атактуулар ааламы

Жылдыздар кризисте
кантип күн көрүүдө?
Учурда баарыбыздын төбөбүздөн басып турган кризис атактууларды да айланып өткөн жок. Өзгөчө азыр жылдыздардын гонорары, концерттерге, съёмкаларга чакыруулар азайып айтор, кризис да алардын жашоосуна чоң залакасын тийгизип жаткан учур.

Атагы алыска тараган Татьяна Догилева учурда үйүндө бош жаткан кези. Чарчаганын "эс алып жатканым жок, азыркы тапта кесибиме байланыштуу эч кандай сунуштар түшпөй жатат"-дейт актриса. Мындай тозок Татьянын ою боюнча бир-эки жылга созулат. Буга чейин эки эсе күч жумшап, чамынып жаткан акчасын азыр кичинеден чекесинен коротуп жаткан чагы. Кээ бир режиссёрлор бекер тартылып берүүнү сунуштап жаткандыктан "бекер жатканча эрмек кылып турсамбы"- деп ойлонушууда.

"Муз доору" долбооруна катышкан актриса Анастасия Макеева азыркыга чейин иштеген акчасын ала албай беймаза тартып жүргөн чагы. Бир нече айлап эмгек кылган акысын жетекчиликтен күндө барып доолаганы доолаган. Ал эми минип жүргөн машинасын сатып арзаныраагын алууга аргасыз болду. Ортодо калган акчага бир топ убакытка чейин жеткенге азык-түлүк алган.

Ай чырайлуу актриса Анастасия Заворотнюк "Гоголь" тасмасына тартылып жаткан. Каражат жетпей съёмканы убактылуу токтотууга туура келген. Азыркы убакта Анастасия кечелерди алып барып жатканы болбосо, олуттуу деле сунуштар жок. Кээ бир майда эпизоддорго катышууга мойну жар бербей жатат. Эгерде финансылык абалы жакшырбаса жарнамаларга деле тартылуудан баш тартпасын билдирген.
Кээ бир маалымат булактарына тараган маалыматтарга көз жүгүртсөк, Анастасия Заворотнюк жарым жылаңач болуп журналдарга сүрөткө түшүп берүүгө макулдугун берген. Кабарчылар бул суроо менен кайрылышканда "Жегенге тамагым жок ачка, кийим жок жылаңач калган күндө да мындай кадамга такыр барбайм" деген.

Ал эми Михаил Боярскийдин ою боюнча азыр кризис актёрлорго ылайык. Алтургай Михаил кубанып жаткан учуру. "Кризистин бир жагынан зыяны тийсе, экинчи жагынан пайдасы бар. Анткени, азыр кинодон да, театрдан да жакшылыктуу акча табалбай калдык. Жаштардын психологиясын бузган чаржайыт кинолордун аягы тыйылат деген ойдомун. Адамда акча канчалык көп болсо ошончолук чаржайыт жумшайт. Ал эми акча канчалык аз болсо режиссёрлор колдон келишинче маңыздуу кино тартууга умтулушат деп ойлойм. Керек болсо согуш учурунда да азыркыдан сонун кинолорду тартышчу. Өзүм тууралуу айта турган болсом, эл катары иштеп жатам. Ири суммадагы акча азырынча колума илине элек. Кыймылсыз мүлктөрдү сатууга азырынча эрте. Мурда иштеп тапкан акчаларымды чекесинен үнөмдөп колдонууга аргасызмын"- дейт Боярский.

Көпчүлүктүн сүйүктүү куудулу, алып баруучу, ырчы Максим Галкин мурда гастролдоп барган жеринен эң кымбат мейманкаларга конуп жүрсө, азыр кризиске байланыштуу капчыгынын жукалыгынын азабын тартып жаткан кези. Азыр мейманканага 3700 рубль төлөп жатса, мурда он эсе кымбат мейманканага түнөчү экен.

Мындай көрүнүшкө Леонид Агутин менен Анжелика Варум да туш болгон. Тынымсыз гастролдордун аягы акырындап тыйылып, мурдагы кирешеси бир топ азайган. Алар учурда кыймылсыз мүлктөрүнүн кээ бирин сатып, ыр жаздырып, костюм тиктиргендин камын көрүшүүдө.

Болжол менен өткөн жылдын жыйынтыгына караганда эң көп киреше тапкан Мадонна болгон. Джастин Тимберлейк менен ырдаган дуэти, дүйнө жүзүндөгү чоң шаарларды кыдырып койгон жеке концерти 281,6 млн доллар киреше алып келген. Убагында коротпой сактап койгон акчасынын азыр пайдасы тийип жатат. Анткени, мындай чоң суммадагы акча бир-эки жыл эмес, андан көп убакытка жетээри талашсыз. Ошондуктан азырынча ырчынын көңүлү ток. Ошентсе да кээ бир көп каражатты талап кылып, аз киреше алып келген ишканаларын сатууну ойлонуп жатат. "Чоң ишканалар көп акчаны талап кылып, ашыкча түйшүк тартуулайт"-дейт ырчы айым. Кризиске карабай гастролдоп барган жеринде билеттин баасын эки эсе кымбаттатууда.

Филипп Киркоровду кризис төбөсүнөн басып жатса да, өзүн жоготпогон ырчы жарым саат ырдаганына 70 доллар алса, кээде 100 долларга чейин чыгат. Азыр Киркоровдун 5 миллионго жакын каражаты бар. Алтургай мынча акчаны София Ротару да иштеп тапкан жок. Учурда орус шоу-бизнесинде "биздин арабызда эң бай дегенибиз эле Филипп Киркоров"-дешет сахналаштары.

Кризиске байланыштуу ырчылардын көпчүлүгү өз баасынан түшүп, ырдаганы үчүн адаттагыдан аз акча алып жатышат. Мисалы, Сергей Лазарев мурда 40 мүнөт ырдаганы үчүн 20-22 миң евро алса, азыр элдин абалын түшүнүп баасын 18 миңге түшүргөн. Ал эми "Отпетые мошенники" тобу 11 миң еврого ырдашса, эми 11 миң долларга ырдап беришет. "Братья Гримм" тобу 12 миң еврого кызмат көрсөтсө, азыркы тапта 9 миңди түзөт.

Ырчы Виктория Дайнеко азыр ден соолугуна байланыштуу чыгармачылыгынан бир аз оолактай түшсө да, тиричилигинин камын көрүп, өзүнө ылайыктуу жана маянасы жогору кызмат караштырып жаткан чагы. Андан сырткары, жеген тамагынан да, кийген кийиминен да үнөмдөгөнгө аргасыз болууда. "Мурда тамак жасагандан эринип, ресторандарга күнүгө үч маал баш баксам, эми үйүмдө өз колум менен тамак жасап жегенге өттүм. Кийимдин эң кымбатын сатып кийсем, азыр бир аз үнөмдөп арзаныраагына, жөнөкөйүнө басым жасаганга аргасыз болуп жатам. Бирок, адам ушундай кыйынчылыктардын баарын башынан өткөрүшү керек"-дейт Дайнеко.




  шоу-бизнес жаңылыктары

Николай Расторгуев бөйрөгүн алмаштырат
"Любэ" тобунун жетекчиси Николай Расторгуевдин ден соолугуна байланышкан оор абалы көпчүлүккө маалым болсо керек. Эл сүйгөн ырчы бөйрөгүн алмаштырганы Германияга кетип жатат.
- Тилекке каршы, биздин мамлекетте мындай организмге донор болууга тыюу салыныптыр. Азыр Николайга донор болууну каалагандар четинен табылып, жардамын сунуштап жатышат. Бирок биз алардын жардамынан пайдаланууга акыбыз жок - дейт ырчынын жакын досу Михаил.
Ал эми Германиядан табылган донарлардын арасынан кайсынысынын бою, канынын тобу, жашы, жынысы туура келсе ошону Расторгуев тандап ала турган болду. Николайдын ден соолугу мындан эки жыл мурда начарлап баштаган. Азыр ырчынын эки бөйрөгү тең иштебейт. Бул оору анын тукумунда бар экен. Өзү тууралуу тартып жаткан кинону аягына чыгаары менен операция жасатат.

Иван Ургант "Евровидение - 2009ду" алып барат
Быйыл Россияда өтүүчү сынакты Иван Ургант менен Милла Йовович алып барышат. Белгилей кетсек, бул сынакты алып барууну каалагандардын саны бир топ. Алтургай белгилүү алып баруучулар арасында уруш - талаштар да өкүм сүргөн. Ал эми Иван Ургант "Евровидениеде" алып баруучу болоорун өзү деле билбейт. Сыягы, кесиптештери ага сюрприз даярдап жатышса керек.

Виктория Бекхэм ич кийимдерди реклама кылат
Виктория Бекхэм "Джорджио Армани" менен келишим түзүп, ич кийимдерди жарнама кылат. Мурда Армани менен иштешкен жарым жылдын ичинде 45 миллион доллар киреше тапкан. Жакында Виктория өзү да ич кийимдердин коллекциясын түзүп, өзү жалаң ич кийим сата турган дүкөн ачууну максат кылууда. "Балким, кимдир бирөөгө менин жарым жылаңач түшкөн сүрөтүм жакпай, жинине тийиши мүмкүн. Бирок мен дал ушул жумушуман ырахат алам. Жолдошум да мени колдоп, колунан келген жардамын аябайт" - дейт Виктория Бекхэм.

Кэти Топурия мурдуна операция жасатты
"А- Студио" тобунун солисткасы Кэти мурдуна пластикалык операция жасатты. Мурда мурду грузиндердикине окшош болсо, эми азыр мурдунун көлөмү кичирейип, алда канча жакшы көрүнүп калган. Эске салсак, Кэтинин бул экинчи операциясы. Биринчи жолу 18 жашында көкүрөгүн чоңойткон. Бирок, аны буга чейин массалык маалымат каражаттарынан жашырып келген. Көкүрөгүн жасалма жол менен чоңойткону кечээ жакында эле билинди.

А.ДҮЙШӨНАЛИЕВА










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan