Кумир менен баарлашуу

Жоомарт Бөкөнбаевдин күйөө баласы кикбоксёр
Канатбек Сыдыгалиев
Бүгүнкү "Кумир менен баарлашуу" өзгөчө болду. Анткени, буга чейин аталган рубриканын меймандары өнөр адамдары болуп келсе, бул жолу кикбокс боюнча Дүйнөнүн, Европа, Азия жана Евразиянын 4 жолку чемпиону, Дүйнөлүк жана Кыргыз Республикасынын президентинин кубогунун ээси, континенттер аралык чемпион Канатбек Сыдыгалиев күйөрмандары менен ой бөлүштү.

Салтанат
- Канат, сиз менен жолугуп олтурганыма кубанычтамын. Сизди бала кезимден кумир тутуп, жолуксам деп жүрдүм эле. Алгач бизге ушундай мүмкүнчүлүгүн түзүп берген "Обон" гезитине ыраазычылык билдирем. Айтсаңыз, спортко кантип келип калдыңыз?
- Чоң рахмат. Мен да кубанычтамын. Спортко бала кезимден эле аралашып калдым десем болот. Айылда чөп чаап, мал карап жүрүп эле белгилүү актёр Брюс Лини кумир тутуп, ал катышкан кинолорду калтырбай көрүп, анан көчөгө чыгып балдар менен Брюс Лини туурап мушташчумун. Тойлордо күрөшкө чыкчумун. Окууну бүткөндөн кийин Бишкекке келип Кызыл-Аскерде жашап калдым. Алгач күрөшкө катышсамбы деп ойлогом. Бирок, күрөш зал мен жашаган жерден алыс болгондуктан иштебеген адамга жол кире кетирип келип кетиш кыйын экен. Анан көп өтпөй Кызыл-Аскердеги кикбокс залына барып, ушул жолду тандап алдым. Эгер күрөш зал жакын болсо күрөш боюнча кетмекмин.
- Биринчи таймашка чыккан күнүңүз эсиңиздедир...
- Ал күн кантип эстен чыксын. 17 жашымда биринчи жолу колума кол кап кийип, бир ай машыккан соң жаштар арасында жаштардын чемпионаты болуп, ошондо кикбокстун эрежелерин билбей туруп, өзүмдүн талантым менен мушташып, утушка ээ болгом.
- Толкундандыңыз беле?
- Албетте. Ар бир мушка чыккан сайын толкунданасың. Айрыкча өзүңдүн жериңде болгон турнирлерден. Себеби, жериңде утулуп калуу уят, намыстанасың. Ал эми чет өлкөгө барганда жоопкерчилик жогору болгондуктан, артыңдагы беш миллион калктын намысы үчүн толкунданбай таймашасың.
- Машыктыруучуларыңыз жөнүндө айтып берсеңиз?
- Биринчи машыктыруучум Александр Артурович Гил деген немис киши болчу. Өзү Германияга кетээрде жүздөгөн окуучуларынын арасынан жалгыз мени "Гермес Профи" клубуна өткөрүп, Александр Воиновго тапшырып кетти.
- Спортто да бут тосуулар болобу?
- Көп болот. Кээде тагдырыңды калыстар чечип коёт. Ошондой учурларда көзүңө жаш аласың. Маселен, 1999-жылы Бишкекте дүйнөлүк чемпионат болуп, финалга француз менен чыгып утуп алгам. Тилекке каршы, ошондо туура эмес чечим чыгарышып, көз көрүнө французга титулду берип койгон. Эл нааразычылыгын айтып басма-сөз беттерине чыкты. Ушундай нерселерден спортсмендин шагы сынып, ызасына чыдабай спорттон кетип калгандар арбын.
Токи
- Кайсы жердин кулунусуз? Үй-бүлөңүздө сизден башка да спортсмендер барбы?
- Өзүм Талас районунун Арал айылынан болом. Үй-бүлөдө жети бир туугандын кичүүсүмүн. Апам пенсияда, атам мындан он жыл мурун кайтыш болгон. Эң улуу агам союз убагында каратэ менен машыкчу. Агамдын Япониядан чыккан калың каратэ китеби бар эле. Окуганды билбесем да сүрөттөрүн карап суктана берчүмүн. Менин спортко болгон кызыгуум ошондо ойгонду окшойт.
- Келинчегиңиз менен кантип табышып калдыңыз? Кайсы жердин кызы?
- Келинчегим досумдун карындашынын бирге окуган курбусу болот. Экөөбүздү аяш карындашым тааныштырган. Төрт жыл урушуп-талашып, кайра жарашып, кыз-жигит болуп жүрүп анан баш коштук. Бирге түтүн булатканыбызга эки жыл болду. Жери боюнча айта турган болсом Бишкекте чоңойгон. Бирок, түпкү теги Токтогулдан. Жоомарт Бөкөнбаевдин небереси. Кайнатам Кулубек Бөкөнбаев, кайненем болсо кыргыздын белгилүү коомдук ишмери Ишенгүл Болжурова.
- Кайненеңиз менен мамилеңиз кандай? Кантсе да таанымал адам да, алдына барганда уяласызбы?
- Ар бир нерсе адамдын тарбиясына, мүнөзүнө жараша болот. Мен бала чагымдан эле уяң, тартынчаакмын. Кичинекейимде бирөөнүн үйүнө кирчү эмесмин. Башка балдар апасын ээрчип ыйласа, мен тескерисинче бөлөк үйгө барбайм деп ыйлачумун. Ошондогу тартынчаактыгым азыр деле бар. Кайненем менен сый мамиледемин. Ачылып деле сүйлөшө бербейм.
Чолпон
- Александр Воиновдун бир интервьюсунда шакирттерим үйлөнгөндө кыздын калыңын төлөп берем дегени бар. Жашыруун болбосо канча калың төлөдүңүз? Негизи, таластыктар көп калың беришет дешет го...
- Бул маселе эки жактын макулдашуулары менен чечилди. Ал эми Воинов болсо "Золотой Дракон" ресторанында 300 киши катышкан тойду өткөрүп берди.
- Алгачкы сүйүүңүздү кимге арнадыңыз эле?
- Анда 2-класс элем. Классыбыздын алдыңкы окуучусун жакшы көрчүмүн. Апасы орус тилинен сабак берчү. Бир күнү апасынын сабагында доскага чыгып монолог айтып атса, кыздардын баары мени улам карай беришип билгизип коюшту. Тиги кыз уялып кеттиби, айтор, ыйлап олтуруп алды. Анан апасы мени урушуп, мен ага ызаланып сабак бүткөнчө партага башымды коюп алып ыйлагам. Менимче ал сүйүү эмес, жөн гана жактыруу сезими болсо керек.
Темирбек
- Мамлекет тарабынан сиздерге колдоолор көрсөтүлүп турабы?
- Азыркы бийликтен олимпиадалык спортко жакшы колдоолор болуп, көңүл бурулуп жатат. Биз болсо мурдагы бийликтин убагында чыгып, көңүл жубатаарлык колдоо көргөн жокпуз. Бир жылы дүйнөлүк чемпионатка барып чемпион болуп келдик. Арасында чемпиондор, күмүш, коло медалдарды алгандар бар эле. Кубанычыбызды бөлүшөлү деп спорт комитетине барсак "эң негизгиси көңүл буруу" деп конверт таратты. Сөздөрүнөн эле конверттин канчалык калың экенин түшүндүк. Эшикке чыгып карасак чемпиондорго 3000 сом, күмүш медаль алгандарга- 2000 сом, коло медалга - 1000 сомдон салышыптыр. Мерияга кирсек калпак кийгизип, камчы карматып, кытай телефонун берип койгон.
- Азыркы учурда сиз профессионал кикбокстан кеттиңизби?
- Эгер ушул жылы Кыргызстанда турнир болуп калса спорт менен коштошуу катары бир жолу чыгам. Бирок, чет өлкөгө барбайм. Америкалыктардай спорт бизде кесип эмес да. Белгилүү бир убакта кетиш керек. "Физкультура лечит, спорт-колечит" дегендей, спорттун пайдасынан зыяны көп. Ден соолук жагын айта кетсем үч жолу колумду сындырдым. Денедеги шрамдарды айтпай эле коёюн.
- Жаш кезиңизден спорт менен жүрүптүрсүз. Кыздар менен сүйлөшкөнгө убактыңыз болду беле?
- Убакытты туура бөлүштүрсөк баарына жетишкенге болот. Убакыт таап эле сүйлөшчүмүн.
Болот
- Ыр-бийге кандайсыз?
- Ырдасам хор менен ырдап, бийлесем ак бийге (вальс) гана түшөм.
- Кандайдыр бир өлчөмдө гонорар төлөнөбү?
- Профессионал болгондон кийин өзүбүздүн гонорарыбыз бар. Кайсы жакка барып күч сынашпайлы утсак да, утулсак да гонорарыбызды алабыз.
- Сыр болбосо канча?
- Ар кандай. 1000 доллардан 3000 долларга чейин. Ал турнирдин аталышына, деңгээлине жараша болот.
Талант
- Бала чагыңызда ким болом дечүсүз?
- 2-3-класста окуп жүргөндө мугалимдер "ким болосуң?" десе балдардын баары шофёр болобуз дечүбүз. Ал кезде колхоз-совхоздордон шофёрлордон башка адам көрбөсөк алыска учалчу эмеспиз да.
- Шок белеңиз?
- Шоктугумдан балдар менен мушташып жүрүп эле чоңойдум. Өзүмдөн бир жаш кичүү балдарга беш сомдон салык салып койсом, алар мугалимдерге айтып, райондон милициялар келип сурап, линейкага чыккан учурлар болгон.
Канат
- Чыңгыз Мырзаевдин "Бир тууган" деген ырынын клибине кандайча тартылып калгансыз?
- Чыңгыздын продюсери Ильяз Адамов мага байланышып "клипке тартылбайсыңбы" деп сунуштап калды. Чыңгыз менен жолугуп ырды угуп көрөйүн дедим. Угуп көрсөм маанилүү ыр экен. Анан макул болуп, тартылып калдым.
- Негизи турмуш өйдө-ылдый болот эмеспи. Кээде бар да, кээде жок дегендей, чөнтөгүңүздө бир сом да калбай калган учурлар болобу?
- Ал турган иш да. Анын эмнесин жашырам. Мисалы, азыр чөнтөгүмдө бир сом да жок.
- Көчөдө өбүшкөн жаштарга көз карашыңыз? Алгачкы жолу качан өбүштүңүз эле?
- "Уялбагандан өзүң уял" дегендей, көчөдө кыналышып өбүшкөндөрдү көргөндө өзүм уялам. Анан да "жакшы адамдын бир көзү көрбөйт, бир кулагы укпайт" дегенди ураан тутуп, андайларга көңүл деле бурбайм. Ал эми алгачкы жолу мындан алты жыл мурун жубайым менен (анда кыз - жигит элек) өбүшкөм.

Ж.КАЛДАРОВА

















Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan