Кулов китебинин бетачарын өткөрдү
Феликс Кулов "Ашууда" деп аталган тарыхый эскерүү китебинин бетачарын кечээ Бишкектин "Вефа" соода борборунда өткөрдү. Ага экс-өкмөт башчынын туугандары, партиялаштары жана коомдук ишмерлер катышты. Феликс Кулов китебинде өз өмүрүндөгү Кыргызстандын эгемендик тарыхы менен тагдырлаш тарыхый учурларды курч, болгонун болгондой эмес бир аз жумшак тилге салып, жөнөкөй тил менен жазгандыгын билдирди.

Президенттик шайлоону уюштуруучу жергиликтүү комиссиялар түзүлүүдө
БШКнын шайлоо процесстер бөлүмүн башчысы Аманкул Молдалиевдин айтымында райондук жана шаардык 56 шайлоо комиссиясынын тутуму 30- мартта түзүлүп бүтүшү керек. Ал үчүн саясий партиялар менен шайлоочулардын чогулуштары комиссиялардын мүчөлүгүнө өз талапкерлерин 28-марттын кечине чейин сунуш кылышы зарыл. Шайлоо комиссиялары сунуш кылынган документтерди 29-мартта ылгап, документтери жарамдууларды мүчөлүккө шайлайт.

Жаңы конуштагы мыйзамсыз үйлөр бузулат
Вице-мэр Андрей Филатовдун билдирүүсүндө шаардын башкы планына ылайык мектеп, бала бакча жана маданий жайлар курула турган жерге салынган үйлөрдүн саны азырынча кырк жети. Бирок алардын отуз пайызга жакынынын жерге ээлик кылуу укугу расмий түрдө катталган документтери бар экен. Бишкек мэриясынын комиссиясы мурда берилген жер участокторунун мыйзамдуулугун иликтеп, мыйзамсыз берилген жерлерди кайра кайтаруу, ал эми расмий каттоого алына элек жерлерди ээлерине каттатууга жардам берип жатат. Ал эми мыйзамсыз салынган үйлөрдү жакында бузуу чечимин кабыл алмакчы.

Диний адабияттар менен төрт адам кармалды
Ички иштер министри таркаткан маалыматка ылайык диний адабияттар менен кармалган төрт адамдын иши улуттук коопсуздук кызматынын Майлуу-Суу шаардык бөлүмүнө берилди. Алардын жанынан 20-мартта "Иегово күбөлөрү" аттуу жашыруун уюмдун токсонго жакын адабияттары менен көрмө тасмалары табылган. Ушул жумада болгон диний жагдайды талкуулаган жыйында облуста кырдаал олуттуу экендиги, ислам дини менен бирге христиандык-баптисттик агымдар күчөп баратканы белгиленген. Диникайырлыкка кыргыз жана өзбек улутундагы жаш адамдар көбүрөөк тартылып, келечекте диндер ортосунда коркунучтуу кырдаал жаралышы мүмкүн деген кооптоонуулар айтылууда.

Президенттик шайлоо чыр менен бүтүшү мүмкүнбү?
Бул тууралуу "Ак шумкар" партиясынын төрагасы Темир Сариев билдирди. Саясатчынын айтымында кезектеги президенттик шайлоонун 23-июлга белгиленип жатышы, жайында эл жокто административдик ресурсту колдонуп туруп, шайлоо өткөрөбүз дегени. "Мунун аягы чоң чыр менен бүтүшү мүмкүн. Муну бүгүн ошо Жогорку Кеңеште отурган депутаттар дагы, бийлик да түшүнүшү керек", - дейт Т. Сариев. Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш жума күнү Конституциялык Соттун чечиминин негизинде президенттик шайлоону 23-июлга белгиледи. Негизи Конституциялык Сот келерки президенттик шайлоо 25-октябрга чейин өтүшү керек деген тыянакка бейшемби күнү келген.




Обон шоу times
"Паризат" тобу жаңыланды
"Кыз-Бурак" тобунун эң алгачкы солисткасы Кишимжан Мамытова жетектеген "Паризат" кыздар тобу жаңыланды.Жаш таланттардын башын бириктирген аталган топтун жаңы курамы бүгүнкү күндө Чүй өрөөнүн кыдырып, өнөрлөрүн тартуулап жаткан кези. Ал эми топтун мурдагы таланттары жетекчисинин сунушу менен "Арашан" элдик ансамблинде кызмат кылып жатышат.

"Student kg" ыр сунат
Студенттер үчүн ачылган "Student kg" гезити бир жашка толду. Гезиттин ачылыш аземи 30-мартта Кожомкул атындагы Спорт ордосунда ырчылардын катышуусунда өткөрүлөт. Белгилей кетсек, концерт учурунда студенттер арасында оюн-зооктор ойнотулуп, жеңүүчүлөр кыргыздын белгилүү инсандарынын колунан белек алат. Билет баасы 100 сом.

Гүлзат Байзакова
"Аста-секин колуктудан" ырдап чыгат
- Насыр Давлесовдун 80 жылдык маарекесине карата, аранжировшик Эрик Кадырбаев, режиссёр Жапаров жана хормейстер Карагул Тиленчиев унутулуп бараткан "Аста секин колукту" спектаклин кайрадан элге чыгарууну максат кылышууда. Бул жолкуда аталган пьесаны опера артисттери эмес, шоу-бизнестеги куудулдар жана ырчылар менен койгон жатышат. Мында белгилүү ырчы Гүлзат Байзакова Гүлмиранын ролунда ырдап чыкмакчы.

Жаныш бокс менен машыгууда
"Мерседес" деген ыр менен ыр дүйнөсүндө ийгиликке жетишкен Жаныш Момунов бир жылдан бери үн студиясын ачып, аранжировка менен алек болуп жаткан эле. Бардык багытка баш багып көрөйүн дедиби, айтор, эми бокс менен машыгып өзүнүн ден-соолугу үчүн кам көрө баштады. "Учурда күнүгө эрте менен чуркап, диета кармап жатам"-дейт баксёр ырчы.

Мүзүргө берилгенсырдуу тумар
Тамашалуу, шаан-шөкөттүү ырлары менен эл оозуна алынган "Кеңеш" тобу жакында коңшу Тажикстанда концертин тартуулап, "жеңил барып, оор кел" дегендей ырчылар олжолуу кайтты. Аталган топтун Кыргызстанда популярдуу болгон "Нике кайып" деген ыры тажик элинин да купулуна толду. Кызыгы, 46 жаштагы Баур аттуу азиз киши үйүнө чакырып, Мүзүр Мамбетовго көптөн бери катып жүргөн сырдуу тумарын белек кылды.

Дайырдын паспорту табылды
Гезитибиздин өткөн санында ырчы Дайыр Исмадияров Ош жергесине барып, паспортун жоготкондугу жөнүндө маалымат бергенбиз. Ал маалыматты "Обон" гезитинен окуган таксист паспорттогу дареги боюнча паспортту ырчынын ата-энесине жеткирип, сүйүнчүсүн алып кайтты. Ырчынын маанилүү документин таап берген "Обон" гезитинин жалпы жамаатына ырчы Дайыр Исмадияров терең ыраазычылыгын билдирди.

Айдин Шерден өзгөчө клип
Ырчы мырзабыз Айдин Шер жаш ырчылардын арасында өзгөчө стили, мукамдуу ырлары менен орун алып келатканы жакшы көрүнүш. Жакында бул мырзанын "Көлөкөм" аттуу ырына өзгөчө жаңы клип тартылды. Клиптин сценарийинде Айдин Шерден бешөө болуп, үчөө ырдаса, экөө шахмат ойноп, түз турган көлөкөдөн кыймылдуу караан көрсөтүлөт. Буга чейин болуп көрбөгөндөй клип жакын арада эфирден чыкканы турат.

Борборубузда "Дүйнө кенчтери Кыргызстанда" көргөзмөсү ачылат
Ушул жылдын 26-мартында Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде "Дүйнө кенчтери Кыргызстанда заманбап Жибек жолунун асыл буюмдары" көргөзмөсү ачылат. Көргөзмөгө Австрия, Германия, Греция, Иран, Испания, Корея Республикасы, Казакстан, Кыргызстан, АКШ, Тажикстан, Франция, Өзбекстан жана Япониянын сүрөтчүлөрү катышат. Мунун башкы максаты Азия, Европа жана АКШнын белгилүү заманбап сүрөтчүлөрүнүн чыгармаларын тематикалык жактан бириктирүү болуп саналат. Ошондой эле Батыш менен Чыгыштын ортосундагы руханий диалогду түшүнүктүү кылып, маданияттардын өз ара таасирин чагылдыруу максат кылынган.

Бетти даярдаган Ж.Калдарова










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan