок, анда жаңылышасың. Далайлар жаңылган, азыр деле жаңылып жатышат. Бирок менин оюмча ал эң акыркы жол эмес да. Өмүрдүн аягындагы жол болсо бир жөн, ал эми сеники болсо жаңы эле башталып жатат го кызым. Аны мындан ары деле оңдоп кетсе болот. Бул дүйнөдө сен гана жаңылыптырсыңбы, андайлар толтура.













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan