обонтөр

Маданияттын отличниги, ырчы Элмира Кайып кызы:
"Чоң сүйүүгө кабылып турган учурум"
Кыргыз сахнасын жагымдуу үнү менен толуктап, булбулдай таңшып элдин арзуусун алган ырчы айым Элмира Кайып кызын кепке тартып, "А" тамгасынын алкагындагы ойлорун ортого салдык.

Адам - Турмушта баары болот. Бирде күлсөк, кээде ыйлап, жеңилип, жеңип дегендей. Адам ата, Обо энеден келаткан мыйзам ушул экен. Антсе да адам атыбыз улук. Ошону туюп, жакшылыкта көкөлөп, жамандыкта чөгүп калбай, болгону турмуштун түз жолун тааный алсак.

Алиппе - Идиректүү, тың кыз экенмин. Бала бакчадан эле баарын билип алган жаным мектеп босогосун улуулардын жетегисиз аттап, эң жакшы баалар менен окуп, жыйынтыгында күмүш медалдын ээси болуп аяктадым.

Акча - Шаар ичинде кабат үйлөрдө жашап жатпайбызбы. Ошондон болсо керек, ар бир кыймылыбызга көбүрөөк акча керектелет. Айыл эли болсо мал чарбачылык, дыйканчылык менен эле аз акча коротуп бапырап жашап жатышат. Демек, акча бакыт дагы, жашоо дагы эмес. Ишимден, той, кечелерден жетишээрлик акча табам.

Аял -Назик жандар дейбиз аялдарды. Ошол назиктиктин артында канча күч, кубат, дарамет бар. Аялдар түйшүкчүл келет. Өзгөчө ырчы аялдар үй-бүлө жоопкерчилигине сахнаны кошуп алганбыз. Аялга тиешелүү бүт нерсе колдон келет. Мурда жасап көрбөгөн иштерди аткарсам деле майын чыгарарыма ишенем. Негедир, курак курагым келип жүрөт...

Абаз - Төрөлгөндөн эле укмуш ырдап калгандар кездешсе деле, аз санда гана болсо керек. Ар бир үндүн өзгөчөлүгү, кооздугу болот. Ошол кооздукту калыпка салып, оболотуп өстүрүү үчүн сөзсүз чебер устат керек. Ансыз ырдоого мүмкүн эмес. Ырчы болгондон кийин ооруп турсаң да ырдоого туура келет. Андайда калыпка түшкөн үн уят кылбайт. Көмөкөйгө салып, келтире ырдап коюп, кайра тамак зыркырап ооруй берет.

Агай - Үнүмдү тарбиялаган агайым залкар ырчы Улукмырза Полотов. Ар бир шакиртине атадай, сырдаштай, муңдаштай мамиле кылган насаатчы, мыкты педагог, керемет адам. Ырчылык өнөрдүн татаал сырын үйрөтүп, сахнанын ыйык экенин кулагыбызга куйчу. Азыр да сахнага чыгаарымда толкунданып, сүрдөп атып, агайымдын сөздөрүн эстейм. Кездешип, кеңешип турам.

Атак -Тилегим жөнөкөй, бирок мыкты ырчы болуу болчу. Атак-даңк өзү кууйт экен. Жакшысы-дос, тууган, санаалаш, жерге-жээк күттүм. Жаманы-элдин шыбыры тушап, өзүмдү ыңгайсыз сезип, тартына берем.

Актриса - Шаардык театрда иштеп жүргөнүмдө ыраматылык Арсен Өмүралиев кыйнап Ч.Айтматовдун "Кызыл алмасындагы" бейтааныш сулууну ойнотуп койгон. Даамын татканым ошол. Жыйынтыгында профессионал актёрлордун алкоосун угуп, ачык эле тамшанып, суктангандарына күбө болгом. Эгер жакшы сунуш түшсө бул өнөрдүн угуту менде бар. Мөмөлөтсөм болот.

Акыл - Мурдараак сезимге көп жеңилчүмүн. Азыр акыл калчап калдым. Баардык нерсени таразалап, туура жыйынтык чыгарганга аракет кылам. Натыйжасын ийгилик коштойт. Өз акылым менен жашайм деп коркпой эле айтам.

Айкөлдүк - Сараң эмесмин. Колуңдан келсе, болуп турса, төгүлүп-чачылып, бапырап турганга не жетсин. Кемчилигим болсо керек. Бирок, бар нерсени жок деп айтыш, турганды катып коюп чыгарбай коюу жок.

Ажар- Кымбат баалуу кийинип, кылдат боёнуп алса гана ажарлуу болот дегенге кошулбайм. Адам жаркылдап жүрсө, энергиялуу, шар болсо да ажары ачылат. Аялзаты келбетине, көркүнө көбүрөөк көңүл бурганы жакшы. Айрым кемчиликтер кээде көрүнбөй калат. Учурда Мери Кейдин сапаттуу боёкторун колдоном. Ажарлуу болуш ар кимдин өз колунда.

Арыктоо - Өзүмдү оор сезе баштаганда баткен күрүчүн тузу жок сууга кайнатып, олив майын кошуп жегенди адат кылып алдым. Андай күндөрү күчтүү тамак менен коштошуп, алма жеп, сок ичип калам.

Ашыктык - Азыр чоң сүйүүгө кабылып турган учурум. Ашыктык адамды максаттуу кылып, үмүт жандатып, тилек күттүрөт экен. Жашоонун шаңын таптым. Ак сүйүүмө жолугуп, бакытка батып жүргөн кезим.

Авто - Күнүмдүк тиричиликтеги сырткы жумуштарымды бүтүргөн жоргом, дөөтүм, досум. Сүйлөшөм, сырдашам. Машина-мен үчүн мода эмес. Биринчиси "Фольксваген-венто" болчу, азыр "Ниссан-сефиро" айдап жүрөм.

Алтын - Күмүшкө кызыгам. Эксклюзивдүү, өзгөчө жасалган асем буюмдарга жакынмын. Алтынды белекке көп алсам да негедир жактыра бербейм.

Алдей -Он сегиз жашымда кызым Беназирди жарык дүйнөгө алып келдим. Алдей жыты ширин экен. Бакытка батып, көлкүлдөгөнүм эсимде. Азыр ошол сезимди сагынып, наристелүү болгум келип, күтүп жүрөм.

Адат -Үйүмө көп киши келет. Ар кимдин азары бар да деп аластап турам. Майрамдарда боорсок жасоо адатым. Жума күндөрү жыт чыгарып, арбактарга куран окутам.

Ашкана - Жашыл алжапкычымды тагынып алып, ашканада бүт тамактын түрүн жасайм. Келген меймандар, үй-бүлөм тамшанып жегенден кийинки канааттануумду сурабаңыз. Кудуңдап, сүйүнө берем.

Азил - Бош болгонумда дос-курбуларга кемпирди, жаш баланы туурап телефон чалып тамаша кылам. Көпчүлүгү тааныбай калышат.

Ажаан - Кыялым бар. Бирок ажаан эмесмин. Ачуум кандай тез келсе, ошондой тез тарап, заматта баарын унутам. Ажаандык бул-акылсыздык. Андайларга теңелбейм.

Арман - 7-класс кезимде атабыздан айрылдык. Жарыгым, 37 гана жашта болчу. Сонун ойлору бар эле. Баардык үмүтү, тилеги кыйрады. Тагдыр экен... Атанын насааты, акылы жетпегенсип өксүй берем. Бүтпөгөн арманым ушул...

Азамат - Жашоодогу тирегим, канатым, мен үчүн чыныгы азамат - жолдошум. Жигиттиктин бүтүндөй сапатын ушул адамдан таптым.

Аласа-бересе - Акча сурап кайрылгандар көп. Кээсин алсам, кээси ошол бойдон унутулат. Сурап ала албай калам. Эгер өзүм алсам, бергенче шашам. Кечиктирсем буулугуп, уяла берем.

Аздек - Жашоомо азык берген апамды, кызымды, жолдошума болгон сүйүүмдү аздектейм. Комузумду, ырларымды бапестеп, бөпөлөйм. Үнүмдү багам.

Айлакерлик - "Аялдан амал качып кутулбайт" дейбиз го. Бул сапаттын жакшы жагы деле бар. Керек учурда жагдайдан чыгуу үчүн, шарты менен айлакерлик кылуу күнөө эмес.

Азык - Үйгө тамак-ашты өзүм алсам гана ыраазы болом. Ошондуктан күн алыс Орто-Сай базарында жүргөнүм жүргөн.

Алаксуу - Көңүл чөккөндө ырдасам эс алып калам. Бош убактымда индия, өзбек кинолорун көрөм. Кызыгы, окуяларга кээде боорум ооруп, кадимкидей өксүп ыйлап алмайым бар. Андайда үйдөгүлөр мени көрүп, бир жыргап каткырып алышат.

Арноо - Күйөрмандарым арнап берген жумшак оюнчуктар өзүнчө эле бир бөлмөгө толчудай чогулду. Арасында кымбат белектер да бар. Менин элге арнаганым жүрөктөн чыккан ырларым.

Ажырашуу - Биринчи никем менен отубуз күйүшпөдү. Түшүнүшө албадык. Ал экөөбүз жашаган өмүр тарыхыбыздын беттерин карасам өкүнүч деле жок. Кымбат кызым азыр чоңоюп, кеңешчим, акылдашаар сырдашым болуп калды.

Алдоо - Ишенчээк окшойм. Көп алданам. Бир таанышым өзүмө жаккан көйнөк, туфлимди сураганынан берип койсом алигиче жок. Өткөндө машинам менен жолдо турсам, ошол кийимдеримди кийип алып койкоюп кетип баратат...

Адистик - Экономист болгум келет. Ушул каалоом дале өчө элек. Окуп, билим алууга эч качан кеч эмес да. Шанс бар. Ойлоном го...

Айып - Тартип кан жолдо баарыбызга бир да. Жол чыракты карабай өтүп, айып төлөгөн учурлар болгон. Башка айыптан кудай сактасын. Негизи этияттык керек.

Ачыктык - Ичиме эч нерсе сактай албай, өтө эле ачык болуп кетмейим бар. Бул сапатымды жолдошум да кемчилигим катары айтып калат.

Арзан - Кийимдерим сөзсүз кымбат болсун деп дегдебейм. Арзандын тузун татытса болот. Негизгиси баары ордунда болуп, жарашып турса болгону.

Азыр - Чегара кызматынын алдындагы ансамблде солист болуп эмгектенип жатам. Чыгармачылыгым үчүн бул жер ыңгайлуу экен.

Ант - Ушул кызматка келип жатып кадимки аскер кийимин кийип ант бердим. Жоопкерчилиги, сүрү күчтүү экен. Берилген ант бекем сакталаарын да бир ирет айтып коёюнчу.

Акыры - Баарын амандык жеңет. Тилегеним эле тынчтык, бейпилдик, илгерилөө. Биз баардык жагынан эң сонун болобуз деп ишенимдүү айткым келет . Үмүтүм чоң.

Жаңыл АЛИЕВА














Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan