Вашингтондо
"Бакиевсиз шайлоого" аттуу митинг өттү
27-мартта Вашингтондогу кыргыз элчилигинин алдында кыргызстандык жарандар нааразылык акциясын өткөрүштү. "Ата Мекен" партиясынын АКШдагы бөлүмү жана кыргыз диаспорасынын демилгеси менен Кыргызстандагы митингдерге тилектештик катарында уюштурулган бул иш чара "Бакиевсиз шайлоого" деген чакырык менен өттү.
Вашингтондун Жоржтаун бөлүгүндөгү Массачусетс авеньюда кырка жайгашкан элчиликтердин арасында Кыргызстандын желеги илинген имараттын алдына отуздай мекендештер чак түштө чогулушту. АКШдагы саясий оппозициянын өкүлдөрү, "Ата Мекен" партиясынын мүчөлөрү, студенттер, Филадельфия, Нью-Йорк шаарларында иштеген кыргызстандык жарандар эки өлкөнүн желектери менен катар "Демократиянын мекени коркунучта", "Диктаторлукка жол жок", "Бакиев саясий террорду токтот", "Ойгон, Кыргызстан!", "Бакиев кызматтан кетсин", "Массалык маалымат каражаттарына бирдей укук", "Бакиевсиз таза шайлоого", "АКШнын базасы чыгарылды, эми кезек демократиядабы?" деген сыяктуу кыргыз, англис, орус тилиндеги көрнөктөрдү кармап, жөө адамдар басчу кууш жолдо кырка тизилип турушту.

Кыргызстанга 150
миллион доллар келди
Орусия жиберген 150миллион доллар Кыргызстанга 30-март күнү келиши тууралуу Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев билдирди. Бул тууралуу К. Бакиев Орусиянын премьер-министри В.Путин менен ишемби күнкү сүйлөшүүсүнөн кийин дайын болгонун жана Орусия тараптан бөлүнгөн сумманын калган бөлүгү 10-15 күн аралыгында келээрин, ал сумма бизнес проекттерге жана иш орундарын камсыз кылууга жумшалаарын билдирди.

Аманбай Сатыбаев
он күнгө камалды
Ош шаардык соту Бириккен элдик кыймылдын түштүктөгү өкүлү Аманбай Сатыбаевди 27-марттагы митингден кийин коомдук тартипти бузуп, айрым жарандардын абийирине шек келтирген деген айып менен 10 күнгө абакка кести. Оппозициялык айрым саясатчылар жана укук коргоочулар аймактык лидердин камалышын саясий куугунтук катары баалашууда.
27-мартта оппозициянын Оштогу аз адам катышкан митинги бүткөндөн кийин Аманбай Сатыбаев "Семетей" кинотеатрынын алдындагы олтургучка чыгып:
"Бакиевдин снайперлери, кошоматчылары Сатыбаев Аманбайды биринчи аткыла! Жакырларды дейсиңерби, байларды дейсиңерби, орточону дейсиңерби, Кыргызстанда жашаган баардык улуттардын укугу бирдей болуш керек. Эч кимдин укугу тепселениши керек эмес"-деген.

Үч эм наристе төрөлдү
Ош шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын билдирүүсү боюнча 26-март күнү шаардык төрөтканада үч эм наристелер жарык дүйнөгө келген. Захра, Зуура жана Фатима аттуу кыздардын ден соолугу азыр жакшы. Алардын ата-энеси Кара-Суу районундагы Мады айылынын 35 жаштагы тургуну Рустам Паттибаев жана 29 жаштагы Махидил Вахапова.

Жаңы жол эрежелери кабыл алынды
Жаңы жол эрежелери кабыл алынды
2009-жылдын 1-апрелинен тарта жолдо жүрүү эрежелерине бир топ өзгөртүүлөр киргизилиши тууралуу ИИМдин жол эрежесин сактоо коопсуздугунун башчысы Болот Борбиев билдирди. Мындай өзгөртүүлөр мамлекетибиздеги күндөн-күнгө өсүп жаткан жол кырсыктарынын санын кыскартууга өбөлгө түзмөкчү. Кээ бир өзгөргөн эрежелер тууралуу:
1. Жол эрежесинин өзгөрүүсү менен айдоочулар мындан ары штаттык эмес милицияларга же болбосо тартип сакчыларына токтобой коюуга укуктуу.
2. Жол кырсыгына кабылган айдоочулар машинага келтирилген чыгымды өз ара сүйлөшүп, чечип алууга жол берилди. Бирок бул тууралуу МАИ кызматкерлеринин документтеринде сөзсүз катталуусу керек.
3. 2.8-пунктуна өзгөртүүлөр киргизилди. Эрежеге ылайык майрамдык кечелерде, той-салтанаттарда машинанын жарыктарын күйгүзүп өчүргөн, ар түрдүү үндөрдү чыгарган айдоочуларга катуу тыюу салынды.
4. Ошондой эле жарыктарын күйгүзүп, катарлаш кетип жаткан унааларды кууп өтүүгө жол берилбестиги тууралуу чечим кабыл алынды.
5. Күйүп өчкөн үн чыгарчу аппараттарды, оор жүктөрдү жана жардыргыч заттарды ташыган унаалар, ОИБдин уруксаатынын негизинде гана колдонууга жол берилди.
6. Токтотууга мүмкүн болбогон жерлерге коюлган машиналарды ээси жок маалда эвакуациялап кетүүсү же болбосо дөңгөлөккө атайын кулпу бекитип коюусу каралды.
7. Кичинекей балдарды ташууга уюштурулган автобустар аларды түшүрүүдө жана салууда авариялык системасын күйгүзүп анан токтооруна уруксат берилди.
8. Эл көп жашаган жерлерде ылдамдыкты саатына 10км ден өйдө көтөрбөөсү кабыл алынды. (Эски мыйзамда саатына 20км болчу)
9. Акырын жүрүүчү транспорттук унааларга атайын белги коюла турган болду.
10. Ээн талаада күндүз жол чырагын күйгүзүп жүрүү кабыл алынды. Бул да болсо кырсыктарды алдын алуу үчүн көрүлгөн камылга.
Мындан сырткары жол эрежесине дагы 100гө жакын өзгөртүүлөр менен толуктоолор киргизилди.

Кайрат
өзгөчө күйөрман тапты
Кайрат Примбердиев өзгөчө күйөрман тапты. Башкача айтканда, Кайрат эшигинин алдында ырдап жүргөн кичинекей кыздарды карап отуруп, терезеден аларга комуздун коштоосу менен ырдап берип коюптур. Бир аз убакыттан кийин аксакал абышка келип Кайраттын комуз менен ырдаганын уккусу келип жатканын билдирген. Ырчы жигиттин талантына баа берген карыя бир топ убакытка чейин Кайратка комуз черттирген экен. Ошол короодогулардын баары Кайратты тегеректеп, бекер концертке күбө болушкан. Эми Кайрат Примбердиев ал абышкага анда-санда комуз чертип, ырдап берип турмак болду.


Борончу пираттар
менен күрөшөт
14-марттан 24-мартка чейин Москва, Санкт-Петербург шаарына Рахман Разыков, Абдылда Иманкулов менен биргелешип концерт коюп келген Борончу азыркы тапта сапаттуу диск чыгаруу менен алек. Анткени, пираттардын колунан чыккан сапаты начар дисктер элди эки эсе чыгымга учуратып, артисттерге киреше алып келбей жатканын айтты. Жаны кейиген Борончу ырчылардын, куудулдардын укугун коргоо ниетинде Кытай менен келишим түзүп, күмүш дисктерди алып келет.

Гүлнурдун үнү
Берлинде жаңырды
Берлиндеги Кыргызстандын элчилиги 28 - мартта Нооруз жана Элдик революция күнүнө карата кыргыз ырлары жаңырган кече уюштурушту. Кечеде ырчы Гулнур Сатылганова ырдаганын Берлиндеги Кыргызстандын элчилигинин маалымат - агенттиги билдирди. Кыргыз элинин маданиятына кызыккандардын саны арбын болуп, эл аябагандай көп келген. Кече соңунда Берлиндеги кыргызстандыктар менен немецтер Эл артисти Гүлнур Сатылганова менен баарлашып, элчиликтин кызматкерлери даярдаган кыргыздын улуттук даамдарынан татышты.

Токтобүбү Черикчиева студия ачты
Бир кездерде кундуздай кара чачы менен көпчүлүктүн көңүл борборун ээлеп келген ырчы айым Токтобүбү Черикчиева кино студия ачканына бир жуманын жүзү болду. Кино студиясы үйүнө жакын жерде Жал кичирайонунан орун алган. Андан сырткары, ырчы айым, Асанкалый Керимбаевдин эки ырын жаздырып, радиолорго берди.

А. Дүйшөналиева









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan