Күнсүрөт

Кайран калк кайда барат?..
Жашоо… Өмүр-өлүм, кубаныч-кайгы, жакшы-жаман, караңгы-жарык, ак-кара сызыктар жашообузда ар дайым эриш-аркак болуп, бизди кайда болбосун ээрчип жүрөт эмеспи. Ал кыйынчылыктарга моюн сунбай, баарын артта калтырып, ийгиликке жетиш үчүн тынымсыз аракет кылышыбыз керек экени айтпаса да жалпыга маалым. Ал эми тоскоолдуктардан баш айланып турган кезде көзүңө эч нерсе көрүнбөй, эмнелерге гана барбайсың. Балким, бүгүнкү күндөгү кылмышкерлердин көбөйүшү, уурулардын күн санап саны ашып жатканына учурдагы жашоо шарт күнөөлүүдүр. Илгеркидей он бала төрөсө аларга кам көрүп, ар бирине пособие төлөп камсыз кылып турган мамлекет бүгүн жок. Элге жардам берейин, кылайын дегени менен аларда да жарытаарлык мүмкүнчүлүк болбосо кандай айла кылмак. Жан кашайгыр, бүткүл дүйнөлүк экономикалык кризис жүрөктүн үшүн алып, жумушу жок кишилерди андан бешбетер алсыз кылып, жүдөттү го. Демократиялык өлкөдө, ар ким өз алына жараша, колунан келген оокат жасап, күн көрүп, бала-бакыра багыш үчүн эмне жумуш болсо да кылууга даяр болуп калдык. Дал ошол жумушчулардын катарында көр оокаттын айынан көчөдө туруп авто унаа жуугандардын саны да күн сайын өсүп баратат. Бүгүн биз сөз кылуучу кеп, атайын мыйзам чегинде тургузулуп, салык төлөп турган унаа жуугучтар эмес, Чүй көчөсүнүн жээгинде аккан сууга машина жууп тыйын-тыпыр таап, нан жеп жүргөн унаа жуугучтар жөнүндө болмокчу.

Мындан бир жума мурда биз менен чогуу иштеген байке менен, дал ошол жердеги унаа жуугучка барып, машинасын жуудуруп жатканда, алардын жан талашып иштеп жатканына күбө болгом. Кир машина көрүнөөр замат колундагы чүпүрөгү менен өзүнө чакырып, аны тазалап берүүгө ашыккан жумушчуларды көрүп, өлкөдө кыйраткан жумуш жок болсо, башка кайда барып иштемек эле деген ой жүрөк эзет. Андан көп өтпөй дал ошол жерден өтүп баратып, ал жердегилердин эч нерсе кылбай отурганын көрүп буларга машина кирбей жатабы, же чарчаганбы деген ойлор мени алар менен сүйлөшүүгө үндөдү.
Бизди иштетпей жатат
- Биз өз оокатыбызды кылып жатабыз, ошону да көрө алышпай бул жерде да иш кылдырбай кууп жатышат. Биз эмне кыларыбызды, кантип бала-бакыраны багышыбызды да билбей калдык. Экологияны бузуп жатасыңар дегенинен айына 350 сомдон салык төлөчүбүз. Эми минтип оозубуздагы нанды да жедирбестен тартып алып жатышат.Тээтиги жерге ИИМ Академиясынын курсанттарын коюп коюшкан. Бул жакка машина келээри менен чуркап келип, аларды кууганга ашыгышат. Керээлди-кечке ушул жерде отурушуп биздин айлабызды кетирүүдө - деп аңыз-муңун айтып бүтүрө албай жатканда, өз көзүм менен күбө болуу үчүн машина чакырып жууп көрүүсүн сурандым. Чындыгында унаа кирээр замат жетип келип, аны кетирип жиберүүгө ашыккан балдар 3-курстун студенттери экени да маалым болду. Кайсыл мезгилде, кайсы учурда сабак окушат болду экен деген ой менен ИИМдин курсанттарына суроо узатсам "бул сиздин ишиңиз эмес, биз кайсыл учурда даярданышыбызды өзүбүз билебиз" деп кесе жооп беришти. Бул жерде эмне себептен турасыңар десем "бизге буйрук берсе турабыз да, себебин сиз академиядагы "дежурныйдан" сураңыз" дегенинен ИИМ Академиясынын имаратына жөнөдүм.
Биз эч нерсе
билбейбиз
Курсанттар эмне себептен сабагын окубай ал жерде турганын билели десек, ал жерде турган студент "Биздин шеф" деп көрсөткөн адамы ушунчалык эле кыйын болуп кеткендей көрүндү. Жада калса аты-жөнүн айткандан баш тартып "Биз эч нерсе билбейбиз, бизге №17 ШМБдан (Шаардык милиция бөлүкчөсү) буйрук келет" деп, сүйлөсөмбү, сүйлөбөсөмбү дегендей мамиле кылды. Ооз ачканда эле "РИИБге (РОВД) барыңыз, биз эч нерсе билбейбиз" деген жоопту уккан соң, "эч нерсе билбесе эмне отурат" деген ой да жаралбай койбойт экен. Чүй көчөсү менен кесилишкен Карпинка көчөсүндөгү Свердлов РИИБиндеги, коомдук тартипти көзөмөлдөөчү бөлүкчөнүн башчысы Артыкбаев Бакыт "алар мыйзамсыз иштеп жаткан унаа жуугучтар, бизге акимиаттан ошондой буйрук келгендиги үчүн ИИМ Академиясынын балдарын ал жерге койгонбуз. Бул жөнүндө акимиат гана сизге толук маалымат бере алат" деп жолго салды.

Андан ары, Свердлов акимчилигине барып, Свердлов районунун акиминин орун басары Энназаров Мирлан Арзыкуловичтен кээ бир суроолордун түйүнүн чечкенге аракеттендим.
"Унаа жуугучтардын
пайдасынан зыяны көп"
- Мен бул орунга келгениме бир жылдан ашып калды. Келгенден бери ушул иш менен алектенип, шаарды көрктөндүрүү үчүн болгон күч аракетимди жумшоодомун. Көчө бойлоп баратсаң тамтыгы кеткен чүпүрөктөрү менен жолдо туруп алып, агып жаткан сууга машиналарды жууп жатышат. Ал суу кайда барганы, машинанын майы сууга түшүп сууну булгаганы, шаарды көрктөндүргөндүн ордуна бузуп жатканы менен алардын баштары да оорубайт. Кайра эле, өкмөт бизди минтип жатат, тигинтип жатат деп шылтоолошот.
- Менин билишимче ал жердеги он жети чекиттен ашык унаа жуугучта, эки жүздөн көбүрөөк адам жан багышат экен. Шаарды тазалаганыңар менен бул жумуш менен нан таап жүргөндөрдүн абалы кандай болот? Дегеле, бала-бакырасын кантип багат? Буга кандай дейсиз?
- Журналисттер көбүнчө ошондой карапайым калктын таламын талашып, кээ бир нерселерге көз жумуп коёсуңар. "Баламды кантип багам?" деп бизге милдет кылышат. Бала багуу, аны окутуу-чокутуу ар бир ата-эненин милдети. Ал эми биз ушул жерде иштеп, балабызды багышыбыз керек, бизде демократия, эмне кылсак өз эркибиз дегендер абдан жаңылышат. Ал жердин абалын барып көрдүңбү? Ашмалтайы чыгып, басмак тургай, ал жерге барууга мүмкүн болбой калды. Азыркы учурда андай унаа жуугучтардын, пайдадан көрө зыяны көбүрөөк тийип жатат. Ошонун айынан үстүбүздөгү жылы ал жердеги зыянды эсептеп көрсөк, 480миң сом чыгым көрүптүрбүз. Аны ким төлөйт? Албетте, мамлекет. Эгерде ушул жылы да ал жерде иштеш үчүн макулдугубузду берип, көзүбүздү жумуп койсок, кийинки күнү андан көп чыгымга учурайбыз. Ошон үчүн ар бир нерсени алдын ала жасаганыбыз оң. Кандайдыр бир жумуш кылуу үчүн атайын документтерге кол коюш керек. Ал эми мыйзамсыз көчөдө туруп унаа жуугандар мыйзамга ылайык, экологияны бузгандыгы үчүн салык төлөшү керек.
- Ал жерде иштегендердин айтымына караганда, мындан мурда экологдорго 350 сомдон салык төлөшчү экен. Ал акча каякка кетип жатты?
- Биринчиден алар өздөрү билишпейт кимге акча төлөгөнү тууралуу. Экинчиден өздөрү пара беришет. Анан кайра эле биз бергенбиз деп милдет кылышат. Эгерде чындыгында ошондой болсо, алардын аты-жөнүн тактап мага келишсин, биз кылмыш ишин козгогонго даярбыз. Өздөрүндө эч кандай далилдери жок эле ооздорун керишет.
- Бирок, ошол эле жолдун ылдый жагында авто жуугуч орнотуп, дал ошол арыктан агып жаткан сууга машиналарды жууп жатканын өз көзүм менен көрүп, күбө болуп келдим. Аларга эмне үчүн чара колдонбойсуздар?
- Негизинен биздин колдо прокуратуранын чечими бар. Жакында ошол аймакта жайгашкан бүт баардык унаа жуугучтар алынып, ал аймак тазаланат. Ар бир адам өзү жашап жаткан жерине көзөмөл кылып, тазалап, тартипти сактап турса биздин өлкөдөн өткөн кооз жер болбойт болчу. Азыр Бишкек - шаар эмес, чоң айылга окшоп баратат. Биздин эл жумуш жок деп эле отура беришет. Анда иштеп жаткандарга кайдан жумуш табылып жатыптыр? Мисалы, айылга барып жер айдап, жанын бакса болот да. Сураштырсаң ал жерде иштегендердин көпчүлүгүнүн айылда беш-алты бөлмөлүү үйү бар. 30-40 сотыхтан жери бар. Ошолорду иштетпейби, оңой, күнүмдүк оокатка качканын көрүп таң каласың.

Керектүү суроолорго жооп алган соң, мени менен чогуу барып ал жердеги адамдардын абалын көрүп келүүсүн суранып, Чүй проспектиси менен айтылуу жерге жол алдык. Жол катары ал жерде турган курсанттардын сабагынан кабатырланып узаткан суроомо, "алар сабактан тараганда же сабакка чейин күзөттө турушат, анда да бир жумада бир турса, мунун эч кандай зыяны деле тийбейт" деген жооп алдым. Барсак жанагы эле көрүнүш. "Унаа жуугучтар менен өзүңүз сүйлөшүп көрбөйсүзбү?" десем, "мен аларга айтчу сөзүмдү айтып бүткөм. Дагы канча кайталашым керек" деп өз жолуна сапар тартты. Мен кайрадан унаа жуугучтардын жанына бараарым менен "кечээ сен кеткенден кийин акимиаттын адамдары келип салык салып акча алып кетишти, жок дегенде эртең менен онго чейин, кечинде бештен кийин иштөөгө уруксат берсин" дегенинен акимдин орун басары менен байланыштым. "Ал жерде эле отура бербестен мыйзам чегинде, келип бизге арыз жазсын. Ким алганын, тактап айтсын. Өздөрү кимге эмне берип жатканын билишпейт. Балким көчөдөгү киши эле келип алып кетип жаткандыр, бирок кандай күндө да ал жерде эми машина жууганга таптакыр жол берилбейт" деген жооп алдык.
Урматтуу окурман, пулу бардын оозу чайнайт, пулу жоктун көзү жайнайт демекчи, "оозу кыйшык болсо да байдын уулу сүйлөсүн" деген заманда кимге ишенип, кимдин айтканы ырас экенине да башыбыз катты. Чындыгында жашап жаткан жерибиз айнектей таптаза болуп турса, кимдин гана көңүлү көтөрүлбөйт дейсиз. Антейин десек, кара курсактын камын ойлоп муздакка, кыйынчылыкка карабай оокат кылып, күн көрүп жүргөн карапайым калк кайда барат? Кантип күн өткөрөт? Өкмөткө кайрылсак биз эмне кылмак элек деп кайдыгер караса, алардын абалына ким күйөт? Бир күндө 500-600 сомдой акча таап аны батирге, балдарынын мектебине төлөп жаткан жумушчулар кайда барып, кимдин эшигин каккылайт?..









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan