Күлкү - өмүрдүн мүлкү

Ой боорум ай, боорум!..
- Кел, экөөбүз үйлөнгөндөн кийин балыктардай болуп жашайбыз, - дейт жигит кызга.
- Кантип, суудабы?
- Жо-ок , унчугушпай…

- Алтыным, биздин үйдө "Жүз жашка кантип чыгуунун сырлары" деген китеп бар эле го, көргөн жоксуңбу? - дейт аялы.
- Мен аны 8 - мартта апама белекке берип койгом.
- Эмнеге?
- Сенин апаң окуп албасын деп…

- Баланчаев, терезени карап эле телмиресиң да. Деги мектепти бүткөндөн кийин эмне кылайын деген оюң бар? - дейт мугалим.
- Атамдын ишин улантам да.
- Аа… анда алкаш болот турбайсыңбы...

Досу досуна:
- Мен кечээ аялымды "Отеллого" алып бардым.
- Койчу эй, сен театрды он метр алыс айланып өтчү элең го? Жакшы, жакшы... өсөт деген ушу.
- Сен туура эмес түшүнүп алдың окшойт досум, жөн гана аялым кыйшың - мыйшыңы жок жүрсүн деп "Отеллого" алып кирдим да.

Үйгө эски дос мейманга келет. Дасторкон үстүндө үй ээси улам эле:
- Жаным, чайыңды жаңыртсаңчы.
- Берекем, кумшекерди бери жылдырып койчу.
- Көлөкөм, тамагың абдан таттуу болуптур?-дей берет.
Аялы күйөөсүнүн эркелеткен сөздөрүнө жетине албай, досунун кой дегенине көнбөй, дагы тамак жасаганы ашканага жөнөйт. Учурдан пайдаланып мейманга келген досу үй ээсине суроо узатат:
- Ушунча жыл жашап, сүйүүңөрдүн бекем сакталганына суктанып турам.
- Аа-ай досум, айтасың да!.. Он беш жылдан бери жашап жатып, аяшыңдын аты ким экенин деле билбей, айла жоктон айтылган сөз да…

Бир киши досуна арманын айтып жатат:
- Аялым курортко кеткен, бүгүн чалып алып үч килограммга арыктадым дейт.
- Сүйүнбөйсүңбү?
- Аялымдын үч килограммга арыктаганы, мерседес сатып алып жатканда беш сомго арзандатып бергенге барабар.

Күлкү күнү
кантип жаралган?
1-апрель күлкү күнү качан, кайсыл өлкөдө пайда болгону тууралуу көптөгөн талаш -тартыштар жаралып келүүдө. Ошентсе да, эң биринчи жолу бул майрам Байыркы Римде же Байыркы Индияда пайда болгон деген божомолдор чындыкка көбүрөөк окшошот. 1564 - жылы Францияда 1- январь күнү белек албай калгандар көңүлү калып, 1-апрелди алдамчылардын күнү деп белгилешкен. Себеби, аларда Жаңы жыл 25-мартта башталып, 1-апрелге чейин созулган.
Россиялыктар Петр I дин тушунда күлкү күнүн эң жогорку деңгээлде белгилешкен.
Күлкү күнүнүн пайда болушунун дагы бир божомолу - кээ бир өлкөлөрдө күн чайыттай тийип, адамдар дайыма күлүп жүрүшү керек деген түшүнүктө болгондор 1-апрелди майрамдашкан.
Англиялыктар менен шотландиялыктар 18-кылымда күлкү күнүн жалаң абакта жаткандар үчүн гана өткөрүлө турган майрам катары санашчу. Анткени, эркиндикте жүргөндөрдүн ар бир күнү эле күлкү менен коштолот деп, 1-апрелде түрмөдө отургандарга майрам уюштурушуп, белек беришип, тамаша - оюндарды көрсөтүшчү экен.

1-апрель күлкү күнүнө карата "Обондон"
окурмандарга
сюрприз!
Эгерде кимде ким эң күлкүлүү, эң кызыктуу, өзгөчө, мурда эч жерде айтылбаган анекдотту 1 - апрель күнү саат 14. 00 дөн 15.00 гө чейин 44-98-21 ге чалып айтса 5000 сом байге берилет. Чамдаңыз!

Тостор
Мурун жашоо шахматтай эле. (Король жана королевалар жашачу), азыр болсо шашкидей (алдыга жүрсөң да жейт, артка кетсең да жейт, бир орунда туруп калсаң да "фук" деп жеп коёт). Келгиле, турмуш шашкидей болуп турганда эч кимге жедирбей "дамкага" чыгыш үчүн, узак жашаш үчүн ичели!
х х х
Терезеде сыртты карап аялы менен күйөөсү турат.
- Карачы,-дейт аялы күйөөсүнө,- башкалардын күйөөлөрү тигинтип кермедеги кирлерин жыйып алып, аялына алып кирип берет экен, аялын аяйт экен. А сен болсо...
- Аялын аяганы аяган... А бирок, ал эркек сени аябай жатпайбы. Кермедеги кирлер аялыныкы эмес эле сеники болуп атпайбы,-дептир күйөөсү. Ушундай байкагыч, баамчыл эркектер үчүн ичпегенде ким үчүн ичмек элек?!.
х х х
Бир отуруштагы айымдардын тостунан: - Эркектер үчүн тост көтөрөлүчү. Бирок, бойдок эркектер үчүн эмес! Анткени, алар баары бир бизге үйлөнүшпөйт. Ажырашкандар үчүн да эмес, алар башка аялды жыргатпаган бизди жыргатмак беле. Ичебиз, үй-бүлөлүү эркектер үчүн, алардын ден соолугу үчүн! Анткени, алар аялдарын да сүйүшөт, бизди да эч унутушпайт.
х х х
Бир кореец жигит чек арада кызмат өтөйт. Арадан көп убакыт өтпөй эле чек арадагы иттер четинен азая баштайт. Иштин жайын түшүнгөн командири жигитти гипнозго ээрчитип барат. Ал жигитти гипноздоп "Сен кореец эмессиң, сен кыргызсың"-деп мээсине куят. Күндөр өтөт, бир күнү жигит жанына ит ээрчитип чек араны карап келгени кетет. Улам-улам иттен көзү өтүп, карап коёт да "Мен кореец эмесмин, мен кыргызмын"-деп кайталайт. Акыры чыдамы түгөнгөндө "Сен ит эмессиң, сен койсуң"-деп союп жеп алат экен. Келгиле анда, алдыңардагы стакандарды көтөрүп "Сен ачуу арак эмессиң, сен мүрөктүн суусусуң"-деп аппак алып ийели!














Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan