"Атымды эч качан пайдаланбайм"
- Ильяз, радиодон ырларыңды укканда кандай сезимдер болот?
- Жаңы чыгып келе жатканда радиодон күтүп угуп, тууган - досторума чалып, "радиону койгула, менин ырым кетип жатат" деп сүйүнчүлөчүмүн. Азыр болсо көнүп деле калдым, эч кандай деле сезим болбойт. Бирок жаңы ырым чыкканда сөзсүз күтүп угам.
Жолдон кызуу маекке кирип кетиптирбиз, аз жерден жол эрежесин бузуп МАИлерге кармалып кала жаздадык.
- Кокус МАИлерге кармалып калсаң кандай кыласың?
- Көпчүлүк учурда өзүлөрү таанып, ырчы экен деп коё беришет. Кээде эл катары эле айып төлөп кутулам. Айрым МАИчилер ырчыларда акча көп да деп көбүрөөк айып салышат.
- Мен ырчымын деп атыңды пайдаланып,ар кандай кырдаалдардан чыккан учурлар болобу?
- Жок, мен такыр Ильяз Андашмын деп атымды пайдаланып, түрдүү кырдаалдан бир да жолу чыга элекмин. Таанышса өздөрү таанышат, тааныбаса жок.
- Бир күндө чын эле ушунча жумуш бүтүрөсүңбү же бүгүн атайын биз үчүн ушундай график түздүңбү?
- Гастролдоп жүрүп, аябай чарчап, ачыгын айтсам бир жумадан бери жакшы уктай элекмин. Кечээ күнү кечки саат алтыда жаткан боюнча азыр турдум. Негизи эле ырчылардын көбү түнкү саат эки- үчкө чейин иштеп, түшкө чейин укташат эмеспи. Мен башка күндөрү деле убактымдын жетишинче, алыма жараша иш бүтүрөм. Бүгүнкү күнүмдү теңи, эс алуу менен өтпөдүбү.
- Мындан аркы пландарың менен бөлүшө кетсең?
- Караколго гастролго чыксамбы дегем. Азыр Кыргызстанды кыдырып концерт коюу менен алек болуп жатам. Албетте, аны уюштуруу да бир топ талыкпаган эмгекти талап кылат. Андан сырткары азыр "Дүйнөдө сени сүйгөн бир адам бар" деген ырдын үстүндө иштеп жатам.
Ушинтип ырчы жигит менен өткөргөн бир күнүбүз да аяктады. Ар бир адамдын өзүнүн алына жараша түйшүгү болот эмеспи. Ошентсе да, Ильяздын көпчүлүк ырчыларда кездешпеген жоопкерчилиги менен жөнөкөйлүгүнө ичибиз жылып кош айтыштык.

А.ДҮЙШӨНАЛИЕВА










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan