сырмаек

Мерген Турган:
"Бакытка балкып турган кезим"
Мерген Турган... Мындан бир топ жылдар мурда кыргыз сахнасында "Айсулуу", "Ак бантик" деген ырларды созуп, секирип бийлеген жаш жигит азыр ата болуп, токтолуп калган кези. Ошентсе да анын жараткан обондору, ыр кайрыктары бүгүнкү күнү да элдин эсинде, үнү болсо дале сахнада жаңырууда. Акыркы мезгилдерде Мерген мырза "Дыңкы жеңенин" образын мыкты жаратып, күлкү тартуулап келе жатат. Элге ыр дагы, күлкү дагы тартуулай билген Мерген Турган бүгүн биздин төргө келип, чыгармачылыгы, үй-бүлөсү тууралуу сыр маек куруп берди.


- Мерген мырза, акыркы мезгилдерде сиз ырдан алыстап, сатира жагына ооп кеттиңиз окшойт. Учурда эмне менен алектенип жатасыз?
- Учурда Мухтар Ауэзовдун 80 жылдыгына карата "Аста-секин колукту" деген комедияда көпкөн бала Жоробектин ролун алып иштеп жатам. Экинчиден өзүмдүн жаңы альбомумдун үстүндө иштөөдөмүн. Жаңы жазылган ыларымды аранжировка жасатканга бердим. Кудай буюрса, июль айында туулган күнүмдө күйөрмандарыма чоң концерт тартууласамбы деп даярданып жатам.
- Бир кезде Казакстанга кетип көрүнбөй кеттиңиз эле. Кыргызстанга кайра келишиңизге эмне себеп?
- Мындан беш жыл мурун Казакстанга кеткем. Ал жактан деле чыгармачылыгым менен алектенип жүрдүм. 2008-жылы куудул Назира Жетигенованын чакыруусу менен "Бири куудул, бири ырчы, эл тараза, эл сынчы" деген конкурска катышуу үчүн келгем. Ал конкурста "Дыңкы" жеңенин образын жаратып, Назира экөөбүз гран-прини жеңип алдык. Ошол конкурста эл мени сагынганын көрдүм. Элиме керек экенимди сездим. Өзүм дагы эл-жеримди сагынып жүргөн кезим болчу. Ошондон кийин чечим чыгарып, келинчегиме айтып, Казакстанда жасап жаткан иш-пландарыма карабай Кыргызстанга кайтып келдим. Мен үчүн кыргыз элим бийик.
- Эл сизди мурда ырчы катары кабыл алса, акыркы мезгилдерде "Дыңкы жеңе" катары кабыл алууда. "Дыңкы жеңенин" пайда болушу жөнүндө кеп салсаңыз...
- Мен өзүм ырчымын, обончумун. Бирок көптөн бери интермедия сыяктуу, тамаша иретинде бир нерсе ойногум келип жүргөн болчу. "Бири куудул бири ырчы" деген конкурска даярданып жатканда Назира экөөбүз көпкө ойлондук. Куудулдардын сатираларын карасак "бул кетсин, бул келсин" деген сыяктуу саясат көбүрөөк экен. Чындыгында мындай нерсе деле элди тажатты да. Анан кыргыздын эле күнүмдүк жашоо-тиричилигинен, турмушунан алып, тойлордун көркүн ачкан, кызматтын баарын кылган жеңелерибиздин образын жараталы деген ой менен "Дыңкы жеңени" алып чыктык. Менин төрт-беш жеңем бар, ошолордун образын чогултуп келгенде эле "Дыңкы жеңе" пайда болуп калды. Башында созолонгон жеңе болдум, маңка жеңе болдум. Бирок эмнегедир окшошподу. Алгач жеңенин атын табалбай ар түрдүү аттарды коюп чыктык. Акырында "Дыңкы" деп Назиранын Чынара деген досу койду. Анын Дыңкы деген дыңкылдаган жеңеси бар экен. Өзү тоодо жашаса дагы дыңкылдап келип баарын тейлеп, кырып кетет экен. Аны угуп алып аябай күлдүк. Анан ошол жеңенин атынан "Дыңкы" деп коюп, дыңкылдаган образын да чыгардык. Азыр мени баары эле Мерген Турган деп айтпай эле "Дыңкы" деп калышты. Азыр анын образы жана Бекуняй деген кайнисинин образы менен Назира экөөбүз концерттерди да алып барып жатабыз. Андан сырткары ушул боюнча фильм тартуу, "Дыңкынын коноктору" деген көрсөтүү ачсамбы деген ой бар. Негизи Дыңкынын көп жакшы ойлору бар. Ырдатсамбы деп да жүрөм. Азыр мен эки образды тең алып жүрөм, биринчиси ырчы Мерген Турган, экинчиси Дыңкы.
- Элимди көптөн бери көрбөй сагынып калдым, жакында концерт берем деп жатасыз. Концертиңиздин өзгөлөрдөн кандай өзгөчөлүгү бар?
- Алматага кетээрдин алдында "Өмүр кечи", " Мен сага бүгүн баргым келет"деген ырларым аябай хит болгон. Азыр репертуарымда жаңы "Көк асман", "Элесиң", "Сезимдеги адамым" деген ырларым бар. "Көк асманды" "Кыз-Бурактын" музыкалык көркөм жетекчиси Кенже Дүйшеева деген карындашым экөөбүз дуэт ырдайбыз.Ошондой эле элдик жанрда, классикада, оркестр менен да ырдаганы жатам. Башка ырчылар менен да өзүмдүн ырларымдан дуэт аткарам. Анан имиджимди өзгөртөм, мурдагыга караганда токтолуп калбадымбы. Анан албетте Дыңкы да кошулат. Чынымды айтсам элди абдан сагындым.
- Биз билбеген дагы кандай талантыңыз, өнөрүңүз бар?
- Негизи чыгармачыл адам издениши керек экен. Кечке эле ырдап отура берсең да болбойт. Ыраматылык атам айтам "Балам, сен ырчы болгондон кийин баардыгына жөндөмдүү, баардык жагынан өнөрлүү болушуң керек" деп айтчу. Мени Алматыда пародист катары жакшы билишет. Бирок бул өнөр Кыргызстанда да, Казакстанда да жок. Казакстандын телевидениесине мени чакырып "Пародия өнөрү менен Кыргызстандан келген Мерген Турган" деп атайын көрсөтүү даярдашкан. Бизде пародия жанры бар, бирок жакшы өнүккөн эмес. Мен Алла Пугачёва, Ирина Аллегрова, Валерий Леонтьев, Вера Сердючка, Азиза, София Ротару сыяктуу ырчыларды өзүмдүн үнүм менен, алардын костюмдары менен пародиялайм. Учурда буларды тойлорго гана алып чыгып жатам.
- Сиз Кыргызстанда Мерген болуп атыңыз чыгып турганда жашыңыз келсе да үйлөнбөй жүрдүңүз эле. Казакстанга кетип эле ал жерге күйөө бала болуп келдиңиз да...
- Ээ карындашым, эмне десем? Эми биякта деле жакшынакай, сонун кыздар болду. Бирок ошол кезде менде үйлөнүү тууралуу максат, ой жок болчу. Нике буюрат деп коёт экен, эгерде нике буюруп турса мен жаш кезде эле кыргыз кызынабы, казак кызынабы, айтор, үйлөнмөкмүн да. Бирок ал учурда менин жашоомдо мага чыгармачылык үстөмдүк кылыптыр. Үйлөнсөм эле колу-бутум бошобой калчудай болуп коркчумун. Ьир-эки жолу үйлөнөм деп чыгынсам эмнегедир убакыт-сааты чыкпай калган. Демек, буйрук эмес да. Казакстанга барганда Жылдыз менен таанышып калдым. Нике кайып экен, кудай кошуп баш коштук. Анын үстүнө жаш дагы келип калды, кыркка чыгып дегендей. Мен жаш кезимде эле ата-энеме "Он сегизге чыкканда үйлөнөм, анда үйлөнтпөсөңөр жыйырма беш жашымда үйлөнөм. Анда үйлөнтпөсөңөр кыркка чыкканда үйлөнөм. Эгер кырк жашымда үйлөнбөсөм анда таптакыр үйлөнбөйм" дечүмүн.
- Келинчегиңиз сиздин чыгармачылыгыңызга кандай көз карашта?
- Кудайга шүгүр, түшүнүктүү жан. Менин чыгармачылыгымды туура түшүнөт, эрте келдиң, кеч келдиң дебейт, кызганбайт. Себеби, мен элдин баласымын деп түшүндүрүп койгом.
- Өзүңүз айткандай кырктын кырына келип ата болдуңуз. Кандай ата болуп жатасыз?
- Аял алгандан дагы эң кызыгы, эң таттуусу балалуу болуу экен. Балама азыр беш ай болуп калды. Бала баардык нерсени, жашооңду да өзгөртөт экен. Бир нерсеге көңүлүм чаппай турганда баламды карап туруп "мен балам үчүн жасашым керек" деп кадимкидей кайраттанып, жашоого болгон кызыгууң артат. Бала деген айтып бүткүс керемет экен. Же кыркка чыгып, жаш өтүп калганда балалуу болгонго бала өтө ысык болуп жатабы... Баламдын атын Ханраат деп эң жакын досум Раатбек Санатбаевдин атынан койдум. Раатбек тирүү кезинде "Мерген дос, үйлөнбөйсүңбү. Балалуу болсоң балдарыбызды чогуу өстүрөбүз" деп калаар эле. Балам аяш атасына окшогон эл керегине жараган, өзүмө окшогон таланттуу адам болсо жаман болбойт деп ойлойм. Уулум аябай жоош. Балам ыйлаак болбой, жоош болсун дегендерге кыркка чыкканда үйлөнгүлө деп кеңеш берем. (тамаша)
- Жубайыңызга бала багышып жатасызбы?
- Жаңы төрөлгөндө келинчегимден биринчи баламдын жалаягын өзүм биринчи жууп жиберчүмүн. Баламдын жанынан айланчыктап кетпей калгам. Жаман ата эмесмин деп ойлойм. Өзүмдү сынасам камкор, жакшы эле ата экенмин. Көп балалуу болгум келет. Азыр баламдын жытына мас болуп, бакытка балкып турган кезим. Мен азыр бойдок досторумдун баарына үйлөнгүлө, балалуу болгула деп айтып, өзүнчө эле жеңе болуп кеттим.
- Уулдуу болгондо эркектердин көпчүлүгү эс-учунан танып мас болушчу эле...
- Мен өзүм ичкилик ичпейм. Бирок, уулум төрөлгөн күнү кечинде досторум менен ичтим. Дароо эле эркек балалуу болуп жатсаң сүйүнөсүң да. Чыныгы эркектен эркек бала төрөлөт дейт экен. Менин эркек баласы жок, эки-үчтөн кызы бар досторум бар. Албетте кыз бала да жакшы. Бирок эркек бала деген туяк да. Анан досторумду"силер эрте үйлөнүп эки-үч кыздуу болдуңар, а мен кеч үйлөнсөм да эркек балалуу болдум" деп тамашалап калам. Балалуу болгон күнү энеде кандай сезим болсо атада да ошондой бир жакшы сезим болот экен. Ошол сезимди жан дүйнөмдө сезип, абдан бактылуу болдум, кубандым, толкундандым. Көзүмө жаш айланды, бир сыйра ыйлап да алдым окшойт. Келинчегим менден он жаш кичүү, жашы отузга келип калганда төрөгөндүктөнбү, кыйналып калды. Ошондон улам кыз баланын турмушка эрте чыкканы деле жакшы экен деп калдым. Азыр турмушка чыга элек карындаштарымды турмушка чыккыла деп кубалай баштадым.
- Казактын кызын Кыргызстанга жашаганга кантип көндүрдүңүз? Дегеним, алакандай Кыргызстанда жашап туруп айылга жашабайм деп жер тандаган кыздарыбыз көп эмеспи.
- Жылдызга рахмат, мени, чыгармачылыгымды туура түшүнүп, туулуп өскөн мекенин таштап мени менен Кыргызстанга келди. Бирок, бул да болсо сүйүү болсо керек. Мурда Кыргызстанга келбейм дечү. Себеби, Кыргызстан жөнүндө түшүнүгү такыр башка болчу. Келгенден кийин элди көрүп, жерди көрүп аябай жактырды. Өзү дагы кыргыз тилин билбейт, жакшы түшүнбөйт. Кээде түшүнбөй калса күлүп коюп тура берет. Ага деле кыйын болсо керек, аны да түшүнөм. Кээде ыйлап отурганын көрүп калчумун. Бирок азыр ал кыйынчылыктардан өттү, көнүп калды. "Үйүңдү сагындыңбы, барып келелиби?" десем, "Азыр бала кичинекей, жолдон кыйналып калабыз. Кичине күтө туралы" дейт. "Кааласаң казак досторум бар, чакырып келейин" дейм. Бир аз болсо да алар менен сүйлөшүп алсын дейм да. Азыр КТК менен Казакстан каналын коюп берип коём. Анан тамашалап "Казакстанда КТР тартпайт. Сага жакшы, көрдүңбү, бизде казакча бир эмес эки канал бар. Байкуш биздин кыргыз кыздар казакка турмушка чыкса эмне кылат?"деп калам. Эми экөөбүздүн ортобузда сүйүү сезими болгондон кийин турмуштагы кандай кыйынчылыктар болсо да чыдап жашайбыз да. Сүйүү ошонусу менен барктуу.









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan