Кумир менен баарлашуу

Гүланда:
"Биринчи сүйдүрүп анан сүйөм"
Эл көзүнө көрүнүп, таланты аркылуу элдин жүрөгүнөн орун тапкан белгилүү адамдар менен бирге олтуруп кенен-кесири байланышууга мүмкүнчүлүк түзүп берген биздин "Кумир менен баарлашуу" рубрикабыздын бүгүнкү мейманы ырчы кыз Гүланда болду.

Айбек
- Гүланда, чектен ашкан күйөрмандарыңыз болду беле?
- Бир жолу Ошто концерт коюп жүргөндө бир жигит колуна фанта көтөрүп алып чыккан болчу. "Мен сизди жакшы көрөм, сыйлайм. Гүл алганга убактым жок болуп калды, ушул "Фантаны" алып коюңуз" деп берген. Чектен ашканы ушул болсо керек. Себеби, сахнага "Фанта" көтөрүп чыкканы туура эмес да.
- Башыңыздан өткөн кызыктуу окуялардан айтып бербейсизби?
- Сахнада жүргөндө андай окуялар көп эле болот. Бир жолу бир концертте сахнага чыкканга даярданып тургам. Бир маалда эле көйнөгүмдүн арткы этек жагы экиге бөлүнүп калганын көрдүм. Эмне кыларымды билбей, жанымдагылардын жарамы менен эптеп кураштырып койдук. Анан сахнага чыгып алып бир орундан жылбай, кыймылдабай, бийлебей ырдагам. Мындай күтүлбөгөн нерселер көп эле болот.
- Учурдагы сүйүүңүз тууралуу айтып берсеңиз?
- Учурда сүйлөшкөн жигитим бар. Бири-бирибизди сыйлап, түшүнүп турабыз.
- Качан үйлөнөлү деген оюңуздар бар?
- Үйлөнүү тууралуу оюбуз бар. Бирок азыр эмес. Аны убакыт көрсөтөт.
Айдана
- Чач тарач ачпадыңыз беле. Азыр деле иштеп жатабы?
- Азыр бир тууган сиңдим иштетет. Мен анда-санда барып көзөмөл кылып турам.
- Бийге кандай мамиле кыласыз? Дегеним, атайын үйрөнөсүзбү?
- Дайыма деп айталбайм, бирок кенен убактым болгондо "Назик" бий студиясына барып бийлеп турам.
Токи
- Балалык сүйүүлөрүңүздөн айтып берсеңиз?
- Мектепте окуп жүргөндө мен сүйчү эмесмин, мени сүйүшчү дебейимби. Тамаша. 9-класс окуп жүргөндө бир жигит менен сүйлөшкөм. Бирок азыр ойлосом ал кезде сүйүү деле болбоптур. Жөн гана жакшы көрүү, жактыруу сезимдери болсо керек. Азыр ал жигит экөөбүз жакшы достордонбуз.
- Күйөрмандарыңыздан көп белек алсаңыз керек. Арасында сиз үчүн баалуусу барбы?
- Ар бир күйөрманымдын берген белеги мен үчүн баалуу. Баардыгын бекем сактап алгам. Арасынан мага өзгөчө сапсары, кичинекей, жумшак эки мышык оюнчуктар жагат. Жүндөрү да абдан жумшак.
- Кийимдерди кайсыл жактан сатып аласыз?
- Ачыгын айтсам мага жаккан кийимдердин көпчүлүгүн дүкөндөрдөн, базарлардан таба албайм. Ошондуктан өзүмө жаккандай кылып тиктирип кием.
Рахат
- Өткөндө бир гезиттен окудум. Анда Замира Молдошева сиздин стилиңизге сын-пикирин айткан эле. Буга сиздин көз карашыңыз кандай?
- Жакшы суроо болду. Ырчылардын баары эле Замира Молдошеванын оюндагыдай, анын көз карашындай, ал тапкан стиль менен жүрбөйт да. Ар кимдин өзүнө жарашкан, жаккан стили болот. Мисалы, мен Замира Молдошеваны мыкты стилист катары көрө албайм. Анын антип сындаганы чындыгында мага жаккан жок.
- Алдыда кандай пландарыңыз бар?
- Жакында эле Нооруз майрамына карата жеке концертимди бердим. Азыр эс алуудамын. Алдыда пландар көп эле, бирок эс алуудан кийин ойлоном го.
Канат
- "Айбек Карымов менен Гүланда чогуу жашайт экен" деген сөздөр көптөн бери эле айтылып келе жатат. Өткөндө "Гүланда Айбектин үйүндө үйгө кийген кийимдери менен кирип чыгып жүргөнүн көрдүм" деген смсти окудум эле. Ушул чынбы?
- Сен айткандай мындай ушак көптөн бери эле айтылып келе жатат. Смс жазган адам мени Айбек байкенин үйүнөн көрбөй эле өзүмдүн үйүмдүн жанынан көрсө керек. Чогуу ырдап, сахнага чогуу чыгып койсо эле жаман ойлорду ойлоп, ар түрдүү ушактарды таратып жиберишет экен. Менин өзүм сүйгөн, мени сүйгөн жакшынакай жигитим бар.
- Туулуп-өскөн айылыңызды сагынасызбы? Бат-бат барып турасызбы?
- Мен Нарындын Ак-Талаа районунда төрөлгөм. Айылга бат-баттан барам деп айтпайм. Себеби, колум бош болбогондугуна байланыштуу анда-санда гана барам. Албетте, көпкө барбай калсам сагынам. Кантсе да балалык күндөрүм өткөн жер да. Ата-энем шаарга бат-баттан келип кетип турушат.
- "Жигит сүйсө алат, кыз сүйсө калат" деген макалга кандай карайсыз?
- Туура, жигит сүйсө ал кандай гана нерсе болбосун сүйгөнүнө жетет, жеткенге аракет кылат. Ал эми кыздын сүйүүсү көпчүлүк учурда жоопсуз калат. Ошондуктан кыз биринчи сүйбөшү керек деп ойлойм.
- А бирок сүйүү деген айттырбай келет да... Мисалы, сиз биринчи сүйүп калсаңызчы?
- Мен өзүм биринчи сүйүп көргөн эмесмин, сүйбөйм дагы. Жигитти биринчи сүйдүрүп, анан сүйөм.
Бактыгүл
- Айбек Карымовдун группасына кандайча келдиңиз эле?
- Мен бир кафеде иштеп жүргөндө Айбек байке дагы ал кафеде болгон тойлорго барып ырдап калчу. Бир жолу дагы кафеден жолугуп калганда Айбек байке чогуу ырдоо тууралуу сунуш киргизген. Ошондон тартып бүгүнкү күнгө чейин чыгармачылыктын жолунда чогуу иштешип келе жатабыз.
- Кийимдериңиздин кымбаты жана арзаны канча турат?
- Албетте сахнага кийген кийимдер кымбат турат. Кымбаты 600-800 доллардан өйдө десем болот. Ал эми сахнадан сырткаркы кийимдерди жогоруда айткандай тиктирип кием. Алардын кымбаты да, арзаны да болот. Ал эми кээде сатып кийген кийимдердин базардагы, дүкөндөгү бааларын өзүңөр жакшы билсеңер керек.
Гуля
- Өз алдынча иштөө тууралуу оюң барбы?
- Өз алдынча иштесем деле болот. Бирок азыр Айбек байке менен бирге иштеп жаткандыктан ал тууралуу ойлоно элекмин.
- Диета кармайсыңбы?
- Мен диета кармабайм, тамакты деле тандабайм. Каалаган тамагымды иче берем. Бирок семирип да кетпейм. Арыктабайм дагы, бир калыпта эле жүрөм.
- Туулган күнүң 8-март эмес беле. Кандай өткөрдүң, кандай белектерди алдың?
- Ар бир жыл сайын туулган күнүмдү жакын досторум, жакшы санаалаштарым менен бирге өткөрөм. Быйыл дагы колумдан келишинче даярданып кафеден өткөрдүм. Жакындарым куттуктап, белектерин алып келишти. Жигитим алтын чынжыр белек кылды.
- Ырчылардын арасында бири-бирине көралбастык кылып, бут тосуулар болот дешет. Сага да бут тоскондор болду беле?
- Чындыгын айтсам мен сахналаштарымдын баары менен сый, ынтымактуу мамиледемин. Алардын арасынан мага болгон көралбастыктарды, бут тосууларды байкаган жокмун. Өзүм дагы андай нерселерге көңүл бурбайм жана эч кандай жаман нерселерди жасабайм. Андай нерсе оюма да келбейт. Биз ырчылар ынтымактуубуз.









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan