Курсташ

Сармал ОРМОШЕВА:
"Гүлшандын достукка бекемдиги
жүрөк кубантат"
Буга чейин "Обон" гезитинин бетинде "Классташ" рубрикасы орун алып келсе, эми "Курсташ" жаңы рубрикасы дагы кошулду. Бул жаңы рубриканын эң алгачкы коногу Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жогорку категориядагы диктор Гүлшан Молдоеванын курсташы, группалашы, бөлмөлөш жакын курбусу Ормошева Сардал айым болмокчу.

Диктор болгусу келгенин 3-4 курста билдим
- Гүлшан экөөбүз 1975-жылы В.В. Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтуна чогуу тапшырганбыз. Гүлшан мени Саке дейт, мен аны Гүкү дейм. Гүлшан музыка сынагынан "Сайра комуз" деген ырды комуз чертип ырдап берип чыкты. Мен андан кийин киргем. Экөөбүз окууну бүткөнчө бирге окудук, бирге жүрдүк, бирге жашадык. Гүлшан аябай чыйрак, тың, активистка болчу. Өтө көп түрдүү коомдук иштерге катышчу. Мисалы, хорго, комузчу, темир комузчулар ансамблдерине, баянчылардын оркестрине, драмалык ийримдерге катышчу. Институтта даталуу күндөрдүн иш-чараларына жараша ар түрдүү кийимдерди кийчү. Ар кандай шуруларды сатып алып, ар бирине жарашыктуу кылып кошумчалап кооздоп алып кийчү. Анын диктор болгусу келгенин 3-4-курста билдим. Ошондон баштап мен китеп, гезит-журналдарды колуна карматып "Гүлшан оку, сен диктор, биз көрүүчүлөрбүз" деп аны доскага чыгарып койчумун. Кээде мугалимдер сабакка келбей калса, сабак учурунда сыртка чыгып кетсе, же сабак башталгычакты Гүлшанды доскага чыгарып диктор кылып койчубуз. Мен комсорг болгондуктан группанын башын бириктирчүмүн. Биз окуган кезде хор, баян оркестри, драмалык ийрим чоң ийгиликтерге жетишкен. Аларга Гүлшандын да салымы чоң. Гүлшандын хордо эң кызыгуу, берилүү менен активдүү ырдаганын мугалимдер көп айтышчу.

Гүлшан көлдө жакшы сүзчү
- Драмалык ийримде Бакы Өмүралиевдин "Жаңырык" деген спектакли коюлган. Анда Гүлшан башкы ролдогу Арапбаеваны ойногон болчу. Кыргызстан боюнча студенттердин драма ийриминен конкурс болгондо бул спектакль 2-орунду алып, ага катышкандар сыйланышкан. Ошондо төрт кыз Ысык-Көлгө бир айга эс алууга путёвка алдык. Анан көлгө барып эс алып жүрөбүз. Гүлшан көлдүк болгондуктан Темир айылына бизди конокко чакырды. Мектептеги сүрөттөрүн көрсөм ал мектепте окуп жүргөндө да активистка болгону көрүнүп турат. Ошондо эле ар бир даталуу күндөргө атайын ар түрдүү кийимдерди, костюмдарды кийчү экен.
Бир күнү беш-алты кыз болуп көлдө кайык менен сүзүп жүрөбүз. Кызыгып кетип өтө алыс сүзүп кетиптирбиз. Жээкти карасак алыс. Жээкке кантип жетебиз, аман-эсен жетсек экен деп жүрөгүм түшүп калды. Гүлшан көлдө аябай жакшы сүзчү. Ал болсо кайыктан секирип түшүп, терең сүзүп, анан кайыкты кармап алып кайра кайыкка түшөт. "Кайыкты ары-бери тартып жатып бизди көлгө чөктүрүп өлтүрөсүң" деп мен коркконумдан кыйкырам. Ал болсо күлүп коёт да, кайра сууга секирип түшүп ары-бери сүзүп жүрөт. А биз көлдүк болбогондон кийин көлгө сүзгөндү билбейбиз да. Көлдүн жээгинде араң-араң суу кечип жүргөнүбүзгө сүйүнөбүз. Биздин институттун пансионаты Корумду айылында болчу. Арабызда ата-энеси жок жетим кыз бар эле. Анын купальниги жок болчу. Алганга да акчасы жок экен. Анан Гүлшан айылына барып атайын тиги кызга купальник алып келип берген эле. Сүйүнгөн кыз эс алуубуз бүткөнчө купальникти кийип жүрүп кетээрде Гүлшанга берип, ыраазычылыгын билдирген болчу. Гүлшандын адамкерчилиги, меймандостугу, достукка бекемдиги жүрөк кубантат.

Алмашылган фамилиялар
- Мектептерге педпрактикага, ГОС практикага чыкканда дирижёрлук кылып, алып баруучу да болчу. Мугалимдердин, окуучулардын конкурстарында шаарга келип чоң ийгиликтер менен алдыңкы орундарга жетишип кайтчубуз. Хор жана темир комузчулар ансамбли менен Кыргызстан менен Россиянын көп жерлерин кыдырып көрүп чыктык. Саратов шаарында хорго тизилип турганбыз. Алдыбызда эки кыз комузда күү аткарышы керек эле. Гүлшан алып баруучу болгондуктан сахнага чыгып туруп тиги эки кыздын фамилияларын алмаштырып айтып жиберди. Артта турган биз аны угуп алып күлкүбүздү тыя албай күлүп жаттык. Негизи дирижёр агайыбыз хордо ырдап жатканда күлүп жайнап ырдагыла деп какшап жатып күлдүрө алчу эмес. Ал күнү болсо биз Гүлшандын сөзүнө күлкүбүз келип баарыбыз тең күлүп ырдаганбыз.

Узун чачтуу "оштук" кыз
- Студенттик таттуу турмушубузда Гүлшандын бирөө менен урушканын, капа кылып катуу тийгенин көргөн жокмун.Экөөбүздүн боюбуз, оюбуз, табитибиз да окшош болгондуктан дайыма бирге жүрчүбүз. Ал кезде торт арзан болсо деле акча күчтүү эле. Кыздар акча топтоп торт алып жешсе, Гүлшан бир тортту өзү эле алып келип берчү. Бөлмөдөгү кыздар менен чогуу жечүбүз. Гүлшандын чачы коюу, узун, капкара, кайраттуу болчу. Биз бирөөлөр менен таанышсак мени көлдүк, Гүлшанды оштуксуң дешчү.

Гүлшанга көрүнбөй ыйладым
- 4-курста окуп жүргөндө чет тилдер факультети менен музыкалык факультетине КТРден бир топ диктор агайлар келип дикторлук боюнча конкурска чакырып кетишти. Гүлшан КТРге барып конкурстан өтүп кетти. Акыркы курста окуп жатканда аны КТРге жумушка чакырышты. Бирок Гүлшан "Окуумду бүткөндөн кийин иштейм" деген эле. Институтту да бүттүк. Гүлшан КТРге диктор болуп иштеп кетти. Мен болсо Жалал-Абадга кеттим. Ошондон кийин Гүлшан экөөбүз көрүшпөй калдык. Бирок мен аны телевизордон көрүп, сагынычымды жазып алчумун. Анын жаркырап телевизордон чыгып жатканына сүйүнүп, сыймыктанып жүрдүм. Бир жолу шаарга келгенде атайын КТРге барып Гүлшанга жолуктум. Ал мени колумдан жетелеп алып КТРдин баардык кабинеттерине алып кирип "Менин курбум Сардал, Жалал-Абаддан келди. Сардал комсорг, спортсменка, активистка. Менин курсташым, группалашым, экөөбүз бир бөлмөдө жашачубуз" деп мен жөнүндө жакшы сөздөрдү айтып ар бири менен тааныштырып чыкты. Мен кайра Жалал-Абадга кеттим. Арадан бир топ эле убакыт өткөн. Бир жолу Гүлшан КТРдегилер менен кошо "Сармерден" тартабыз деп барып калды. Гүлшанга учурашканы бардым. Ал мени көрүп эле ыйлап жиберди. Көпкө ыйлады. Аларды кайра Бишкекке узатаарда да "сени сагынам" деп дагы ыйлады. Ошондо бирге иштегендери "Сендей досчулукка бекем адамды биринчи жолу көрүшүбүз" деп таң калышты. А мен болсо Гүлшанды аэропорттон узатып жиберип ага көрүнбөй ыйладым.

Атына заты жарашкан Гүлшан
- 2008-жылы 29-ноябрда филармонияда Гүлшандын 50 жылдык юбилейинде зал толтура эл келди. Баардыгы тең Гүлшандын талантын, эмгегин сыйлаган адамдар. Мен дагы залда отуруп эң жакын курбумдун ийгилигине, элдин арзуусуна татыганын көрүп, кубанып, толкунданып, сыймыктанып, кол чаап, кубанычтын көз жашын агызып отурдум. Учурдан пайдаланып атына-заты жарашкан курбума узун өмүр, ийгилик каалайм.

Даркүл Кемелова















Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan