Бекер жарыя бергиңиз келсе
0550127052 телефонуна SMS жөнөтүңүз.
Сатам
ЗИЛ-130, П/прицеп, дөңгөлөктөрү жаңы, келишим баада, жакшы абалда. Тел.: 0555 00-17-18.

Компьютерлер арзан баада. 0 312 44-98-19

40 тонналык контейнерлер арзан баада сатылат. Тел.: 0555 00-17-18

Фрезерный жана рейсмус станоктору сатылат. 0543 21-66-78.

Тирдин мылтыгын сатып алам. 0773762660, 47-58-75.

ЮМЗ-тракторунун лапатасы сатылат. 0772715436.

Үйлөр, жер тилкелери
Таш-Мойнок айылында суунун жээгинде дача сатылат. Тел.: 0555 00-10-67.

Ак-Босого конушунан чоң төрт бөлмөлүү үй сатылат. Бала бакчага, мектепке жакын. 35 миң доллар. 0555159209.

Калыс-Ордодон 5 сотых жер фундаменти менен сатылат. Шашылыш. №173, 274,193 - маршруттар каттайт. 0550482501.

Бишкектен үй сатылат же болбосо Кара-Кол шаарындагы үйгө алмашылат. 30-86-97.

"Дордой" базарына жакын жерден 30 миң долларга үч бөлмөлүү квартира сатылат. 0772618571.

Ак-Ордо конушунан 5 сотых жер сатылат. Кызыл китеби бар. 0772715436.

"Чекиш-Ата" базарынын жанынан 2 гектар жер сатылат. Келишим баада. Тел.: 0777 71-70-85

Тез арада 1 бөлмөлүү үй сатам. Дареги: Чүй проспекти 43/1 кв. 23в. Тел.: 0772 12-58-51, 0543 21-93-72

Бишкектин борборунан 18 сотых жер сатылат. Кызыл китеби бар. 0550161425.

Чоң-Арык айылынан төрт бөлмөлүү үй сатылат. 9 сотых жери, борборлоштурулган жылуулук системасы бар. Тел.: 57-40-62, 0772 86-28-10.

5 бөлмөлүү үй сатылат. 5сот. Арча-Бешик. Кызыл кирпич. Бердибаев көчөсү. 35$ 0550127052

4бөлмөлүү. Бардык чарбачылыгы бар. 8сот. Шаардык тел. 38$ 0772 83-55-93

Времянка сатылат. Селекция айылы. 5сот. Чоң жолдун жанында. 16$ 0772 83-55-93

Жер тилкеси сатылат. Шаардык 4-бейтапкананын жанында 4сот.борбордук канализация. 12$ 0550 127052

Жер тилкеси сатылат. 8 сот. "Дордой" базары (Совет көчөсүнүн башталышы) 15$. 0772 83-55-93

Арча бешиктен 6 сотых участок сатылат. Ортомчусуз. 0777 105661

"Пери" сулуулук салону сиздер үчүн кызмат кылат. Арзан жана ыңгайлуу чач жасалгалар. Айымдар жана эркектер үчүн чач кыркуу. Шота Руставели жана Словянский көчөсүнүн кесилиши. 0777144122 профессионал мастер.

Ак-Өргө конушунан 2 бөлмөлүү времянка сатылат. 27 миң доллар. 0772 34-97-54

Көлмө жаңы конушунан 1,5 кабаттуу үй сатылат. Мектепке жакын. 42 миң доллар. 0772 62-29-30.

Жер тилкеси сатылат. 8 сот. Новопокровка айылы. 11 миң доллар. 0772 81-98-20.

Көлмө жаңы конушунан 2 кабат үй сатылат. Мектепке жакын. 46 миң доллар. 0543 19-32-33.

Үч бөлмөлүү времянка сатылат, 15 сотых жери бар. Сокулук району, Шалтаа айылы. 15 миң доллар 0555 363565; 0555 851931; 0777 231706

Ак-Ордо конушунан 5 сотых жер сатылат, кызыл китеби бар. 0772715436

Кожоюну жок 3 бөлмөлүү жер там ижарага керек. 0772108366

Авто унаалар
"Делико" сатылат. 94ж. Кыйм.куб.2,4. Кор.автомат. бензин. Абалы жакшы. 4,8$
0772 83-55-93

Мерседес С220. 94ж. Кыймылдаткыч куб.2,2. жаңы келген.Абалы мыкты. Түсү кара.мех.кор. бардык мүмкүнчүлүктөрү менен 7,4$ 0550 12 70 52

Гольф-2 85жылкы. Кыйм.куб 1,3. 5эшик. Түсү күрөң. 1,6$ 0550 12-70-52

Фольксваген-Пассат.(универсал) 93ж Кый.кубатт.1,8.кор.мех. түсү кызыл. 3,6$
0550 12-70-52

Хонда-CRV 96-ж. Кый.куб. 2,0. Кор.автомат.5,3$ 0772 83-55-93

Ауди С-4 сатам же оң рулга алмашам. (Сефиро же Виндоу)+ $ мага. 91-ж. Кор.мех. эл.пакет. 5 миң доллар. 0772 35-28-16. 0700 36-36-00.

"Жигули - 06" сатылат. 85-ж. Кый.куб.1.3. түсү ак. 0700481050.
Трактор сатам. МТЗ-80+прицеп. Шашылыш, арзан. 0550802141.

Сатып Алам

Колдонулган терезе, эшик сатып алабыз. 105, 104, 106 сериясындагы 0772273559 , 0772776434
Ар кандай

Жаш жигит кандай болсо да жумуш издейт. 0770 121579

75 баш боз үй сатам же автого алмашам. Тел: 0777 40-56-83

Тажрыйбалуу тигүүчүлөр, бычмачылар, технологдор талап кылынат. Маянасы жогору, баардык шарттары бар. Биз сиздерди күтөбүз. 0777 11-04-10.

Секретаршанын жумушун издейм. 20 жаштамын, 3-курстта сырттан окуйм. 47-92-06.

МЗ-эсковатордун лапатасы сатылат. 0772 71-54-36.

Жаш үй-бүлө узак мөөнөткө 1-2 бөлмөлүү батир издейт. Ленинский (А-Ата - Я) жактан болсо жакшы болот эле. 0550 12-70-52.

Токторов Нуркан Айткуловичтин наамындагы айдоочулук күбөлүк жоголду.Сүйүнчүсү бар. 0770 141500

Ар кандай куруу иштерин кылам. 0777093208.

Тамада + музыка, видео, бийчилер. 0777709899, д: 934-930.

Электрондук таразаларды оңдойм жана сатам. 0550090561.

Өзгөндөгү Шераалы айылында жайгашкан "Эне-Сай" кафесине келип Өзгөн муздак сырасын ичип, эс алып кетиңиздер. 0555616083.

Мадиев Кутман Ашимовичтин паспорту жоголду. Сүйүнчүсү бар. 0772848883.




"Обон"-почта

ОП-58-01. Ассалому алейкум "Обон" гезитинин окурмандары жана СМСчилер. Жооп жазганыңыздарга чоң рахмат. Силерге суроо: Акыр заман деген кандай? Көңүлдөш дегенди кандай түшүнөсүздөр? Жоопту 7730888262ге жибергиле. Эркин КБш.

ОП-58-02. Россиядагы Изат, Эльнура, Азамат, Саку, Бархат, Эркинай силерге чоң салам. Мен силерди сагындым. Жеңеңер Мунира.

ОП-58-03. Сүйүктүү жарым Сүймөнгө жана балдарым Байсал, Байтурга узун өмүр, чың ден соолук каалап, балдарыңдын энеси Мунира.

ОП-58-04. Айгөлөк, Макуся, Канжар, Хан-Шай, Меришка, бийчи Диана, Эркин КБш, Ангел-Асем жана "Обондун" супер-пупер СМСчилерине сагынычтуу ысык салам жолдойм. Жанус Роза.

ОП-58-05. Периге ырымды окуп коюңуздар. Келесиң окууга сен эркелеп, сени гана көргүм келет эртелеп. Аппак жүзүң, назик күлкүң назданат. Жүргүм келет Пери менен жанашып. Айлуу түндө жолуксамбы сен менен. Жүрсөң деймин түбөлүккө мен менен. Ачуу, таттуу турмуштун жолуна аттанып, бир бүлөдө бирге болсок дегем. Ала-Тоонун кызыл гүлүн теремин, арнап терген кызыл гүлдү Пери сага беремин. Эркин КБш.

ОП-58-06. Кусалантып жүрөгүмдү канатчудай, кыйнадың го жүрөгүмдү мыкаачыдай. Тагдырдын жазганы ушул болуп, муңайттың го жалгыз мени кайырчыдай. Акмарал-91.

ОП-58-07. Макуся "Обон+" деген топ бар, балким башка ат менен чыгаарсыңар. Таарынба Макуся, "Обон+" тобунун атынан Диля.

ОП-58-08. Алихан, Даниель, М.Атабеков кандайсыңар? Эч качан жүзүңөрдөн жылмаюу кетпесин. Бат-бат Сокулукка концерт коюңуздарчы, суранам? Альба.

ОП-58-09. Тоок сүйүү тооруп улам бир кызды, мода кылууда адашып сүйүп жылдызды. Ак сүйүү жеңип жаңылышкан, Наргизди өзүнө таазим кылдырып баш ийгизди. 0770138670.

ОП-58-10. Ардактуу менин апакем, айга да сизди теңебейм. Ар дайым болчу жанымда, асылым менин апакем. Оорусам дары болосуз, жыгылсам жөлөк болосуз. Бактыма дайым бар болчу, жан биргем менин апакем. Кенжетайыңыз Акмарал-91.

ОП-58-11. "Кумир менен баарлашууга" Нурмат Садыровду чакыргылачы, сураныч. Күтөм үмүтүмдү үзбөгүлөчү? Альба.

ОП-58-12. Саламым жалпы СМСчилерге, мени да өз катарыңарга кошуп алгылачы? Мен да силерди өз досторум деп эсептейм. Дамира.

ОП-58-13. Кара-Суу районуна караштуу Ынтымак айылындагы №14 Ж.Турусбеков мектебинде окуган 9-а жана 9-б класстарга ысык салам. 93-төр алга. Классташыңар Кулпунай.

ОП-58-14. Алматыда иштеген алайлык Бактияр (Ахилесмин деп таанышкан) сизди жоготуп алдык го? Оштон Мекуля.

ОП-58-15. Бактыгүл сага чоң салам. Сени сагындым. Көк-Жаңгактан Моли.

ОП-58-16. Саламым супер СМСчи досторум Абда, Гүланда, Кербен Куба силерге ийгилик, калемиңер курчуй берсин, аман болгула. Барчынай.

ОП-58-17. Бема дос, кандайсың? Алматыга качан келесиң? Сенсиз кызыксыз болуп жатат. Мадина, Акылай.

ОП-58-18. Мирбек досум 2-апрель туулган күнүң менен куттуктайм. Досум сага ден соолук, узун өмүр, жумуштарыңа ийгилик, жүзүңдөн нур кетпесин. Альбиян.

ОП-58-19. Мирбек Атабеков Ошко келиңизчи, бир көрсөм арманым жок эле. Сиздин сүйүктүү күйөрманыңыз Гүлнур.

ОП-58-20. Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылындагы классташыбыз Осмонова Айгүлдү 28-март күнү болгон баш кошуу тою менен куттуктайбыз. Кошкон жарың менен бактылуу өмүр сүрүшүңдү каалайбыз. Шергазыны сыйлап жүр. Айылыбыздын супер келини бол. Астанадан Улар, Исраил, Нурбек, Сапар.

ОП-58-21. Жүрөгүмдүн ээси, менин өзгөчөм, асыл жаным Дооронбек, сага деген сезимим ыйык, аруу, таза жүрөгүмдө сакталат. Сени эч кимге окшотпоймун жаным. Себеби сен өзгөчөсүң, мен үчүн жалгызсың,мен үчүн кымбатсың. Бирок азыр сенден алыстамын. Сени катуу сагынган жүрөгүң, шоколадкаң, алыстагы Назигиң.

ОП-58-22. Папандагы Бөрү айылындагы Диларам-92, Самара-91, Мирбекке сүйүүлөрүнө ийгилик каалайм. Гүлнур.

ОП-58-23. Кызыл-Кыяга, аялым Жанарага салам. Сени сүйөм. Мургабдан Абдилада.

ОП-58-24. "Арал" базарында иштеген эжем Гүлнараны келе жаткан туулган күнү менен куттуктайм. Ден соолугу чың болуп, тилеген максаттарына жетүүсүн жараткандан тилейм. Туулган күнүңүз көңүлдүү өтсүн. Сиңдиңиз Жаку.

ОП-58-25. Бишкектеги досторум Карима, Кундуз, Мээримге, Албинага салам. Силерди сагындым. Мадина.

ОП-58-26. Айна булак-4 кичирайонунда жашаган Минараны келе жаткан туулган күнү менен куттуктайм. Ата-энеңдин сүйүктүү кызы бол. Жаку, Гүлнара, Нурай.

ОП-58-27. Эжем Жаңылга чоң салам. Ишиңе ийгилик каалайм. Дайыма күлүп жүрүңүз, эч оорубаңыз. Сизди апамдай көрөм. Мадина.

ОП-58-28. Максат, 31-март туулган күнүң менен куттуктаймын. Сага узун өмүр, чың ден соолук, дүйнөдөгү баардык жакшылыктарды каалайм. Сенин эки дүйнөдө жана акыретте бактылуу болушуңа тилектешмин. Альбиян.

ОП-58-29. Сүлүктү шаарынын тургуну жубайым Гүлзатты жана балам Байэлди аябай катуу сагындым. Акыл,Москва.

ОП-58-30. Продюсер Канат байке мага продюсер болуп бере аласызбы? 0777870258ге байланышка чыгып коюңузчу. Сизден аябай суранам. Гүлшайыр.

ОП-58-31. Бишкек шаарында жашап жаткан жеңем Кенжени келе жаткан туулган күнү менен куттуктайм. Замир экөө бактылуу болсун. Наргиза.

ОП-58-32. "Назик" бийчилер тобуна баардык жакшылыктарды каалайм. Мени да чакыргылачы? Женя.

ОП-58-33. Өзгөндүн Көлдүк айылында жашашкан Кедеевдердин үй-бүлөсүнө ысык салам. Наргиза, Өмүш.

ОП-58-34. Бакай сенин жазган СМСтериң, ырларың мага абдан жагат. Сени менен таанышууга мүмкүнбү? Асел.

ОП-58-35. Саламым "Обондон" тапкан досум Эляга, Канжар, Бакайга жолдонот. Эч убакта бирдигиңер түгөнбөсүн. М.Асел.


ОП-58-36. Салам кыргыз калкым, алакандай кыргыз жерин сактай албай не болду, биздин чоңдор? Саясатты болбосо аялдарга бергиле, түздөп кетээр. Мирлан "Феррум Фтор".

ОП-58-37. Мирбек Иманбековго: Талыкпастан кага бергин канатыңды бийиктикке, жанып турган жылдыздарга. Сыймыгы бол улуу-урмат кыргызымдын. Дүңгүрөсүн атың чыгып бүт ааламга. 85-92.

ОП-58-38. Биздин жылдыздар катырып казактардын ырларын которуп алышып Кыргызстанда жылдыз болуп алышат. Өзүңөр аракет кылбайсыңарбы? Бир ырды угуп, "Оо, катырыптыр" десең эле какелердин ыры болуп чыгат. +77025257067.

ОП-58-39. "Манас-ФМдин" супер ди-дижейи Айбекке салам.Ар дайым булбулдай үнүңдү жаңыртып жүрө бер. Каппучино.

ОП-58-40. Ата, апа кандайсыңар? Силерди сагындым. Дина, Нурадил, Каныш баарыңа салам. Жеңелерди да сурап койгула. Алматыдан Мадина.

ОП-58-41. Жаным, күнүм Азамат сени гана жакшы көрөөрүмдү унутпа. Мадина.

ОП-58-42. Токтогулдук 90-жылкы Нооруз кайсыл жакта жүрөсүң, дайының чыкпай калды го? Окусаң телефон чал. +77022652728 Ислам.

ОП-58-43. Сүйүктүүм Азизге, сиңдим Гүлзинага жана жалпы туугандарга салам. Кичи мекеним Ноокатты сагындым. Москвадан Нурзида.

ОП-58-44. Назгүл эже, 1-апрелдеги туулган күнүңүз менен куттуктайм.Чексиз жакшылыктарды, жашоодо ден соолукту, теңирден таза ыйман, турмушта бактылуу болушуңду каалайм. Алматыдан Мээрим.

ОП-58-45. Саламым Бишкекте окуп жаткан досум Диана, сенин номериң менде жок. +77026432092 ге СМС жазып кой. Казакстандан досуң Эльдияр.

ОП-58-46. "Кудайбергенде" унаа тетиктерин саткан байкелерим Улан, Кубат, Тими, жеңем Минура, эжем Жибекке салам. Соодаңарга ийгилик каалайм. Данияр уулу Айбек.

ОП-58-47. "Обондун" супер окурмандарына жана СМСчилерине салам. Неля менен Бактыгүлгө тийишмейинче тура албайсыңарбы? Аларды жамандагандан тажабайсыңарбы? Алар деле биздей адамдар да туурабы, туугандар? Жанус-Роза.

ОП-58-48. Ысык-Көлдөгү Жети-Өгүз районунун Тилекмат айылынын тургуну Абдиев Кеңешбектин үй-бүлөсүнө сагынычтуу салам жолдойбуз. Алматыдан кыздары.

ОП-58-49. Нияз жезде, Жанка эже силердин тынч жашашыңарды Кудайдан көп жолу тиленем. Силерди сагындым. Мадина.

ОП-58-50. Саламым "Манас ФМ" радиосунун супер ди-джейи Акматов Айбекке жолдонот. Талантыңа таазим, нарындыктар сени менен сыймыктанат. Ийгилик сага. Фея.

ОП-58-51. Ильяз Абдыразаков эгер окуп калсаң 0773437842ге СМС жазып койчу.

ОП-58-52. Жаздын жаркын күнүндө, 28-мартта кубанычка бөлөнгөн кичинекей иничегибиз Кеңеш уулу Русландын туулган күнү менен куттуктап, балалыктын балдай күнүнө, ата-энесинин жаркын жаны, эркеси, бир туугандарынын жөлөгү болуп өсүшүн тилейбиз. Алматыдан үй-бүлөсү.

ОП-58-53. Саламатсыздарбы, Урмат, Неля? Сиздерге үй-бүлөлүк бакыт каалайм. Аида.

ОП-58-54. Саламым К.Жантөшев мектебине, айрыкча 10-класстын кыздарына жолдонот. Кыздар, дайыма жүзүңөрдөн жылмаюу кетпесин, окууңарга ийгилик. 0773437842.

ОП-58-55. Саламым Бадан,Наргиза, Нурзат, Динара, Жылдыздарга жолдонот. Ар дайым бар болгула, бай болгула. Марал.

ОП-58-56. Уйкум келип таттуу уйкуга багынамын,түшүмдө сени көрүп сагынамын. 0777227258.

ОП-58-57. Салам "Обонтай" калемиңер курчуй берсин. Элиза.

ОП-58-58. Бийчи кыздарга эң жогорку баа берем.Өзүм үчүн бий үйрөнсөм дейм. 0772163917.

ОП-58-59. Саламым "Манас-ФМ" радиосунда иштеген Айбекке жолдонот.Үнүң жагымдуу, күлкүңдү укканда жүрөгүм эзилет. Көргөндө кандай болоорун түшүнбөйм. Сени сүйгөн кыз Айнура.

ОП-58-60. "Бекжан" базарындагы Эльдияр (Дима) сенин талантың бар экен. Сенин тарткан "приколдоруңду" көрдүм, аябай сонун чыгыптыр. Сен мага жактың, талантың өркүндөй берсин. Сырдуу кыз.

ОП-58-61. Саламым бөлөм Мээримге, Жибекке, Элеонорага жолдонот. Бар болгула. Алайдан Нуркыз.

ОП-58-62. Кара-Суу районунун Кең-Сай айылындагы Жылдызга чоң салам. Гүлбарчын.

ОП-58-63. ОшМУнун медфагындагы 3лк-6-группада окуган студенттерге чоң салам. Гуля.

ОП-58-64. Кара-Суудагы 88-жылкы Чыңгыз, сени мурда жактырчу элем. Өткөндө кызың менен көрүп калып көңүлүм калып калды. Кара-Суулук кыз.

ОП-58-65. Чыныгы кыргыз тилинде, сөздөрдүн гүлүнөн тандалган ырларды сатам. Ырчылар кайрылгыла. 0773435766.

ОП-58-67. Красный Маяк айылында жашаган сиңдим Гүлзаданы 28-апрель туулган күнү менен куттуктайм. Узун өмүр, бакыт, окууларына ийгилик каалайм. Алматыдан эжең Гүлгаакы.

ОП-58-68. ОР-57-43, кыздар билишип сенден тил угаарын, коркууда билбей эмне кылаарын. 0770138670.

ОП-58-69. Сагындым. Сен сагындыңбы? Сагынгандырсың... Сездирбейсиң... Сагыныч сатылбайт санаага салат. Азика.

ОП-58-70. Урматтуу кыргыз калкым, аттуу-баштуу адамдарыбызды четинен жок кыла берсек, качан өнүгүп-өсөбүз. Деги Кыргызстандын келечеги кандай болот? Кыргызстан үчүн күйгөн адамдарыбызды жөн койсок боло. Кеминдик Наргиз.

ОП-58-71. Ыйман, ал жакшы мүнөзүң, ал менен жакшы жүрөсүң. Бирөөнү ушактаба, жамандаба, аман бол кыргыз эли, жерим. Саламат.

ОП-58-72. Урматтуу "Назиктин" сулуу бийчилери, мен силерди сүйөм. Айка.

ОП-58-73. Салам Кербен-Куба, жоголуп кеттиң да? Үнүң аябай жагымдуу экен, эмне байланышса да жооп бербейсиң? Сөзгө аябай уста экенсиң, кайдан үйрөндүң эле? Ди-джей болуп эле албайсыңбы? Сенин үнүңдү сагындым, мага байланышып койчу? Гуляна.

ОП-58-74. Айтиева Калинса Пазыловна, кабарыңды билдир. Досуң Айгүл, Кызыл-Кыядан.

ОП-58-75. Азиз тууган не дейли, намазды биле элегиң даараттан эле баштай көр. Денени таза карманып, өмүргө адал таштай көр. Турмушуң неге туш келип, өзгөргөнүн анан көр. Андан башка бир сабак, кеминде күндө он жети, "Фатиха" турсаң кайталап. Түйшүк менен сен жетчү иштер жеңил кең чыгат. Көбүнчө сени коштоочу каталарың кем чыгат. Анткени ал суроого, туура жолго"оо Аллах, баштай көр" деп айтылат. Гүлшан.

ОП-58-76. Кызыл-Кыялык кыздар менен таанышам. 0772393099, 0777013028, 0777640036.

ОП-58-77. Салам "Назик" сиздерге дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм, бар болгула. Мени чакыргылачы, мен силер менен жолуккум келет. 0543176879.

ОП-58-78. Урматтуу маякчылар, саламаттыкты сактоо министрлиги эскертет: маяк таштоо сиздин ден соолугуңузга өтө эле зыян. Абайлагыла маякчылар. Ангел-Асем.

ОП-58-79. Алай районундагы Кызыл-Алай айылындагы атам Кыргызбайга, апам Айымпашага, бир туугандарыма чоң салам. Мээрим.

ОП-58-80. Салам "Обон", менин суроом: Анжелика өз каалоосу менен турмушка чыкпаган жана азыркы жолдошун жактырбайт деп уктук чынбы? Султан Бактыгүл Бадыевага үйлөнөт деп уктук чынбы? Гүланда Айбектин турмушун бузуп, аны менен жашайт дешет чынбы? Ушул суроолорго жооп алып бергилечи? 0777808323.

ОП-58-81. Анекдот: Бир жолу колу жок менен буту жок мушташып кетет экен. Колу жок муштап туруп бир урса, буту жок жыгылта бир тээп калат экен. Аны сокур көрүп калып, дүлөйгө айтат дейт. Дүлөй дудукка айтса, дудук элге жайып жибериптир. Достор, ар дайым жүзүңөрдөн жылмаюу кетпесин. Ангел-Асем.

ОП-58-82. Саламым Макуся жана Саадатка. Ар дайым жарык маанай менен бактылуу өмүр сүрүп, Аллахтын сүйүктүү пендеси болушуңарды каалайм. Гүлшан.

ОП-58-83. Н.Токтосунова "Кыргызстан обондоруна" келгенде Н.Айтбекова менен мамилем аябай жакшы, жакында эле УТРдан жолугуп, үч саат сырдашып отурдук деди эле го? Нурзат менен ишим жок дептир,эми кимисине ишенсе болот? Мээрим.

ОП-58-84. Мирланга чоң салам. Алматыдан таанышың генерал.

ОП-58-85. Саламым сиңдилерим Аида, Багдатка жолдонот. Айзат.

ОП-58-86. Жалал-Абад шаарынын Тайгараев айылындагы жеңем Айсалкынды 30-март, атам Сабитахунду 1-апрель туулган күндөрү менен куттуктайм. Бактыма бар болгула. Силерди сагындым. Алматыдан Бурулай ББС.

ОП-58-87. Салам 0777116619 номериндеги көлдүк сулуу кыз, менден качпаңыз, мен баары бир ала качам. Сырдуу жигит.

ОП-58-88. Жалал-Абадда окуган классташ досторума, Элнура, Жумагүлгө чоң салам. Силерди сагындым. Ошондой эле Ошто окуган классташым Бегимай, Канышай, Пазыл, Уларбекке да чоң салам. Мени менен байланышкыла. +77024655058. Мадина.

ОП-58-89. Салам Рианна. Аа-уу каяктасың жоголуп доске? Аська, Меришка, Ева, Макуся, Назика, сырдуу Алтынай, Эма-Гузель, Дельвира жоголбогулачы, макулбу? Кейси.

ОП-58-90. Ангел-Асем эже, сизге чоң рахмат. Кандайсыз, баары жакшыбы? 0770470547.

ОП-58-91. Саламым ата-энеме, ошондой эле Таластан келген эжем Мунирага жана анын эки баласы Байсал менен Байтурга чоң салам. Байкем Илгизди 2- апрель туулган күнү менен куттуктайм. Чың ден соолук, узун өмүр, баскан жериң жакшылык болсун, асманың ачык болсун. Ата-энеңди сыйлаган балдардан бол. Мекуш.

ОП-58-92. Ата баласына адеп-ахлак, жакшы таалим-тарбиядан артык баалуу белек бере албас. Гүлшан.

ОП-58-93. Өзгөчө таза сүйүүдөн, өрүктөй гүлдөп түлөгөн. Өмүрдү берген кудайым, өр чапчып келем тирүүмдөн. Өзгөрүп ачуу таттуусу, өттү го бала күнүмдөн. Айгөлөк.

ОП-58-94. Кашка-Суу, Воронцовкага супер салам. Т.Актанов мектебиндеги Пека, Нурайым, Гүлайым, Жылдызга салам. Силерди сагындым, сабакты жакшы окугула. Эс алуу үйүнө эч ким жетпейт, билип койгула. КЖ, Актан, Накай-Сити, Нью-лесхоз, колхоз, Пекана жарылып кетпегиле окуп алып. Кейси.

ОП-58-95. Саламым Ат-Башы районунун Мамбеталиев орто мектебин 2008-жылы бүтүргөн 11-б классынын окуучуларына жолдойм. +79269687091ге СМС жазып койгулачы. Силердин номериңер менде жок. Ошондой эле класс жетекчибиз Гуля эжеге салам жолдойм. Силерди сагындым. Москвадан Бегимай, Бегай, Беби.

ОП-58-96. Баардык кыргыз калкыма сагынычтуу салам. "Обондун" СМСчилери баарыңарга ийгилик, кыргыздын активдүү жаштарынан болгула. Мен ар дайым силер мененмин. СМСчи Сюзанна сен Жалал-Абаддык эмессиңби? Менин ЖАМУда журналистикада окуган досума атың окшош экен. Сенден жооп күтөм. Алматыдан Айка-ББС.

ОП-58-97. Отуз-Адыр айылындагы чоң атам Рахманов Кадырга, энем Үмүткө, таенем Жамашка, атам Турсунга, апам Турнага, ширин жаным Жайнакчикке салам. Аман болгула. Гүлиза-91.

ОП-58-98. Кеминдик Наргиз, 4-апрель туулган күнүң менен чын жүрөктөн куттуктайм. Сага дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм. Сүйгөнүң сага сүйрөлүп жетсин. Зайка.

ОП-58-99. Кат куржунга: Жанга жагымдуу үн, жайдары жүзү, көгүлтүр көзү менен кыздарды азгырып келген ди-джей Эдилдин чыгармачылыктан биротоло кетишинин себебин билип бериңиздерчи? Айсанат.

ОП-58-100. Ааламга адам келет теңир буйруп, алдыга кадам шилтеп өмүр жылып. Апкелген жаркыратып бул дүйнөгө, ар кимдин өз апасы чексиз ыйык. Айгөлөк.

ОП-58-101. Алматыдагы жакыным жана сырдашым аксылык Жылдыздын ишине ийгилик. Сендей түшүнүктүү жигиттердин көп болушун тилейм. Алматыдан Айка ББС.

ОП-58-102. Саламым Аравандык Илхам, Нурлан досторума. Туулган күнүңөр менен! Балдар, мага сүмөлөк берип жибергилечи. Алматыдан Дони.

ОП-58-103. Бишкектеги "Берекет" базарында эркектердин кийимдерин саткан эжелериме жана байкелериме салам! Жумушуңуздар алга жылышын каалайм. Аман болуңуздар. Барчынай.

ОП-58-104. Урматтуу "Обончулар", мен сүйгөн кызымды издеп жатам. Эгер араңарда тааныгандар болсо +79266989835 номерине кабар берип коюңуздарчы? Галдыбаева Гүлнара Турсуновна 1986-жылы Кызыл-Кыянын Алыш айылында туулган. Өтүнүч менен Москвадан Асан.

ОП-58-105. Салам Мирбек Иманбеков байке, сизди сагындым. СССР.

ОП-58-106. Саламым Астана шаарында "Шанхай" базарында иштеген, ушакка ишенген, өтө таарынчаак, советтик Жанарага жолдонот. Бека.

ОП-58-107. "Алатау" базарында иштеген досум Жайнашка салам жолдойм жана иштерине албан-албан ийгиликтерди каалайм. Жаку.


ОП-58-108. Салют Омар, 0773437842ге СМС жазып койчу, суранам. Аида.

ОП-58-109. Баарын билүүчү, баарын көрүүчү, бул дүйнөдө да, тиги дүйнөдө да рахым этип, шапаат жасоочу Аллахтан жүрөгүбүзгө ыйман, көзүбүзгө нур берип, көңүлүбүздүн көзүн ачып, туура жол, парздарыбызды аткарууга жардам берүүсүн сурайлы. Гүлшан.

ОП-58-110. Мерген Турган өзүнүн кызга окшоштугуна сыймыктанабы, билбейм. Күйөрман.

ОП-58-111. Сүйөм сени деп кыйнайсың, арманым деп ырдайсың. Махабатым деп сыздайсың, карындашым деп сүйдүрөсүң. Аймончок деп күйдүрөсүң. Нази -91.

ОП-58-112. Ыймандуу балдар менен таанышам. 0777173776.

ОП-58-113. Б.Бадыева былтыйып кетиптирсиң. Ноорузда ырдадың, арыктасаң боло. 0777270654.

ОП-58-114. Менин саламым эжем Оморова Айгеримге ийгилик сизге. 0772612894.

ОП-58-115. А.Филатовдун "Модерн балети", Синдикат жана Меришка, Респект, силерге супер салам. Талантыңарга чоң таазим. Кейси.

ОП-58-116. Салам алейкум Самуэль, чоң рахмат сага. 0550060219 номери кызматта. Айгөлөк, сени менен да таанышам. Бийчи кыз Кейси.

ОП-58-117. Мен Айка, 21-кылымдан, рэп окуган кыздардын арасынан. Эки атым бар эмнесин айтасың? Ярая ангелочка болуп калсам. Рэппер балдар, смсчилер жазгыла. 0550060219. Кейси.

ОП-58-118. Менин саламым "Оондун" супер смсчилерине жана Алатау базон смсчилери мени да өз араңарга кошуп алгылачы. Алматыдан Дони.

ОП-58-119. Асема ушунчалык кыйынсыңбы? Айылдын жашоосун жийиркенесиң да, баары эле сен ойлогондой жашабайт. Жөнөкөй болчу, тим эле хандын кызындай. 0772713816.

ОП-58-120. Менин саламым Караханит лицейинин окуучуларына жана классташтарыма, өзгөчө Аида досума чоң салам. Классташтар эгер окуп калсаңар +77026421648 ушул номерге кабарлашкыла. Астанадан Гүлнур.

ОП-58-121. Кыргыздын татынакай кыздар, балдары менен достошкум келет.077040676.

ОП-58-122. Кыргыз элим салам. Эми дагы не болду? Бакиевтен эмне айып таптыңар? Эми кимди шайлайбыз туугандар? Чымкенттен Мирлан- Ferrum Ftor.

ОП-58-123. Ат-Башынын Кара-Суусунан 85-жылкы Алиев Улукбекке салам. Наргиз. 345.

ОП-58-124. Жинди болдум сени сүйүп садагам, секунд сайын сени күтүп сагынам. Не бир түркүн ойлор чырмап башымды, сен дегенде учуп жөнөйм ашыгам. Адам эмес айбан кейпин кийип алып, кыз башым менен арактан ичип алып, мас болуп мен жолумдан адашсам. А сен үйлөндүң бактылуудай күлүп жайнап. Унуталбай биз өткөргөн түндөрдү, өлөм дедим там башына чыгып алып, тамекини буркуратып тартып жүрүп, энекемден таяк жедим ыйладым. Сүйөмүн деп жиндилерче кыйкырган. Азыр ойлосом жылмайып мен уялам. Кош бол менин кичинекей садагам. Сени сүйгөн мен каракыз какшаган. 0777077040.

ОП-58-125. Оштогу Нурмухамед кандайсың? Не болду, армандасың го? Кой көп чөкпө, башыңды бийик көтөр. Мени менен байланыш, СМС жаз, сөздөр бар. +77025808098.

ОП-58-126. Табигат сырдуу Алтынайга супер салам. Алтынай эч качан бирдигиң эмес 313үң түгөнбөсүн. Аман бол. Саламат.

ОП-58-127. Келгиле, достошобуз. 0772372950.

ОП-58-128. Мен Жумабаев Айбекти издейм. Эгер окусаң 0772317660ка чалып койчу? Досуң.

ОП-58-129. Саламатсызбы жагымдуу үндүү, маанилүү ырды ырдаган Даниель байке. Мен сизди сүйөм деп айтпайм, бирок, аябай жакшы көрөм. Сиз менен дуэт ырдагым келет. Пери.

ОП-58-130. Салам алейкум "Обон" жана кыргыз элим. Менин саламым сиздерге, кыргыз калкыма, ата-энеме жана Кербен-Кубага. Бар болгула. Эрке (Эльвира).

ОП-58-131. Элжиреп кылыктарың эзет жүрөк, эркетай эрмегибиз биздин мүрөк. Эсен бол, кагылайын Асемтайым, энекеңдин тилектерин алга сүрөп. Аман болсун жаман кызым ар качан деп, атакең да алыста сен деп жүрөт. Атаң Жоодар, апаң Жоогазын.

ОП-58-132. Урматтуу окурмандар, мага жардам бергилечи, силерден суранам? Араңарда мен сүйүп таппай жүргөн кызды таанысаңар айткыла мен аны унута албай күтүп жүрөм. Анын аты Гүлнара. Кызыл-Кыядан болот. 86-жылкы. +79266989835

ОП-58-133. М.Жаманкулов мектебинин жалпы бүтүрүүчүлөрүнө чоң салам. Окууңарга ийгилик. ОшМУнун медколледжинин 2-курсунун студенттери Самара, Барно, Гүлзат, Талишке салам, окууларыңарга ийгилик. Ошондой эле ОшМунун юридика факультетинде окуган эжем Айгүлгө жана группалашы Үмүткө салам жолдойм. Жийдегүл.

ОП-58-134. Бакай, "Обондогу" наамың кут болсун, башыңа бакыт куш консун. Жибек.

ОП-58-135. Салам достор, өзгөчө Ангел-Асем кандайсың? Сенин жазган СМСтериң өзгөчө мага жазген СМСтериң сонун ээ? Кантип жооп жазганды да билбей калам. Аман бол, шайыр-шаңдуу досум. "Обондун" СМСчилери дайыма бактылуу болгула. Урматым менен Ош шаарынан Лео-Эрлан.

ОП-58-136. Күндөргө күйүт чачып, айларга азап чачкам. Курагам жалгыздыктан ыйлагам, сагынычтан. Өзүңдү дагы бир көрсөм, мүнөткө жаным курман. Сени сагындым жаным кайда жүрөсүң? Бактылуусуңбу? Жаным сени сагындым, сени учураткан күндү эч качан унутпайм. Мени чындап сүйсөң мага жардам бер. Бактылуу бол, мен ошондо сени көрүп жашайм. Мени кечир, ата-энең сенин бактыңды ойлоп жакшы жерге узатышты. Сен жашоодо кыйналбай жашашың керек, менин бутка турушума дагы көп бар. Мен сени дайыма жүрөгүмдө сактайм. Бактылуу бол. Асан.

ОП-58-137. Саламым "Бекжан", "Самал" базарларында иштеген досторума жолдонот. Феруза, Гүлнур, Нур, Мырза, Эшболот ж.б. Ишиңерге ийгилик. Мирлан.

ОП-58-138. Кыздар менен таанышам. 0777734187.

ОП-58-139. Махабатым сизге деген өнүп-өстү, бүтүн ээлеп алды го жүрөгүмдү. Көзүм жаштап карай албадым көздөрүңдү, ыйлап сизди көрө албай жүрөмүнбү? Кулпунай.

ОП-58-140. Сузак районунун Кызыл-Сеңир айылындагы чоң атам Маматов Жолболдуга жана чоң энеме ысык салам. Москвадан небереңиз Бегимай.

ОП-58-141. Канча жолу СМСти жазбайын, чыкпай калат "Обонтайдын" бетине. Бакай, анкетаңды жаз, мен да жазайын. Жибек.

ОП-58-142. Кыздар-балдар, намаз окусаңар ата-апаңарды жакшы көргөн болосуңар. Намаз сүйүүдөн да жакшы. Окугула, суранам силерден. Ислан-93.

ОП-58-143. Мадияр-86, сени чексиз сүйөм. Бирок сен сезбейсиң, айла жок сени ойлоп жүрөм. +77025825412.

ОП-58-144. М.Жаманкулов мектебинин 8-г классынын окуучусу жаным Темир уулу Сүйүнгө салам. Мен сени сүйөм. Анжелика.

ОП-58-145. Эркин КБш байке, келечектен сизден көптү үмүттөнөбүз. Талантыңыз ташкындай берсин. Жибек (Гузел).

ОП-58-146. М.Жаманкулов мектебинин 8-г классына салам. Сүйүн.

ОП-58-147. Жаным, 28-март туулган күнүң менен куттуктайм. Чың ден соолук, узун өмүр дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм. +77774337425.

ОП-58-148. Көңүлдөр боздоп сенден кала электе, көздөн жаш көл болуп ага электе жаркыным сезимдерге сүт куя көр. Көңүлүм такыр сенден кала электе. Кыяк ырдайт сырын айтып кыяк ырдайт, түнүндө ушул жаздын келчи сүйүүм, күтөм жаздын жаандуу күнүндө. Нурзат.

ОП-58-149. Чернявкада окуган 93-жылкы Периштем, мен сени чексиз сүйөм. Мен сени кандай кылып ыраазы кылам билбейм. Окууларыңа ийгилик, аман бол карындашым. Чымкенттен сени сүйгөн агаң.

ОП-58-150. Б.Бадыева супер, эмне эле ушактай беришет, көрбөгөндөн кийин. Рахат.

ОП-58-151. Мурдагы 0772397166 номерине чалган досторум эми 0543187677 номерине чалгыла. Нургүл.

ОП-58-152. Саламым Чернявкада иштеген досторум Урмат, Абдраим, Кайраттарга жолдонот. Эмнеге Чымкентке келбей койдуңар? Мирлан Феррум-Фтор.

ОП-58-153. Сен мен үчүн таң заардагы нурумсуң, сен мен үчүн жыттап бүткүс гүлүмсүң. Сен мен үчүн күйүп турган күнүмсүң, Сен мен үчүн кайталангыс жылдыздуу түнүмсүң. Сен мен үчүн айсың, күнсүң, жылдызсың. Сен мен үчүн ак сүйүүмсүң жалгызсың. С-т. Г-88.










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan