саламат плюс

Тукумсуздуктун негизги себептери:
1. Эркектин жыныстык органдарынын сезгениши-эркектик бездин сезгениши (простатит) же сийдик бөлүп чыгаруучу каналдын сезгениши (уретрит).
2. Гормоналдык бузулуу - тестостерондун жетишсиздиги.
3. Иммунитеттин төмөндөшү. Ошондой эле организмде цинк, С витамини жетишсиз санда болсо, спирт ичимдиктерин, никотин, баңгизат көп колдонуу да тукумсуздукка алып келиши мүмкүн.
Учурда болсо жыныстык жол менен жугуучу оорулардын негизинде ата болууга жараксыз эркектердин саны көбөйүүдө. Кененирээк токтолсок.

Жыл өткөн сайын жыныстык жол менен жугуучу оорулардын түрү, саны көбөйүп келет. Оору козгогуч түрүнө жараша алар "спецификалык" деп аталып, буларга: гонорея, туберкулёз, трихомониоз, хламидиоз, сифилис кирет. Аталган оорулар менен ооруп калган эркектердин урук бездери сезгенип, жыныстык жактан күч-кубатынын төмөн, алсыз болушуна, рак оорусуна, тукумсуздукка алып келет. Изилдөөлөр боюнча, жубайлардын ортосундагы тукумсуздуктун 40% эркектерге тиешелүү.
Көп тараган жана чоң коркунуч алып келген инфекциялык оорулар жөнүндө да айта кетсек:
Хламидиоз - инфекциялык, жыныстык жол менен жугуучу оорулардын 35-40%ын түзөт. Хламидиозду "хламидии тархоматис" деген микроб чакырат. Жыныстык жана заара бөлүп чыгаруучу органдарды, муундарды, көздү жабырлантат. Оору жуктуруп алган болсо, инкубациялык мезгили 12-21 күнгө чейин. Чукул жана өнөкөт сезгенич деп эки түрдө өтөт. Эгерде муундарды, заара бөлүп чыгаруучу органдарды жабырлантса бул "Рейтер синдрому", ал эми көздүн былжыр чели да кабылдаса "Рейтер оорусу" деп аталып, дарылоо жүргүзүлөт. Хламидиозду айыктырууда бизге кайрылган эркектердин өзүн эле дарылап тим болбостон, сөзсүз түрдө жубайлардын экөөнү тең бирдей текшерүүдөн, дарылануудан өтөөрүн айтабыз. Болбосо, кайра жуктуруп алуулары толук ыктымал.

Сифилис -өмүрдүн душманы
Жыныстык жол менен жугуучу оорулардын эң байыркысы - сифилис. Бүткүл денени жаралантып, адамдын өмүрүнө коркунуч алып келүүчү ооруну козгогуч - "боз трепонема" деген көзгө көрүнбөс боз курт (микроб) болот. Боз курт адамдын денесинде кызыл так, б.а. жараат пайда кылат. Алгач анча чоң эмес көлөмдө (1-1,5 см) жараат, кол менен басканда анча ооруксунууну туудурбайт. Жети-сегиз күндөн кийин жарааттын жанындагы лимфалык түйүндөр чоңоё баштайт. Ал эми 6-7 жумадан кийин жок болуп кетет. Айрым учурларда териде кызарган, ириңдүү исиркектер чыгат. Бул сифилистин алгачкы мезгили болгондуктан кычыштырбайт, оорутпайт, билинбей бат эле өтүп кетет.
2-мезгили жашыруун түргө өткөн учуру, эки-үч жылга чейин созулат. Денеде жараат, ириңдүү исиркектер пайда болуп, көлөмү чоңоюп, басканда ооруксунууну күчөтүп, кайра өзүнөн өзү жок болуп кетет. Бул мезгилде оорулуу адамдын чачы түшөт, тамак оору "ангина" пайда болот, үн бүтөт.
Дарыланбай жүрө берген адамда үч-беш жылдан кийин 3- мезгил башталып, кан аркылуу бүт денеге тарап кетсе - адамдын бардык ички органдарын, баш мээсин, терисин, жүрөгүн, нерв системасын бүлгүнгө учуратат. Үчүнчү мезгилде көлөмү жаңгактай же андан да чоң катуу түйүндөр (жараат) кайра жаңырып чыгып, абдан терең жараны пайда кылат.
Сифилисти - дарылоодо сөзсүз түрдө заманбап, жогорку квалификациядагы медициналык жардам көрсөтүлүүсү тийиш. Кан тапшырып текшерүүдөн өткөрүп, толук жок болуп кетмейинче дарылабаса, өз өмүрүн тобокелге салгандык. Үй шартында өз алдынча дарыланууга болбойт. Акырында айта кетээрим жыныстык жол менен жугуучу оорулар менен ооруган адамдан башка үй-бүлө мүчөлөрүнө өздүк гигиенаны туура сактабагандыктан да жугуп калуусу мүмкүн. Мисалга алсак, тиш щёткасы, мочалка ж.б.у.с чогуу колдонуудан, ич кийимдер чогуу жуулгандан да жугат. Ушуга көңүл бура кеткендери туура.

Жылмайып коюңуз
Чоң эне ооруканадан дарыланып чыгат. Ак кагаздагы "Бапет" деген жазууну көрсөтүп: "Мага ушул буттун дарысын алып бергиле. Доктур кыз бутума сүйкөп, ушалап койсо эле оорусу тып басылды"-дейт. Дарыканаларды түрө кыдырып, сатуучуларды ойго салып же "Бапет" деген буттун дарысы табылбайт. Жок экен дегенге чоң эне ишенбейт. "Көп эле деген, мен чыкканча бул дарыңар түгөнүп калбасын десем, "түгөнбөйт" деп доктур күлгөн"-дейт. "Деги сырты кандай дары эле?"- дешет балдары. "Ой, сыртында физкультурник кыз же баланын сүрөтү бар дары болчу. Ой буту-ум, бутум".
Көрсө, "Бапет" деген буттун дарысы эмес эле массаж жасаган кыз колдонгон "Балет" деген бет май экен да. Ой, чоң энелер аай…




Өзүңдү өзүң дарыла!
Эгерде аялдардын тукумсуздугунда медицинадан жардам болбосо, үй шартында төмөндөгү ыкманы колдонуп көрсөңүз, эми түшүп калаар. Беш жылдык алоэ өсүмдүгүнө жети күн суу куйбайсыз. Андан соң бир нече жалбырагын кесип алып, муздаткычта үч күн кармаш керек. Үч күндөн кийин эт майдалагычтан өткөрүп, бал жана май аралаштырып эки күн салкын жерде сакталат. Күнүнө эки маал тамак ичээрден жарым саат эрте бир стакан сүткө бир чоң кашык аралашманы кошуп, эки ай ичүү сунуш кылынат.
Ушул эле учурда бир чоң кашык бака жалбырактын уругуна 400 гр суу кошуп, беш мүнөт кайнатып, бир саат тундуруп алгандан кийин күнүнө эки маал, тамакка жарым саат калганда бир чоң кашыктан ичүү керек. Ич катпаш үчүн бышырылган кызылча, кара нан көп жеш керек.
х х х
Элдик медицинада ар кандай чөп дарылардын жардамы менен да дарыланып келишет. "Русичи фарма" фирмасынын фитоврачы тукумсуздукка каршы "Гинекологиялык", "Аялдар үчүн", "Эркектер үчүн" деген аталыштагы дары-чөптөрдөн жасалган чайларды ичүүнү сунуштайт. Колдоноордон алдын-ала дарыгердин кеп-кеңешин угуп коюу туура.




Организмди тазалоо
"Сулуу эмес аялзаты болбойт, жалкоолор гана татынакай боло албайт" дегендей жаратылыш сизге сиз каалагандай сулуу жүз тартуулабаса эмгектенип, өзүн-өзү кароо менен ийгиликке жетсе болот. "Сулуулук аялдын эң күчтүү куралы"-деп бекеринен айтылбаса керек.
Кантип сулуу боло алабыз? Эгерде адамдын организми таза болсо анда беттин териси да жылмакай, таза, сулуу болот. Демек, организмди үй шартында кантип тазаласа болооруна жооп катары адистин кеңеши алдыңызда.
Узак жашап, жаш бойдон калуунун эң жөнөкөй сыры жер-жемиштерден жасалган сокторду тамак-ашта кеңири пайдалануу керек. Мисалы, бир чийки жумуртканын сарысына 50 гр бал, бир чок кашык лимондун согун, алты чоң кашык сиз каалагандай сок, эки чоң кашык сабиздин согу, эки чай кашык сууну аралаштырып бир күн бою ичсе - организмдеги зат алмашуу жөнгө салынып, теринин өңү, абалы жакшырат.
х х х
Организмди жашартуучу дагы бир диета: чийки сабизди сүргүчтөн өткөрүп, бал, лимон согун, майда тууралган алма же банан кошосуз. Күнүнө үч маалдан үч күн катары менен бул аралашма менен гана тамактанасыз. Төртүнчү күнү сууга бышырылган же куурулган картошка, азыраак өлчөмдө нан, алма жесеңиз болот. Бешинчи күндөн баштап кадимки өзүңүз көнгөндөй тамак-аш менен тамактана бересиз.
х х х
Жумасына бир жолу төмөндөгү диетаны кармасаңыз ашыкча топтолгон майлардан арылып, организм тазаланат. Адам өзүн жакшы сезет, жеңил дем алат, зат алмашуу жөнгө салынат. Эң негизгиси теринин абалы жакшырат. Териде ириңдүү исиркек, безетки чыкпайт.
Айран-сүт күнү: 1 же 1,5 литр сүт же айранды башка тамакка аралаштырбай бир күн бою беш маал ичесиз.
Жер-жемиш күнү: мисалы, 1,5 кг алманы беш бөлүккө бөлүп, бир күн бою алма менен гана азыктанасыз.
Айына бир жолу бир күн бою сок кошулган суу гана ичүү менен организмди тазалап алса болот.
Соктордун дүкөндөрдө кооз коробкаларда сатылганын эмес, үйдө өзүңүз жаңы сыгып алынганын ичсеңиз пайдасы чоң. Капустанын согу (арыктагысы келгендер үчүн жакшы) ашказандын, он эки эли ичегинин, теридеги аллергияны айыктырууда абдан пайдалуу.
Сабиздин согунда көп санда А, азыраак өлчөмдө В, С, Д, Е витаминдери бар. Рак, тиш, ооз көңдөй, көз, боор оорулары үчүн миңдин бири. Сабиз, бадыраң, кызылчанын сокторун аралаштырып ичсе тукумсуздук, жүрөк, грыжа, аз кандуулук оорулары үчүн жакшы дары болуп берет.

М.МОЛДОБЕКОВА









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan