Адабият айдыңы

Акын Манас Осмон уулу:
"Жакшы ыр-бул көз жаш, муң, махабат"
Коомдо болуп жаткан көйгөйлөр көкүрөгүндө угуту бар жаштарды акындыктын түйшүгүнөн алаксытып жаткандыр. Антсе да арабыздан таза поэзияны туу туткан жаш акындар өсүп келет. Алардын бири философиялык тереңдикти, сүйүүнүн ыйыктыгын, Исламдын бийиктигин саптарына чебер сыпаттаган акын Манас Осмон уулун маекке тарттык.

- Манас мырза, коом саясатташып, ыр дүйнөсү жаңы табылгалары менен чыга албай жатат. Демек, мындан жакшы акындардын өспөй жатканын түшүнсөк болот да. Негизи эле көңүл ыргагын күүлөгөн ырлардын жаралбай жатышына кимдер күнөөлүү?
- Инсан түбөлүктүүлүктөн корккондо, же акыйкатты издөөдөн тажаганда саясат менен алектене баштайт. Анткени, түбөлүктүүлүккө караганда саясат бир топ оңой иш. Чыныгы саясатчылардын жолу башка. Алар акынды окуп, сүрөтчүгө таңданып, архитекторго суктана алышат. Анан да жүргүзгөн саясатын түбөлүктүүлүккө бир аз болсо да жакындатат. Алар нарк-насил, каада-салтта өздөрүн айдыңдатып, эл-журтунун тарыхы менен тереңден таанышып алган. Учурда саясатчы сөрөйлөрдүн тобу коомдо басымдуулук кылат. Алар төрт сап ырдын ичиндеги акыйкатты сезе алышпайт. Ошондуктан ырдын да, акындын да аларга кадыры жок. Эми сиз күнөөлүүнү издеп жатпайсызбы. Жакшы ырдын, чыгарманын жаралбай жатышына ушул эле коомчулуктун, анын ичинде калемгерлердин күнөөсү бар. Жөнөкөй эле нерсе калемгерлер руху ач, жарды көкүрөк менен шедевр жарата албайт. Ошондуктан бүгүн курсак көйгөйүн даңктаган ырлар менен гана чектелип калдык. Ал эми жарык көргөн жыйнактардын сексен пайызы аким-өкүмдүн кошоматына ылайыкташып, кайсы бир колот баатырын даңазалоо аркылуу чыгып жатат.
- Улуу муунду эске албаганда, орто муундан бир топ жакшы акындар бар эмеспи. Алардын чыгармалары "жакшынын" катарына кирбейби?
- Орто муун акындары акыркы беш жылдын аралыгында эмне бере алышты? Эч нерсе. Талаш жок, баары тең кыйын. Баарынын аз сандагы жакшы ырлары бар. Бирок, үн салган чыгармалары элдин эсинде жок болуп жатпайбы. Азыр окурмандардан сурасаңар дагы эле Чыңгыз Айтматовду, Төлөгөн Касымбековду, Омор Султановду же Жолон Мамытов менен Турар Кожомбердиевдин чыгармаларын сүйүп окугандарын айтышат. Ошентсе да, адилеттик үчүн белгилеп кетейин, К.Култегин, Ж.Исабаева, Б.Чотурова, С.Акматбекова, А.Акбаров, К.Бакиров өңдүү орто муун акындары көкүрөк каккан бир топ акындарга салыштырмалуу деңгээли бийик.
- Жалпы эле жазмакер калкына кандай баа берүүгө болот?
- Саясатчыларга кандай баа берсем, акындарга деле ошондой баа берем. Калкыбыз каржалып жаткан каат заманда "өйдө-ылдый" деп сөз айткандан алысмын. Ар ким дараметине, деңгээлине жараша жашап жатат. Бир нерсени бетиме тутуп, көкүрөк каккан адатым жок. Турмуш деген күзгүдөн өзүмдү каранып жүргөндү жактырам. Ошол күзгүм күңүрттүктү көргөзбөсө болду. Ш.Дүйшеев, А. Өмүрканов, С.Акматбекова, К.Бакиров сыяктуу акындардын чыгармаларын окуйм. Мага жагат. Бирок, кыргыз жазмакерлеринин алдыңкы сабы ушулар деп айталбайм. "Сүйүнчү кыргыз эли. Мен аракты таштадым" деген акындарга салыштырмалуу булардын ырлары кыйла түзүк деп ойлойм.
- Дүйнөлүк адабияттын эшигин кагып, ичине киралбай жүрөсүзбү?
- Билесизби, ачыгын айтканда бычакка сап чыгармасы жоктор деле бизде "эл акыны" же "эл жазуучусу" болуп жүрбөйбү. Дүйнөлүк адабияттын өкүлдөрүн атап айтканды, же алардан өрнөк көрсөткөндү көптү билгендиктин далили катары көрсөтүшөт. Дантес минтиптир, Шолохов же Бернард Шоу анткен экен деп калышат. Пушкин, Есенин, Александр Блок поэзиянын туу чокулары экендигинде талаш жок. Арийне, андан да бийик Жами, Фузули, Кефеви, Новои, Саади Ширази сыяктуу улуу чокулар бар эмеспи. Булардын наамы деле жок. Диван адабияты поэзия жанрынын атасы катары калыптанса да, биз негедир ушулар менен тааныша албай жүрөбүз.
- Жакшы ыр деп эмнени түшүнөсүз?
- Менимче, бул көз-жаш, муң, махабат, сүйүнүч жана өлүм. Ушунун баары чечилбеген түйүн. Түйүндүн жандырмагын чечсең гана акыйкатты аңдайсың дейт Мевлана.
- Эми өзүңүздөн азыноолак сөз кылсаңыз?
- Мактанайынбы?
- Мактанаар жайыңыз барбы?
- Алайда туулуп өскөм. Илгеркиче айтканда, кедей-кембагалдын үй-бүлөсүндө. Станбулда жогорку билимдүү болдум. Он эки жылдан бери журналистмин. Үй-бүлөлүүмүн. Кыскача таржымалым ушул. Он үч жашымдан бери ыр жазымыш болуп келатам. 2001-жылы "Азап" аттуу чакан китепчем, 2003-жылы "Көктөнстан", 2006-жылы "Күтүүнүн биринчи ыры" деген көлөмдүү ырлар жыйнактарым аз санда жарык көрдү. Бүт окурмандарга жеткизе алган жокмун. Тар чөйрөдө окулуп, талкууланып, сындалып, ошол бойдон калган. Мезгилдүү басма-сөздөргө жарык көрүмүш болгон. Жыйырма жылдан бери поэзия чөйрөсүндө жүрүп, жакшы деле акын эмес экендигимди сездим. Ошондуктан ыр кечемди өткөзүп, калп мактоо угуп, жасалма алкыш алгым келген жок.
- Махабат темасына кандайсыз?
- Ислам сүйүүнүн дини. Алланы, пайгамбарды, жада калса бүт инсандарды сүйүшүң керек. Бизде сүйүү десе, "үйүңө бардым, терезеңден карадым" сыяктуу мистикалык ойлор эске келет. Махабат улуу тема, улуу тоо. Бул тоого ар ким эле чыгалбайт. Чыгалса, чыдап туралбайт.
- Эмне үчүн ырларыңыз көбүнчө өлүмгө байланышкан?
- Өлүм-акыйкаттын акыркы аялдамасы. Ушул аялдамага жеткичекти кайгырабыз, өкүнөбүз, сүйүнөбүз, сүйөбүз, ырдайбыз. Ошон үчүн карып, ошон үчүн жашоодо күрөшөбүз. Өлүм пендеге үч эле суроо менен кайрылат экен. "Кимсиң? Кайдан келдиң? Кайда баратасың?"-деген. Эгер жооп бералсаң, турмуштагы татыктуу адамсың. Жооп бералбасаң өз шоруң ажал.
Каркыралар
Садагасы,
мен сүйгөн каркыралар!
Какпадыңар бакыттын коңгуроосун.
Тереземе сөйкөнгөн улуу чынар,
Шуудуратып, тымызын созот доошун.

Каркыралар,

ыраңы бозгучтанып,
Көз жаштары шурудай тизмектелген.
Арам дүйнө алкымда кишенделип,
Инсандыктын маанайы киргилденген.

Каркыралар,

силерге жолдор жабык,
Дөңсөөлөрдөн ышкырбайт шамал эми.
Дүйнө азыр будуң-чаң, боз-булганык,
Ийилүүдө күн-сайын жердин бели.

Садагасы,
мен күткөн каркыралар!
Конгулачы кырына тереземин.
Ак булуттар кайгынын ак-көбүгү,
Ак көбүктө жанчылып эзилемин.


Жаңыл Алиева




  Тагдыр

Он жылдык өмүрүн түрмөгө арнаган жигит
"Апа, мен аны өлтүрүп алдым!"
Убакыт кеч бешим болуп калган. Айлананы жаңыдан караңгылык каптап, көчөдө элдин аягы суюлуп бараткан эле. Көчөнүн башынан калдаңдаган бирөө кылчак-кылчак артын карай чуркап келе жатты. Бул Асан болчу. Мындан саналуу мүнөттөр мурда болуп өткөн окуяга ишенип-ишенбей, темтеңдей басып апасынын үйүнө келди. Дарбаза ичинен илинүү болгондуктан, короого секирип кирип, апасын чочутуп албайын дегендей, терезени акырын черткиледи. Жаңы эле кечки тамактын камын көрүп жаткан Анипа "Бул ким болду экен" деген ой менен сыртка чыкты. Маңдайында өңү бопбоз болуп турган уулун көрүп чочуп кетти.
- Тынччылыкпы деги? Кеч бешимде кайдан келе жатасың?
- Апа...-Асандын үнү араң чыкты. Анан апасынын бутун кучактай ботодой боздоп жиберди.
- Апакебай, мен аны өлтүрүп алдым! Эми эмне кылам?!.
- Кимди өлтүрдүң? Эмне дейсиң? Эмне болду?-деп суроо артынан суроо салганы менен Анипа Асандын сөзүнө түшүнгөн жок. Анан уулун өйдө тургузуп, алаканы менен бетинен кармай көздөрүнө тигиле:
- Эмне деп эле жатасың? Кимди өлтүрдүң?-деди.
- Аймираны...
- Эмне дейт?!. Ээ ботом, ал эмне кылганың? Эми кудай урбадыбы!-деген Анипанын дене бою калтырап чыкты. - Бала кана?
- Үйдө калды.
- Ай балам, бул эмне кылганың? Эмне кылып өлтүрдүң?
- Билбейм апа, билбейм. Кандай болуп кеткенин өзүм да билбей калдым.
Башын мыкчыган бойдон бутуна көлөчүн кийип кийбей көчөгө чыгып, уулунун үйүн көздөй чуркап жөнөдү. Буту-бутуна тийбей, ою бир жерде болбой келе жаткан Анипа айланасындагыларга көңүл бурган жок.
- Ээ кокуй, бул эмне деген шумдук! Алда кудай ай, эмне кылам эми? Балам ай, балам, мен шордууну дагы кандай азапка салдың!-сүйлөнүп да, ыйлап да келе жатты. Уулунун үйүнө жакындаганда дене-бою чымырап, жүрөгү дүкүлдөп чыкты. Дарбаза ачык экен. Небересинин чырылдап ыйлаган үнү угулду. Ансыз деле чуркап келе жаткан неме аттап-буттап үйгө кирип келди. Көргөн көзүнө ишенбей, босогодо туруп калды. Бөлмөнүн ичинде канга боёлгон келини жатат. Анын боорун тытмалап ыйлаган небересинин өпкөсү көөп калыптыр. Бир саамга өзүн жоготуп нес болуп калган эне кургур эсине келгендей небересин колуна алды. Келининин бакырайган көздөрүн көрүп жүрөгү "шуу" дей түштү. Анан алаканы менен акырын жаап койду.
- Кагылып кетейиним ай, кандай балээ басты эле? Деги бир заматта эмне болуп кеттиңер?!-деген Анипанын айласы кетип турду. Аңгыча сырттан кирип келген кошуналары кызыл-жаян болуп жаткан Аймираны көрүп чочуп кетишти.
- Эмне болду?
- Ай, муну ким кылды?
- Шордуу экен го.
- Асан каякта?
Жамгырдай жааган суроолордун бирин укса, бирин укпай Анипа ордунан туруп сыртка жөнөдү. Небересин бирөө колунан жулуп алчудай бекем кучактап алган эле. Артынан кошо чыккан кошуналардын бири Анипаны колтуктай калды.
- Эже, кайрат кылыңыз эми. Асан каякта ? Ал уктубу?
- Шордуу жаным ай! Ошол Асандын колунан келип отурбайбы...
- Асан Аймираны өлтүрүптүрбү? Эмнеге?-деген кошуна аял таң калганын, бир чети коркконун жашыра алган жок. Анипанын ары-бери силкилдетип көтөргөнүнө карабай ыйлап жаткан баланы колуна алып:
- Бериңизчи баланы, мен сооротоюн,-деди.
Оюндан от
чыгат болуп...
Үйдүн ичинен чыккан каткырык сыртка чейин угулуп, өздөрүнчө маанайлары шат болуп, ойноп жаткан үчөөнү көргөн адам суктанбай койбойт эле. Асан Аймираны кубалап, жеткен жеринен экөөнү кытыгылап жаткан. Кичинекей наристенин борсулдап күлгөнүнө ичи эзилген Асан менен Аймира ага алмак-салмак жалынып жатышты.
- Кел, кубалашмай ойнойбуз. Данчик экөөбүз сени кубалайбыз, сен болсо качасың,-деди оюндун кызуусуна кирген Асан.
- Койчу, ушул кичинекей үйдөн кантип кубалашмак элек,- Аймира каршы болгондой болду.
- Бол эми кач, кана, кана...-Асан уулун көтөрүп Аймираны кубалап жөнөдү. Анчалык катуу чуркабаса да Аймира эки бөлмөнүн ортосунда Асандан качып жүрдү. Оозгу үйгө жеткенде жер төшөккө чалынып кеткен Аймира башы менен темир мешке бир тийди. Башынан кан жайыла берип, кыймылсыз жатып калды. Артынан келаткан Асан баланы жерге отургуза коюп, келинчегинин башын өйдө көтөрдү. Мештин кырына тийгендиктен башы жарылып кеткен эле. Эмеле эле жаркылдап күлүп жаткан Аймиранын кыймылсыз жатканын көрүп мууну бошоп кетти.
- Аймира, Аймира, эсиңе келчи...
Эмнегедир көздөрү ачык болсо да ирмелген жок. Бир жерди тиктеген калыбынан жазбай жата берди. Ошондо гана анын бул жашоо менен кош айтышып кеткенине көзү жеткен Асан ордунан ыргып туруп:
- Мен өлтүрдүм! Мен... мен күнөөлүүмүн,-деген сөздү кайталай, апасынын үйүн көздөй жөнөгөн болчу.
Күнөөсүз
болсо да...
Бир заматта жаркылдаган келининен айрылганы аз келгенсип, жалгыз уулунун камакка алынганына ичи ачышып, жүрөгү зырпылдаган Анипанын арманы чексиз эле. Келинин келгис жайга узаткан күнү эле уулунун колуна кишен салып алып кетишкен. Бир жашка жаңы толгон небересин кучактап жалгыз калган эненин көз жашын көргөн адамдын зээни кейибей койбойт. Асан болсо "Аймираны мен өлтүрдүм, мен күнөөлүүмүн" дегенден башка сөз айткан жок. Бирок ошол күнкү каргашалуу окуянын чындыгын эч ким териштирбеди. Байкоосуздан, айттырбай келген өлүм болсо дагы бейкүнөө жерден Асан күнөөлүү болуп кала берди. Аны ал өзү гана билбесе жан кишиге айткан жок. Аймирасыз бул жашоонун кереги жок болгондуктан, бир заматта сүйгөн жарынан айрылып калганына ичи ачышкан Асан темир тордун артына өз каалоосу менен кете берди. Артында ботодой боздоп калган эненин жүрөгүнүн ооруганын сезген жок. А уулун энеси караарына ишенип, андан санаасы тынч эле.
Жылдар жылга, күндөр күнгө алмашып Асандын темир тордо отурганына он жылдын жүзү болду. Уулу он бир жашка чыкты. А бирок чындыктын бети дагы деле ачылган жок. Анипа жалгыз уулунан калган жалгыз небересин караан тутуп, жакшылыктан үмүт үзбөй жашап жатты. Асан болсо темир тордун ичинде көптү көрүп, эркиндиктин таза абасына зар болду. Бир кезде жаштык кылып, өмүрлүк жарынан айрылганына ичи ачышып, бул жарык дүйнөгө жашагысы келбей, өз каалоосу менен бейкүнөө жерден темир торго отурганына өкүндү. Апасы менен уулунун жашоосу оор экенинен кабардар болуп эркиндикке чыгууга ашыкты.
Акыры ал күткөн күн да келип, таза абадан кере-кере дем ала абактын алдында айланасына көз чаптырып көпкө чейин отурду. Анан апасы менен уулун көрүүгө ашыгып үйүн көздөй бет алды.

Даркүл Кемелова

















Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan