Окумал

Даркүл Кемелова
Сүйүү үчүн күрөшкөн эки жаш
Сүйүү… махабат… арзуу… Сүйүү сезим… Кандай сезим? Суудай тунук… үлбүрөк… апакай… таза… Ал сезимге алданып да, арбалып да келебиз. Сүйүү ыйык… сүйүү бийик… Сүйүү үчүн, сүйгөнү үчүн жанын курман кылып, бул сезимдин кулуна айлангандар канча!
Сүйдүм сени эч нерсеге карабай,
Сүйүүм менин бешиктеги баладай.
Эгер билсең сүйүүм үчүн кан кечип,
Бул өмүрдөн кечип кетем аянбай…

Бойго жетип, кыз жандай турган куракка жеткен Автандил өзүнөн бир жаш кичүү Салкынайга ашык болду. Экөө бир мектепте окугандыктан Автандил үчүн Салкынайдын сезимине бүлүк салуу анчалык деле оор болгон жок. Анын үстүнө мектептеги балдардын арасынан өзү да өзгөчөлөнүп узун бойлуу, кең далылуу, жакшынакай жигит. Салкынай алгач кыз кылыгын кылат болуп Автандилдин сүйүүсүнө жооп бербей жүрдү. Бирок, Автандилдин сылык сөзү, жылуу көз карашы аны бат эле арбап алгандай болду. Акыры кыз макулдугун берди. Экөө кыз-жигит болуп эки жыл сүйлөшүштү. Ошол аралыкта алардын сүйүүсүнө суктангандар, көрө албагандар көп болду. Ортолоруна кара мышык жүгүрткөндөр да болбой койгон жок. Бирок алардын эч бирине жеңилип, бири-бири менен кайым айтышышкан жок. Качан көрсөң эгиз козудай ээрчишип жүргөнү жүргөн. Бири-бирине аябай ишенишчү. Эмнегедир экөөндө обу жок, ашыкча кызгануу да жок эле. Бир айыл болгондон кийин экөөнүн ата-энелери бири-бирин жакшы таанышканы менен мамилелери анчалык желе жакшы эмес болчу. Эки жаштын сүйлөшүп жүргөнүн уккан ата-энелер экөөнүн мамилесине каршы болгону менен жаш, балким убактылуу эле сүйүшүп жатышкандыр деген ой менен көп деле көңүл бурушкан жок. Автандил мектепти бүтүп шаарга жогорку окуу жайына тапшырып кетти. Бирок Салкынай экөөнүн мамилеси үзүлгөн жок. Кат жазышып, Автандил каникул сайын келип кетип жатты.
Убакыт учкан куш эмеспи, билинбей бир жыл өтүп Салкынай да мектепти бүттү. Бирок анын шаарга барып окуйм деген ою ишке ашкан жок. Мурдатан эле ата-энеси менен сүйлөшүп койгон коңшу айылдагы бай кишинин баласына күйөөгө бермек болушту.
- Апа, мен шаарга барып окуюн. Окутпайсыңарбы! Мени күйөөгө эрте берип алып эмне кыласыңар?-деди Салкынай апасына.
- Биз сенин келечегиңе карап жатабыз. Кыйналбайсың, бардар жерде жашайсың. Сени окуткандай алыбыз жок. Сенден башка беш бир тууганыңды да багыш керек да. Көп сүйлөбөй биз бар деген жерге бара бер,-деди.
- Окутпасаңар окутпай эле койгула, мен баары бир күйөөгө тийбейм. Шаарга кетем,-деди тартынбай.
- Апэ-эй ботом, шаарга барып алып эмне кыласың? Ал жерде кимдикине барып батасың? Бардар жердин, жакшынакай эле баласы экен. Анын эмнесин чанып жатасың? Баары бир бараар жериң күйөө болгондон кийин бара бер да. Азыркы менен кийинкинин эмне айырмасы бар?
- Апа, мен сүйбөгөн адам менен кантип жашайм? Түшүнсөңүз, мен Автандил менен сүйлөшүп жүрөм.
- Сүйүүнү эмне кыласың? Автандил сени жыргатмак беле? Ата-энеси деле бизге окшогон бир байкуштар. Автандилин араң окутуп жатышат. Ага тийип алып эмне кыласың? Көп сүйлөбөй менин айтканымды ук. Кийинки жумаларда келип сөйкө салып алып кетишет. Атаң байкуш бүгүн мал базарга кетти. Бир уйду сатып даярданалы деп чечтик. Биз сени жаман жерге бермек белек, сенин келечегиңди ойлоп жатабыз. Куда менен кудагый түшүнүктүү, жакшы адамдар. Сени баласынан мурда өздөрү жактырып жатышат.
- Мен баары бир тийбейм!-деди Салкынай бултуңдай.
Апасы унчуккан жок, "бала да, жаштык кылып жатат. Сөйкө салып алып кетсе эле баш ийип жашап кетет" деп өзүн өзү алаксытып койду. Апасы менен болгон сүйлөшүүдөн кийин Салкынайдын санаасы санга бөлүнүп, Автандил менен кантип байланышаарын билбей жатты. Экөөнүн көрүшө элегине эки айдын жүзү болду. Акыркы жолу келгенде Салкынай мектепти бүтөөрү менен шаарга бараарын айткан. Анда Автандил шаардан жолугабыз деген үмүт менен кеткен болчу. Салкынайды минтип ата-энеси күйөөгө берээрин билген эмес.
Салкынай үчүн Автандилден ажыроо өлүм менен барабар болду. "Эгерде мени кыйнап күйөөгө беришсе анда өз жанымды өзүм кыям. Бирок, анда Автандил эмне болот? Ал менсиз кантип жашайт? Жок, мен бул нерсеге жол бербешим керек. Эмнеси болсо да Автандилге айтышым керек. Бирок кантип? Аны менен кантип байланышам?" деген ойлор менен алагды болгон Салкынайдын оюна бир нерсе кылт дей түштү. Анан апасына көрүнбөй үйдөн чыкты да Автандилдин үйүн көздөй жөнөдү. Классташ кызы Анара Автандилдин кошунасы болгондуктан анын үйүнө барды.
- Сен шаарга качан кетесиң?
- Буюрса эртең апам экөөбүз кетебиз. Сенчи?
- Мени апамдар окутпайбыз деп жатышат. Бирөөлөр куда түшсө макул болуп коюшуптур. Жакында алар келип сөйкө салып алып кетишет экен. Анара, мен Автандил менен жолугушум керек болуп жатат. Кандай кылам, бир айла табышчы?
- Ал шаарда, сен биякта болсоң кантип жолукмак элеңер?
- Баса ал шаарда байкесинин үйүндө жашайт эмеспи. Сен Автандилдин апасынан ошол байкесинин телефонун алып чалып көрбөсүңбү?
- Кызыксың го, апасына анын телефонун кантип алам?
- Экөөң кошунасыңар да, шаарга барганда Автандилге жолугам деп кой.
- Анан?
- Анан Автандилге мени ата-энем күйөөгө бергени жатканын айт. Мени ыйлап жатат де,-деген Салкынайдын көздөрүнө жаш толо түштү. - Ишенесиңби, мен Автандилди сүйөм. Колуңдан келсе жардам кылып койчу, кийин менин деле керегим тиер. Суранам сенден.
Салкынайдын көз жашын мөлтүлдөтүп ыйлап жатканын көргөн Анара аны аяп кетти. Бир саамга чейин ойлоно түштү да:
- Макул, эми ыйлаба. Көчөдөн көргөндөр эмне дейт? Жүрү, сен биздин үйгө отуруп тур, апамдар үйдө жок. А мен болсо азыр эле Автандилдикине барып келейин.
Миң түркүн ойго баткан Салкынай Анараны күтүп үйдө жалгыз отурду. Бир маалда Анара күлүп-жайнап кирип келди да колундагы кагазды Салкынайга сунду.
- Мына алып келдим. Апасы жөн эле берди.
Кубанычтан көздөрү жайнаган Салкынай сүйүнүп кетти.
- Рахмат. Анара, эми шаарга бараарың менен телефон чалып, Автандилге сөзсүз айт ээ. Мен аны күтүп турам. Эмне кылса да мени бул жерге таштабай шаарга алып кетсинчи.


--------------------------------------------
Анаранын шаарга кеткенине үч күн болду. Бирок Автандилден дайын жок. Күн-түн дебей жол караган Салкынайдын үмүтү үзүлгөн жок. Ал Автандилдин келээрине ишенди. Анын келээрин гана күтүп, башка эч нерсе ойлонгон жок. Ал эми ата-энеси күйпөлөктөп, Салкынайдын күйөөгө кетээрине саналуу күндөр калды деп соё турган малын, дасторконго керектүү тамак-ашын даярдап жатышты. Кеч кирип, таң аткан сайын Салкынайдын санаасы тынбай атты. "Эгер Автандил келбей койсо эмне кылам? Анда... анда өлөм" деген жыйынтык да чыгарып койду.
Кечке апасына таарынып, бултуюп сүйлөбөй койду.
- Эртең райондук дүкөнгө барып кийим алып келели. Өзүң танда,-деди апасы.
- Барбайм, кийим алып бербей эле койгула.
- Эмне дегениң бул? Сен эмне мени менен айтышканга жарап калдыңбы? Экинчи алдагытип айтышканыңды угайын таарынба. Килейген эле кызсың, бир сөз менен айтканда жакшынакай болуп түшүнбөйсүңбү.
- Эгерде сизди тянем менен таятам кыйнап күйөөгө берсе эмне кылат элеңиз? Сиз деле атам менен сүйлөшүп жүрүп турмушка чыккан турбайсызбы? Анан эмнеге менин сүйгөн адамым менен бирге болушумду каалабай жатасыз?
- Унчукпай койсо тим эле...




(Башталышы
өткөн сандарда)
Атам менин жанымда акырын сүйлөп отурганы менен ошол жылуу-жумшак сөздөрдүн арасынан кебез менен мууздап теримди тескери сыйрып жатты. Атама эмне демекмин, ал баары бир аял эмес да, аялзатына туура келген көз караш менен ошол кырдаалды караса анан мага толук түшүнмөк. Аялзатынын сүйүүсү кандай экендигин билбейт да, болбосо мага минтип акыл үйрөтпөйт эле деп чечтим.
Оозуман кеп чыкпаганы менен мен алардын пикири туура эмес экендигин туюндурган көз карашымды көз жашым аркылуу билдирип турдум. Атам мени өз пикирин айтат деп ойлосо керек, таптакыр унчукпаганымдан кийин кайра өзү сүйлөй баштады.
- Кызым, биз турганда сен кор болбойсун. Ошол биз барда орун-очогуңду таап, ыйлабай турган жерге барсаң болду. Сенин көз жашыңды эч качан көргүм келбейт. Эгер ушул оюңду туура деп эсептесең, анда катуу жаңылышасың. Мына бизди ук, биз сага эч качан жамандык каалабайбыз. Ошондой эле, кызым, элестетип көрсөң, ушунча жаш бекер кетти деген күндө да, биз - мамаң экөөбүз адамдардын жакшы-жаманын таанып калбадыкпы. Мамаң бекер ыйлап жаткан жок, ал сени эч качан бактылуу кыла албайт.
- Атамдын акыркы сөздөрү чыдамымды кетирди. Буга чейин кулагымды төшөбөсөм да, жакшы эле угуп жаткам, анан акыркы сүйлөгөнүнөн кийин бул апам аркылуу айтылып жаткан кеп экендигин баамдадым. Эгер анча акылдуу болсо, биринчи өз көзү менен көрүп, анан ушундай жыйынтык чыгарбайбы деп ойлодум. Дайыма апамдын сөзүн укканы мага жакчу эмес. Бул жолу да уккан тура, айдама байкуш атам дедим, аяп жибердим. Көз ирмемде Бахид экөөнү салыштырып жибердим. Бахид атама караганда эркекке мүнөздүү касиети боюнча төөлүк өйдө экендигин өзүмчө аныктап алдым.
Атам мүмкүн дагы көп сүйлөмөктүр, бирок мен анын оюн бузуп койдум.
- Папа, башым ооруп турат, калганын эртең сүйлөшсөк кантет?- деп бурк эттим. Мындай кыялым кичине кезимден бар эле. Атам муну жакшы түшүндү окшойт, бара бер дегендей башын ийкеп тим болду.
Мен өз бөлмөмө бараар менен төшөккө куладым. Баш-аягы билинбеген түпсүз санаага сүңгүп кирип, жел кемедей, шамал кайда айдаса ошол тарапка багыт алдым. "Алгач ата-энем жөнүндө ойлондум. Эмне үчүн алар мен өзүм каалаган адамым менен бактылуу болушумду каалашпайт? Алар каалап эле турушат, бирок Бахиддин душмандары аларды тескери үгүттөп жатышпайбы, болбосо, эч качан каршы чыгышмак эмес. Эми эмне кылышым керек? Чынында буга толук жооп таппадым.

***
Бахиддин өз ата-энеси болбогондон кийин алар биздикине кантип барышаарын элестете албайм. Эми баары бир болуп калса да кыз бала ата-энесинин намысын ойлойт экен да, башын оорутуп, үйдөгүлөр эл алдында жер карабасын деп. Кызык, мен деле башка дос кыздарым сыяктуу өз каалоом менен турмушка чыгам, мага калың төлөп сатып албайт дегеним менен азыр минтип ата-энемди жер каратпай бапырап барып калса деп ойлоп коём өзүмчө. Таежездесинин колунда малай катары чоңойсо, ал киши биз баргандан кийин эле жүрөгү жибип, ата-энемдин алдынан өтүп коёюн дээрин бир Кудай билет. Анткени, алар тууралуу кеп болгондо Бахид алардын ушунчалык кара мүртөздүгүн айтып мени бул багытта түңүлтүп койгон. Бахиддин айтканына ишенип мен алардан таптакыр жакшылык күтпөй калгам. Мына машине ичинде да мен ошол жөнүндө ойлонуп бара жаттым.
Эмнегедир Абдубахир машинесин өтө жай айдап бара жатты. Менин атам буга караганда тың айдачу, мүмкүн шашып жаткандыгыман мага ошондой сезилип жаткандыр деп да ойлоп коёмун. Канчалык өзүмдү алаксытканым менен жүрөгүм алып учуп бир жамандык болчудай алдастай бердим. Кызык, ушул сезим мен үйдөн чыккандан башталган, мына үч сааттай жол бастык, басылмак турсун кайра күчөп жан дүйнөмдү мыжып, бушайманга салып эзип жатты. Алыс жолдо өзүмдү уйку менен алаксыткым келип, Бахиддин ийинине жөлөнүп көзүмдү жумдум.
Канча уктаганымды билбейм, машиненин папылдагынан чочуп ойгондум. Көзүмдү ачсам, атамдын машинеси бизге катарлаш келип калыптыр. Жүрөгүм кабынан чыгып кете жаздады. Атам бизден өтүп барып токтоду да, Абдубахирдин токтошун талап кылды. Мен ичимден чебелектеп качып кетсе деп ойлойм. Бирок ушуну эле күтүп келгенсип Абдубахир мага машиненин ичиндеги күзгүдөн жылмайып коюп атамдын машинесинин артына барып токтоду.
Атам машинеден түшкөн жок, апам менен Карамат түштү. Апамдын өңү абдан кубарып кеткен. Ал эч ким менен учурашпай туруп эле:
- Эй, кыз, сен кайда?-деди. Эмне дээримди билбей шарт эле кучактап калдым. Бирок апамдын ачуусу жанган жок. Ал кайра мени колу менен түртүп:
- Эй, сен кайда баратасың? - деп такып сурады. Мен ушинтип күйөөгө кетип баратам деп элдин көзүнчө кантип айтмак элем. Унчукпай жер карадым. Менин ахыбалымды ал туура түшүндү окшойт, ошол абалдан өзү чыгаргысы келди көрүнөт:
- Сени зордоп алып кетип баратабы же өз каалооң менен кетип баратасыңбы?









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan