Кыргыз шоу дүйнөсү

Артисттердин архивине саякат
Семанын сары майдай сакталган белектери
"Артисттердин архивине саякат" рубрикасы сиз баалап-барктап жүргөн ырчыңыздын сакталып жүргөн казынасын ачып, сиздер тараптан берилген белектерин гезит бетине жарыялап келе жатат. Гезиттин бул санында артынан бир короо кызды ээрчитип ырдаган ырчы мырза Семанын сары майдай сакталган архиви менен сиздерди тааныштырабыз.

Жаздык ордуна төшөлгөн жумшак оюнчуктар
Семага берилген белектердин көптүгүнөн алгач көзүмө жумшак оюнчуктардан түзүлгөн коллекция учурады. Бул оюнчуктар Семага жакшы пайда тийгизерин жашырган жок.
- "Жүрөктөн чыккан жүрөккө жетет" деген кеп бекеринен келип чыкпаса керек. Анткени, бул белектер жүрөктөн чыккандыгы үчүн ушул убакка чейин сакталып турганы төгүн эмес. Эгерде көңүлү чаппай, же жөн эле берип койсо ал мынчалык көп убакыт сакталып турбайт болчу. Себеби, бул белектердин ичинде 5-6 жылдан бери, архивдин бир бурчунан орун алган белектер жайгашкан. Жаздык ордуна төшөп жаткан учурларым да болот. Ошон үчүн, бул жумшак оюнчуктар жаздыктын ролун жакшы аткарат.

Ийгилик алып келген кара "кроссовка"
Семага эртерээк кел деп байланышсам, футбол талаасында жүргөнүн айтып, бир топ кечиккендиктен, ал жакта эмне кылып жатканына кызыксам, жаңы эле футбол ойноп, каршылаш командасын жеңип келе жатканын билдирди.
- Бул кроссовканы, бут кийим саткан дүкөндө иштеген курбу кызым белекке ыйгарган. Бутуңдун өлчөмү канча деп кечке сурай бергенинен алгач эмне себеп экенин түшүнгөн эмесмин. Кийин эле кайсы бир майрамда көтөрүп келип "бул сага" дегени азыркыга чейин эсимде. Себеби, футболду жакшы көрүп ойноорумду жакшы билчү.

Белек ээси изделет
Чындыгында бул белектин ким бергендигин эстей албаган Сема ал күйөрманынан чын дилинен кечирим сурайт. Себеп дегенде, көбүнчө концерт учурунда ыйгарылган белектерди таштабай алып кеткени менен ким бергенин толук эстей албайт. Анткени алапайын таппай, баш айланып турган мезгилде белек ээсин эмес өзүнүн атын унутуп калаарын билдирген Сема гезит аркылуу ал күйөрманына кеч болсо да ыраазычылыгын билдирет. "Колго түшкөн коёнду коё берген оңобу" демекчи, колго түшкөн Семаны ооз комуз ойнотуп, кичине болсо да жарпыбызды жазгандай болдук. Бирок, Атай Огомбоевдин "Маш ботоюн" комузда кол ойноткондой, ооз комузда анчалык мыкты ойной албаганын байкадым.

Жакшы атка бир камчы, жаман атка миң камчы
Мындай дегенимдин себеби, Семанын күйөмандары өз кумирин жакшы атка теңеп, камчы берген сыяктуу. Анткени, күйөрмандары менен ар дайым жакшы мамиледе болгон Семанын бул мүнөзүн абдан баалаганын каттар аркылуу билдирген күйөрмандарына сан жетпейт. Кайда болбосун, анын талантын баалагандарды урматтап сыйлап, алар менен сүрөткө түшүп, кол тамга берип коюудан качпаган Сема менин жанымда турганда да бир топ күйөрмандарынын көңүлүн көтөрүп сүрөткө түшкөндүгү менен далилдеп турду.

Урматтуу окурман, булар Семанын белектеринин бир чети эле болду. Эгерде сиз сүйгөн ырчыңыздын көңүлүн алайын десеңиз, футбол тобун же болбосо спорттук буюмдарды белекке берүүңүздү сунуштайбыз. Себеби Сема спорт оюндарынын ичинен футболду абдан жакшы көрөт.

Нурзат Жусупова




Мирбек Атабеков Азеля менен сүйлөшөбү?
- Саламатсызбы "Обон" гезитинин жалпы жамааты! Мен учурда Бишкек шаарында 10 - класста окуйм. Мирбек Атабековду аябай жакшы көрөм. Өзүмдүн ага болгон сезимдерим тууралуу дос кыздарыма айтсам, алар Мирбек "Стар Денс" тобунда бийлеген Алина Жетигенованын кызы Азеля менен сүйлөшүп жүрөт деп айтышты. Чын эле Мирбек менен Азелянын ортосунда сезим барбы? Билип бере аласыздарбы?
Айжаркын, Бишкек шаары

Мирбек Атабеков:
"менин сүйгөнүм азеля эмес"
- Жок, менин сүйгөнүм "Стар Денстеги" Азеля эмес. Ал топто көптөн бери бийлебей калган, азыр каякта жүргөнү тууралуу маалыматым жок. Менин учурда сүйлөшүп жүргөн кызым бар, аны эч ким тааныбайт, эч ким деле көрө элек. Көпчүлүккө көрсөтүп, жар салайын деген оюмда жок. Репертуарымдагы акыркы чыккан "Сүйөм сени" деген ырымды сүйгөн кызыма арнап, белек кылдым. Ал эми Азеля экөөбүздүн ортобузда эч кандай сезим жок.





Эдил менен Чынгыздын мамилеси кандай?
- Саламатсызбы Чыңгыз байке?! Жакында эле түз эфирден бир кыз "Эдил Эркинбаев эмнеге эфирден кетти" деп смс жазса, сиз "Анын кеткенине сүйүнүп жатам, анткени эми эртең менен эфирге чыгам" деп жооп бергенсиз. Сурайын дегеним, эмне Эдил Эркинбаев мурда сиздин жумуш ордуңузду талашты беле? Деги эле экөөңөрдүн мамилеңер кандай?

Миргүл, Бишкек шаары
Чыңгыз Мырзаев:
"Бөйрөктөн шыйрак чыгаргандар жакпайт"
- Ушу бөйрөктөн шыйрак жараткан угармандар жакпайт да. Эми Эдилдин жумуш ордунан кетишине балким эч кимге айтпай турган себеби болгондур. Радиого эч ким байланбайт, мен да балким бир күнү радиодон кетип калышым мүмкүн дегендей. Анан ошол кичинекей нерседен чоң маселе жаратыштын эмне кереги бар? Үч жылдын ичинде Эдиль экөөбүз жапжакшынакай эле иштедик. Азыр да мамилебиз жакшы.









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan