Атактуунун арзуусу

Экономика илимдеринин доктору, профессор,
III даражадагы "Манас" орденинин ээси Турар Койчуев: "Ак бийден тапкан ак гүлүм"

Элдин көзүнө, сөзүнө алынып, аты калайык калкка жакшы таанымал Академик Турар Койчуевич "Атактуунун арзуусу" рубрикабыздын коногу.

Маектеш жөнүндө...
Жайыл районунун "Сары-Булак" айылында төрөлүп өскөн.
Он күн тышкы экономика иштери министринин милдетин аткаруучу;
1990-93-жылдары вице-премьер, өкмөттүк кызматтарда;
1993-97-жылдары КР.УИАнын президенти болуп иштеген.
21 илимдин кандидаттарын, 5 илимдин докторун даярдап чыгарган окутуучу.
Жубайы Койчуева Гүлсүн Абдынасыбовнанын айткандарын угат, бирок ар дайым эмес...
Жубайынын түрлөп жасаган бардык тамактарын, өзгөчө күлчөтайын жакшы көрөт.
Уулдары Патрис - математик, Бахтыяр-филолог, кызы Мээрим атанын жолун жолдоп экономист.
Үйүндө тазалыкты, баары өз-өз ордунда турганды жактырат.
Көп окуйт, эртең менен басканды жакшы көрөт.
Кийимдин ачык түстөрүн тандайт.
Чекпейт, "кургак вино" жана таза арактан аз-маз татып коёт.
Машина менен "оорубайт", айдай да албайт.
Илимий иштерден сырткары чыгармачылыкта да талантын сынап, кыз-уулдарына, жубайына, досторуна, неберелерине арнап ыр жазып жүрөт.
СССРдин Эл артисти Сүймөнкул Чокморов, Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакматовалардын классташы.
Канга боёлгон майка
- Балалык кез... Кандай гана сонун күндөр өттү!.. Окуучулук күндөрчү!.. Нечен-нечен кыргыздын чыгаан инсандары окуп, билим алган №5 кыргыз мектепте окуп калганым адам катары калыптануума чоң таасирин тийгизди. Анткени окуучулук күндөрүбүздөн эле опера жана балет, кыргыз жана орус драма театрларына үзбөй барып, мектепте балет үйрөнүп, ошол учурда пайда болгон театрга деген кызыгуум ушул күнгө чейин жашап келет. Анан албетте, ал күндөрдө жаныбызда чогуу жүрүп, чогуу окуган биздин кыздар... Биринен - бири өткөн татынакай, жакшынакай кыздар эле. Балалык таза сезим менен достук мамилени жактыруу, жакшы көрүү сезими деп кабыл алып, далай эле кыздарды "сүйдүк". Бирин жактырасың, ал жактыруу бат эле башка кызга оойт. А бирок уйкусуз түндөр, ал кызды ойлоп, кайгыруу, кызгануу деген сезим болбоптур. Азыр ал кыздар ар кай жактарда...
Андан кийин деле студент куракта көп эле кыздарды "сүйөбүз" деп ойлочу экенбиз. 1954-56-жылдары экономика-юридика факультеттери КМУда жаңы ачылып, мен да экономфакка тапшырдым. А бирок түшүнүксүз бир себептер менен экзаменди жакшы тапшырсам деле өтпөй калдым. Биринчи разряддагы спортсмен катары мага жеңилдиктер каралышы керек эле. Дал ошол учурда да бүткүл союздук мелдешке кетип жаткам. Анан география факультетинин экономгеография деген бөлүмүнө тапшырып, өтүп, окуп, өз максатыма жеттим. Спортко болгон кызыгуум болсо мектеп партасынан эле башталган. Бокс аркылуу мен көптөгөн досторду таптым. Эсимде, бир жолу апам менин канга боёлгон майкамды көрүп алып "Боксту ташта, майып болуп калсаңчы",- деген эле. Таштаган жокмун, майып деле болбодум. Сейит досум күлүп: "Бокстан жеңгениң-мээңди ордуна бир коюшканы, академик болдуң"- деп калат.
Мына ошол спорттук мелдештерден калбай жүрүп, студент да болуп, кыздарга барганга да жетиштим. Жаштык кез, кимдин гана башынан өтпөгөн?!. Биринчи студенттик романтикалуу жактыруулар болгон. Жакшы көрүп- жактыруу, анан таанышуу күнөө деле эмес, кийинки турмуш жолуңда адам менен сүйлөшө билүүгө, мамиле түзө билүүгө үйрөтөт экен. Чыныгы чоң сүйүүңдү издөө жолунда болот экенсиң да.
Бир көрүп
биротоло сүйүп...
- Биздин учурда студенттик күндөр абдан кызыктуу өтчү. Бир институттан экинчи институтка студенттик кечелерге барып, сүйүү, достук, алдыңа койгон ой-максаттарың жөнүндө бөлүшүп, талашып - тартышып, деги күндөр ар кызыкка бай болчу. Ошондой кечелердин бири эле. Күз айы болчу. КМУда өткөн ал кечеге кирейин деп босогодо туруп калсам кандайдыр бир ички сезим "кайрылып карасаң" дегендей болду. Бурулуп карай салып, мени тигиле карап турган көз карашты байкадым. Бир көрүп эле эмнегедир "менин кызым болсочу!" деген ой пайда болду. Курбу кызы экөө кирип кетишти. Жакшы деле карай албаганым менен оюмда калды. Кирип досторума кезигип, сүйлөшүп атканым менен оюмдун баары ал кызда болуп, көздөрүм менен издеп жаттым. Таптым. Нур чачып турган ушунча татынакай жүзүнө арбалып аттым.
Вальс башталганда барып бийге чакырдым. Демейде кыздарды бийге тартканда таанышып, сөзгө тартып комплимент айтып, ачык айрым эле жигит элем... А бул жолу унчукпадым, унчуга албадым. Жүзүнө тигиле тиктей, карегиме элесин катып алгым келип карай, бийлей бердим. Ичимде болсо түшүнүксүз бир сезим, уйгу-туйгубу же?.. Биз кокустан кезиктик.... Бара-бара бири-бирибизди жакындан биле баштадык. Мен күндөн күнгө ага суктанып, таң калып... Анда да мага - кыздын жигитке болчу сезими ойгоно баштагансыды. Билсем аябагандай ишенчээк экен. А менде кандайдыр бир кызгануу сезими пайда болуп, көңүл борборунда мен гана болсом экен деп калдым.
Ал учурда деле азыркыдагыдай жигиттер кыздарга гүл алып берчү. Достор менен кечелерди өткөрүп, ал жактарга ээрчитип барчумун. А эң негизгиси театрга көп алып бардым. Айта кетсем, 1957-жылы Москвада өткөн VI Бүткүл дүйнөлүк жаштар жана студенттердин фестивалына катыша турган болуп калдым. Мына ошондо бийге даярданып, кийин кыргыздын балетинин жылдыздары болушкан Берик Алимбаев, Уран Сарбагышевдер менен жакындан таанышып, жакшы мамилелеш болуп жүрдүк. Опера балетке ошол досторумдун ырдап-бийлегенин көргөзгөнү сүйлөшкөн кызым Гүлсүндү алып барам да. "Чолпондо" улуу бийчи Бүбүсара Бейшеналиева бийлечү эле. Ушундай эргүү менен олтуруп көрчүбүз. Ал эми Москвадан же башка чет жактардан артисттер, ырчылар келет дегенде биз үчүн ушундай чоң кубаныч эле. Билет алууга аракет кылып чуркап кирип, өзүбүздү бактылуу сезчүбүз. Көрсө, ошолордун баары рухий дүйнөбүздүн байышына, жүрөктүн сезимине да көп таасир берчү тура.
Сүйүп издегеним ушул кыз экен деп, 1961-жылы баш коштук. Үй-бүлө болгондон кийин ортодо балдар төрөлдү. Татынакай кыз-уулдарды төрөп бергени үчүн аялымды андан да артык сүйүп, өзүңдүн сүйүктүү экениңди сезип калат экенсиң. Тун уулум Патрис төрөлгөндө төрөт үйүнө досум Саша менен барып, ал мага ийинин коюп "чыгып уулуңду көр" деген эле. Анткени экинчи кабатта болчу. Чыгып терезеден келинчегим менен уулумду көрүп, "мен силерди жакшы көрөм!" деп кыйкырганым эсимде.
Сүйүү жүрөктө
гана жашайт
- 9-ноябрда экинчи уулум Бахтыяр төрөлүп, досторум Орунбек менен Борончу жанымда, чогуу сүйүнгөнбүз. Ал эми кызым Мээрим - менин күнүм, жашоомдун маңызы. Анан кантип сүйүү жок болсун! Сүйүү сакталып калат, жүрөктө гана жашайт. Сүйгөнүңдүн жыпар жыты, кучагынын жылуулугун дайыма сезип, тую, кубат алып жашайсың. Өзүңдү бүт аялыңа, балдарыңа арнайсың. Биздин турмушта кыйынчылыктар болбой койгон жок. Болду, ошонун баарын Гүлсүн көтөрө билип, аялдык мээрими, назиктиги, акылдуулугу менен мага чоң тирөөч болду. Дос-тууган, катыш - алышты бүт өзү тейлеп, мамиле түзө билет. "Акырындап жылдар өткөн сайын үй-бүлөдөгү эркектин сүйүүсү сыйлоо сезимине өтүп кетет. Аялың апаңдай болуп калат" дешет. Мен буга кошула албайм. Турмушта ачуу да, таттуу да нерселер, кайгы да, кубаныч да коштоп жүрөт. Мына ошол оор сыноолордон сынбай, өчпөй жашап калган сезим гана терең сүйүү сезими. Демек, сүйүү - бул сүйүү, сыйлоо-бул сыйлоо. Экөө бири-бири менен тыгыз байланышта, бирок бири-бирин алмаштыра алышпайт. Гүлсүнгө "Менин мүнөзүм да оңой эместир, билбейм... Бат ачуум келип, бат жазылам. Ушул жагым бар. "Ооба, илим деп жүрүп, балким мык какканды да билбейттирмин. Кеп мында эмес, негизгиси мен сени сүйөм! Сени менен, балдар-неберелерим менен мен бактылуумун",-деп айтып калам.
Кечээ эле болуп өткөндөй баягы биз таанышкан студенттик кече, ошондогу вальс менин сүйүүмдүн вальсы. Гүлсүн - менин ак бийден тапкан ак гүлүм.



Гүлсүн Койчуева:
"Турардын чыныгы сүйүүсү болсом керек"
- Бир күнү университетте жаштардын кечеси өтүп, курбум менен барып калдым. Көпчүлүктүн арасынан эле кара костюм шымчан, галстукчан, зыңкыйган, татынакай жигит улам-улам эле карап жатканын байкап калдым. Каректерибиз да кез-кез чагылыша калып жатты. Бийлеп жатканда да жалжылдап тиктей берди. Көрсө, жактырып аткан турбайбы. Биздин таанышуубузга досу ортомчу болуп, кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрдүк. Мен ал кезде иштечүмүн. Түнкү 11 лерде жумуштан чыксам күндө тосуп алып, үйгө чейин узатып барат. Театр, концерттерге киргизип, үйрүлүп түшүп аябай көңүл бөлчү. Ачык, шайыр мүнөз эле. 4-курстта окуп жүргөндө айылга ата-энесине барып "сүйлөшкөн кызым бар, үйлөнөм, сүрөтү мына",-дейт. Эми ал кезде жашмын, "мода" деп чачтарыбыз жайылып, жакасы ачык көйнөктөрдү кийебиз. Ошондой сүрөтүмдү көргөзсө, анан үйдөгүлөр "кой, кыргыз эле кыз ал",-дешет да. Турар аны мага айтпайт, жашырып. Жөн гана "атам кийинчерээк үйлөнбөйсүңбү", -деди десе, "Ооба, каякка шашмак элек",-деп койгом. Мен өзүм апамдан эрте айрылып, чоң эненин тарбиясын көрүп калган, Крымдык кыз болчумун. Атам да сүйлөшкөнүм кыргыз жигит экендигин билгенде макулдугун араң берген. Ата-энелер кыйылып каршы болушкандарына карабай, акыры сүйүүбүз жеңсе керек деп коём. 1961-жылы тоюбузду шаарда өткөрүп, баш коштук. "Мен сатылбайм, калың бербегиле",-дегем. Мына эми "Сүйөм!" деп жигит кезинде жактырган Турар кырк сегиз жылдан бери сүйүүсүн, ырларын арнап жанымда, дайыма биргебиз. Оош-кыйыш турмушта баары болоорун убакыт өткөн сайын байкайт экенсиң, кечиримдүү, көтөрүмдүү болууга үйрөнөт экенсиң. Өйдө көтөрмөлөгөндөр да болду, болгон жок дебейм, а бирок ылдый түрткөндөр да болду. Ийгиликке оңой эле жете калган жок. Ошол илимдин аркасынан кетип, үй - тиричиликке убактысы жок экенин түшүнүп, күйөөнү күтө билүү да оңой эмес экен. Колумдан келген колдоомду көрсөттүм. Жакшынакай кыз-уулдарыбыздын бактысын, неберелердин аманчылыгын тилеп, эркелешип эле жашап жатабыз.
Туугандардын жакшылыктарына күбө болуп, турмуштагы кездешкен кыйынчылыктарды жеңе билип, үй-бүлөлүк жашообузду баалап жашап жатканыбызга караганда чын эле Турардын чыныгы, чоң сүйүүсү болсом керек!

М.МОЛДОБЕКОВА










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan