миң сырдуу аалам

Кызыктар дүйнөсү
Окумуштуулар египет ханышасынын атырын жасоодо
Биздин заманга чейин 3,5 миң жыл мурун жашап өткөн Египеттин жападан жалгыз башкаруучу айымы фараон Хатшепсуттун атырынын идиши табылган. Күйөөсү фараон Тутмос II каза болгондон кийин ордого келген Хатшепсут баласы Тутмос III чоңойгонго чейин башкарган. Идиштин фараон айымдын косметикалык каражаттарында барктуу деп саналып жакшы сакталганына караганда, баалуу заттарынын катарын толуктаган. Идиштин жытын атайын аппараттын жардамы менен алышып, анын курамын эмнелер түзгөнүн аныктоодо. Эгер окумуштуулардын ойлогон оюу оңунан чыкса атырды канчага сатаары кызыгуу жаратууда.

Орбитадагы таштандылар
Кайда гана жүрбөсүн адам дегениң бүт жерде таштанды таштоо менен алек. Космонавтиканын жаралуусу менен космос таштандылары да пайда боло баштаган. Жерди гана таштанды менен толтурбай учурда галактикада да 330млндон өйдө керексиз калдыктар калкып, учуп жүрүүдө. Алардын катарында тамак аштан, майда барат буроолорго чейин жана ракеталардын күйүп калган кыймылдаткычтары, жоголгон аспаптар менен иштебей калган спутниктер түзүүдө. Асмандын төмөнкү катмарында калдыктар күйүп кетүү менен жоголсо, жогорку бөлүгүндө тескерисинче топтолуп чоң кометаны түзчүдөй болуп калгандыгында. Космонавттарды кооптондурган нерсе кичинекей буроо да кораблге чоң жардырууну жаратканында. Галактикада 80гр буроо секундасына 10км ылдамдыкта жүрүп, сүзгөн нерсесине кадимки граната алып келчү зыянды жаратаары бышык. Эгерде таштандыдан айрылуунун башка жолун таппаса, бир нече он жылдыктан кийин ааламга чыгууга такыр мүмкүн болбой калышы боло турган иш. Протон ракетасынын кырсыкка кабылуусу менен бул маселени тереңирээк изилдөө сунушу каралууда. Себеби, Протондо 218 тонна 978 кг күйүүчү май гептил болгондуктан, азыр ал уулуу булутчаны түзүп орбитада калкып жүргөн мезгили.

Желкедеги үчүнчү кол
Пекин шаарынын дарыгерлери башынан ийгиликтүү операция өткөрүшүп, он бир жаштагы Жень Си аттуу кызга чоң кубаныч тартуулашты. Шанси провинциясында төрөлгөн Жень Си операция убагына чейин желкесинин артында өсүп келе жаткан үчүнчү колунун айынан азап чекчү. Мындай өзгөчөлүгүнө карабай Жень Си мектепте эң алдыңкы окуучулардын катарында келген. Дарыланууга киргенге чейин журналисттерге келечекте дарыгер болгусу келгенин билдирген. Операцияга бир топ тажрыйбалуу хирург, профессор Е Ци Биня баш болгон нейрохирург, ортопед, пластика хирургдары катышып парздарын жан дилинен аткарышып, өз иштерине канааттанып турган чагы. Учурда Жень Синин ден-соолугу чыңалып, келечекте мыкты дарыгер болом деп сабакка даярданып жүргөн кези.

Талаадагы тегерекчелер
Улуу Британияда 29 жаштагы Метью Уильямс баш болгон топту камоого даярданууда. Алардын кылган жоруктары коомчулукка жана дыйкандарга моралдык жана материалдык зыян алып келип, элди маскара кылуу иретинде, учуучу тарелкалар бар деген далилдерди тапкан.
Анын далили катары акыркы жылдары Англияда көбөйүп кеткен талаадагы тегерекчелер бир топ талаш-тартыштарды жаратып, ааламда бизден башка да коом бар экендигин далилдеген документтердин катарына киргизип, көптөгөн сенсацияларды жараткан. Уфологдор изилдеп жүрүп, элди алдап байыгысы келген Метью Уильямсты тобу менен талаада тегерекчелерди жасап жүргөн жеринен кармашкан.Көрсө, мындай кубулуштарды жасаган Метью калпычы эле эмес колунан көөрү төгүлгөн чебер да экен.

Таш тиштеген вампир
Чумадан каза болгон адамдарды изилдеп жүргөн археологдор Венецияда оозуна кыш тиштелип көмүлгөн адамдын сөөгүн табышкан. Мындай үрөй учурган көрүнүш мурда кездешпегени менен жашыруун документтерде орто кылымда вампирлерди ушундай жол менен өлтүрүп, ооздоруна таш тиштетип анан көмгөндүгү тууралуу Флоренциа университетинин изилдөөчүсү Маттео Борини кеп кылган. Бирок мындай нерсенин Польшада да кездешкени тууралуу америкалык окумуштуу Пир Мур Дженсен да билдирген. Анын билдирүүсүндө илгери адамдар Вампирлерди өлтүрүп, алар кайра ойгонгондо адамдарга зыяны тийбесин деген таризде, кан ичкичтердин оозуна таш байлап, жүрөгүнө казык кагып салган. Чуманы таратуучулар да вампирлер деп эсептелгендиктен аларды аёосуз жазалашып, ушундай жол менен алардан айрылган.

Жасалма мурун
Түндүк Ирландиянын биоинженердик борборунда биологдор медицинага жана экономикага көптөгөн жеңилдиктерди тартуулоо үчүн атайын жытты сезүүчү жасалма мурун ойлоп табышты. Бул аппарат өпкө рагына, циррозго, кант диабетине так диагноз коюп, дарыгерлердин ишин бир топко жеңилдетээри анык. Адамдын мурдундай жыт алып, анын кандай ооруга тиешелүү экенин аныктап, анализдеп чыгарат. Мындай мурунду диагноз коюуда эле эмес, ар кандай уулуу жыттар бар жерлерге орноштуруу да каралууда.

Мителерден айрылуунун жолу
Британия университетинин окумуштуулары тарабынан адамга зыян алып келчү курт-кумурскаларды өлтүрүүчү робот чыгарылды. Робот саатына жүз чакты кенелерди өлтүрүп, бир түн ичинде миңдеген мителерден айрылтат. Конструкторлор аңчы роботту керектүү энергия менен камсыз кылууну да унутта калтырган эмес. Курмандыгы болгон мителерди роботтун ичиндеги механизация иштетип отуруп, алардан өзүнө керектүү энергияны чыгарып ишин улантууда.




  шумдугуң кур!

Кан ичкич Чупакабра
Чилинин Калама шаарынын жашоочулары караңгы кирээри менен эшикке чыгууну токтотушат. Аларды мындай ишке түрткөн нерсе чупакабра деген тири суук жандык көчө кезип, жергиликтүү элдин тынчын алууда. Адамдардын мал чарбасына көйгөйлүү маселени жаратып, алардын эчки, кой, тоокторун кырып, адамдарга да кол салгандыгында.
Чупакабра деген ысым испан тилинен "эчкилердин канын ичкич" деген түшүнүктү берет.
Мындай жырткыч тууралуу алгачкы маалыматтар 1994-жылы пайда боло баштаган. Келбети адамдын боюнан төмөнүрөөк келип, карышкырдыкындай жанып турган эки көзү жана чоң башы бар. Өзгөчөлүгү башка жандыктардай чуркап же соймолобой секиргенинде. Бир секиргенде 10 метрди багынткан чупакабраны учурда эч ким кармай албай жүргөн кез.
Чилиде гана эмес Украинада кездешкен жан алгычты адамдар өз көзү менен көргөндүн баса белгилешкен. Днепрге сууга түшкөнү барган Лена Бархотина аттуу жабырлануучу, коркунучтуу үн чыгарган түшүнүксүз жаныбардын маңдайында турганын байкаган. Ленага карай кол салууга аракет жасаган жырткычтан, кыз сууга түшүү менен кутулган. Бул тууралуу досторуна билдирип алар менен окүя болгон жерге келип чачка окшогон жүндөн башка эч нерсени тапкан эмес.Жүндү изилдешкен окумуштуулар мурун мындай нерсени көрбөгөндүгүн айтышкан. Алардын изилдөөлөрүнүн натыйжасында чупакабра НАСАнын эксперименттик иштеринин жыйынтыгы, же болбосо бөтөн планеталыктар тарабынан түшүрүлгөн жаныбар деп аларды кармоо аракетинде.

Мутацияланган курттар
Жогоруда айтып өткөндөй адамдар асман менен гана алектенбей, жердин ички катмары менен да тереңирээк таанышууда. Москва шаарынын кээ бир жашоочулары Курчатов атындагы институтунун жанындагы шахталардын биринен укмуштай чоң курттарга күбө болушкан. Американын коркунучтуу көркөм тасмаларын элестеткен курттарды мутацияланган деп болжолдошууда. Азырынча курттарды кармоо үчүн бир нече киши шахтада күн өткөрүүдө. Алтургай Москванын астындагы канализациялардын биринен Вадим Михайлов аттуу киши узундугу 12см, көлөмү таш бакадай болгон учуучу таракандарды көргөндүгүн билдирген. Мындай шумдуктарга эч ким ишенбегендиктен, көргөн адамдар өздөрү колго түшүрүүгө шымалана киришкен чагы.

Тыңчы таш бака
Бразилиянын жашоочусу, тартип сакчы Кармуш Лабрейра деген киши кызыктуу окуяга туш болгон. Таңга маал өз чөйрөсүн текшерип жүрүп механикалык заттын кыймылдаган үнүн уккан. Ошол замат үн чыккан жакка барып темир ташбаканын үстүнөн чыгат. Адамды байкаган кичинекей робот да качып жер астына кирип кеткен. Кармуш кесиптештерин жардамга чакырып, алар менен биргеликте робот кирген жерге киришип күлдөн башка эч нерсе тапкан эмес. Күлдүн ысып турганын байкаган сакчылар робот өзүн-өзү жардырып жиберди деген тыянак чыгарышкан. Робот чыгарчу жерлерде мындай ташбака жоктугун конструкторлор моюндарына алышкан. Ал эми кээ бир жер астын изилдөөчү окумуштуулар жердин түпкү катмарында да цивилизация бар экендигин, мындай мини роботтор алардын тыңчылары катары кызмат кыларын билдиришкен.

Темирбек МАТАЕВ










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan