Күнсүрөт

Абактагы
Айымдардын
Абалы
Абак… Бул чөйрөнүн тузагына илинген аялдардын жашоосун жакындан билүү үчүн продюсер Назгүл Насие- ванын жардамы менен аялдар отурган абакты көздөй жол тарттым. Зонага жеткенче жүрөгүм тынчтана албай, өзүмчө бушайманга түштүм. Билинер-билинбес калтырак баскан денем ымыр-чымыр болуп негедир кооптонуп турдум. Барганыбызда бизди ал жердин жумушчу айымдары тосуп алды. Документтерибизди текшерип, үч-үчтөн киргизип аскер жигиттер тейлеп жатты. Айланасы цемент, тикен зымдар менен тосулган аталган жайдын атайын концерт өтүүчү клубуна кадам таштадык. Себеби, бул №2-аялдардын түрмөсүндө Назгүл Насиева уюштурган абактагы кыздар арасында 2009-жылдын сулуулар сынагы өтмөк. Клубга баш бакканыбызда төрт-беш аял ичин жасалгалап, музыка коюп, кечеге кызуу даярдык көрүп жатышкан экен. Биз киргенден кийин ал жерде жаза алган айымдар биринин артынан бири келип жатышты. Алардын айрымдарына журналист экенимди айтып, суроо узаттым. Көпчүлүгү сүрөткө түшүүдөн, суроомо жооп берүүдөн баш тартып, жүздөрүн жаап качышты. А кээ бирлери өз каалоолору менен сүрөткө түшүп, күнөөлүү экенин, же бейкүнөө түшүп калгандарын ачык айтып беришти. Бул мезгилде менин көз алдымда жалаң орто жаштагы аялдар гана турган. Качан концерт башталганы калган учурда мөлтүрөгөн сулуу жаш кыздар пайда болду. Аларды көрүп жүрөк эзилип, тунгуюкка капталган жаш канаттар эмне күнөө кылышты экен деп кейип турдум. Ошолордун ичинен суурулуп келип, "менин ырларым бар эле, газетаңыздарга чыгарып бере аласыздарбы" деп дептерин көтөрүп келген 22 жаштагы Миргүл Исмаил кызы минтип сөз баштады:
"Наркоман
жездемди өлтүрдүм"
- "Кырсык каш-кабактын ортосунда" деген сөз бекер айтылбаптыр. Мындай кырсыкка кабылам деп эч ойлогон эмесмин. Бир тууган наркоман жездем менин колумдан каза тапты. Анын эжеме көргөзбөгөн кордугу калган жок. Алардын ортосунда ар дайым чыркырап, эжемди коргоп мен жүрчү элем. Үй-бүлөсүндө бир да күнү тынчтык жок болчу. Ошол каргашалуу күнү жездем колуна бычак алып бизди качыра бергенде, анын колунан кандайча бычакты сууруп алып, кайра өзүнө урганымды билбейм. Кызыл-жаян канды көргөндө араң эсиме келдим. Өзүм милицияларга кайрылып, жездемди өлтүрүп алганымды жашырбастан, качпастан ачык айтып бердим. Чынын айтсам ал учурда өз атымды да унутуп калгам. Айла жок, тагдырга баш иет экенсиң. Бир туруп өз жаныңды кыйгың келет, бирок жан таттуу. Болгон күчүмдү ыйдан чыгарам. Буулугуп, эч жерге батпай калган кезимде ыр жазып өзүмдү алаксытам. Кээде бир дагы адамды көргүм келбей калат. Калган сөзүмдү ырларыма берейинчи.
Кырсык түшүп менин башыма,
Сизодо жаттым Алгада.
Кудайдын сыноосунда сыналып,
Капаста жаттым кармалып.
Соттон кагаз келиптир,
Жетисинде сотко келсин деп.
Жетисинде тартылсак,
Срок берчү түрү бар.
Сегизинде деп сот айтты,
Сезимим сыздап баратты.
Ал күнү сотко тартылсам,
Сегиз жыл "срок" деп айтты.
Сыздады жүрөк сыздады,
Эзилип жүрөк кыйналды.
Сот залынан апамдар,
Насаатын айтып ыйлады.
Мен үйдүн кенжесимин. Ата-энем Сокулук ройонунун Арал айылында жашашат. Бир туугандарым, атам менен апам бат-баттан келип кабарымды алып турушат. Азыр бул жерде кийим тигүүчү цехте иштейм. Тиккен акыма тамак-аш, керектүү нерселеримди алып келип беришет. Кудайдан тилек тиленип намаз окуйм. Сүйлөшкөн жигитим Медер мага сөйкө салып, алып кетем деп келгенде "Эжемди кантип жалгыз таштап кетем? Мен аны жездемден коргошум керек" деп болбой койгом. Анан үч күн өтпөй жанагындай окуяга туш болдум. Бирок, ал мени туура түшүнөт. Кабарлашып турабыз. Ошентсе деле кээде өзүмчө ар нерсени ойлоно берем".
Миргүл менен маектешип бүткөндөн кийин жаныбызда олтургандарга да сөз бердим.
Алтынай, 38 жашта:
"Мени сиңдим
каматты"
-Мени өзүмдүн эле сиңдим "DVDлерди уурдады" деп милицияларга салып берип койгон. Ошон үчүн жети жылга эркимден ажыратылдым. Улутум казак. Азыр сиңдимди Бишкекте жүрөт деп угуп калам. Биз үй-бүлөбүз менен Казакстандан Оштун Кара-Суу районуна 1990-жылы көчүп келгенбиз. Менин бул жакта экенимди үй-бүлөмдөн эч кимиси билбейт. Ал эмес 19 жаштагы уулума билдирген эмесмин. Кудай буюрса бул жактан чыксам, сиңдимди таап Кара-Сууга үйгө алып кетем деген ойдомун. Мен ага эч убакта таарынбайм.
Динара, 30жашта:
"Оперлер сабаганда күнөөнү мойнума
алдым"
-Мен балалуу болуп, төрөт үйүндө жаткан кезимде жолдошум көңүлдөшүн үйгө ээрчитип келип, аны өз колу менен өлтүрүп алат. Мен анын үстүнөн чыгып калам. Анан мага болгон шылтоону жүктөп, жалган жерден менин мойнума арыз түшүп, оперлер сабап жатып мойнума алдырып коюшту. Эки кабыргамды сындырып, аёосуз сабашканда жанымды коргоп, баарын өз мойнума алып алгам. Мен 25 жылга, жолдошум 12 жылга соттолду. Күйөөмдүн чыгаарына аз калды. Мага дагы көп бар. Бул жакка келгениме эки эле жыл болду. 80 жаштагы апам беш баламды багып Токмокто жашайт. Апама эле кыйын болду. Кайын-журтум "аялга аз берет, күйөөңдү куткарып кал" деп жатышып, менин көргөн күнүм ушул болду. Күйөөмдү аяп бул жакка келген мен келесоо экенмин. Азыр ооруп бул жердин ооруканасындамын. Жакшыны жакшы деш керек. Көңүлүбүздөгүдөй тегиз карашат. Айрыкча, Назгүл деген эмчи айымга ыраазычылыгымды билдирем.




Мына ушундай ар кимдин тагдырларын угуп, алар менен кызуу баарлашып жаткан учурда биз күткөн "Сулуулар сынагы" башталып калды. Зал ичи ал жердеги жаза алган аялдарга толуп, кыйкырык сүрөөндөр чыгып, кол чабуулар менен коштолду. Адеп Назгүл Насиева баштап барган таланттар Бакыт Букаев, Бактыгүл Бадыева, Айжан Газиева, "60К"тобунун солисти Талант Кадыровдор кыска программадагы концерттерин тартуулашып, көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Колониядагы беш отряддан бирден кыз тандалып, сынакка катышууга мүмкүнчүлүк алышыптыр. Алар 1-турдун тапшырмасы боюнча өздөрүн тааныштырышты. Тал чыбыктай буралган сулуулар 2-турда өздөрү тиккен кийимдерин көрсөтүштү. Андан соң, өз өнөрлөрүн жүрөккө жеткире мыкты аткарып, ар бир адамды жылмаюуга, кол чабууга аргасыз кылышты. Албетте, булардын сырткы келбети гана эмес ойлоп табуулары, кийген кийимдери, чач жасалгалары, аткаруучулук таланттары ар бир адамды кайдыгер калтырбады. Сынактын катышуучулары Раушан, Рая, Алмаш, Гуля, Динаралар биринен өтүп бири мыкты даярдык көргөндүгү байкалып турду. Сынактын аягында калыстар тобунун чечими менен баардык катышуучулардын ар бирине ар кандай наам ыйгарылып, баалуу белектер тапшырылды. Ошентип, "Гран-Прини" Гуля аттуу кыз жеңип алды. Анын 41 даана гезиттен кылдаттык менен кураштырып тигип кийген көйнөгү көпчүлүктүн көңүлүн бурду.
Биздин коопсуздугубузду караган абактагы аскер кызматкерлери ар бирибизди жандап жүрүштү. Биз да алардын жандарынан алыс кете алган жокпуз. Баардыгы көзөмөл менен каралып турду.
Ошентип, бир күндүк сапарыбыз карып жолго чыктык. Артыбыздан шарак этип жабылган темир тор каалгалардын үнүн угуп, айрыкча жаш кыздардын күлгүндөй курактары темир тордун артында өтүп жатканына жүрөгүм ооруп турду. Көпкө ойлондум. Туура,алардын ичинде канчалаган бейкүнө аялдар жоопко тартылып, ал жакта күн кечирип келишүүдө. Түрмөгө түшкөн адам десе эле жан кечтини элестетебиз. Жок, эч убакта андай эмес. Ал жерде жүрөгү таза, ыйманы бар, ак ниет адамдар бар экенин эсибизден чыгарбасак. Тескерисинче, учурда түрмөнүн түбүнө түшө турган айрым адамдар биздин жашоодо (эркиндикте) көчө чаңдатып жүргөндөрүн көрүп эле жүрөбүз. Анан да азыркы катаал шартта акчалуулар кылмыш кылып, кайсы бир карапайым бирөөнү салып берип: "Кете бер, сени мен кыл сууругандай сууруп алам" деп сөз берип койгондору да бар. Албетте, мындай көрүнүштөрдү бул жашоодо көзүбүз көрүп, кулагыбыз угуп эле жүрбөйбү. Абактагы апалар, айымдар, эже-сиңдилерге эркиндиктин эшиги эртерээк ачылсын деген аруу тилек айталы.









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan